Бийликти билгениндей бийлегендер:

КАРАПАЙЫМ КӨЧМӨНДҮН УУЛУ -
ПОЛКОВНИК МУАММАР КАДДАФИ
Соңку убактарда Египет, Тунис, Бахрейн жана Ливия жакынкы араб өлкөлөрүнүн эли силкинип турган чагы. Асты кырк жылды камтыган диктат жетекчилердин манжаларында тумчукан коомчулук эркиндикти, жаңычылдыкты, өнүгүүнү эңсеп жарылып чыкты. Муну айрымдар, кайсы бир экинчи үчүнчү күчтөрдүн кутуму катары караса, ошол өлкө жетекчилеринин чирип бараткан режиминин коррозияга учуроосунун марасы да деп жатышат. Бүгүнкү күнү өз өлкөсүн мыкаачылык менен канга чылап, өрткө салган Ливиянын президенти Муаммар Каддафи акылынан азгандыгы менен өзгөчөлөнүүдө.
Ал жөнүндө мурдатан эле ар кандай имиштер айтылчу, бири гений десе, да бири, чын эле башы жайында эмес дечү. Кылып жаткан иштерине караганда, полковник Каддафи ырааттуу түрдө Египет жана Европада психиатрлардан кеңеш алып тургандыгы чындык экенине ынанбай койбойсуң. "Планетада Ливиядан башка демократиялык өлкө жок, Европаны алба, баары бир Ливиядай эркин боло албайт", деп россиялыктарга, америкалыктарга демократия сабагынан дарс өтүп ийчү. Дүйнөнүн эң зор державалары "Жамахирия" (өзү ойлоп тапкан "чыныгы демократиялык" өлкөнү эл башкарат деген саясий системасы) системасына муктаж десе, коңшуларын "артта калган" өлкө атачу. Каддафи 1969-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келгенден 41 жылдан бери аны колдо кармап, бир да жолу президенттик шайлоо өткөрбөптүр.


АЛАЧЫКТАН ЛИДЕРЛИККЕ…
Анын толук аты Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи. Туулган жылын биографтар 1940-жыл десе, өзү 1942-жылы Сирт шаарынан 30 километр аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келет. Анын атасы "каддафи" уурусунан чыккан төө, эчки баккан көчмөн малчы болгон. Бирок, карапайым бедуиндин уулу Каддафи өзүн байыркы Ирандык тектүү бедуин уурусунда, азыркы замандын "жугуштуу ооруларынан" оолак, таза чөйрөдө, улууларды сыйлаган, ак караны ажырата билген коомдо чоңойгондуктан, колониализмдин эзүүсүндөгү элин аяганын айтчу.
Тогуз жашында башталгыч, анан Себха шаарындагы орто мектепте окуп үй бүлөсүндөгү эң биринчи орто билим алган. Мектепте жүргөндө он алты жашында ошол учурдагы системаны кулатуу үчүн жаштардын арасында жашыруун уюм түзгөн. Анда 1949-жылы Ливия Италиядан бошонуп, Корол Идрис 1дин бийлигинде турган.
Каддафи Египеттин лидери социалист, панарабист Гамал Абдел Насерден көп таасир алган. Бийликке каршы демонстрацияларды уюштуруу менен алектенгендиги үчүн ал мектептен айдалган. Каддафинин жогорку билим алуусунда бири 1964-жылы Ливия университетинде юристтик адистикке ээ болгон дешсе, 1963-жылы тарых боюнча бакалавр дипломун алган дешет. Окуп жүргөндө университеттин аскер академиясынын кечки курсунда угуучу катары катышчу. Ал окууда дайыма үлгүлүү окуучу, курсант экенин көрсөтчү. 1965-жылы аскерге чакырылган. Кийинчерээк британиялык аскердик колледжде он ай бронетанка ишин окуган.
Айрым маалыматтарга караганда, Каддафи өзүнүн жеке демилгеси менен башчылардан санкция албай аскер бөлүгүн 1967-жылы алты күндүк согушка египет аскерлерине жардамга жиберип, атын чыгарып алган. Кийин Корол Идрис чет өлкөдө жүргөндө 1969-жылы 1-сентябрда жаш офицерлер арасында кутум уюштуруп, Триполиде Король сарайын, өкмөттүк мекемелерди, теле, радио имараттарын басып алып, Ливияны республика деп жарыялаган. Каддафи козголоңчулардын лидери жарыяланып, Революциялык башкаруу Кеңешинин жана жогорку Башкы командачы постунун жетекчилигин ээлеген. Төңкөрүштөн кийин ал полковник наамын алган, бирок 1976-жылы генерал-майорлукту алса да, полковник атанып жүрө берген. 1970-1972-жылдары Ливиянын коргоо министри жана премьер-министрлик расмий постун ээлеген.
Ливия 1969-жылкы төңкөрүшкө чейин толук чет элдиктердин таасиринде турчу. АКШ ВВСинин жана көптөгөн өлкөлөрдүн аскер базалары жайгашып, чет элдик нефти компаниялары Ливиянын зор аймагын көзөмөлдөп турушкан. Экономикасынын маанилүү бөлүгү 110 000 италиялык колонисттердин колунда турчу. Бийликке келгенде Каддафи чет элдик аскердик базаларды, италиялыктарды кууп чыккан. Өч алуу катары 1920-жылдагы оккупанттардын мүрзөлөрүнөн сөөктөрүн чыгарып салышкан. Калган нефти компанияларды өлкөгө чоң үлүш төлөөгө мажбурлаган, моюн толгогондордун компанияларын тартып алып улутташтырып, өлкөнү кыйла эле оңдоп алган.

АЙТЫЛУУ "ЖАШЫЛ КИТЕП"
Каддафи 1970-жылы "Төртүнчү бүткүл дүйнөлүк теориясын" иштеп чыккан, анысы мурдакы дүйнөлүк Адам Смиттин капитализм жана Карл Маркстын коммунизм эки теориясынын ордун алмаштырышы керек деген. Коммунизм элитанын жыргалчылыгы үчүн иштесе, капитализм адамдарды басат, деп өзүнүн үч томдук "Жашыл китеп" деген эмгегин жазган. "Жамахирия" (элдин бийлиги) же элдик комитеттердин системасынын негизинде түзүлгөн демократия деген системасын түзүп, ага чейинки бүткүл системалар демократиялуу эмес деп, "Жашыл китебин" Каддафи "жаңы кылымдын Евангелиясы" атаган. Ошентип, "Үчүнчү дүйнөлүк теория" менен Ливия реформа кыла баштаган. 1973-жылы Каддафи "элдик революция" жарыялап, 1977-жылы өлкө "жамахирияга" расмий түрдө өтүп, Ливия өлкөсү - Улуу социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахариясы аталган.

УУЛДАРЫ
Каддафинин алты уулу бир кызы болгон. Кээ бир маалыматтарга караганда, анын төрт улуу жана кызы биринчи 1970-жылдагы никесинен болгон дешет. Эки уулу Саади жана Сейфти Ливия жетекчисинин мураскери катары айтышат. Саадинин аты спорт менен байланыштуу 1996-жылы Ливия футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланган. Өзү да командада ойноп, футбол бизнеси менен шугулданып, "Жашыл китептин" спорт жөн гана көңүл ачуучу оюн эмес, дайыма жүргүзүлүүчү тармак болушу керек деген идеяларына ылайык иш жүргүзгөн. Кийинчерээк 2005-жылы өзүнүн таасирин кеңейтүү үчүн ливия аскерлеринин атайын бөлүгүндө кызматка турган.
Кийинки уулу Сейф аль-Ислам Каддафинин кайрымдуулук фондунун башчысы болуп, Филиппин, Афганистанда террористтер кармап турган барымтадагы адамдарды бошотуудагы сүйлөшүүгө катышып элге таанылган. Ал Ливияны модеринизациялоо жана Батыш менен диалогдун көрүнүктүү жактоочусу болгон. 2005-жылы Сейф бир интервьюсунда Ливия авторитаризмден либералдуу моделге өтүү алдында турганын айткан эле.

ДИНГЕ МАМИЛЕСИ
Каддафи ыймандуу мусулман эсептелинет. Россия чыгыш таануучусу Егориндин айтымында, ал бала чагында Куранды жатка үйрөнгөн, ажылыкка зыярат кылган. Бийликке келгенде, биринчи кадамдары календарды өзгөртүүдөн баштаган; айлардын аталыштары өзгөртүлгөн, жыл санагы мусулманча хижра менен саналган. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө көбүнчө динге көп көңүл бурган. Кыскасы, анын өлкөсүндө диндин таасирлери ачык эле байкалат. Бирок, учурунда "мусулман боордоштор" уюмунун жактоочуларын өлкөдөн кууп салган учурлары бар. 1986-жылы Ливиядагы 48 ислам мекемелерин экстремизм менен алакасы бар деп таап, аларды жаап, көбүн камакка алган. Анткен менен 1973-жылкы араб-израил согушунда палестиналыктардын көбүнө башпаанек берген. Венесуэлалык Карлос Шакал, Абу Нидаль өңдүү атактуу террористтерди коргоосуна алган деген кептер бар.

СЫЛАҢКОРОЗ ДА, КЫЗУУ КАНДУУ ДА…
Каддафи жөнөкөй жашоо образын алып барган менен шаан-шөөкөттөнүп, салтанат менен жүргөндү жактырат. Жасанып, сыланып турганды жактырат, бир жолку кыска метраждуу киного тартылаарда ыңгайлуу ракурсту табуу үчүн бир жарым саат кеткен.Чет өлкөгө чыкканда куралдуу жан сакчы аялдардын отрядынын коштоосунда жана төөнүн жаңы саалган сүтүн ичип туруу үчүн сапарларга төөлөрдү да ала чыкканы бар.
Каддафи суткасына 16-17 саат иштеген ишке жөндөмдүүлүгү бар. Дүйнө өлкөлөрүнүн тарыхын, адабиятын, философиясын окууга да көп убак коротчу экен. Анын жакын адамдарынын айтуусунда, кишинин өңү, ысымы жана сандарды сүрөткө тарткандай эсине тутуп, тегерегиндегилердин балдары, туугандары, досторунун аки-чүкүсүнө чейин билет имиш. Бирок, канчалык таланттуу адам болгону менен ашыкча эмоция, текеберлик жана кызуу кандуулугу да башынан ашат. Адамдар менен кезиккенде алгач кол сунуп, жылуу жүз көрсөтүп, кеп башталганда дароо олуттуулукка өтөт. Эч алаксыбайт.
Каддафинин аты, сүрөтү ливиялык газета, журналдардын бетинен түшпөсө, көркөм чыгарманын айрылгыс каарманына айланган. Айтор, чексиз бийликке ээ болушунун себебин сурагандарга камарабай "Мен эмне кыла алам. Менин элим суранып жатат" деп жооп узатат. А түгүл, "Мухаммад, Иса жана Муса пайгамбарлардын ишин улантуучу араб дүйнөсүнүн мессиясы" экенин да балп эттирген жайы бар.

Асылбек БЕКТЕНОВ