Кендирди кескен 37%

Куюшканы кыйшаңдаган парламент
Азыркы парламенттин көчүгү бош. Депутаттардын куюшкандарынын дамамат кыйшаңдап турушу аларды беймазага салып келе жаткан кырдаал. Айтылып жатып ашмалтайга айланып кетпедиби, азыркы парламентти түзүп турган беш фракция бешөө биригип келип шайлоочулардын бар болгону 37% добушуна ээ болгону алардын толук легитимдүү мыйзам чыгаруучулар деп атоого жол бербей келет. Биринчи орунду алды деген "Ата-Журт" 8%тин тегерегиндеги добуш топтогону парламенттик фракцияларга чоң ишеним артып жиберүүгө жол бербейт. Канткен күндө да 37% дегениң 50%+1 добуш деген жөнөкөй көпчүлүктүн эркин туюндурган классикалык схемага жатпастыгын моюнга алууга туура келет. 37% парламенттин кендирин кесип турган процент. 35%, ошентип, ЖКтин оппоненттери шайлоочулар азыркы парламентти мыйзам чыгаруу ишине делегат кылып жиберишкен эмес, бийликти коллективдүү узурпациялап басып алуу ишке ашты деген сынына жем таштады.
Баарынан жаманы, күн өткөн сайын элдин парламентке, парламенттин ишине ичи толбогондугу, атүгүл аларга карата нааразычылыктын өсүп баратканында. Майыптар кыймылынын лидеринин бири Мирбек Асангазиев: "Парламент эмне иш менен алектенип жатканын түшүнүп болбойт. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуунун ордуна портфелдерди бөлүштүрүү, президенттик шайлоого камдануу менен күн өткөрүп жатышат. Менимче, чиновниктер катардагы граждандар деле биздей жашоо кечирип жатат деп өздөрүнүн чен-өлчөмдөрү менен ойлошкон сыягы бар. Өткөндөгү эки революция аларга сабак болуп бербеген окшойт"- деп наалыйт. М.Асангазиевдин пикирин бөлүштүргөндөр четтен чыгат.
Президент Р.Отунбаева жаңы түзүлгөн өкмөттүн мүчөлөрү ант берип жаткан салтанатта чыгып сүйлөп, парламент "саясый оюндар жана чарбалык иштерге" обу жок кирише бербей, өздөрүнүн "профили" болгон мыйзам чыгаруу иши менен алектенишине чакырды. "Болбосо-дейт президент Р.Отунбаева -функционалдык милдетин аткаруунун ордуна кезекетеги саясый оюндарга баш-оту менен кирип кеткен конструктивдүүүлүктөн алыс парламентти эл таратып жиберүүнү талап кыла алат". Парламент президенттин кескин билдирүүсүнөн кийин бир аз абдырай түшүп эсин жыйып алган соң, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын оозу менен "өткөөл мезгилдин президентинин" парламентти таратууга укугу жок деп жажылдап жаалап чыгышты. Арийне, алар президенттин билдирүүсүндө шилтеме элге, элдин эркине жасалып жатканын эске алышпаганы байкалат, эске алгысы келбеген түрү бар.
Конституциялык укуктар боюнча адистердин пикиринде Роза Отунбаеванын чыгарган буйруктарынын бири калбай юридикалык күчкө ээ. Роза Отунбаеванын официалдуу түрдө "өткөөл мезгилдин президенти" деп аталышынын мааниси жок. Себеп дегенде, элдик Референдумдун жыйынтыгы боюнча Р.Отунбаевага президенттин толук укугу берилген дешет юрист-эксперттер. Ошентип, президент Р.Отунбаеванын парламентти кууп, таратууга толук мүмкүнчүлүгү бар болуп чыгат.




Көзгө түшкөн кылкан
Партиялардын жалпы улуттук конгресси "көлөкөдөгү өкмөт" менен "көлөкөдөгү парламент" түзүлгөнүн, ошону менен бирге алардын жетекчилери шайланганын жарыялады. Конгресске баш-аягы болуп 20 партиялык уюмдар кирет. "Көлөкөдөгү премьер-министр", "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов пресс-конференция өткөрүп, "Парламенттик шайлоодон кийин элдин күткөн үмүтү акталып кетпегенин билесиздер. Келечектеги ийгиликтерди ооз толтура айтуу менен чектелип келатабыз. Пассивдүү байкоочу болуп калбаш үчүн биз активдүү саясый аракеттерди баштоону чечтик. Февралдын 20сы чендерде биз альтернативдүү өкмөт, альтернативдүү парламент түзүү тыянагына келдик. Бул чечкиндүү, жетишээрлик түрдө тайманбас кадам" деп билдирди. Андан көп узабай "көлөкөдөгү спикер", "Замандаш" партиясынын лидери Мухтарбек Өмүракунов жаңы түзүлгөн структура альтернативдүү социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгууга басым коёрун белгиледи. Анын божомолунда өлкөдө жаз алды менен элдик толкундоолор чыгышы мүмкүн. Өбөлгөсү катары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразычылыгынын өсүшү менен негизги азык-түлүк продуктуларына болгон баанын өсүшүн көрсөтөт. Ошентип оппозициялык күчтөр алдыдагы саясый сезонго карата кам ура баштаганын көрүүгө болот.
Бийликтин "көлөкөдөгү органынын" түзүлүшүн парламентте жактыруу менен кабыл албаганы түшүнүктүү. Парламентте А.Жекшенкулов менен М.Өмүракуновдун демилгелерин 5% тик босогону аттап өтүп парламентке кире албай калган саясый күчтөрдүн өксүк комплексинин рецидиви, бийлик талаштын бир көрүнүшү, PR-акциясы үчүн аянтча түзүүнүн жемишсиз аракети катары кекерлеген мүнөздөмө бергендер чыгышты. Айрымдары "көлөкөдөгү кабинет" түзүү парламенттик азчылыкты түзгөн "Ар-Намыс" менен "Ата-Мекендин" шыбагасында, тигилер кур эле куюшканга кыпчылып жатат дегенге чейин барышты. Албетте, альтернативдүү өкмөт менен парламентте мыйзамдашкан бийлик жок. Саясый ресурстары да чектелүү. Асыресе, алар келечекте элдин кеңири ишенимине ээ болуп, массалык колдоо тапса таасирдүү саясый күчкө айланаары кажетсиз.
Конгресстин "көлөкөдөгү орган" түзүүгө саясый толук укугу бар. Бул баягы эле чуулгандуу 37%ке барып байланышат. Парламенттик шайлоого катышкан 14 партиянын парламентке кирбей калган тогузу саясый уюм 63% турган көпчүлүгүнүн добушун алганын эске алсак, чийинден тышкары калгандардын кимиси болсо "көлөкөдөгү өкмөт менен парламент түзүүгө укугу бар болуп чыгат. Жаңы куралган альтернативдүү структура парламенттин чекесине чыккан чыйкан боло албаса да, көзүнө түшкөн кылкан болууга жарайт.





"Караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан" Ф.Кулов
"Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов парламентти таратууга караманча каршы. ЖКти таратуу кадамы Кыргызстандын саясый жана экономикалык изоляциясына гана алып келиши мүмкүн деп эсептейт Ф.Кулов. Анын далайдан бери элдик курултайга Конституциялык статус берүү идеясы менен алпурушуп келетканы бекеринен болгон жок. Саясый элитанын ичинде Ф. Куловдун демилгесин колдогондор да, каршы чыккандар да, анын идеясын буруш деп да, дурус деп да тапкандар кыйла көп. Колдогондор элдик курултай демократиялык орган экенине, репрезетативдүүлүгүнө басым жасашса каршылары элдик депутаттардын курултайы чыр- чатактан башы чыкпаган кыйкырык-сүрөөндүн ордосуна айланып кетиши этимал дешет. К.Бакиевдин тушундагы "Ынтымак курултайынан" оозу күйүп калгандар келечектеги курултай "дүжүр кошоматчылардын" уюгуна айланып кетишинен чочулашат.
Ф.Куловдун долбоору боюнча элдик курултай өлкөнүн аймактык кызыкчылыгын коргоо максатын аркалашы жөн. Ал эми аймактык кызыкчылыктар элдик курултай аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн дейт "арнамысчыл" депутат. Ф.Куловдун пикиринде, элдик курултай жогорку палатанын милдетин аткарган туруктуу органга айланынышы керек. Жогорку палата жылына 2 же 3 ирет чогулуп, сессиялык режимде иштейт, аларга чоң чыгым көрбөйт деп эсептейт. Ал эми, азыркы парламентке келсек, ал чылкый гана мыйзам чыгаруу иши алектенген төмөнкү палатанын милдетин аткарып калышы кажет. Ошентип Ф.Кулов элдик курултай менен парламентти бир көгөнгө байлап, кыйыштыра коюу менен ЖКти кыйраңдаган кыйын абалдан боору бүтүн, башы аман сактап калуунун амалын көздөп жатканын баамдоо кыйынчылыкка турбайт. Канткен күндө да Ф.Кулов тажрыйбалуу, кексе саясатчылардын катарына кирээри жалган эместир.