Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Айкын собол

Атаандаш өкмөттүн
максаттары эмнеге багытталган?
Кыргыздын тың чыкма кыйындары бүгүн бир атанын балдарындай бириккени турушат. Бириккендери го жакшы, бирок, бизде коон үзгөнгө чейин дос болуп, "коон бышканда ажырашып кетме" жайлары бар эле. Бул саам окуя кандайча өнүгөөрүн алдын-ала айтуу кыйын. Анткени 20 саясий партиядан жана коомдук уюмдардан куралган Кыргызстан саясий партияларынын конгресси, альтернативдик парламент жана өкмөттүн түзүлүшү менен саясий оюндардын эң кызыгы башталгандай...


Кубанычбек Исабеков, саясатчы:
- Ар ким өзүнүн оюн айтканга Конституция мүмкүнчүлүк берет. Жарандык укугубуз баарыбыздыкы бирдей. Азыркы оор учурда, эч кандай ызы-чуусуз, тынчтык менен баарыбыз иштесекпи деген ойдомун. Азыркыдай учурда араң сүзүп келаткан кайыкты толкундатып кулатып, үчүнчү революцияны жаратып жиберсек туура болбой калат. Азыркы бийликтин иштеп кетишине мүмкүнчүлүк берсек. Сен жаман мен жакшы деп бөлүнүп жарыла берсек, азыркы оор кырдаалды ого бетер курчутуп алабыз. Анан азыркы бийлик жалаң эле майлуу устукандарды ээлеп албастан, эски, иштен чыккан завод-фабрикаларды алып кайрадан ишке киргизсе болот да. Булар шайлоодо короткон акчаларын чогултуп атабы деп да ойлойсуң. Президенттик жарышка да каражат топтоо максаты болушу ыктымал. Чоң көлөмдөгү каражатсыз азыр бир дагы адам шайлоого барбайт. Эл дагы ошого көнүп алды. Тигил эмне берет, бул эмне берет деп карап отура беришет. Бергенине добуш салып, бербегенине добуш салбай коюшат…

Азимбек Бекназаров,
"БЭК" партиясынын төрагасы:
- Бул эми элдин башын айландырган саясат. Алар өзүнчө эле жаш баланын оюнун ойношуп, бүгүн өкмөт башчысы анан спикер болот да эртең президент болуп чыга келишет. Булардын ою белгилүү да. Саясат менен күрөшүүнүн бирден бир жолун түзүп жатышат. Эч кандай күчтүү кадам эмес. Элдин көйгөйүн чечүүчү, мамлекеттин ишин алып баруучу расмий өкмөт бар да, туурабы? Ар бир эле партиялар, коомдук уюмдар расмий бийлик менен атаандаша албайт. Оппозициянын орду сындоо, кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүү болуп саналат. Бирок, көзгө сайып көрсөтүүдөн жакшы нерселерди күтсө болот.
- Демократиялуу өнүккөн өлкөлөрдө расмий бийлик элдин көйгөйүн чече албай, олуттуу кадамдарды жасай албай калган кезде, ушул сыяктуу көмүскө бийлик алардын ордуна расмий бийлик болуп келишет экен. Бизде андайга мыйзам жол береби?
- Андайга жол берилбейт. Анткени Конституцияда жазылган эмес. Бүгүн эми мындайлар толуп кетти. Дагы бирлери элдик курултай өткөрөбүз деп кыйкырып чыгууда. Балдардын оюнундай кылып, ойной берүүнүн кажети жок. Мунун баары саясат. Саясаттын табийгаты ушундай экен, аткаруучу бирөө болсо, аны сындап турган дагы бирөө болот экен. Коомдук парламент болобу, элдик курултай болобу бул жакшы көрүнүш. Аларды расмий өкмөткө кызматка алган жок да. Өзүлөрүнүн сунуш, пикирлерин айтып, сындай беришсин. Андайга тоскоолдук жок.
- Сизди ушул көмүскө өкмөттүн курамына чакырса барасызбы?
- Мен бардык сүйлөшүүлөрдөн качпайм. Барып сүйлөшүп көрөбүз. Бирок, боло турчу иштерге мен макулмун. Эгер келечеги жок болсо, анда ошол жерден баш тартам. Он-он беш жылдан бери мен боло турган иштерге гана баргам.
- Мындай көмүскө өкмөттүн келечеги барбы? Себеби, биздин саясатчылар коон үзгөнгө чейин дос болуп, коон бышканда ажырашып кетме адаттары бар эмеспи…
- Кыргызда "мергенчи мергенчини алыстан тааныйт" деген таамай айтылган сөз бар. Анысы сыңары саясатчылар жыйырма жылдан бери биринин сырын бири беш колдой билип калышты. Жыйырма жылдан бери ошол адамдар бири-бири менен кармашып келатышат. Азыр эми ойлонушубуз керек. Башыбыздан өткөн күндөрдү эч качан унутпашыбыз керек. Бүгүн биз бир ынтымакка келбесек, анда эртеңкибиз бүдөмүк бойдон калат. Коомчулукка да, жыйырма жылдан берки саясатчыларга да жаңылык деле болбой калган. Ошондой эле азыркы түзүлгөн көмүскө өкмөт, кайсы максатта бирикти, кийинкиси кандай болот ушунун баарын талдап, баамдап туруп баштоолору тийиш. Коомдо саясатчылардан куралган эки гана күч "роль" ойнойт. Бири расмий бийлик, экинчиси оппозициялык күчтөрдөн бириккен саясатчылар. Анан өзүлөрүнүн ичинен да "мен кыйынмын, мен минткем" деп бөлүнүп -жарылгандар да бар. Андайларды көрүп эле жүрбөдүкпү. Мен Атамбаев досума айтып чыктым. "Ой сен премьер болуп, өкмөт башында туруп, эмне үчүн үч партияга бийликти устукандап бөлүп атасың деп. Бул Конституцияны бузгандык. Максимдин куйруктары менен кантип отурасың деп Президенттин бетине айттым. Түзөлгүлө, оңолгула, оңолбосоңор, "любой дурак" бийликти кантип жок кылып коюшту билет деп - дагы деле айтып келем. Элдин эрдиги менен бийликке келишти. Өткөндү эч качан унутпаш керек. Алайдын, Аксынын, Тоңдун акимдерин эл өзү шайлап алган. Эгерде аларды жумушунан ыргытып, ар ким өз адамдарын шайлап алса, элдин нааразычылыктарын пайда кылат.

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер:
- Мен бул көмүскө өкмөткө кеңешчи катары кошулдум. Кудай буюрса бул иштин келечеги бар. Көмүскө өкмөттүн курамын абдан күчтүү, тажрыйбасы мол, иш билги адамдар толуктап келатат. Биз элдин көйгөйүн чечүүчү, учурдагы оор кырдаалдан чыгып кетүүчү жолдорду издеп, программаларыбызды иштеп чыктык. Аларды өкмөткө сунуштап, өзүбүздүн ой-пикирибизди айтып турабыз.

Артур Медетбеков, саясатчы:
- Биринчиден мен мырзалардын өтүп кеткен майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ал эми сиздердин сурооңор боюнча, айтаарым: эгерде көмүскө өкмөттүн пайдасы болуп, натыйжалуу жыйынтыгын көрсөтсө анын эмнеси жаман. Ошондой эле күчтүү сунуштары, программалары болсо түзүлө берсин. Өкмөттү ар дайым сындап, кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп турбаса болбойт. Адам эч убакта өз кемчилигин бирөө айтмайынча сезбейт. Керек болсо ар бир Кыргызстандын жараны бүгүн мамлекет үчүн салым кошушу керек. Антпесе өлкө өтө коопту абалда. Бизди мындай оор абалдан башка өлкөлөр келип чыгарбайт. Биз өзүбүз мындай кыйын учурдан чыгып кетишибиз керек. А эгер бөлүнүп-жарыла берсек, анда эртеңкибизди айтуу кыйын болуп калат.

Абдрахман Алымбаев, Улуттук Жазуучулар Союзунун төр агасы:
- Акыркы убакта батышты тууроо биз үчүн "модага" айланып, майдабыздан чоңубузга чейин батыштын ырын-ырдап, бийин-бийлеп калдык. Мен мындай кадамдарына каршымын. Өзүбүздүн менталитетибизди, Манас ата өзү түзүп кеткен улуу жолду аттап өтүп, илгертен ата-бабадан бери колдонулган улуттук идеологияларыбызды өзүбүз чанып турабыз. Ошол ата-бабаларыбыз түзүп кеткен идеологиялык жолго келбесек, биз жакын арада өнүкпөй калдык. Батыштын саясатын тымызын колдоп, алардын кызылбайларына маарыган, кадимки кой терисин жамынып жүргөн карышкырлар көп. Алардан сак болушубуз керек. Эми мындай атаандаш өкмөт канчалык деңгээлде өз ишине жооп берет? Мына ушул суроого татыктуу жооп бере алган болсо, анда колдойбуз.

Аскат Сулайманов, актер:
- Мындай атаандаш бийлик өлкөдө биринчи түзүлүп атпайбы. Андыктан булар жөнүндө бир нерсе айтыш али эрте. Бирок, кичинекей 5 миллион калкы бар өлкөгө атаандаш бийлик, анан 120 депутат, министрлер, аким, айыл өкмөттөр көптүк кылат. Калкынын саны 150 миллион келген өлкөлөрдө 120 депутаты бар экендигин көрө элекмин. Айрым мамлекеттерде эле болбосо. Эми менин оюмча атаандаш бийлик дегенибиз, дагы ошончо адамды багабыз деген эле кеп болуш керек. Алардын баарынын эмне кереги бар. Өлкө эмдигиче өнүгө албай келатат го ушул саясатчылардын көптүгүнөн.

Даярдаган, Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??