Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

ЗАЛКАРЛАР МЕНЕН ЗАМАНДАШ АКЫН
Кыргыз - кыргыз болгондо колуна кошо жаралган комузду 12 жашынан үйрөнүп, аны менен кошо оюндагысын ыр саптарына куюлуштуруп ырдоого белсенди. Эл оозунан элдик оозеки чыгармачылыкты жаттап, мектептин ыр-хор ийримине катышып өзү талаптанды.
- 1949-жылы обончу-акын Абдрашит Бердибаевди филармониядан эки көзү көрбөйт деп чыгарып ташташкан. Ошо кишинин ырларын үйрөндүм. Шамшы айылынанмын да, ошол жерден 7-классты бүтүп, Кум-Дөбө айылына 9-класска чейин окудум…- деп эскерет өткөндөрүн Нурдин Ибраев ага.
Дал ошол жылдары кыргыздын улуу композитору Жумамүдүн Шералиев эл аралап концерт коюп келип, Нурдин аганы өздөрү менен кошо алып кетет. Ошентип, артисттерге кошулуп алып ырдап, алты айда Ысык-Көл, Нарынды кыдырып чыгышат. 1955-жылы бир жылдык механизатордук окуу жайында окуп жүргөндө ыр-хор ийримин уюштурат. Ошол эле жылы борбор шаар Фрунзедеги кароо-конкурска катышып, 2-орунга татыктуу болот.
Андан бери табигат берген талант менен алпурушкан Н. Ибраев далай ирет таланттуулар менен теңтайлашып, өз баасын алып келет. 1976-жылы Кочкор районунда уюшулган "Шаттык" ыр-бий ансамблинин активдүү мүчөсү болуп, Югославия, Болгария, Москвага төрт ирет барып, кыргыз өнөрүн даңазалап келгенинин өзү эле канча баага арзыйт. Мындан сырткары, Бүткүлсоюздук кароо-сынактарга да өз алдынча катышып турган. 1990-жылы Киевде 63 мамлекет катышкан фольклордук кароо-сынакка катышып, лауреаттык наамды алууга жетишкен.
Айтыш - кыргызда акындыктын туу чокусу болуп бааланат. Канчалаган акындар менен айтышып, беш ирет биринчи орунга, жана да үчүнчү, экинчи орундарга жетише алган. Тууганбай өңдүү залкар менен, андан кийинки Табылды Актанов, Майра Керим кызы, Жеңишбек, Элмирбек,Назарбек, Саркашка-Амантай менен сөз берметтерин төгүшө, буусун чыгара айтыша алды.
Биз сөз кылып жаткан талант тууралуу кезегинде документалдуу фильм да тартылганын белгилеп кетели. 1983-жылы Нуртай Борбиев, Дядюченко тарткан "Чымын" аттуу документалдуу тасмада Нурдин аганын чыгармачылыгы тууралуу сөз болот. 1998-жылы республикада Манасчылар ассоциациясы түзүлгөндө залкарлар Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы абалар, Замирбек Үсөнбаев агалар менен алардын катарында болгон.
Талант эч качан эскирбеси, көөнөрбөсү турган иш. Кечээ жакында эле жан жолдошу комузун колуна алып редакциябызга келген Нурдин аганын не бир сонун ырларын угуп ыраазы болдук. Дале болсо сөз шекерин төгүп, өзүнүн куйкум сөздөрү менен коомдо орун алып, улам тамыр жайып бараткан терс көрүнүштөрдү чымчып ырдап отурду. Бали! Кыргыздын алыскы айылдарынын биринде жатып эле туураны туура деп, калпыстыкты какшыктап турган ушундай карапайым, ушундай патриот атуулдарыбыз бар экенинен улам, кыргыз калкынын түпкүлүгү копшолбой турганбы, дейсиң!
Нүрбүбү Бөдөшова

ДЕПУТАТТАРГА
Көбүңөр көчөлөрдү кыдырттырып,
Көрүнөө тараттыңар кумшекер-чай.
Жана да силер үчүн бүт болот деп,
Самынын, ичээриңе бердиңер пай.

Эгерде мени шайлап алсаң колдоп,
Эч качан кор кылбаймын деди бирөө.
Эстери оодарганча жетелешип,
Ээрчишти эл байкушта эмне күнөө.

Бирөөлөрү этин союп тараттырат,
Бир мен үчүн добушуңду бергиниң деп.
Кеңешин келиштирип мээге куюп,
Мен өлсөм, сен да кошо өлгүнүң деп.

Жыргатам, өмүр бою куурабайсың,
Жыгылсаң жөлөп турам дайым дедиң.
Антсең да түшүнгөнгө жетти окшойт,
Акылды адаштырган сенин кебиң.
Кээ бирөөлөрү чын менен эли үчүн,
Башын тосуп ажалга да барсам дешет.
Андайлардын артындагы көралбастар,
Айласыздан калды окшойт колун кезеп.

Чынында андайларга узак өмүр,
Иштерине ийгилик каалайт эли.
Эл дагы ишеничти акташат деп,
Ал адамга артып турат элдин деми.

Ким болсо да элдин камын ойлосо экен,
Шайланган соң элди унутуп койбосо экен.
Калк мүлкүн караманча менчиктебей,
Карапайым элибизди колдосо экен.

Бардык эл ишенишет иштегенге,
Калк үчүн камын көрүп жан аябай.
Кары-жаш ардакташат андай жанды,
Каршы алып какшык сүйлөп табалабай.
Деги эле элдик адам алкыш алат,
Көп дүйнө жыямын деп сабалабай.

БЕТКЕ АЙТКАН СӨЗДҮН
ЗААРЫ ЖОК

Элимдин айткан макалы
Эл камын ойло, жогор жак.
Элдин көбөйүп барат азабы
Чындыкты айтып чыркырап
Чыкпасын бир күн чатагы.

Мактабай бийликтегини
Мактайлы элдик адамды
Башчы коюп албайлы
Бакырчаак ач көз каманды
Кудайым жасап жакшылык
Кут кылса экен заманды.

Ким чечет элдин тагдырын
Ким кылат элге жакшылык
Кыйкырып коет бардарлар
Кымыңдап күлүп каткырып
Мынча эмне болуп баратат
Минеби элди ат кылып.

Саясат жалгыз башкарып
Зар заман турат баш багып.
Бийликти алса бөлүшүп
Биз жеттик дешип каш кагып
Карапайым көпчүлүк
Кантишет, калаар ач калып.

Көйгөйү элдин чечилбей,
Көөдөнгө арман толобу.
Көтөрүлдү баалар да
Көпчүлүк анан оңобу.
Азыркы ушул мезгилди
Айтпасак анан болобу.

Баягы эле көрүнүш
Бийликтегилер жашоо оңунда.
Байыр алып көз салганы жок.
Байлыксыз байкуш момунга
Барбайбы анан жаманга
Башка жок болсо колунда.

Кымбаттап бензин, солярка
Кызуу учур эгин чабууда.
Кыйналып жаны турса да
Кызыгаар бүлө багууга
Ал эми кантет кээ бирөө
Акча жок болсо алууга.

Кыскасы, эмгек кылалы.
Эмгексиз ырыс табылбайт.
Ак дилден жаса жакшылык
Аллам да аны кабылдайт
Арамдык кылган көбөйдү
Акыры отто жалындайт

Парасын берген чоңуна
Сактайт деп менин жанымды
Алганын коет ал жутуп
Унуткарып аныңды
Ушундай мен да жасайм деп
Көрөсүң сен да камыңды.

Акыры алдамчы ичкич-жегичтер
Арабызда эч бир болбосо.
Байлыкты кантип жактырбайт
Бири-бирин дайым колдосо
Сүйлөгөн сөздүн иши жок
Иш менен элин коргосо.
Нурдин Ибраев




  Сурагыла, жооп беребиз

ИШ КОЗГООГО МҮМКҮНБҮ?
Граждан магнитофондун үнүн катуу чыгарып коюп, же болбосо магнитофонун терезеден чыгарып коюп көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузган фактылар бар. Ошонун негизинде, ал адамга граждандык иш козгоого мүмкүнбү?
Сабыр М.
Жооп:
Жок. Анын негизинде гражданга иш козголушу мүмкүн эмес. Эгерде 08.04.2003-ж. №191 Турак үйлөрдү жана үй жанындагы жер участокторун пайдалануунун жана кармоонун эрежелери /23.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин телевизорлорду, радиокабылдагычтарды, магнитофондорду жана башка катуу сүйлөөчү түзүлүштөрдү колдонууда башка квартиралардагы жашоочулардын тынчын албай тургандай, катуулукту кичирейтүү шарттарында гана жол берилет. Көрсөтүлгөн убакытта имарат-жайларда тынчтык сакталышы керек/ бузулса, анда батирдин ээси административдик жоопкерчиликте болот.

ДАЙЫНСЫЗ КЕТКЕНДЕРДИ КАНТИШЕТ?
Дайынсыз жоголгон граждандарды өлгөн деп табышат деп уккам. Ал кантип жасалат?
К.Тахиров.
Жооп:
Дайынсыз жоголгон граждан өлгөн деп табылышы мүмкүн. Биринчиден, сиз "гражданды өлдү" деп табуу жөнүндөгү арыз менен соттук органдарга "дайынсыз жоголду" деп табуу жөнүндөгү соттун чечиминин негизинде кайрылышыңыз керек.


"Марко-Эгида" юридикалык фирмасы тарабынан даярдалды.
Даярдаган Г.Холкин.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??