Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бейсаясат

Камчыбек ТАШИЕВ:
"Бакиевдин маалында айрыкча Максим мени каматууга аракет кылган"
Рубриканын бул жолку мейманы - Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек ТАШИЕВ. Камчыбек мырза менен бул баарлашууну көпкө күттүк, бирок, күткөнүбүз акталып, болушунча бардык суроолорго ачык жооп алууга аракет кылдык. Айрым собол-жооптордо рубриканын алкагынан четтеп кеткенибизди да моюнга алабыз.

- Саясаттын "алиппесин" сизге парламент үйрөттүбү же башынан бул жаатында кеңешчиңиз бар беле?
- Бүгүнкү күнгө чейин эч кандай кеңешчи кармаган эмесмин. Кеңешчинин кеби же бирөөнүн көрсөткөн багыты менен эч качан иш аткарбагам. Саясатта болобу, турмуштабы кайсы багытты тандап алсам да, кайсы жумушту аткарсам да, баары - жеке өзүмдүн чечимдерим, кадамдарым. Ошондуктан, көп ката кетирген да болушум мүмкүн. Бирок, мындай жолду туура деп эсептейм.
- Коомчулук көзүнө парламенттин 2005-жылкы чакырылышынан улам илиндиңиз. Ага чейин Камчыбек Ташиев ким эле, кайда эле, кандай иштер менен алек болгон?
- 2000-жылдан бери мамлекеттик ылдыйкы тепкичтеги кызматтарда, тагыраагы, министрдин жардамчысы, Бишкек шаардык Ленин районунун акиминин орун басары болуп иштегем.
- "Мунай бизнеси бар" деген кептер чынбы?
- Чындык, азыр ал ишти бир туугандарым улап келет.
- Бизнестин дал ушул түрү менен алек болушуңузга кайнатаңыздын көмөгү тийгени төгүн эмеспи?
- Москвадагы политехникалык институттун химия технологиялык факультетин бүтүргөм. Адистигим ушуга жакыныраак болгондуктан, 1992-жылы Кыргызстанга кайтканда мунай бизнесин баштоого аракет кыла баштадым. Агезде менде бир заправка тургай, колумда капитал да жок эле. Баарын нөлдөн баштап, тынымсыз аракетимден улам Кыргызстандагы алдыңкы ишканага айланта алдым. Депутат болгону аны бир туугандарыма өткөрүп бергем. Азыркы тапта май куюучу жайлардын түйүндөрү кеңири жайылган, Кыргызстанда нефтини кайра иштетүүчү жападан жалгыз база түптөлдү. Буга албетте, акыл менен жөндөм жардамга келди. Адамга чынчылдык касиет керек, эч качан бирөөнү алдабай, эмгегин жебесең, жасаган аракетиңден майнап сөзсүз чыгат. Ал эми кайнатамдын буга эч тиешеси жок. Ал киши өз айылындагы мечитте азан чакыруучу молдо киши болгон. Мунай бизнесимди өнүктүргөн сайын "Ташиевдин кайнатасы Чымкенттеги нефтезаводдун башчысы экен" деген сымал ар түрдүү кептер жаралган, анын аягы азыр да тыйылбай келет.
- Жеңебиз казак кызыбы?
- Туура, аялым казак улутунан.
- Парламенттин эки чакырылышындагы ишмердигиңизден улам коомчулук сизди чыр адамдын образында көрүп келет. Табиятыңыз ушундайбы же саясат мындай мүнөз жаратабы?
- Чыр мүнөзүм жок, жоош адамдардын катарына кирсем керек. Бирок, чындык чыркырап турганда четте карап тура албайм. Ар дайым оюмдагы нерсени ачык айтып, кайсы бир деңгээлде коомчулукка чыр адамдай кабылданып калышым мүмкүн. Айрым депутаттарга чындык чыркырайбы, муунабы, тебеленеби, баары бир. Андай саясатчылардай боло албаймын. Чындык чыркырап турган жерде, мамлекеттин тагдырыбы же жеке бир адамдынбы, мен жөн гана байкоо салып, унчукпай кое албайм. Тарых айгинелеп турат, 2005-жылдан бери мен айткан чындык, чыркыраган сөздүн баары акыры тастыкталды.
- Саясатта жигиттик, жигиттик сөзгө туруу деген баалуулуктарды сактоого мүмкүнбү?
- Сөзсүз түрдө сактоого болот. Эгерде бир адамга сөз берип, кол алышсам, аны сөзсүз аткарам.
- Сизди саясатта мыкты оюнчу атоого болобу? Же саясый оюндардан оолаксызбы?
- Саясатта оюн ойноп, кимдир бирөөгө карата ар кандай технологияларды колдоноюн деген оюм жок. Саясатты мен турмуш деп билем. Турмушка кандай мамиле кылсам, саясатка да ошондой мамиледемин. Ошол эле мезгилде дал ушундай мамилемден улам, көп нерселерде уттуруп коем. Бирок, ал утулуштар убактылуу. Алар качандыр бир кайра жеңиш алып келерине көзүм жетет.
- Саясаттан көңүл калган учурлар болобу? Көңүл калды десек, бирок, байкашыбызда саясатка эми билек түрүнө аралашкандай элес калтырасыз...
- Саясат жеке адамдын тагдыры үчүн жасалбайт. Саясат мамлекеттик иш. Эгер саясатты мамлекеттин деңгээлинде эмес, жеке адамдын алкагында кармасак, аны жеке өзүбүз, жакындарыбыздын жыргалчылыгы үчүн жасай турган болсок, андан тез эле көңүл калышы ыктымал. Себеби, адам өз тагдырында бирде жоготот, бирде табат эмеспи.
- Эгерде апрель окуясы болбогон шартта, сизди кайсы чөйрөдө көрмөкпүз? Же кайра эле саясаттабы?
- Анда мени түрмөдөн көрүп калышыңар мүмкүн эле. Себеби, Бакиевдер маалында айрыкча Максим мени каматууга аракет кылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген эки жыл эки айдын ар бир күнүн текшертип, ошол мезгил аралыгында кайсыл бир кетирилген кемчиликтер болсо, ошонун негизинде каматууга бүт күчүн жумшаган. Буга менин үстүмдөн козголгон бир топ иштер далил. Кудай бар экен, апрель айында алар мени камата албай эле, элибиз аларды кууп жиберди. Кайрадан саясый боштондукка чыгып, эл менен иштөөмө шарт түзүлдү.
- Сиз лидерлик кылган партиядан өлкө башчылыгына талапкер тапталары жана сөзсүз президент болуп шайланарын билдирдиңиз. Ал эми өзүңүздү президенттик тактыдан көрө алат белеңиз?
- Парламенттик шайлоо "Ата-Журт" партиясы кайсы бир жеке адамдардын эмес, элдик партия экенин тастыктап берди. Биздин партиядан чыккан талапкер президенттик шайлоодо сөзсүз чоң атаандаштыкты жаратаары жана утуп чыкканга да толук шарттар болоору шексиз. Эгер партиянын саясый кеңеши менин талапкерлигиме токтолсо, анда президенттик шайлоого аттанууга мажбур болом.
- Эки жолку оор көңүл калуудан кийин кыргыз кандай президентке муктаж деп ойлойсуз?
- Кыргыз азыркы тапта айрыкча президентке муктаж. Шайлоодон мурун президенттин жакын туугандарынын категорияларын аныктап, туугандары мамлекеттик кызматка жана мамлекеттик чоң иштерге аралашпайт деген мыйзам кабыл алууга тийишпиз. Бул кайсы бир деңгээлде адамдардын укугун чектөө. Бирок, президенттикке аттанган адамдын тууган-уругу, бала-чакасы, достору ал шайланган күндө да бийлик, байлык топтоого жардам бералбастыгын түшүнүшү шарт. Мына ушуга макул болгон, жакындарын катуу тыя алган адам гана президенттикке чыгышы керек. Экинчиден, президенттикке шайланып келген адам өлкөнү коррупциядан арылтууга тезинен киришүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө өкмөт коррупция менен күрөшө албайт, бул нерсе президенттин гана колунан келе турган иш. Азыркы президент, өкмөттүн: "Коррупция, криминалга каршы күрөшүп атабыз" дегени жөн гана пиар. Алар көчөдөгү телефон, мал уурдагандарды кармап алып, "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн камадык" деп жар салышууда. Эл пиарды эмес, накта жыйынтыкты күтөт. Бүгүнкү күндө 30 эмес, 300дөн ашуун криминалды кармоого мүмкүнчүлүк бар. Алардын бири да кармалган жок, тескерисинче, алар бүгүн сайрандап, ойноп-күлүп жүрүшөт. Эгерде президент шайланып келе турган болсо, алардын орду темир тордун артында болот. Президенттин жок дегенде бир-эки министрдин артынан түшүп жүрүп, алардын жасаган кылмыштуу схемаларын таап чыгып, камап, коомчулукка көрсөтүүсү зарыл. Бүгүн жок эле дегенде 10-15 сот камалмак. Коомго сабак болоорлук мисал көрсөтпөсөк, коомдук аң-сезимди өзгөртө албайбыз. Ал эми аны өзгөртө албасак, алдыга жылууга чоң жолтоо болот.
- Акматбек Келдибеков экөөңүздөрдү коомчулук дайым бирге кабылдайт. Экөөңүздөрдү эмне бириктирет: саясый көз карашпы же шерттешкен достукпу?
- Биз чыныгы достордонбуз. Бала кезден мамилебиз бар. Бир мектепте, бир интернатта окуганбыз. Ал менден эки жаш улуу. Улуулугуна салып бала кезде көбүрөөк үстөмдүк кылып койсо керек, азыр мен ага көбүрөөк ыза болуп жүрөм (күлүп). Саясат биздин достугубузду жок кылып, азайтып же күчөтүп жибере албайт. Саясат болобу, байлык болобу, бизди ажырата албастыгына ишенем жана өзүбүз да достугубузду бекем сактоого ар дайым аракет кылабыз. Эгер досума керек болсо, мен жол бошотууга даярмын. Акмат да дайым ушундай кадамга барат.
- Эгер партияңыздын саясый кеңеши президенттик шайлоого эки достун тең талапкерлигин алып чыксачы?..
- Андай эч качан болбойт. Эгер экөөбүздүн бирибизди партия президенттикке чыгара турган болсо, анда экинчибиз шайлоодо анын жеңишин камсыз кылууга күч жумшайт.
- Жердешчил деген жарлыкка "кызымды Чүйгө турмушка бердим" деген жооп кайтардыңыз. А бирок, колуңузду жүрөккө коюп, "эч качан Түштүк-Түндүк деп бөлгөн эмесмин" деп айта аласызбы?
- Бул тарыхый белги. Бул бизге да жеткен, бизден кийин да калат. Бирок, Түндүк-Түштүк деген нерсени саясатта же мамлекеттик кызматтар алкагында карабашыбыз керек. Эгер бул нерсе улана берсе, анда жарды бойдон кала беребиз. Эгерде кыргызга менин пайдам тие турган болсо, кайсы бир жерде кыргыздын намысы тебелене турган болсо, Түндүгүнө, Түштүгүнө, тоосуна-түздүгүнө карабай, кыргыздын намысын коргоп, кыргызга жардам бергенге дайым даярмын. Мен улутчул-патриот адамдардын катарына кирем. Эч качан өз улутумду саясат, акча, байлык же бийликке арбалып, кемсинте албайм. Кыргызстандын жеринде кыргыз улуту ар дайым бийик турушу керек. Ушул принцип менен кетсек, Түндүк-Түштүк маселеси чыкпайт. Кечээги Түштүктө болгон чоң кайгыда Түндүк жергесинен келген туугандарыбыз канча жардам беришти. Географиялык бул белги менен өлкөнү бөлгөндөр - булар саясатчылар жана көр тирлик деңгээлинен көтөрүлө албагандар. Түндүктү Түштүккө, Түштүктү Түндүккө каршы коюп, чоң бир кызматка жетейин деген оюм жок.
- Уулдарыңыз атасын тартканбы же апасына көбүрөөк окшошпу?
- Үч уулум, бир кызым бар. Уулдарым азыр Россиядагы жөнөкөй эле бир мектепте окушат. Ал жакта билим берүү сапаты жогору болгондуктан, аларды ошол жакта окутууга мажбур болгом. Сырткы келбети боюнча уулдарым тайларын тартып кетет. Бирок, мүнөз жагынан мага окшош, алардын кадамдары толук бойдон менин көзөмөлүмдө. Спорт менен машыгышат, бул жаатта да көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет. Бышык, кыргыз дегенде жеген ашын жерге коюп чуркачу уулдарым өсүп келатат. Бир мисал айтайын, эки уулум Кытайда да окуп калды. Ал жакта бир мугалим: "Кыргызстанда өзбектер көп, алар басып кетиши мүмкүн" деген сөздү айтып койгон экен. Бир уулум ошол сөздөн улам менден кыргыз туусун алдыртып, ошол мугалимдин үстөлүнө бир жыл койдурткан. Уулумду Томас деп коюшат, казак балдар келип: "Томас, кыргыз желегинин тушуна казак байрагын да коюп коелу" дешсе, уулум таптакыр көнбөптүр. Патриоттуулугу боюнча уулдарым менден да ашып түшөт го деген ойдомун. Муну менен балдарымды мактайын деген оюм жок. Болгону ар бирибиз балдарыбызды патриоттуулукка тарбиялоого үндөйт элем. Ой-акыл, күч-аракетимди жумшоо менен уулдарымдын патриот, кыргыздын келечеги үчүн чуркаган инсандардан болуп калыптанышын тилейм.
- Коомчулук саясатчы катарында билген Камчыбек мырза тууган-урук, дос-теңтуштун арасында кандай жан?
- Алардын арасында өтө жөнөкөймүн. Эч качан аларга депутат, министр экендигимди, же бийлик-байлыгымды көрсөтүү менен үстөмдүк кылган эмесмин, кылбайм дагы. Алла таала берген ырыскымды Алла таала бир жагынан кемирээк кылып койгон адамдар менен бөлүшүүгө тийишпиз деп эсептейм. Кедей-кембагал, жардамга муктаж адамдар менен дайым ырыскымдан бөлүшүп жашап келем. Жылына жок дегенде кыйналып жашагандардын эки-үчөөнө үй салып берем, айылдарда 5-6 чакырым жолду асфальттайм, жүздөгөн жардамга өтө муктаж адамдарга көмөктөшөм. Буга миңдеген фактылар далил, бирок, мен аларды рекламалап, пиар кылбайм. Анткени, ал жакшылыктарым ошол адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталаарына ишенем. Айылымда мечит кура бербей, чоң спорт зал салсамбы деп азыркы тапта чуркап жүрөм.
- Саясат айрым учурда адамды түгөткөнгө чейин алпарышы мүмкүн. Ошол нерсеге туруштук берүү үчүн кайдан же эмнеден рухий азык аласыз?
- Элдин арасынан, элдин батасынан, элге берген жардамымдан алган канаат - абдан чоң нерсе. Кимдир бирөөнүн турмушун жеңилдетүү, кимдир бирөөнүн саламаттыгына себепкер болуу - жасаган ишимден тапкан пайдам. Айылдан сыркоолоп келгендер үйүмө келишет. Алар үчүн атайын бөлмөлөр бар. Аларды мен ооруканага жаткырам, дарыгерге көрсөтөм, дары-дармегин алперем. Азыр үйгө барсаңар да, эки-үч адам үйүмдө болот. Балким, айрымдар топтогон байлыгынан, минген унаа, жашаган үйүнөн канаат алаттыр, бирок, мен жасаган жакшылыгымдан рухий жактан байыйм. Эки кабат болгону менен жупуну эле үйдө турам. Башкалардыкындай төрт-беш жатуучу бөлмө же бассейн жок, ашканабызга төрт-беш адам гана батат. Байлыгына маашырлангансып жашоону жактырбайм, бирок, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө эң бай болбосом да, мамлекетибиздеги бай адамдардын катарындамын деп ойлойм.
Айнагүл САПАРБЕК кызы
Бул маекти www.atamekenkg.com
сайтынан да окусаңыздар болот





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??