"Бирөөнүн тоосун кемсинтпей,
Өз талааңды көтөрүп ал..."
Олжас Сулейменов
Кыргыз элимдин катасы, капасы жана үмүтү эмнеде?
Көп жылдан бери ушул суроого жооп табалбай келем.
Жакында кыргыз элинин улуу инсаны Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракеси болуп өттү. Эсимде, ал киши кызматынан кетип жатканда, 1961-жылы, мен Чолпон -Ата айылынын Киров атындагы мектебинин 10-орус классында окуйт элем. Ал убакта Чолпон-Атада 7-класска чейин толук эмес кыргыз мектеби жана толук орто билим берүүчү орус мектеби бар эле. Ал убакта улуу Советтер Союзунун бардык эле Союздук Республикаларында мамлекеттик тил катары ошол республиканын эне тили жана орус тил сабактары бардык мектептерде бирдей окутулат эле. Бул ал убактагы коммунистик идеологиянын улуттук саясатынын эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири эле.
Анан эле бир күнү радиодон угуп калдык: "Улутчулдук саясатты жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстан КП БК нын 1-катчысы Исхак Раззаков кызматынан алынды" деген суук кабарды. Ошол эле убакта Кыргызстан Коммунистик партиясынын 1-катчылыгына жаш коммунист, интернационалист Т. Усубалиев дайындалганын кабарлашты.
Ал убакта ким билсин, кимдин кандай саясат менен алектенип жүргөнүн.
Арадан 1 - 2 ай өтүп-өтпөй кыргыз тил мугалимибиз айтып калды: "Балдар, мындан ары кыргыз тилин ар ким өз каалоосу менен окуйт" деп. Орус балдар, кыздар: "Ур-ра-а!" деп кубанып калышты. Ал эми биз болсок, мен жана дагы эки кыргыз кыз, намыстанып: " А эмне үчүн?" деп чурулдасак, мугалим агай мындай деди: "Азыр Коммунистик партиянын негизги талабы интернационалистик тарбия болуп жатат. Ошондуктан кыргыз тилин кыскартып, орус тилин тереңирээк үйрөнүшүбүз керек".
Андан бери арадан жарым кылым убакыт өтүп кетиптир.
Бирок, күн өткөн сайын, жыл өткөн сайын кыргыз элимдин турмушу оңолбой, рухий дүйнөсү урап, көрүнгөн итке-кушка жем болуп, кылымдардан бери кызара жортуп тапкан эгемендүүлүгүбүз бүгүнкү күндө олку-солку болуп турган убакта кайдагы бир кайдыгер адамдай - билсем да билмексен, көрсөм да көрмөксөн болуп, унчукпай отурууга мүмкүнчүлүк болбой калды.
Анткени "ооруну жашырса өлүм ашкере кылат" деген сөз бар. Анын сыңарындай: мамлекетибиз ушундай кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жаткан учурда "мен кыргызмын" деген ар бир инсан, ар бир жаран өзүнүн патриоттук сөзүн жана оюн ачык айтып, колунан келген жардамын берип, элибиздин жеңилин жерден, оорун колдон алып, бири бирибизге жөлөк-таяк болуп, кыйынчылыктан чогуу-чаран чыгып кетпесек болбойт.
Мени эми, кудай өзү кечирсин: "Сөздүн орду келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт" дейт. Жана дагы: "Адамдын сөзү өлгөнчө - өзү өлгөнү жакшы" дешет
Биринчиден, кыргыз элимдин илгериден бери келаткан катасы: анын ишенчээктиги жана кең пейилдиги.
Экинчиден, кыргыз элимдин азыркы капасы - анын эрксиз жана тексиз жетекчи эргулдарынын элине баш-көз жана бел болуунун ордуна акылынын жетишинче алдап, алынын жетишинче талап-тоноп, кайраттууларын камап, атанын балдарын аттырып, алсыздарын итке тетири мингизип коюп качып кетиши.
Эгерде ошол эргулдар билип-билбей кетирген каталарын моюнга алып, кудай алдында элинен кечирим сурап, элинин эртеңки күнүн, өзүнүн өткөн күнүн жеңилдетип, калган өмүр-жашын адалдатып дегендей. Албетте, ошого акылы, түшүнүгү, кудурети жетсе...
Анткени түбөлүк жашаган адам жок: эртели-кеч тиги дүйнөгө барганда түшүнөсүң - бирөөнө кылган жакшылыгыңдан жалпы элиңе тийгизген кесепетиң канчалык оор экенин.
Ошондуктан, айтайын дегеним, карыбызбы, жашпызбы, тирүү кезибизде кетирген кемчиликтерибизди эске алып, элден, кудайдан кечирим сурап (орустар "покаяние" деп коюшат), бөөдө күнөөбүздөн арылсак - өзүбүзгө да, элибизге да жеңилдик болот эле.
Мисалы: 1961-жылга чейин дүркүрөп өсүп-өнүп жаткан Кыргыз Советтик Социалистик Республикасы "Кыргызстанда кыргыз тили ыктыярдуу түрдө окутулат" деген токтомдун негизинде кыргыз тили экинчи сорттогу тил катары көмүскөдө калып, чейрек кылымдын ичинде Кыргызстан манкурттардын өлкөсүнө айланды.
20- кылымдын 70- 80-жылдары Кыргызстанда кыргызча сүйлөгөн, кыргызча жашаган киши киши катарынан чыгып калган. Кыргыз тили жөнүндө, кыргыздардын каада-салты, тарыхы жана ооз эки чыгармалары жөнүндө сөз кылган кыргыздын уул-кыздары "улутчул" деген атка конуп, партиядан, комсомолдон, иш-кызматынан куулуп, туулуп-өскөн жеринде "чыккынчы" аталып калган.
Кыргызстанда жашаган орустар кыргыздарды көз көрүнөө эле кемсинтип: "Эй, ты, баран, ты что здесь делаешь? Иди в свои горы и разговаривай там со своими баранами на своем тарабарском языке" деп, кыргыздарды кадимкидей эле тебелеп-тепсеп, мал катары тоо тарапка айдап салышкан.
Дагы кудай бар экен, кыргыз элибиздин бактысына жаралган, миң жылда бир төрөлө турган Манас атабыздын урпактарынын бири - дүйнө жүзүнө Улуу Кыргыз Элин тааныткан гуманист Чынгыз агабыздын акыл-эси, кадыр-баркы жана күчү менен, ошондой эле дүйнө элдеринин эң алдыңкы гуманисттеринин колдоосунда кыргыз элибиздин тили, дили, нарк-дөөлөтү, каада-салты жана океандай эс тутуму - "МАНАС" эпосубузду ашынган советтик интернационалист-шовинистердин, орусча айтканда - великоросский шовинизмдин таш чайнаган жаргылчагынан сактап калууга кудуретибиз жеткенине тобо.
Сөзүбүз кургак болбос үчүн бир эле мисал келтире кетейин:
12-август 1987-жыл. Союздук "Социалистическая индустрия" гезитинин Кыргызстандагы өз кабарчысы В. Хрусталев "Двоедушие" деген макаласында мындай деп жазат: "Ну что двигало людьми, участвовавшими в похоронах на кладбище Кок-Добе? Разумеется, мы не говорим о конституционном праве верующих следовать тем или иным обычаям, традициям - дело их совести, их убеждений. Мы говорим о должностных лицах с партийными билетами..." Андан ары Ысык-Көл райком партиясынын биринчи катчысынан тарта катардагы инструкторуна чейин аты-жөнүн атап чыгып, мындай деген суроо коёт: "Булар бул жерде эмне кылып жүрүшөт? Булар эмне үчүн өлгөн кишиге мал сойдуруп, куран окутуп, мүрзөгө барып топурак салышып, бата кылып жүрүшөт? Бул эки жүздүүлүк эмей эмне? Эл буларга кантип ишенет..?" Анан аягында өзү мындай деген тыянакка келет: "Вот почему в районе хромает экономика и много "проколов" с кадрами. И будет, наверное, справедливо, если кто-то поможет этим лицедеям выбрать одно: или Устав КПСС или коран".
Ооба, урматтуу окурман, ал кезде кыргызча сүйлөп, кыргызча жашамак турсун кыргызча өлүп, кыргызча өлүктү узатканга да укугубуз жок эле. Бул - чыркыраган чындык жана талашсыз факт.

Карыбай Турусбеков