кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Жаныштын үйүндө Курсан Бакиев жашап жатат
Апрель окуяларынан кийин Бакиевдердин баардык мүлктөрү улутташтырылат деген өкмөт аларды унутуп өздөрүнүн жеке саясий кызыкчылыктары менен гана болуп калды. Бакиевдердин мүлктөрү улутташтырылганы боюнча деле эч бир сөз болгон жок. Болсо бир ЦАРИИни алышты, Жибек-Жолу көчөсүндөгү Максимдин үйүн алышты дагы, дагы кайсыл жерди алышты… эсибизде жок. Эл билген ушулар эле болсо керек. Муну да эл басып алып "мына ушул Бакиевдердики" дебесе, алардын деле аты-жытын чыгарбай бирөөсү жең ичинен соодалап жибермек. Бакиевдерге тиешелүү болгон Т.Үмөталиев көчөсүнүн 41(9 кабат) 34-квартирасында мурдагы "Де-факто" менен "Алиби" гезитин миллиондорго жыгып башын жутуп кеткен Салиев Асылбек Жаныбековичтин үйүндө учурда алардын туугандары болгон Акмат Бакиевдин уулу Курсан Бакиев жашап жатканын, ал өкмөткө олчойгон карыздарын төлөбөй жатканын уктук. Улутташтыруу жүрүп жатканы чын болсо Акматтын уулунун үйү кимге өтүп кетээр экен?


Бекназаров бышырган ботко
Апрелдеги революциядан кийин, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, ириде Бекназаровдун батылдыгы менен стратегиялык көп тармактар улутташтырылды. Мунусуна ырахмат, революция убагында ушундай кылбашка арга жок эле. Бирок, ошол улутташтырылган обьектилердин ичинде үлүштөрү, акциялары, салган акчалары бар, Бакиевдерге эч тиешеси жок, кыргызстандык жана чет элдик жарандар менен юридикалык тараптардын менчиктерин эмне кылабыз? Азыркы бийликтин башы ушуга катып турган кези. Эл аралык мыйзамдарга ылайык , улутташтырылган ишканалардан жарандар менен инвесторлордун үлүшү кайтарылып берилет. Бирок, бизде андай болбой жатат. Демек, чет элдик инвесторлор менен жеке бай адамдар Кыргызстанга бизнеске аралашууга даабай жатышат. Ал эми сотторубуз баягыдай эле артка кылчактап, Азикеден жүрөктөрү түшүп калганбы, улутташтырылган элүүгө жакын обьектилерден жеке адамдардын, юридикалык тараптардын, кыргызстандык жана чет элдик инвесторлордун менчик үлүштөрүн ажыратып берген бир да арызды карабай жатат. Карай бер деп коюңузчу Азике. Алиги сөзсүз болот…

"АС-пресс"




Мундардан муң көргөн кыргыздар көппү?
Өткөн сандарыбыздын биринде "Мундардын Кыргызстандагы колдоочулары жана жолдоочулары" деген чакан макала жазылган. Бул темага кайрадан кайрылуу зарылчылыгы келип турат. Ал макалада Бакиевдин тушунда ?1 президенттик резиденцияны жетектеген, ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын президентинин инвестициялык кызматташтык маселелери" боюнча мекеменин кеңсе директору Кубанычбек Төрөканов жөнүндө да айтылган эле. Албетте, биз аны мундардын жолдоочусу деп айткандан алыспыз. Бирок, колдоочусу деп айтууга далилибиз жетиштүү. Маселен, биздин журналисттик иликтөөдө колго тийген маалыматыбызда мундардын Кыргызстандагы өкүлдөрү деп эсептелген, Корей Республикасынын жарандары Кыргызстанда шектүү иштерге аралашканын байкалууда. Мында Кыргызстан бийликтеринин ондогон төбөлдөрү аларга кол кабыш кылып, көмөктөшүп турган деген ишенимдебиз. Алардын бири Кубанычбек Төрөканов. Сөзүбүз куру болбошу үчүн төмөндөгү тиркемени келтиребиз.
Ал эми корей улутундагы ал адамдарга кылмыш кылган делинип, "Кылмыш-Жаза" кодексининин 170-беренесинин, 1-бөлүгүнүн, 353-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 350-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнүн негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан айып коюлуп, бул ишти Биринчи май райондук соту карап жаткан. Бирок, бул ишти караган судья Абдуразак Боромбаев толугу менен аларды актады деген маалыматыбыз бар. Азырынча анын чын төгүнүн аныктоого мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Бирок, судья Боронбаевге атайын кат менен кайрылып, журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн иш менен таанышууну суранганы жатабыз. Кыскасы, мундардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча көп сырлар чыкчудай болуп турат.

Заирбек Бактыбаев






Яндекс.Метрика