Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
КАНАЛИ…
Канали армияда жүргөн. Бир күнү жолдошуна минтип мактанып калды:
- "Канали" деген жазуу бар экен, жалаң орустар жашаган ушул шаарда.
- Көчөгө жазып коюппу?
- Трубадан окудум…
Көрсө, Канали "Канализация" деген жазуунун "зациясын" байкабай калган турбайбы.

АРТИСТТЕРГЕ БООР ООРУП…
Кара-Кулжа районунун элдик театрынын өнөрпоздору Алайкууга барып калышат. Турдумамет аке боор ооруй сүйлөйт:
- Ка-ап, бекер эле келипсиңер. Элде акча жок.
- Акчаңар жок болсо, курут-май берсеңер деле боло берет,- дейт артисттердин бири.
- Курут-май жок калган. Баса, айран берсек болобу?

УУРУГА АШЫК БОЛГОН ТООК
- Биздин айылда чоң ууру бар эле,- дейт ысыккөлдүк бир таанышым. Ал каучук жип өткөзүлгөн жүгөрүнү тоокко жуткузуп, анан жиптин бир учунан тоокту жетелеп келатса, аны көргөндөр минтип таңданыптыр:
- Бул кишини биз "ууру" деп айтканыбыз туура эмес экен. Көрсө, тооктор өздөрү ээрчип алышат тура.

ЧЫЛЫМГА ЧЫРМАЛГАН ЧЫМЧЫКЕЙЛЕР
Мектепте:
- Агай, Ташбакаев тамеки тартат экен.
- Сен аны кантип билдиң?
- Ал менин тамекимди уурдап алыптыр.
Х Х Х
Мугалим танаписке чыгып баратып окуучуларга кайрылды:
- Балдар, кимде тамеки бар?
- Менде агай… бирок, бир эле штук. Өзүм чегем.
- Соруп-соруп, анан мага биртике калтырып койчу, айланайын!
Х Х Х
Кара-Кулжа айылы. 2-май көчөсүндө ата-бала бараткан. "Ширин" дүкөнүнө жакын калган кезде атасы ачууланды:
- Айткан тилди укпай, тартипсиз болуп баратасың да, кысталак! Жаагыңды жара чабайынбы?
- Мен эмне кылдым, ата? - деди уулу көздөрүн алайтып.
- Мен сени "тамекинин бүчөгүн издей бас" дебедим беле. Сен болсо, түптүз эле кетип баратасың.
Х Х Х
- "Тамеки тартуу - ден соолукка зыян" деген сөз таптакыр туура эмес экен,- деди Шалпык "күрс-күрс" жөтөлүп.
Ал сөзүн бир топ мисалдар менен далилдеп бермек болду эле, бирок, үстөккө-босток жөтөл сүйлөөгө эч мүмкүндүк бербеди…
Х Х Х
Шалпык көчөдөн жолоочуга кайрылды:
- Байке, сигаретиңиз барбы?
- Бар.
- Бир штук бериңизчи.
- Мынаке…
- Кечиресиз, биротоло беш-алты штук бериңизчи, бергенге жараша.
- Макул…
- Ай-ай, токтоңуз! Эми ширеңкеңизди бербейсизби! Таптакыр уятыңыз жок окшойт, э-ээ?


АЛ ЭКРАНДА, МЕН СЫРТТА
Бул окуяны Сатар аттуу кара-кочкорлук жигит айтып берген эле:
- Университетте окуган бир кыз "Сатар, сага тийем" - деп мени көрсө эле эрмектей берчү.
Кечинде атам экөөбүз үйдө олтурган элек. Телевизорду койсом, анда ОшМУнун студенттери катышкан көрсөтүү болуп жатыптыр. Баягы кыз да экрандан көрүнүп, дагы адатынча мени тиктесе болобу, атамдын көзүнчө эле. Уялганымды айтпа!
Дароо сыртка чыга качтым.

ДОКТОРУңАР БАР ГО!
Шаардын көчөлөрүнүн биринде айылдаш эки студент жолугушуп калды.
- Кайда баратасың?
- Ооруканага.
- И?
- Оорубатам. Доктурга көрүнөйүнчү.
- Ооруканага убара болбой, өзүңөрдүн окуу жайдын докторуна эле көрүнбөйсүңөрбү?
- Бизде доктур жок экен.
- Биздин филфакта илимдин эки доктуру бар дебедиң беле?

САГЫНЫЧ
Телефон "чыр-р" этип калат.
- Чоң эне, Бишкектен экен…
Асылбегиң телефон чалып жатат,- дейт Карыбек сүйүнүп.
Телефондун трубкасын колуна алган чоң эне:
- Айланайын балам, амансыңбы?! Бетиңди тосчу бери…өөп коёюн, - дептир.

БАЕО КЕМПИР
Жалал-Абадды көздөй баратабыз.
Бүргөндүдөн автоунаага чыккан кемпир ойлуу олтурган жигитке кайрылды:
- Балам, сенин ордуңа мен олтурайынчы.
- Эмне, мындан башка деле бош орун турат го?!
- Ал орунга олтурсаң тетири карап калат турбайсыңбы, балам. Мага оң караган орун керек.
- Тетири болсо эмне экен… Баары бир автобус Жалал-Абадга барат да.
- Аныңды го түшүнүп турам. Бирок машина алга жылган сайын, тетири орундукта олтургандар кайра артка жылып, Таш-Көмүр жакка кетип калабы деп коркубатпайымбы!
Орозбек БӨРҮГУЛОВ




  ЭЙ, КӨЗҮңДҮ АЧ, УКТУңБУ!

Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдиргиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска, нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772682199


85. Кыш кычырап, жазга өз ордун бергиси келбей жатат окшойт. Уюлгуп жааган кардан жол кароого да болбой калды, 23-февралда. Группадагы балдарды куттуктайлы деп көчөгө чыксак, кар жаап туруп алды. Ошого карабай, эң сонун майрамдадык.
ХХХ5891
86. Эй, көзүңдү ачкын, уктуңбу!
+996551277455
23-февраль, 2011-жыл
Саат 03:52:12.
87. Ой-да гүлдөптүрбүз! Кыздар бизди куттуктап эле кетип калышыптыр. Алар кеткенден кийин, балдар өзүбүз эле калып, бири-бирибизди куттуктап иче бериптирбиз го…
ХХХ4321
88. Анекдот:
Коен ашканага кирип, алгач нан алып келип столго коюп, сүткө жөнөйт. Бир ыстыкан сүт алып келип караса эле наны жок!
- Менин нанымды ким алды? - деп сурайт айланасындагыларды карап.
Эч ким жооп бербеди.
- Мен сурап атам, нанымды ким алды дейм!!!- деп жини келе кыйкырды коен.
- Ме-ен! -деп ары карап отурган аюу күрүлдөп бери бурула берди.
- А-аа…сүттү да ичип алыңыз…- деп бүрүшө түштү коен.
ХХХ8766
89. Анара, туулган күнүң менен куттуктайм! Жаштыгыңды гүлдөй жайнап, жайдары маанай менен өткөр! Сага бардык жакшылыктарды каалап, чын жүрөктөн куттуктайм!
ХХХ3344
90.
Байлыкты жыйган адамың,
Убайымдан арылбайт.
Ашып-ташып турса да,
Сыртынан эч бир жарыбайт.
Бир тыйынын жоготсо да,
Кеселдеп өңү саруулайт.
Ыраман.

91. Өткөндө телевизордон жаш эле бир ырчы кыз сүйлөп атат: "Жылдыз болсом деле, мен үйдө тамак жасай алам" деп.
Тобо! -деп жакаңды карманасың. Ал жылдыз болуп эмне кылып жибериптир. Бир-эки ырды фонограмма менен ырдап койгонго да ушунча мактанат экен да,- деп кыжырың кайнайт. Өзүңөрдү жылдызга теңегенди качан коёсуңар, уялсаңар боло! Кыргыз искусствосуна нар көтөргүс иш жасап кеткен залкарлар деле "жылдызмын" деген сөздү оозуна албаган!
Керимбек, Бишкек.

92. Азыркы жаштардын сүйлөгөнүнө кээде анча ичим чыкпай кетет. Айрымдары "Мен кыргыз элиме…" деп колдорун алга суна сүйлөп калышат. Ой, алар анчалык эле кыргыз элине эмне эмгек сиңирип коюшуптур, элге кайрылгандай! Тим эле арбын эмгек өтөгөнсүп сүйлөшкөндөрү өздөрүнө жарашпайт деле, обу жоктонуп!
Гүлмира, Нарын.

93.
Саясатты таштайлы,
Андан көрө, жаз келди,
Арбын эгин айдайлы.
Короого малды толтуруп,
Желеге кулун байлайлы.
Кожолорго ишенбей,
Аракетти кылалы.
Кыргызстанга ошентип,
"Коммунизмди" куралы…
Ыраман.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??