Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Адашкан жолдон акыйкат издеп…

Рахима Калматова:
"Ал абийирин, ар-намысын алдыга коё албады..."
Жашоо нугу кайда бара жатат? Деги түшүнүп болбойт. Баары кубулма, өзгөрүлмө… Айланада кадам сайын алдамчылык, эки жүздүүлүк орун алган. Сырты жалтырак, ичи калтырак абал. Жөн эле жакаңды кармап, Тобоо келтиресиң.
Акыйкаттан үмүт үзбөй жүргөн Рахима Калматовага капысынан кезигип калып, ат жалында баарлашкан элек. Көрсө, Рахима Майрамбек Осмоновдун мурдагы жубайы экен. Анын айткандарын угуп олтуруп: "Эгер Ажылык сапарга барып келген ыйман жолунда жүргөн адамдар ушундай болумсуз кадамдарга барышса, калганына жөн эле түшүнүп коюу керек тура…" деген ой келди. Мындайда "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңдан тал карма" дечү беле…


- Рахима, жолдошуңуз менен кандайча табышып калгансыз?
- Тагдырдын буйругу болсо керек, айтор, Майрамбек менен кокусунан таанышып калгам. Жылдызыбыз келиштиби, айтор, 2003-жылы баш кошкон элек. Бирге түтүн булатып, турмуш кайыгындагы ачуу-таттууну, жаман-жакшыны, ысык-суукту бирге тартышып, жашап келдик. Ортодо эки уул, бир кыз таптык.
- Сөзүңүзгө аралжы, баамыбызда Майрамбек мурда да турмуш курса керек эле?..
- Ооба, өзүнүн айтканына караганда, Майрамбек мурда да эки ирет үйлөнгөн экен. Ал балалуу болбогондуктан улам эки жубайы менен ажырашканын айткан эле. Жакындарым да: "Баласы жок болсо, эркек киши бойдок деп эсептелинет. Барган жериңден кайтпай жаша" деген кеп-кеңештерин айтышкан.
Натыйжада, салт боюнча нике кыйдырып, Майрамбекке турмушка чыккам. Татынакай эле жашап жатканбыз. Акырындык менен ортобузду суук мамиле аралай баштады…
- Келишпестиктер үй-бүлөдө боло берет го. Мамилеңиздердин алыстаганына эмне себепчи болду?
- "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" демекчи, Майрамбектин башынан көп нерселер өттү… Акчалуу болуп, иши жүрүшүп, досунан да касы көбөйүп турган убакта анын көбө турган мезгили болчу. Ошол маалда биздин ортобузду салкын мамиле аралап кетти. Анын башкы себеби, экөөбүз жашап жаткан мезгилде эле жолдошум Мээрим аттуу келин менен жашыруун сүйлөшүп, жолугушуп жүрүшкөн экен. Ал келиндин биринчи турмушунан эки кызы бар экендигин да билдим.
- Кечиресиз, ал маалымат сизге кайдан жетти? Балким, ал сиздердин ынтымак жашооңуздарга бүлүк салгысы келгендердин жалган сөздөрү болгондур?
- Акыркы учурларда Майрамбектин мага жасаган супсак мамилесинен улам эмнегедир шек санап, жүрөгүм сезип жүргөм. Ал келин жолдошума телефон чалып, SMS жазгандарын кокусунан билип калдым. Ошондон тарта өзүмдү кызыктай сезе баштадым… Бул тууралуу Майрамбекке айтсам, ал таптакыр мойнуна алган жок. "Мейли. Эркек жети кадам аттаган соң, бойдок болуп калат эмеспи" деп ичтен сызып, өзүмдү сооротуп, тим болгом. Бирок, кайра эле баягы телефон чалуулар, SMS билдирүүлөр… Кайрадан кайталанган окуялар мени тажатып, көңүлүмдү оорутуп жиберди. Биз билинбей, алыстап кеттик. Ал мага кол көтөрүп, уруп-сабап, жыйынтыгы, мээм чайкалып, кабыргам сынып, денеме залал келип, ооруканада жатып, кыйналган кездер да болду.
- Мээрим менен өзүңүз да байланышканыңызды айтып өттүңүз. Кандайча?
- Ал келин менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Жолугууга чакырсам, таптакыр келбей койду. Максатым - жаңжалдашуу эмес, "Жай олтуруп, бири-бирибизди түшүнүшүп алсак" дегем. Кантсе да ал аялзаты да. "Эне катары менин ички абалымды түшүнөөр…" деп ойлогом.
"Майрамбек сизди сүйбөстүгүн айтты. Мен ага: "Татынакай эле келинчегиңиз бар экен. Турмушуңузду бузбай, аны менен эле жашай бербейсизби" деп да айткам. Болгон жок. Ал мени жакшы көргөндүктөн өзү кол сунуп, мага жолугуп жүрөт" деп ал келин телефондон билдирди. Кызыгы, Майрамбектен кыздуу болгондугун да кабарлады. "Андай болсо кызыңды көрөйүн. Балада эмне күнөө эле?" десем да болбоду. Чын эле кызы барбы же жалганбы, аны ким билсин…
- Демек, ажырашууга аргасыз болгон экенсиз…
- Акыркы жолу кабыргамдан катуу жабыркаган соң, 2010-жылы жолдошум менен ажырашууга туура келди. Мен ошондо Майрамбекке катуу таарынып, капа болдум. Дарыланышым да керек эле. Ошентип, шаарга апамдын үйүнө барып, ооруканага көрүнүп жүрдүм. Үч баламды атасына калтырып турганга мажбур элем. Себеп, мен ооруканага жатсам, балдарды ким карайт? Ата болгон соң, ал деле балдарын караганга милдеттүү да. Дарыланып, өзүмө келгенден кийин балдарымды сагынып, көрүүгө ашыктым. "Майрамбек мага келип, кечирим сураар" деп ойлогом. Анткен жок. Натыйжада, балдар менен үй-жайдан жок, абдан жаман абалда калдык.
- Сиз Майрамбек менен жай олтуруп, сүйлөшүп көрдүңүзбү? Кантсе да, ал киши Ажы эмеспи. Кантип эле өз үй-бүлөсүнүн ажаатын калыстык менен чече албасын?..
- "Мен сени мажбурлап жашай албайм. Бирок, жамандыр-жакшыдыр ушунча жыл бирге жашап келдик. Эми балдар менен кайда баш калкалайм? Ырас, сен башка келин менен турмуш курууну кааладыңбы, андай болсо, үч бала менен ушул үйдө эле калайын" деп айтканыма Майрамбек көнгөн жок. Көрсө, мага билдирбей эле үйдү апасынын наамына өткөрүп, жаздырып койгон экен. Туура, мен Майрамбектин эмгегин деле баалайм. Ал маңдай тери менен тапкан каражатына үй салды. Бирок, мен да ошол кезде аялдык милдетимди аткарып, үй түйшүгүн тартып, бала төрөп, аларды багып, тарбиялап-өстүрүү аракетинде болдум. Балдарымдын жана менин ордум кайда калат? Андыктан, "Оболу, үч балама шарттуу түрдө жашай ала тургандай үй алып берсе" деген эле талапты коюп жатам.
- Үйдү мыйзамдуу түрдө бөлүштүрүү максатында Сотко да кайрылып жаткан экенсиз. Кандай чечим чыкты?
- Туура. Бул маселе боюнча мен Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылгам. Бирок, натыйжалуу жыйынтык жок. "Соттор менен Майрамбек өз ара сүйлөшүү жүргүзүп койсо керек…" деп да ойлоп калдым. Эми дагы үзүлбөгөн үмүт менен ушул эле райондук сотко үчүнчү ирет арыз менен кайрылып олтурам. "Алар мыйзам негизинде чечим чыгарып берсе…" деген эле тилек. Жыйынтыгы кандай болот, билбейм.
- Майрамбек сизден кечирим сурап кайрылса, кандай жолду тандайсыз?
- Дегеле, ар бир аялзатынын өз максаты, орду бар. Ким эле жолдошу аны тебелеп-тепсеп жашаганын кааласын. Майрамбек: "Мен башканы жактырып калдым. Экөөбүз мамиле куруп жүрөбүз. Балдарымдын энеси катары сенден кечирим сурайм. Мындан ары жашообуз болбой калды. Сенин каалаганың эмне?" деп алдыман бир өтүп койсо болмок. Бирок, биз ал үчүн эч нерсе болбой калдык. Билесизби, ыймандай сырым ушул, "Мен андан үй талашайын" деген ойдон алысмын. Бирок, акыйкат кайда?! Ушунча жыл чогуу жашап, акырында керексиз буюмдай балдарым менен көчөдө калышым керекпи? Ачык сөз, Майрамбек никедеги жана жашоодогу эркектик парзын да аткарган жок... Эми мен мурдагы жашоом кайрадан ордуна келишин да каалабайм. Себеп, сизге айткандардан башка да көп сырлар бар… Негизи, кеткен жараканы бүтөө кыйын эмеспи. Азыр мен оор абалда жүрөм.
- Бирок, бир жума мурун Майрамбекти көргөнүңүздү айттыңыз. Көрүшкөндөгү анын максаты эмне эле?
- Ал балдарды көрүү үчүн апамдардын үйүнө келиптир. Мен аны үйгө киргизген жокмун. Анын максаты мага белгилүү. Балдарды менден алып койсо, Сот чечими мен тарапта алсыз болуп калат. Бирок, ал балдарды менден алууга моралдык жактан да укугу жок. Майрамбек туура эмес кадамдарга барды. Аны Жараткан өзү көрүп турат.
- Азыр Майрамбектин үй-бүлөлүк абалы кандай?..
- Ал жогоруда сөз болгон Мээрим аттуу келин менен жашап жатат. Бул адам өзү каалап алган жарынан, балдарынан жана өзүнүн абийир, ыйманынан да азыркы максатын, тагыраагы, өз жыргалчылыгын жогору койду. Кудай жолунда жүргөн Ажы, эл тааныган адам катары ал ар-намысы, жигиттик акыйкаты менен жашабагандыгы мени өкүндүрөт…
Мен Майрамбекке бакыт гана тилейм. Болгону, азыркы келинчеги Мээрим менин тагдырыма туш болушун гана каалабайм…
Аида САДЫКОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??