Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кара алтындын кайгысы!

"Айкын саясатка" ачык кат
же көмүрдү кимдер кемирүүдө?
Урматтуу
Күнболот иним!
Сиз башкарган "Айкын саясат" гезитиңиз нарындыктарга кечигип колубузга тийип жатса да, ар барагын көзүбүздүн майын кетирип, бир бирибизден алып, ар бир койгон көйгөйлүү маселеңерди талкуулап өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдирелик деп чечтик. Өзгөчө бизге эки-үч күндөн бери кайрадан сууктун түшкөнү түрткү болду окшойт. "Айкын Саясаттын" 15-февралында чыккан "Нарынга жазган Салам кат, же губернатор Т. Мамбетовго кечиккен кеңештер" аттуу Ж. Алиевдин макаласын окуп кээ бир айтылбай калган мүчүлүштөрүн элге жеткизүүнү туура таптык. Анын себеби бар. Быйылкы жыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп кар жаабай, айдоо аянттарыбыз "чапансыз жайдак" калды. Күзүндө себилген күздүк эгиндерибизди үшүк алганы аз келгенсип, Райымкул Жумасадыковдун оюндарынын азыр азабын тартып турган мезгилибиз. Келээрки күзгө жетээр жетпесибиз деле күмөн болуп калды окшойт, мурунку Президентибиз Бакиев К. жок дегенде тезек тергиле, быйыл кыш кыйын болот, электр тогу нарындыктар силерге эмес, менин жердештерим Жалал-Абадга жетпейт деп эскертип койду эле, Мотуевдун мойнунан кучактап, "айланайын Нурлан, өз элиңди унутпассың" деп эптеп-септеп көмүрдү жарым жартылай даярдап алдык эле, азыр болсо Бабанов мырзанын шайлоо алдындагы сөзүнө ишенип кур жалак калдык окшойт. Р.И. Отунбаева техникалык өкмөттө турганда эмнеси менен жакканын билбейбиз, кайдан-жайдан эле "Кыргыз Темир Жол" ишканасында өзүңөр айткандай поезддин вагонунун жолдоочусу (проводниги - редак) болуп иштеген жердешибиз Райымкул Жумасадыковду "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасына директор кыльш шайлап берди. Угушубузга караганда ишке келээр замат эле эл-жерин унутуп "Беш-Сарыдан" калган 50 миң тонна көмүрдү өзүнүн дос-туугандарына 600-800 сомдон сатып жиберди да, аны мурунку губернаторубуз Мамбетов Турдубек Энергетика Министрине жазган катындай 3,500-4000 сомдон сатып ар бир тоннадан 70-100 америка доллардан пайда-тапты. Ал саткан көмүрүнүн акчасы өзүнүн гана чөнтөгүнө түшпөй, биздин оюбуз боюнча жанагы аны шайлап жаткан Президент менен төрага Акмат Келидибековдорго да тийип жатпаса, эмнеге эл-жери үчүн жанын курман кылууга даяр атуулдарыбыздан ал кызмат башчылыгына коюшпайт. Ошол 50 миң тоннадан жок дегенде Жумасадыковдун чөнтөгүнө 3-4 миллион американын жашыл акчалары түштү, андан бир тыйын салык төлөгөн жок, бир да бухгалтерлик документте изи жок, "Жамандан жапа чекпесең, жакшылык баркын билбейсиң" - деп айтылгандай азыр эсил кайран "Беш-Сары" же көмүрүнөн жок, же ошол жерде калган техникасынан жок, акыркы күндөрдө Ош базарындагы "Беш-Сары" базарынан ажыраганына аз калды окшойт. Чөнтөгүндөгү миллиондору менен мунун артында Жумасадыков турат деп сөз болуп жатканы бекеринен эместир. Бизди таң калтырган дагы бир маселе, өзүңөр жазгандай 2010-жылдын декабрь айында 8045 тонна көмүрдү 600 сомдон 800 сомго чейин саттык деп берген отчетунда кашкайып эле Райымкул Жумасадыковдун колу турат, эмне үчүн буга анын жогорку инстанциядагы министрлиги үн катышпайт, же Жумасадыковдун "ат акырынан алар да жем жешеби"? Болбосо радио-телевидениеден эл өзүнүн көйгөйүн көз жаштарын агызып, "отун-суу жок, соодагерлер 4000 сомдон өзүбүздүн "Кара-Кеченин" көмүрүн сатып жатат" десе, нарындыктардын арыз-муңун, колунан эч нерсе келбеген губернаторубуз кат менен өкмөткө жолдосо, Премьер Министрибиз Атамбаев Алмаз мырза болсо кечээ эле кайра бөлөк киши табылбай калгансып аны бекитсе эмне дешибиз керек?
Же чын эле силердин 18-февралда чыккан гезитиңердеги: "Атамбаевдин өкмөтү мал болбой калды" деген макалаңар чын болуп чыккыдайбы?
Өкмөткө эң коркунучтуу оппозиция ким? Ачка-жармач карапайым эл, анын ичинде үшүгөн чал-кемпир, окуюн десе мектептери жылыбаган балдар болуп жүрбөсүн! Айдоого жери, себүүгө үрөнү, суугарганга жетиштүү суусу бар эл нанга зар болсо, жайыты малсыз болуп, эт жебеген эл болсо, көмүрү жер үстүндө миллиард тонналап жаткан кыргыздар үйүн жылыта алышпаса бул арман кимдики? Балким илгери Арстанбек абабыз айткандай: "Башчың ойчул болбосо, Барымтага кетээрсиң, Кайыр сурап, нан сурап, Дербиштике жетээрсиң" - деп өзүнүн накыл кебинде айткандай , ансыз да бир миллион кыргыз барымта болуп Орусияда, Казахстанда жүргөнү жалганбы? Эми кепебизди жылыта албай, бутубуздун алдындагы көмүрдү каза албай кайсы кышы жок жылуу мамлекетти издейт экенбиз деп жумгалдык аксакалдар тобунун атынан Алымсеитов Аскарбек агаңар.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??