Акыйкат

Арслан Коргонбеков:
"УКМКнын
СИЗОсунда инимди аёосуз тепкилешти"
УКМКнын жетекчилиги "террорист" -деп камакка алган балдарды "эки айдан бери байкап жүргөнбүз"- деп официалдуу түрдө жарыялашкан. Анда эмне үчүн, аларды алгач "жихадисттер" деп аташып, бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин "жок булар жихадисттер эмес экен, булар "Жайшуль-Магди" деген уюмдун мүчөсү экен"- дешкен? УККнын СИЗОсунда "террорист"-деп айыпталып камакта отурган Айбек Коргонбековдун бир тууган агасы Арслан Коргонбеков биздин редакцияга пикирин билдирди.

Менин иним Айбек Коргонбеков 1983-жылы Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы. Өзү жеке ишкер. Мусулман динине берилген адам. 26 -декабрь күнү эртең менен эрте УКМКнын атайын кызматкерлери Айбектин үйүнө келишип, эшигин сындырып киришкен. Сыртта турган "унаада жарылуучу зат болушу мүмкүн" деген шылтоо менен унааны текшерип, ичинен жарылуучу заттарды, ок дарыларды таап чыгышты. Менин оюмча муну өздөрү "подстава" кылып, ошол жардыруучу заттарды, ок дарыларды унаага салып коюшту. Эгерде чындап эле унаада жардыруучу зат болуп, ал жарылып кетүү коркунучунда болсо, анда "саперлерди" чакырыш керек эле. Ал чакырылган "саперлер" унааны текшерип, анан күбөлөр аркылуу унаанын ичин тинтүү керек болчу. А булар күбөлөрдү, "унаада жарылуучу зат бар болуш керек" деп аларды 45-50 метр алыс коюп, анан ичинен жардыргыч заттарды шерденип алып чыгышты. "Еврейский Сенагосунга, Спорт сарайынын жанындагы жардырууга, америкалык жаранга кол салуу менен анын автоунаасына жардыргыч заттарды салып, Бишкек ШИИБнын жанына коюп койгон" деген шылтоо менен 26-декабрдан бүгүнкү күнгө чейин иним Айбек УККнын СИЗОсунда камалып жатат. УКМКнын убактылуу кармоочу жайында инимди өлгүдөй сабап, буттарын катуу жарадар кылып, бүт денесин көк ала кылышса да, дарыгерлерге көрсөтүшпөй, "соттук экспертиза кылалы" десек, абдан көп убакытка создурушту. Абалы өтө начар боло баштаганда өздөрү коркушуп, январдын ортолорунда ооруканага жаткырышты. Дарыгерлер болсо, "убагында келиптирсиңер, кичине кечиккенде буту "гангренага" айланып кетип, Айбектин бутун кесүүгө туура келмек" дешти. Омурткасынан бир литр суу тартылды. Бул эмне деген шумдук? Айбанга жасаган мамиле кылышты. Соттук экспертизаны өткөзөлү десек, өткөзүүдөн баш тартышканда, прокуратурага кайрылдык. Ошондо гана соттук экспертиза кылууга айласыз макул болушту. Эми соттук экспертизанын корутундусун тергөөчү ар кандай шылтоо менен жактоочуларга бербей жатат. Ал корутундуну бизге берүүдөн коркуп турушат. "А эмне үчүн соттук экспертизанын корутундусун бербей жатасыңар?" десек, "силерге бир нерсе берсек эле гезитке берип жиберет экенсиңер" - деп болбогон шылтоону айтып кутулуп кетишти. Иним ошол СИЗОдо согулуп, урулуп жатканда жактоочуларды, укук коргоочуларды көп убакытка чейин киргизбей коюшкан. Жусуп Ибралиев аттуу адвокат кирип көрүп, бизге "Айбектин бети-башы көк ала, шишик экен. Абалы өтө начар, ооруканага тезинен жаткырыш керек. Катуу сабашыптыр" - деди. Негизи шектүү адамды сурак учурунда кыйноого жол берилген эмес. Азыркы УКМКнын иши милиция профлактикасына окшошуп кетип атат. УКМК андай "метод" менен эч качан иштебеш керек. Булар күбө болгон адамдарды, далилдерди таап туруп анан чечим чыгарыш керек эле. Андай болгон жок. Өткөндө УКМКнын кызматкерлери сыналгыдан "биз эч кимди урбайбыз" деп айтышканын укканбыз. Кайдан анын бири жок. Мен ойлойм азыркы өкмөттүн азыркы кадамы атайын жасалып жаткан иш. Маселен, Т.Үмөталиеванын айтымында, булар Американын акчасына кызыгып, ушундай иштерди жасап жатышыптыр. Азыркы өкмөт, өзүнүн кемчиликтерин жаап-жашырыш үчүн ушул кадамдарга барып жатышат деп ойлойт экенсиң. Учурда чыныгы террористтер бул - өкмөт өзү деп айтууга аргасыз болуудабыз. Бул дүйнөдө акыйкаттык болбосо чыныгы дүйнөдө акыйкат сот болооруна ишенебиз…

Даярдаган
Элдияр Элчибек





  Бөрк ал десе баш алып…

Криминалды кызыл
шапкечендер, ал эми кызыл шапкечендерди ким тартипке чакырат?!
Кылмыштуулук менен таза кол гана күрөшө алат. Биринчи кезекте кылмышкер ким, кармагандар ким экендигин так аныктап, бийликти кылмыштан ажыратып алышыбыз керек эле. Ал эми бүгүнкү күндө кылмышкерлер бийликке аралашып, УКК, ИИМге чейин аралап, ал гана эмес Жогорку Кеңештеги депутаттардын арасында кылмыш дүйнөсүнө аралашкандары да жок эмес. Учурда ошол бийлик "кылмыштуулук менен күрөшөм" дегени жөн гана декларация деп айтууга болот. Бийлик башындагылар криминалга согуш жарыялап, милиция кызматкерлерине "эбегейсиз" эркиндик бергенден тарта, биздин редакцияга укук коргоо кызматкерлерине нааразычылык билдирген спортсмендердин, өсүп келе жаткан кыргыздын жаш жигиттеринин, жаш бизнесмендердин кайрылуусу абдан көбөйдү. Алардын айтымында, кечкисин эс алуучу жайларга, бильярд клубдарына кызыл шапкечендер кирип келишип, ар кандай ыкмаларды колдонуп камакка алып, акча өндүрүүнүн аракетин кылып жатыптыр. Мындан улам, Президент милицияга эркиндик берээрден мурда алардын ички тартибин, мыйзамда жазылган тийиштүү милдеттеринен аша чаппастан, так аткаруусун жана профессионалдык деңгээлин жогорулатуусун талап кылбаганы өкүндүрөт. Анткени, кыргыз милициясы "бөрк ал десе баш алгандардын" катарына кирээри баарыбызга белгилүү.

Ооба, 7-апрелде милициялар катуу жабыр тартышты. А бирок, жабырланган милициялардын бардыгы ППСтер, курсанттар болду. Ал эми милицияны "эл душманына" айланткан "кумалактар" суудан кургак чыгышты.
Кылмыштуу бийликтин тушунда саясий куугунтуктар күч алып, бей-күнөө адамдарды түрмөгө отургузуу адатка айланган. Анткени, Бакиевдин бирден бир ишеничтүү күчтөрүнүн бири ошол кездеги ИИМ министри Молдомуса Конгантиев болгон. Бул нерселердин бардыгын козгоп жатканыбыздын себеби, азыркы ИИМ менен кылмыштуу бийликтин тушундагы ИИМдин айырмасы таптакыр жокко эсе болуп жатканынан сөз кылмакчыбыз..
2008-жылы Талас облусунда жеке ишкер Четин Серветтин киши колдуу болгон өлүмү бир топ чууну жаратып, бул ишти ИИМдин опер кызматкерлери далай адамдардын мойнуна коюуга аракет жасашты. Акырында ошол мезгилде Бакиев бийлигине тикен болуп сайылып турган саясатчы Аликбек Жекшенкуловду сындыруу максатында Четин Серветти аткан тапанча Жекшенкуловдуку деп чыгышты. Ошону менен бирге атып өлтүргөн Ильяз Абдыкадыров экенин билдиришти. Тилекке каршы укук коргоо кызматкерлеринин тергөө иштеринин жүрүшү мыйзамга туура келбей, чийки иликтеген иштери четинен ирип чубалып чыга баштады. Бул боюнча сот процесси жүрүп, конкреттүү далилдер жок болуп чыккандыгына байланыштуу сот залынан бошотулган.
Учурда ГУУРдун опер тобу Ильяз Абдыкадыровду кайрадан камакка алышты. Абдыкадыровду кармоодо анын мурда милицияда иштеген жана учурда иштеп жаткан достору көмөктөшкөн. Аны кафеге чакырышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан артынан аңдып барышып, машинесин унаа токтотуучу жайга коюп жатканда артынан милициялар келип, Чүй ИИБна алып барышып, машиненин ичинен курал чыкканын билдиришкен. Абдыкадыров 7-февралда камакка алынган. Ал эми ушул күнгө чейин анын колунан курал боюнча кол тамга алышкан эмес. Ошондой эле келинчегинин айтуусунда, милиция кызматкерлери андан 10 000 АКШ долларын сурашкан. Эгер ал акчаны берсе, дароо бошотуп, ишти жаап коёрун айтышкан. Бирок, Абдыкадыров "жебеген самсыга пул төлөөдөн" баш тартып, бардыгы мыйзам чегинде чечилишин талап кылган. Анткени ал, Бакиев заманында кызыл шапкечендердин мындай оор сыноолорун башынан өткөрүп, алардын ага карата колдонгон амалдарынан акталып чыккан эле.
Ал эми логикалык жактан ойлонуп көргөндө, кызыл шапкечендердин сырын жакшы билген адам эч качан машинесине курал салып, милициялар менен кафеде отурмак эмес. Бул деген өзүнчө эле фантастика болуп жатпайбы. Экинчиден кызыл шапкечендердин акча өндүрүү ыкмасы болушу да мүмкүн. Анткени учурда укук коргоо кызматкерлерине көзөмөл жок болууда. Мындан улам акча үчүн адам убалынан коркпогондорго жаза барбы деген суроо туулат.
Баарынан таң калыштуусу Ильяз Абдыкадыровду маркум "Рысбек Акматбаевдин тобунда" -деп айыпташууда. ИИМдин экс-министри М. Конгантиев дагы оор кылмыштардын бетин жабууда ар дайым Рысбектин арбагына жамынып келген. Учурдагы министр да Рысбектин арбагына шек келтирип отурат. Криминалдарды Рысбектин арбагы башкарып жатабы айтор белгисиз, тирүүлөрдүн атын атоодон коркушуп, Рысбектин арбагын козгоп жаткандарына жол болсун. Кайсы бийлик келбесин маркум Акматбаевдердин арбагын козгоп, тынч жаткырбай ызы-чуу кылып жаткандарына алардын ата-энеси Абдумалик ата менен Сабира апанын жүрөктөрү тилинип жаткан убагы. Бул боюнча гезитибиздин кийинки сандарында кененирээк билдиребиз. Кандай болгон күндө да Президентибиз Роза Отунбаева кызыл шапкечендердин "беспределине" бөгөт коюшу керек! Революциянын бирден бир учкуну элдин милицияга болгон жек көрүүсүнөн пайда болчудай…
Назгүл МАМЫТОВА