Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Таластыктар Текебаевге нааразы
Революциянын локомотиви болгон Талас эли Текебаевге нааразы экендиктерин билдирип, редакциябызга телефон чалышты. Демократияны туу туткан Талас эли Текебаевди Болот-Шери менен кошо кош-колдоп, алакандарына сала колдоп келишкен. "Ата-Мекен" партиясынын кадырын дал ушул демократиянын үлгүсү болгон эл көтөргөн десек жарашат. Кечээ Жогорку Кеңеште Кыргызстанды устукандап бөлүп алган фракциялардын ичинен "Ата-Мекенге" Талас областы тийген эле. Учурда элдин нааразычылыгын туудуруп жаткан негизги себеп, областтагы айыл өкмөт, акимдерди алмаштыруу болуп жатыптыр. Калктын айтуусу боюнча жалаң гана атамекенчилер кызматка отуруп, калгандары сүрүлүп калыптыр.

"Айкын саясат" гезитинин Оштогу жактоочуларына аңдуулар болууда
"Айкын саясат" гезити Кыргызстандын түштүк аймактарындагы болуп жаткан окуялар менен жакындан таанышып элдердин көйгөйлөрүн чагылдыруу боюнча Ош, Жалалабад, Баткен облустарына бир айлык мөөнөт менен журналистибизди жиберген элек. Айта берсе ал жакта мүчүлүштүктөр көп экен. Элдин көйгөйлөрү андан бетер. Ошолордун бир даарына гезитибизден орун берген элек. Ат тезеги кургабай Ош менен Жалалабаддан ыраазычылыктарын айткандардын саны арбыган, ал тургай гезитибизден сурап "бизге жетпей жатат, көбүрөөк жөнөтсөңөр" дешкен окурмандарыбыздын өтүнүчтөрүн эске алып, таңгак гезитибизден кошумча жөнөткөнбүз. Кашайып ал гезиттерди таратып элге берип жүргөн биздин күйөрмандарыбызды белгисиз адамдар кекетип коркутушуптур. Гезитти элге жөн гана берип жатышкандарын билген соң жолдоруна түшүп бирок, артыларынан аңдып жүргөндүктөрүн биздин Оштогу күйөрмандарыбыз маалымдашты. Баягы эле баягы Бакиев мезгилиндегидей гезиттерди аңдымай ооруу Отунбаева бийлигине да келип тийдиби же "Ошту өз үйүндөй башкарам" деген Мырзакматов мырзанын мышык-чычкан оюндарыбы? Эскерте кетсек Ошко барган журналист кызыбыздын да артынан аңдуулар болуп Баткен тарапка жетпей калган эле. Жакынкы күндөрү түштүктү түрө кыдырганы журналист кызыбыз кайрадан жөнөгөнү жатканын айта кетели.


Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт
Башкы прокурордун орун басарлары дайындалды. Бирок, бир нерсени билип коюшубуз керек. Кыргызстанда жана кыргыздарда орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Президентибиз Роза Отунбаеванын буйругу менен Турганбаев Айбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокурорунун орун басарынын - аскер прокурорунун милдеттерин аткаруудан бошотулуп, мамлекет башчысынын башка буйругу менен Иванов Виктор Башкы прокурордун орун басары - аскердик прокурор болуп дайындалды. Ошондой эле Эшперов Марат да Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Ошентип прокуратурада кадр саясаты ич жылытаарлык болгон жок. Баягы, эле баягы Бакиевдин таягы дегендей, прокуратуранын ирик-чиригин тазалоодо Роза эжекебиз чечкиндүү кадамдарды жасай алган жок.


Атамбаев Чүйдүн, Бабанов Таластын криминалдарына куда түшүп жатабы?
Учурда криминалдык чөйрөнүн лөктөрү болгон "Вор в законе" Камчы Көлбаев менен Бакиевдердин буйругун аткарып бир далайдын каарына калган Алманбет Анапияев издөөдө жүрөт. Маалыматтарга караганда экөөсү тең Араб Эмираттарына кире качышкандыгы айтылууда. Ал эми алардын майда жан жөкөрлөрү улам бир жерден кармалып кылтакка илинип жатканын күнүнө ИИМ менен УКМК байма-бай билдирүүдө. Жакынкы эле күндөрдө алардын 70ке жакыны колго түшүрүлүп камакка алынган. Бирок, ИИМ менен УКМКнын мындай аракеттерин кесин сындап, алардын бул аракеттерин болбогон нерсе катары айткандар четтен чыгууда. Коопсуздук Кеңешинин мурдагы башчысы Мирослав Ниязов, "кылмыштуулукка каршы иштөөдө биздин өкмөт жана тиешелүү жетекчилер жалпы күрөшсө жакшы болмок, биздин өлкөдө криминал бардык жетекчилердин коюн-колтуктарына кирип алган, андыктан алардын кендирин кесүүдө айрым бийликтин бийик бутагында илинип турган жетекчилерди да дыкат иликтөөгө алыш керек" дейт. Ал эми Катани аты менен белгилүү болгон Өмүрбек Суваналиев "криминалдар менен күрөшүүнүн артына жашынып алып Атамбаев менен Бабанов бири Таластын криминалдык топторун өз тобуна кошуп жатса, бири Чүйдүн тың чыкмаларын өз бооруна тартууну максат кылууда" деген ойду айтат. Демек, өкмөт ичинде деле бирине бири үн кошуп колдобой жең ичинен криминалдар менен соодалашып жатабы деген ой келет. Ал эми президент чын ниети менен эле барган жеринде криминалдарга ачык согуш жарыялагандыгын билдирүүдө. Дегеле бизге эч нерсе жакпайт экен, аял башы менен өлкөнү жетектегени аз келгенсип эркек кылбаган оор жүктү мойнуна алып, буга чейин атын укканда кулагыбыз тик турган Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин сары изине чөп салып жатса да, улам бири акылды ар кандай үйрөтүп жаткандарына жол болсун.


Кудум эле К.Бакиевдин убагындай…
"Таластын сулуу губернатору Койсун Курманалиева суусар тебетейин баса кийип алса тим эле, эл үчүн иштеп жаткан губернатор эмей эле, Президент болуп көрүнүп калат экен" деп өткөн саныбызда Койсун сулууну Президентке теңеп жазганбыз. Турмуштун тамашасын кара, кайрадан К.Курманалиева жөнүндө бул жолу жөндүү маалымат келип түштү. Кудум К.Бакиев убагындагыдай көрүнүш. Кай тарабынан карасаң да, анчейин суктанаарлык болбой калган бүгүнкү өкмөт, таластык туугандардын жараасын кайрадан ырбатып алган көрүнөт. Президент Р.Отунбаева Таластын эли менен жолугууга барганда, Койсун сулуу эжебиз мамлекеттик жана күч органдарынан куралган дежур элди чогултуп, Таласта эч бир көйгөй жок экенин, тим эле "ракетадай" тоскоолсуз өнүгүп бараткандай кылып сыналгылардан жасалма көрсөтүү бердиргендигин бүгүн таластык туугандар чоң талкууга сала башташты. Бакиев убагында ушундай көрүнүштөргө ачуу сын-пикир айтып келген бүгүнкү өкмөттөгү айрым саясатчылар 7-апрелдеги элдин эмгегин унутуп, эл үчүн, лидерлер үчүн курман болгон 86 баланын арбагын бир жыл толук айлана элек жатып, унутуп баратышкан окшойт. Мындайда "эсиң барда этегиңди жап" дечү беле. Булардын эси жок кадамдарынын бир эле мисалы катары 7-апрелден кийин эл өзү шайлап алган аким, айыл өкмөттөрдү ордуларынан кетирип, өзүлөрүнүн кошоматчы, "ляпбайларды" ошол орунга алып келип жатышканын айтсак эле жетиштүү болоор…


Атка минерлерден "беспредел"…
Бу, азыркы атка минерлерибиздин күчү ашып-ташып жатканбы, айтор, рингге чыккан боксер өңдүү эми бирин-бири "балч" эттире муштап жиберүү "методуна" өтүп алыптыр. Жакында эле "Финансы маселелерин чемичке чаккандай эле билем" деп чепейип жүргөн Акылбек Жапаров менен бизнестин ичеги-кардын аңтарып жүргөн Өмүкебиз (Өмүрбек Бабанов) кайым айтышка түшүп, анын акыры ринг менен аяктап калаарына аз эле калыптыр. Жаш эмеспи, Бабанов Акылбек мырзаны көзгө бир коердо ар дайым "көпүрөнүн" милдетин аткарып жүргөн Алмазбек Атамбаев ортого түшө калыптыр. Эки мырзанын ачуусу катуу келгенби, айтор, Атамбаев "Арачыга түшө коём" деп алты таяк жеп кала жаздаптыр. "Кой-ай" менен байбатчаларды эптеп эки жакка таратып тынышыптыр. "Бой" болбой калганы түзүк болгон экен. Болбосо, Жапаров мырза экинчи көзүн салдырып, азап чекмек окшобойбу…






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??