Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок
кеп
БИРИНЧИ НООКАТТЫК КИШИ
Бекемдин ноокаттык жердештеринин бири баягы жылдары Айыл чарба министрлигинин орун басары кызматына дайындалат. Жердешин кызмат орду менен куттуктап койгону арадан ай өткөндө Бекен анын кабинетине келет.
Орунбасар жердешин суз гана кабылдап, анчалык чечиле бербейт. Муну байкап отурган Бекен бир кезде:
- Мен сизге жүда зор жакшылык кылам! - дейт.
- Кандайча? - дейт тигил.
- Мен сизден эч нерсе, эч кандай жардам сурабайм. Ошол менин сизге жасаган жакшылыгым болот! - дейт Бекен.
Үлкөн кызматтагы, баятан бери суз тартып отурган жердеш муну угуп каткырып, сейфиндеги коньягынан куюп, секретаршасына көк чай демдетип келтирип, чынынан жарылат: - Ушул үстөлгө отургандан бери ноокаттык ким куттуктап келбесин же трактор, же буудай урук, же жер семирткич алып бердей беришип, жанымды коюшпады, кысталактар" Сен гана менден эч жардам сурабаган биринчи ноокаттык кишисиң, - дептир.

КВАРТПЛАТА
Албетте, квартплатаны экөөлөп төлөө жеңил эмеспи. Ошон үчүн Курсантбекти өзүмө кошуп алдым.
Курсантбек соода-сатык менен алектенет. Кечке маал акчасын кайра-кайра санап, базардагы жазган дептерине көз жүгүртүп, күндүзгү ишине калькулятор экөө ревизия жүргүзгөнү- жүргүзгөн.
"Чыйк…чуйк…чийк…пайк".
Ошондой учурлардын биринде ага собол узатып калдым:
- Куке, эмнеге кабагың бүркөлө түштү?
- Бир кишиге ширеңке саткан элем. Азыр эсептеп көрсөм, 5 сом 83 тыйын алданып калыпмын. Ал киши "Балыкчынын базарында отурам" деп айткандай болду эле…
Ошол ошол болду.
Эртеси Курсантбек түн бир оокумда келди. Анын кебете-кешпирин көрүп чочуп кеттим. Оозу, мурду кан.
- Эмне болду, Куке?
- 300 сомго такси жалдап, Балыкчыга барып, менден ширеңке алып кеткен кишиден 5 сом 83 тыйынымды өндүрүп кайткан элем. Тээтиги жерден таксини артка кайтарып жиберип, бери көздөй келатсам, бир мас мени кармап алып, иттей сабады.
- Кыйкырбайсыңбы?
- Жок, анте албадым. Себеби, 5 сом 83 тыйыным оозумда эле да.

ХХХ
Түн бир оокум. Телмирбек "чыр" эте ыйлап жиберди. Мен чочуп ойгондум.
- Темка!? Темиш?!
- Ү-ү-ү!
- Эмне болду, балам?
- Кытышып атат. Тыймап бейиңижчи.
- Каериң?
Мынейим.
- Кана?
- Мына.
- Караңгыда көрүнбөй атпайбы, балам. Кайсы жериң кытышып атканын тилиң менен айтып түшүндүрчү.
- Чиждин шуу көтөйгөн жейиңиж.
А-а, мүрүсү тура. Айылга барганда менин баканды коюп алып, сайдан эки чака суу көтөрүп келгенимди көргөн тура.

КАңЫРЫШ УККАН КАЙНЕНЕ
Аксынын бир айылы. Кайненесинин майда-чүйдө нерселерден бери кийлигише бергенине кыжырланган келин ачуусу менен: "Скатина!" деп жиберет. Муну угуп калган кемпир кошуналарына минтип айтыптыр:
- Келинимди кетирем. Ал мени "дискатека" деди, ботом!