Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Инсаният

Илимден тапкан
байлык же академик Акматалиевдин мектеби
Сөз учугу келгенде айтып коеюнчу. Акматалиев Абдылдажан агай менен көптөн бери чыгармачылык чыйырында ага-инилик тааныштыгым бар. Эсимде, ал кезде мен студент болуп жүргөн элем. Биз окуган университетке Абдылдажан агай келип калды. Сыягы адабият айдыңында сөз болсо керек эле. Эсимде жок. Агайды дүйнөнүн залкар жазуучусу Айтматов менен бирге жүргөнүн сыналгыдан далай ирээт көргөм. Айтматов менен ээрчише басып, аны менен пикирлеш, замандаш болуу кандай бакыт экенин ал кезде түшүнбөсөм да, айтор "Айтматов өңдүү бул киши да бактылуу адам го" деп койгом. Ырас эле ойлоптурмун. Анын бактылуулугун кийин жакындан тааныш болгондон баштап сезе баштадым. Баса, бир окуя эсиме келип кетти. Айта кетейин, болгон окуя эсине түшүп кетсе Абдылдажан агай да же күлүп же мырчыйып коер.


Студенттердин баарын университеттин чоң залына жыйынга киргизди. Төрдө стол башында Абдылдажан агай анан биздин университеттин белдүүлөрү отурат. Өзүм тарыхчы болгонум менен адабият менен маданиятка арналган мындай конференциялардан калбайм. Жыйын өз жүрүшүн баштады. Адаттагыдай университеттин адабият мыкчыгерлери Айтматов тууралуу, азыркы кыргыз жазмакерлеринин күңгөй-тескейинде сөз болуп, Акматалиев тууралуу да сөздөр айтылды. Кулагыбыз сүйлөп жаткан докладчикте болгону менен көзүбүз төрүбүздө олтурган коногубуз Абдылдажан Акматалиевде. Өзгөчө мен анын ар бир кыймылын карап турам. Бир кезде Абдылдажан агай алдында турган желим бөтөлкөдөгү суудан стаканга кылдат куйду да, кайра оозун жапмакчы болгон кезде, ооз жапкычы стакан ичине "чолп" этип түшүп кетти. Бир далайга ыңгайсызданган агай бир элди, бир эки жагын каранды да күлүп отуруп калды. Аны мен эле көрүп, калганы какылдап сүйлөп жатканды карап турду дейсизби? Ыңгайын таап алдында турган стаканды алмаштырып коюу кимдин иши эле? Мен студентмин да… Адабият айдыңында аты алыска угула баштаган, бизге окшогон жаш студенттер үчүн агайдын мындай ыңгайсыздыкта калуу мүнөттөрү күтүлбөгөн, керек болсо аны менен бирге оңтойсуздана калуу шарты бизде да турган эле. Бул менин эсиме Абдылдажан Акматалиевдин элесин калтырып койду. Албетте, ыңгайсыздыктын гана шооласында… Ошондон кийин сыналгыдан Абдылдажан агайды көргөн сайын чыгармачылыгынан мурун ошол окуя дароо эсиме түшө калчу. Кийин агай менен жакындан таанышып санаалаш, замандаш болуп калдык. Бир далай акыл-насаатын, Айтматов менен болгон кызыктуу күндөрүн, баскан жолдорунан узун-сабак кеп кылып айтып келет, андай күндөр азыр да уланып жатат. "Мен абдан баймын" дейт бир күнү агай. Пендебиз да, оюмдун баары башкага кетиптир, кыскасы материалдык байлыкка. "Айтматовду ээрчип жүрсө бай болсо бай болгондур" деп койдум, оюмда эч нерсе жок. Баары мен ойлогондой болгон жок. Дагы бир жолугушуу. Күндөрдүн биринде агайым менен чай ичип, ар нерсени сүйлөшүп кетээр маалыбыз келген кезде "мен сени жеткизип коёюн" деп калды. Болуптур деп эшикке чыктык. Ойлоп жатам, "азыр капкара болгон "Жип" машинеси менен жеткирет, мындай адамдар менен капкара машинеде үйгө барып, анан жылт эте түшүп калуу кандай жыргал, тааныштардан бирөөлөр көрүп калса экен" деген тилегимчи. Эшикке чыгып агайым эски советтик кызыл "Жигулинин" эшигин ачты. Отурдук да жөнөп кеттик… Мен байлыктын эмне экенин билбейм деп аңкоолонбоюнчу. Билем, байлык материалдык, моралдык, руханий болуп бөлүнөт эмеспи. Көрсө, Акматалиевде материалдык эмес руханий байлык менен чыгармачылыктан бар тапкан байлык океандай балкып жатканын жакындан туйдум. Буга да аз убакыттын ичинде өз көзүм менен көрүп ынанып олтурам. Аларды санабасак да Айтматовдун атын өчүрбөй анын шакирти катары жазган эмгектери, Манас тууралуу тамдап жазган чыгармалары анын айкын далилидир. Агайдын 70ке жакын аспирант окуучулары ушул кезде бири профессор, бири докторлугун жазып, кай бирөөсү кандидаттыгын жактап а кээ бири агайынын артынан калбай илим дыйканы болом деп чуркап жүрүптүр. (Сүрөттө, Абдылдажан Акматалиевдин шакирттери) Мына байлык. Эмгектен тапкан байлык. Элге кызмат кылам десең, дал ушундай кыл, таңкөрү десе. Айта берсе, Абдылдажан агай жөнүндө сөз да бүтпөйт. Байлыгыңыз мындан да көбөйө берсин, илим дыйканы…
Күнболот МОМОКОНОВ




Аппачилердин акыл-казынасынан
Будуң-чаң түшкөн бул дүйнөнү улуу ойлор гана сактайт. Андай асыл ойлор эч кандай улутка, урууга, динге бөлүнбөйт. Адамзатты асыл ойлор гана сактап келгендиги үчүн аалам аңтарылып-теңтерилбей, өмүр уланып келет. Улуу ойлор кайсыл улуттан жаралса, демек, ошол улут да улуу экенине ишенем. А, улуу ойду жер үстүндө жашаган ар бир улут айталган. Мен бүгүн эзелтен эркиндикти эңсеп, табиятты башкалардан өзгөчө баркташкан кадимки индей элинин акыл-казынасын ачканга азганакай аракет кылдым.
(Данияр ИСАНОВ)
* * *
Нукура индеецтен:
- Сен кечээ нукура индеец белең? - деп эч качан сураба. Баары бир ал жооп бербейт. Чындыгында ал нукура эле индеец болгон. Анткени, нукура индеец - убакыт жана өткөн чак деген нерсени капарына албайт.
* * *
Нукура индеец өз убактысында ооруп, өз убактысында сакайганды да билет.
* * *
Нукура индеец:
- "Эгер кимде-ким мага өлүм кааласа, демек, ал да өлүмгө толук татыктуу! - дейт.
* * *
Нукура индеецтер эч качан бири-бири менен таанышпайт. Алар жөн гана мурдатан тааныш болгондуктарын бир эскерип өтүшөт.
* * *
Жерди сүй! Жер сенин ата-энеңен мураска калган байлык эмес. Алар сенин болочоктогу балдарыңдан карызга алган үлүш.
* * *
Качан эң акыркы дарак кыйылып, эң акыркы дарыя ууланганда, эң акыркы делген канаттуу жер үстүнөн тыптыйпыл жок болгондо гана акча деген нерсени жей албай тургандыгыңды түшүнөсүң.
* * *
Үн катпай олтуруунун өзү да - сыйынуу.
* * *
Ак адамдар өтө сараң келет. Алар чөнтөгүнө ар качан чүпүрөк-сапырак салып алып, чимкирингенде өтө бир баалуу нерсесин жоготуп алчудан бетер коркуп турушат.
* * *
Биз кедейбиз, ошон үчүн чынчылбыз!

* * *
Бизге эч кандай чиркөө-пиркөөнүн кереги жок. Анткени, алар Кудай жөнүндө талаш-тартыштарды гана жаратат.
* * *
Адам бир күн кечке Жаратканга жалбарып алып, эртеси алты ирээт күнөө кылса - Жараткан кааарданып, жин-шайтан жылмаят.
* * *
Мен ар качан буга дейре кандай гана жакшы сөздөр сүйлөнүп, кандай гана убадалар берилгени менен анын бири да аткарылбаганын эстеп алып, жан дүйнөм жабыркайт. Бул дүйнөдө сүйлөгөнгө эч кандай укугу жок адамдар - өтө көп сүйлөшөт.

* * *
Менин душманым күчтүү жана коркунучтуу болушун самайм. Кокус, кармаштан жеңилип кала турган болсом, эч качан уялып-кысталбам.

* * *
Ким тарыхтан кеп салса, демек, ал дүйнөнү башкара алат.

* * *

Чероки уруусундагы карыган индеец өз неберелерин акылмандыкка тарбиялап жатты:
- Менин ичимде эки карышкырдын ортосундагы айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Бул абдан коркунучтуу кармаш. Алардын биринчиси - коркунучтун, кайгы-муңдун, ич тарлыктын, каардын, ач көздүктүн, бой көтөрүүчүлүктүн, өзүнө алымсынбагандыктын, күнөөкөрлүктүн, алдамчылыктын, өзүмчүлдүктүн жана куру намыстын карышкыры болсо, экинчиси - кубанычтын, тынчтыктын, сүйүүнүн, үмүттүн, сезимталдыктын, токтоолуктун, чынчылдыктын, боорукерликтин, айкөлдүктүн жана ишенимдин карышкыры. Мына ушундай эле кармаш силерде да, бардык адамдардын ичинде жүрүп турат! - дейт.
Бир саамга үн катпай ойлоно калышкан неберелеринин ичинен бирөөсү:
- Кайсыл карышкыр жеңет? - деп суроо узатса, карыган индеец:
- Силер кайсынысына тамак берип баксаңар, ошонусу гана жеңет! - дептир.

* * *
- Мени карагылачы! Менин үстүмдө үйрүп алаар киймим, үрүп чыгаар итим да жок, кедеймин. Бирок, мен өз улутумдун башчысымын. Бизге эч кандай байлыктын кереги жок. Биз бар болгону балдарыбызды туура жолдо жүргөнгө тарбиялайбыз. Бизге тынчтык жана сүйүү гана керек!

* * *

Сүйүү менен алалбаган нерсени эмне үчүн силер күч менен аласыңар?!

* * *

Уламыштар өлүп, үмүт өчкөндө - дүйнөдө эч кандай улуулук калбай калат.

* * *

Навахо уруусунун аймагында айга конуш үчүн машыгуулар өтүп жатса, жергиликтүү бир уруу башчысы космонавттарга үн жазгычты карматып: "муну өзүңүздөр менен кошо айга ала барыңыздарчы!" - деп өтүнүп калат. Арадан аз убакыт өтүп уруу башчысы үйүнө узаган соң кассетадагы сөздөрдү которушса:
- "Бир туугандарым! Бул адамдардын эки көзүнө тике карагыла! Булар силердин да жерди тартып алуу максаты менен келишти!" - деп жазылган экен.

* * *

+зүңдү тыңшап көрүш үчүн унчукпас күндөр талап кылынат.

* * *
+зүңдү аңдаш үчүн тоодогу таштар менен сырдаша бил.

* * *
Эгер сен өлүк атты чапкылап баратсаң, дароо ыргып түш.

* * *
Унчукпаган адам келжирек адамга караганда эки эсе көптү билет.

* * *
Адамдын да - акылдуу айбан экенин эсиңе түй.

* * *
Душман дайыма душман, дос дайым эле дос бойдон калбасын - билип жүр.

* * *
Агым менен кошо акканды - өлүү балык да билет.

* * *
Ыйдан коркпо. Ый - көкүрөктөгү муңдуу ойдон арылтат.

* * *
Суроо бере турган болсоң, чын жүрөгүңдөн бер. Жообун кайра өз жүрөгүңдөн угасың.

* * *
Улуу адамга айланам десең, сенде бардык мүмкүнчүлүк бар.

* * *
Чыныгы меймандостукта - көп сөздүн деле кереги жок.

* * *
Эсиңе түй! Сенин балдарың сенин менчигиң эмес. Жараткан аларды сага карызга берген.
* * *

Уулуу жылан айбат көрсөтө турган болсо, биринчелерден болуп сокку жаса!

* * *

Адамдардын диний ишенимдерин талкуулап, тынчын алба!

* * *
Адам өзүнүн огун - өзү жасашы кажет.

* * *
Ак адамдын - башчылары да көп.

* * *
Ит менен уктаган - бит менен кошо ойгонот.

* * *
Жооптун жоктугу да - жооп болуп эсептелет.

* * *
Билимди эмес, акылмандыкты изде.

* * *
Сүйүү - кар үстүндө из калтырбай басканга барабар.

* * *
Ак ниет адам бирөөгө тийиштүү нерсени эч качан албайт.

* * *
Ар бир тирүү жанга мээрмандык менен карай бил.

* * *
Абийириңдин кандай экенин өзүңдөй эч ким билалбайт.

* * *
Ыр абдан кыска болот. Анткени, андан биз көп нерсени түшүнө алабыз.

* * *
Эгер сенде кандайдыр бир өнөр бар болсо, аны колдон жана камкор болуп, дайым кароолго ал!







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??