Тегиңди бил, бурадар!

Тарыхка так
калтырган адам
Журналист Кайнарбек Бийлибаевдин "Жанкороз" аттуу романы тарыхый, анын ичинде санжыралык багыттагы айтымдарды камтыган, көп тараптуу жаңы тарыхый чыгарма.
Бул даректүү роман кыргыздын баскынчылык доорун камтыган ретроспективдүү багытта жазылган чыгарма. Анда кыргыздын тарыхый инсандарынын, душман эмне, ынтымак эмне экенин иши аркылуу көрсөткөн,эл-жерине күйгөн адамдардын көркөм образы чагылдырылган. Китеп эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө ХVII кылымдагы тарыхый окуялар камтылат. Автор жылып отуруп ХХ кылымга келип, чыгармадагы негизги каарман Жанкороздун образы аркылуу кыргыз эли кош бийликтин эзүүсүндө калганы, андагы адам укугу, анын тебелениши, корголушу, акыйкаттык деген түшүнүктү кенен берип, орус төбөлдөрүнө каршы тайманбас аракеттери жөнүндө айтылат. Экинчи бөлүмүндө өзүнөн кем калбаган шакирти Төлөбай жөнүндө баяндалып, 1916-жылдагы үркүндүн чыгышы, анын кесепети жана ошол учурда кантип элин аман сактап калгандыгы, журт мыктыларына болгон адам мамилеси мазмундуу тастыкталат.
Жанкороз - эки мезгилди көргөн каарман. Кокон хандыгы тушундагы бийлик төбөлдөрүнүн, империялык орустардын элге, жерге болгон мамилеси айтылат. Эки заманда тең каармандын акыйкаттык үчүн каршылык аракеттерин автор салыштырмалуу көрсөтөт. Жанкороз Кокон хандыгынын тушунда датка болуп турган Сатылгандын жасаган калыс эмес иштерин сынга алып, ордодогу олжо бөлүштү нааразычылык катары элге салып, таратып жиберет. Жанкороздун бир жагы - акыйкат иши болсо, экинчи жагы - датканын кек сактоо, өч алуудан кутулбасы баяндалып, аз эле жерден өзүнүн өлүмү менен бүтүп кала жаздайт.
Орустардын бийлигинин тушунда уезд башчыларынын бирин көпчүлүктүн көзүнчө сөз менен уятка калтырып жыйынды таштатып кетиртсе, экинчи алмашкан төбөлгө, кордоонун чеги болот деп, муш көтөрөт. Катаал заманда орус төбөлдөрүнө каяша айтуу, талап коюу, кол көтөрүү, теңата болуу замандын өйдө-төмөнүндө ар бир эле жарандын колунан келе бербегенин автор тарыхый чындык катары келтирип жазган.
Чыгарманын өзөгүндө адам психологиясы негизги орунда. ХVIII кылымда кыргыз баатырларынын басып өткөн тарыхы, алардын боштондукка жасаган аракеттери, кийинки муундарга ата-бабанын жолун, эмгектерин үйрөнүү, аны унутпоо, ата салтын бек тутуу, эл үчүн боштондуктун баасы канчалык турары, жердин, элдин бүтүндүгү, ынтымагы кандай азап-тозок менен келери баяндалат.
Романда баатырлардын айтып бүткүс эрдиктери унут калып кетпеши керек деген ой камтылган. Окуялар негизги каарман Жанкороздун тегерегинде өтөт. Турмуш философиясы да жок эмес, автор ойчулдук менен чыгармадагы каармандар аркылуу келечек муундарга үндөө салат.
Окурман каармандар менен кошо жүрүп, өзүнчө ой топтойт. Айрыкча Беш-Таш табиятынын кооздугун сүрөттөгөндө ажайып кооздук адамдагы асыл сезимдерди ойготуп келгенин, элдик макалдар менен салыштырууларды эптүү пайдаланып, жаратылыштын ажарын ачат. Төбөлдөр менен өнөрпоздордун мамилелери элге кандай болгону,элдик адамдын эмгектери кандай болгону баяндуу, нары көркөмдүү. "Сөздүн тарпын чыгарган акма кулак, баркын чыгарган куйма кулак" демекчи, Жанкороздун куйма кулактыгы ата-бабасынан калган. Уккан сөздөрдүн бардыгын көңүлүнө түйүп, турмушта пайдалана билгенинен улам калк кадырына жетет. Кыргыздын ата наркын, каада- салтын, үрп-адатын, саяпкерлигин мыкты билген.
Жанкороз табият берген олуялык касиетин жеке керт башынын кызыкчылыгы эмес, элдин пайдасына арнаганы чыгарманын өзөгүн түзүп турат. Беш берендин арасында кылымдап жашап турган сарбагыш уруусунан бир ууч урук таарынып, Кеминге кетебиз дегенде, Жанкороз астынан тосуп: "кетпегиле, ал жакта силерди эч ким күтпөйт, бир атадан ушунча түтүн болдуңар" дегенине болбой кетип калышат. "Арбакты аттаган жаман болчу эле, кайра келесиңер"- дегени чын чыгат. Анын ушул сыяктуу олуялык касиеттеринин далилин автор чыгармада кенен, таамай бере алган. Ушул сыяктуу даанышмандыгы аркылуу кыргыз тарыхынын алтын барактарында сакталып калуучу улуу инсандардын биринин тарыхый да, көркөм да образын ачып алдык.
Тарых- татаал нерсе. Бир убакта очогу тутанбай чөккөн эл, калмак доорунан кантип бошонгону, андагы бир канча баатырлардын ысымдары, эрдиктери менен окуяларынан маалым. Ошолорду өзү көрбөсө да угуп-билип, аңдай алган Жанкороздун ойчулдугу, боштондукка акыл менен жетишүү образы берилет. Жарым падыша Фон Кауфмандын Жанкорозго ишеним көрсөтүп, чоң жыйынды башкартканын, ар бир доордун каармандарына кыскача токтолуп, тарыхый окуяларды ар кандай чечмелеп, ой жүгүрткөнгө аракет кылганы-бул тарых чындыгы.
Проза жанрында автордун экинчи эле чыгармасы болсо да, калеми төшөлүп калган жазуучу катары жалпак тил менен жеткилең жазылган. Кыргыз адабиятынын катарындагы китеп текчемде дагы бир жакшы китеп орун алды десем жаңылбайм.
Кайнарбек Бийлибаев изденип, түйшүктөнүп жазган чыгармасы, окуган адамды кайдыгер калтырбай, кандайдыр шыктанууну пайда кылып, бизге белгисиз болгон мыкты адамдардын ысымын ачып берип, тарых чындыгында ушундай адамдар жашап өткөн турбайбы, дагы канчалары жазылбай жатат, ошолорду да ортого салууга шаасы келип калыптыр деген ойду жаратпай койбойт. Менин билишимче, ал бул чыгармасын бүтөлекте эле башка инсандардын таржымалын тактап, санжыранын мекени болгон Аксы сыяктуу алыскы жерлерди кыдырып, анда оозунда сөзү бар, не бир санжыра кептерди сактап келишкен аксакалдарды тасмага тартып, алардын айтканын илимий адабияттар менен тактап жүргөнү бар. Андан тышкары азыркыдай кыргыздын нарк-насилине туура келбеген партиялык тизме менен кокустан келип жатышкан депутаттардын парламенттик башкаруусунан көрө байыркы кыргыз элинин тарыхында бар үч канат элдин ынтымагын чыңаган элдик курултай системасына өтүүгө демилге көтөргөн топтун активдүү катышуучусу. Дегеним, кыргыз тарыхы менен санжырасы боюнча топтогон ошол огеле көп материалы өзүнчө жол таппай кыйналып жаткан кыргыздардын азыркы кыйчалыш заманында кереги тиери ажеп эмес. Адатта, жазуучу мындай даректүү китепти жазганда, кийинки муун тарыхтан сабак алсын, улуу муун кетирген кемчиликтерди кайталабасын деген мүдөөнү көздөйт. "Жанкороз" романынан окурман ошондой сабак алалат. Адабияттык тилде эң жатык, жөнөкөй сөздөрдү колдонуп, элдик макалдарды өтө устаттык менен орундуу пайдаланганы жагынан өзгөчөлөнөт. Менин кааларым, дагы издене бер, калемиң курчуй берсин, кыргыздын адабиятына колуңдан келгенче дагы албан чыгармаларды жарата бер демекчимин.
Үсөнбек Асаналиев
филология илимдеринин доктору, профессор.