Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бердикожо Бийназаров

Дордойдогу
көңүлдөштөр
Кап, жок дегенде алыстан көрүп калса дагы караанын үзүп кетет беле, эми болбой калды деп, шылкы бош учурашты. Алымжан бүгүн дүңүнөн соода кылып,кабагы өсүп келаткан. Бул жолу катуу кетпей жай сөзгө келди.
- Бекболот, бул кандай, жаш кыздарга акча чачкандан көрө карыздан кутуп койсоң боло, акчүпөрөктөй кубарбай. Качан көрсөм, бир кыз менен тамак ичип олтурасың. Кыздын алдында уят кылбайын деп, канча жолу өзүмдү кармандым.Бүгүн дагы жутуп жиберчүдөй жаш кыз менен олтуруптурсуң, дагы унчуккан жокмун. Алдыга түшкөнүң болсун, кыздарыңдан биз менен деле бөлүшпөйсүңбү?-деди, үнүн жай чыгарып. Бекболотко ушул айтылган сөздөн кийин жан кирип;
- Байке, сизге абдан уят болдум. Эртең кечинде сауна менден болсун, кыз-пызы менен. Азыр кеч болуп калды...деп, сөзүн чолок бүтүрдү эле, Алымжан:
- Жок, ишемби күнгө даярдан. Менин казакстандан эки досум келет, аларды эсинен кеткис кылып сыйлап коюлу. Айтмакчы, дагы алдап кетип мени уят кыла көрбө. Телефонуңуду эмне дайыма өчөрүп саласың?
- Азыр мен башка номердемин. Уят кылбайм, байке бул жолу-деп, жепилдеп жиберди. Алымжан коштошуп кеткенден кийин жаны өзүнө келип, оор үшкүрүнүп жиберди да, дароо ойлонгонго үлгүрдү "кайсы кыздарга сүйлөшсөм"деп. Бир чети карыздан оңой кутулганы турат. Ушул жашка келгени ушундай күч менен ойлонбосо керек.
Эртең менен базарга келип эле, алтынчы катардагы Элмира келип, учураша электе эле анын жамбашынан кармалап, анан;
- Кандайсың?-деди. Бул эми Бекболоттун адаты экенин Элмира түшүнгөн үчүн унчуккан жок. Бекболот сөз өңүтүн келтирип;
- Элмира, эгер капа болбосоң бүгүн кечинде эс алып келбейлиби?-деп, ал күтпөгөн суроону берди эле Элмира:
- Эмне эми эсиңе келдиңби. Деги сенин Дордой базарында тийишпеген кыз-келиниң калдыбы. Качан болсо бир кыз менен шынарлашып жүргөнүңдү көрөм. Кой, мага андай сөзүңдү айтпа. Сенден оору жугузуп алып, дагы бир балээни башыма үйгүм келбейт. Айтмакчы, кечээ сени бир сары келин издеп жүрдү эле, жолуктуңбу. Бекболот кабагы суз:
- Андай келиндер мени эмнеге издемек эле, карыз акча сураганы эле издебесе. Аны коюп сен менин түшүмө кирип жүрөсүң, эч нерсе болбойсуң, кечинде келем. Тиги Күрөңкеев көчөсүндө жакшы бир сауна бар экен. Элмира жооп бергенче болбой кардар келип калды да, ал аны менен алаксып калганда Бекболот сегизинчи катардагы Назирага келди. Назиранын турмушу бузулган, колунда эки жаштагы кызы бар, көзгө толумдуу келин.
- Назира, кандай, эмне кабагың бүркө?-деди, сөз улансын үчүн.
- Кечээ жакшы соода болду эле, акчамды алдырып жибердим,аңдыгандар эле алды. Бекболот кейпин бузуп:
- Кап, сак болбойт белең. Менттерге айттыңбы?
- Айтканда эмне. Чөнтөкчүлөр алардын көз карандысы да. Мейли, ошону менен чыгып кетсин. Бекболот учурун келтирип Назираны кучактап:
- Назира, кечинде жолукпайлыбы, сага көңүл айтып койгонум оң го. Бир жакшы кафеге кирип олтуралы. Ушундай учурда жакшы сөз, жакшы мамилеге ким муктаж болбойт.
Назира кабагы суз:
- Бүгүн бара албайм. Айылдан апам келет. Кызды алып кеткени. Аларды узатып койгондон кийин барсам, барам.
Бекболот сөз кезегин келтирип:
- Анда апаңдар кеткенде сөзсүз жолугалы, сага айта турган сөзүм дагы бар эле. Назира мыйыгынан күлүп:
- Бекболот деги сенин канча жүрөгүң бар. Дордой базары ушунча чоң. Баары менен таанышсың. Түшкү тамакты дайыма түрдүү кыздар менен ичесиң. Аларга акчаны кантип жеткизесиң?
- Акча табылат,бирок сендей болгон сулуулар табылбай жатпайбы. Сөз ушул жерге келгенде тогузунчу катардагы Замира келип калды. Бул кыз менен тааныша албай жүргөн. Чынын айтканда Замира кытай тилинде эркин сүйлөй алган, жогорку окуу жайды бүтүрүп, жакында эле соодага келген. Учурдан пайдаланып аны менен таанышты да, Назира менен коштошпостон Замиранын артынан кетти. Замира сулуу болгону менен абдан ишенчээк анан баарын өзүндөй көрөт. Бекболот аны түшкү тамакка чакырып коюп, контейнерине келди да, акча алып кайра Замирага жөнөндү, кийинки планын түзүп алып.
Экөө тамактанганы жаңы гана орун алып олтурушканда, Бекболот бери жакта өзүн карап турган ырайы суук кара жигитти көрдү. Бул жигит базардагы криминалдардын ана башчысы. Ага дагы бир жолу "кыз салып берем" -деп убада берип, качып жүргөн. Анын көз карашынан эле "алдагы кыз бүгүн меники болсун" -деген сөздү окуду. Бекболоттун өңү бузулуп, заказ берген тамак келгенче-деп:
- Замира, мен азыр келем-деп, жанагы ырайы суук көрүнгөн каймана аты Барска келип учурашты. Ал жалгыз эмес болучу. Жанында дагы эки бала болгон үчүн ал ашыкча сөз айта алган жок. Бир ооз гана:
- Чүрөгүң укмуш го. Аны кайдан таптың?-деди. Бекболот калдастай түштү.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??