кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Башталось
Өткөндө "баланын атанын сакалы менен ойногону жакшылык менен бүтчү эмес эле" деген кооптонууну билдирген элек. Анда бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым жасоо өнөктүгү башталып кетишин жокко чыгарууга болбостугу боюнча сестенүү бар болчу. ("Айкын саясат" №13. 22.02.2011). Өкүнүчкө жараша, оозго сала бергендей эле болуп чыкты. Бийликтин прессага чабуулу башталганы жашыруун деле болбой калды десек болот.
Адегенде, 22-февралда биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов эксперттер журтчулугу менен жолугушууда журналистика акча иштеп табуудагы жоопкерсиздиктин жолуна айланганын билдирген эле. Андан ары сөзүн улап, массалык маалымат каражаттары коомдук пикирди түзүүдө реалдуу жана кубаттуу күчкө эгедер экендигин эскерип, журналисттер менен саясатчылардын ортосунда чоң айырма жоктугун, бирок саясатчылар жоопкерчиликти моюндап жүрсө, журналисттерде андай милдет болбостугуна басым жасаган болчу. Медиаэксперттер прессадагы жоопкерчилик боюнча атайы жобо иштеп чыгуу зарылдыгына байланышкан жылаандын башы кылтыйган. Виценин билдирүүсү журналистиканын баш терисин байкап көрүү үчүн масс-медианын короосуна ырыгытылган алгачкы сынак ташы деп бааласа болор. "Журналистиканын баналдуу акча иштеп табуунун жолуна айланганы" боюнча бир жаңсыл бүтүм чыгаруу ашыккандык болор. Мындай билдирүүнү жасоо үчүн айтканыңды ырастай турган колуңда олуттуу фактыларың болушу керек эмеспи.
Деген менен кыргыз журналистикасында жоромол-дөдөмөлдөргө негизденген ушак-айыңдардын күнү тууганы ырас. Адепсиздик, чала сабаттуулук, профессионалдык маданияттын төмөндүгү, сезгенген бейтап фантазиянын эркин тайраңдашы кадыресе көрүнүшкө айланганын моюнга алууга туура келет. Кыргыз тилдүү "кагаз" прессасынын бетинде жарыяланган макалалардын басымдуу бөлүгү туташ " -ыптардан" тураары жалган эместир. Конкреттүү фактыларга таянуу экинчи катарга өттү. Бейкүнөө адамды насыя келекелеп коюу, жазыксыз адамдын аброюна асылып, бейчеки каралоо текейден арзан ишке айланып баратканы деле чын. Өкүнүчтүүсү, кыргыз тилдүү гезиттерде жалаң учуртма ушак таратууга адистешкен таблоиддердин, жоромол-божомолго таянган "желтый журналисттердин" тобу пайда болушунда. Бул, албетте, жакшы жосун эмес.
Вице-премьер Ө.Бабановдун билдирүүсү жерде калган эмес экен. Унутулуп кетпептир. Ө.Бабановдун ошондогу билдирүүсү прессага чабуул баштоонун чакырыгы катары кызмат кылган шекили бар. Ат тезегин кургатпай Жогорку Сот атайын билдирүү таратып, сот бийлигиндеги коррупциялык иштер тууралуу такталбаган маалыматтарды жазган журналисттерге, соттун аброюна бейчеки шек келтирген прессага эскертүү менен чыкты. Ошону менен бирге жеке башынын кызыкчылыгын көздөгөн же бирөөнүн буйуртмасын аткарган маалыматтар "ММК жөнүндөгү" мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылаары белгиленет. Жогорку Соттун билдирүүсү бийликтин прессага болгон алдын алган эскертүүсү. Келечекте дагынкысы дагы болушу мүмкүн. Жогорку Соттун билдирүүсү бийлик төбөлдөрүнүн бара-бара прессанын үстүнөн тоталдык көзөмөлүн орнотууга, тоталдык цензура киргизүүгө өсүп өтүшү мүмкүн. Аны жокко чыгарып дегеле болбойт. Бийликтин азыркы жаасы катуу, шылтоо болсо бар. Баарынан өкүнүчтүүсү, "желтый прессанын", ушакчы "жүрү-нары-листердин" өлкөдө түйүлдүк алып келаткан көз каранды эмес эркин журналистикага, сөз эркиндигине, деги эле демократиялык реформаларга залакасы тийип калышында.
Үсөн Касыбеков





Яндекс.Метрика