Эшегине жараша тушагы"

Бийлик менен оппозициянын өңү-Жээнбековдордун "өңүндөйбү"?
""Эшегине жараша тушагы" дейт эмеспи. Анын сыңарындай, бүгүнкү бийлик менен оппозиция бири-бирине куюп койгондой окшоп турганын кантесиң. Кепти Жээнбековдордон баштагым келип турат. Анын да жөнү, өз ыңгайы бар. Бабырбек Жээнбеков бүгүн Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттүн мүчөсү, Атаандаштыкты жөнгө салуу агенттигинин башчысы, ал эми Равшан Жээнбеков болсо, оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Карт тарыхта атасы менен баласы атаандаш болгон мындай көрүнүштөр мурда-кийин боло жүрсө керек. Маселен, атасынын бийлигине баласынын каршы чыкканын тарыхта угуп, окуп калган жайыбыз бар. Бирок, Бабырбек Жээнбеков өлкөнү көтөрөйүн, элге пайдам тийсин, жарык чачайын деп, Атамбаевдин өкмөтүндө отурат десек, чоң жаңылыштык кетирген болобуз. Неге дээрсиз. Өгүнү интернеттен анын гезиттеринде иштеп кеткен журналисттер айлык төлөбөгөнү үчүн Бабырбек Жээнбековду сотко бергендигин окуган элем (редакциядан сураанарым ушул жерин оңдоп койо көрбөгүлө-А.М). Бир ууч жамаатка айлык төлөбөй, алдап, кыянатчылык кылган кишиден деги жакшылык күтүп болобу. Болбойт экен. Буга бүгүн теңирин тааныбай асмандаган баалар, ага карата Бабырбек Жээнбековдун "колумдан эч нерсе келбейт" деп, алакан жайган, бабыраган кептери күбө. Колуңдан "пок" келбесе не отурасың деген эле киши. Бирок, аны уккан Бабырбек мырза жок.
Равшан Жээнбеков ошол эле учурда, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Эмилбек Каптагаев деги койчу, өкмөттө отурган кишилердин баарын ыгы келсе да, келбесе да сындап келатат, сындап келатат. Сындап атып, үнү каргылданып кетип жатса, жанына киши чыдап туралбайт. "Ушуну эле президент, вице-премьер, премьер-министр кылып алсак болмок экен, элди жыргатмак турбайбы" деп кетесиң. Чын-чынында эл арасында антип ойлогон алаңгазарлар жетиштүү. Бирок, антип ойлоо чоң жаңылыштык, кечирилгис ката болот. Анткени, Равшан Жээнбеков "Ата-Мекен" партиясы шайлоодон уттуруп, анын партиясы өкмөттү башкаралбай, башкармак түгүл үчилтик коалицияга кирбей калганына күнү бүгүн да өкүнүп жүрөт. Жогорудагы кептин баары ошол ичкүптүнүн буусу. Айрыкча, "Бакиевдин учурундагы мага ачылган кылмыш иштерин Отунбаева кайра ачтырганы жатат" десе, жакаңды карманасың. Эми калганын айтканда не, айтпаганда не!
Демократиялык коомду курабыз деп, эки ирет ыңкылаб жасабадыкпы. Ылайым эле, демократиялык коом курулуп, элибиз гүлдөсүн, өссүн. Адатта, демократиялык өлкөлөрдө оппозиция менен бийлик орун алмашып , бири кетсе бири келип турат эмеспи. Бирок, Кыргызстанда демократиялык коом курулуп, оппозиция менен бийликтин орун алмашып туруусу салтка айланган күндө деле оңоло албайбызбы деп чочулап турам. Себебин, баамдап тургандырсыз, окурман.
Акырында айтаарым, Атамбаев кандай жол менен гана болбосун, өкмөт башында калып, бийликти колдон чыгарбаш үчүн "шайтан" менен деле достошподубу. А бүгүн оппозицияда жүргөндөр эптеп эле бийликке жетиш үчүн калпты-чынды койгулап, баатыр болуп жаткандары жалганбы. "Эшегине жараша тушагы". Андыктан, элимдин тартар азабы, көрөр күйүтү али алдыда. Муну ачык айтып коюшубуз керек.
Айбек Мамашев
Бишкек шаары




  Баш кесмек бар, тил кесмек жок!

Журналисттерге эмес, эки жүздүү саясатчыларга жобо иштеп чыгуу керек
Парламенттин иш жүргүзүп баштаганына жарым жылдан ашып барат. А бирок алиге чейин көзгө басар кылган иштери жок, териштиргендери ушак, бири-бирин мазактоо болууда. Анан коомчулуктун санитары болгон журналисттер алардын кайсы иштеген иштерин элге жарыя кылсын?! Бакиевдин учурунда карапайым калк менен журналисттер журту жетишээрлик азап чегишкен. 7-апрель революциясынын авторлору журналисттер десек да жарашат. Айрым "хамалеондор" калыс пикирин айталбай, көмүскөдө байлыгын сактап калуунун аракетин көрүп шалдайып отурганда, журналисттер чындыкты тайманбай жазып, кылмыштуу бийликтин кысымынан коркпой, элдин духун көтөрүп, аң сезимин ойготкон.

Сөз эркиндигине бөгөт коюуну көздөп, чындыктан чычалап жаткан Өмүрбек Бабанов, Акматбек Келдибеков - карапайым калк, журналисттер жасаган революциянын арты менен кызматка отургандарын унутуп калышыптыр. Буларга окшогон саясатчылардын кылмыштуу бийликти колдоп, коргоп бергендеринин кесепетинен кыргыздын 87 эр азаматы курман болду. Бул нерсе эч качан, эч убакта унутулбайт ! Кан төгүлүп, революция болбогондо Бабанов бакыйып вице-премьер, Келдибеков кейкейип спикер болмок эмес!
Журналисттер менен күрөшүү оң натыйжа алып келээри күмөн. Анткени, бийлик журналисттерге кысым жасай баштаганда өлкөдө бир толкун пайда болоору бышык. Сөз эркиндигине кысым жасоонун өзү - карапайым калкка кысым жасоо болуп саналат. Акыркы күндөрү Келдибеков, Бабанов журналисттерди ооздуктоо боюнча план иштеп чыгуу маселесин козгоп жатышат. Алар айтып жаткандай кыргыз журналисттери чектен чыккан иштерди жасаган жок. Ар бир журналист өзүнүн фактысы жок жазган маалыматы үчүн сот алдында жооп берүүдө. Андан башка дагы кандай жоопкерчилик иштеп чыгуу керек? Кошумча тартип киргизүү бул - аша чапкандык.
Бир кезде Өмүрбек Бабанов өзү оппозицияда болгондо сөз эркиндиги деп, "массалык маалымат каражаттарын кысымга албагыла" -деп жүргөн. Ошондой эле парламенттик шайлоонун алдында өзү айтып жаткан журналисттердин арты менен пиар макалаларын чагылдырганы жалган эмес чыгаар. Анан бийликке келгенде "тартипке салам" дегени күлкүнү келтирет. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей фактысы жок, далилденбеген материалдарды жазгандар да жок эмес. Бирок ар бир журналист жазган макаласы үчүн, сот алдында жооп берээрин так билет. Мыйзамда журналисттин өзүнө тиешелүү милдеттери жазылган.
Ал эми Өмүрбек Бабановдун позициясын түшүнүп болбойт. Бийликке келгенден кийин сөз эркиндигине кысым жасоосу анын эки жүздүү экендигинен кабар берет жана абдан өкүндүрөт. Тилекке каршы, бизде бир позициядагы саясатчыларыбыз аз санда болууда. Мындан улам Өмүрбек Текебаевдин принциптүүлүгүнө, туруктуулугуна жогору баа берүүгө болот.
Журналисттерге кошумча тартип киргизиле турган болсо, анда эки жүздүү саясатчыларды да кылмыш жообуна тартуу керек. Саясатчылар да өз ордун билип, аферист, ушакчы, калпычы, туруксуз, эки жүздүү болбошу керек. Мына ушундай саясатчылардын айынан өлкөбүз өнүкпөй, элибиз жабыр тартып жатат. Азыркы бийликтеги саясатчылардын бир да туруктуу программалары жок. Биздин мамлекетти ушакчылар, популист улутчулдар, жасалма динчилер, кошоматчылар башкарып жатат! Журналисттердин башындагы чөптү эмес, өз башыңардагы төөнү көргүлө, урматтуу атка минерлер!
Назгүл МАМЫТОВА