Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жаңы бийлик Бакиевден да ашты го

"КЫРГЫЗГАЗ"
"КУЛМЫРЗАГАЗГА" АЙЛАНАБЫ?
"Кыргызгаздагы" түзүлгөн соңку жагдайларды иликтеп олтуруп,бул ишканадан Т.Кулмурзаев мырза кеткенче ал "Кулмурзагаз" ачык же жабык типтеги акционердик коомго, балким "Тургунбекгаз" ОсООго, андан кийин менчик ишканага айланып калышы ажеп эмес деген ой кетет. Чоң атабыздын, атабыздын, балабыздын, уругубуздун, итибиздин, мышыгыбыздын атын койгонго бизде мыйзам жол берет. Кыргызстанда буга мисалдар четтен чыгат. Эгерде "Кыргызгаз" ошентип алмашып аталып калса, бул иште Т.Кулмурзаевди күнөөлөштүн кереги жок. Күнөө ушундай системаны түзгөнгө юридикалык жол салып берген мыйзам жазган депутаттарыбызда, ага кол койгон президенттерде, ошондой президент, ошондой парламент шайлаган элде. Ушундай абал түзүлөөрүн 5-10 жыл алдын ала көрө билген ыраматылык Салижан Жигитовдун даанышмандыгына дагы бир жолу тан бересиң. "Кыргызга бир нерсенин четин эле көрсөтүп кой, ары жагын андан бир нече эсе ашырып аткарбаса, ал кыргыз болбой калбайбы" деген маанидеги сөзү толук ишке ашып жатат. Ашканда да Салижан акенин болжолунан эки-үч эсе көп ашты. Анын баарын чечмелеп отуруш узак кеп.
Мамлекетти талап-тоноо, байлыктарын бөктөрүп алуу, ичип-жеш, үй-бүлөлүк башкарууга талаттырып коюу жагынан президенттик башкаруунун чаң-тополоңунан буйруса арылдык дегенибиз менен эми андан кем эмес партиялык талап-тоноочулукка туш болуптурбуз. Бири-бири менен атаандашкан партия "бүгүн барбыз да эртең жокпуз" деген ой менен бийликке отуруп, ээлеп калган министрлигинде, областында, районунда кепич-маасы кийип жүргөн, шопур болуп "таксовать кылып жүргөн" жалаң өз партиялаштарын, өз тууган-урук, жек-жаат, куда-сөөктөрүн ишке орноштуруп жатат. Себеби коалиция бузулса, алардын да күнү бүтүп, иштен айдалаарын эң жакшы билишет. Кыргыз макалын бүгүнкүнүн тили менен сүйлөтсөк, "бир күндүк өмүрүбүз бар экен, абедди ям полный катушка ичип алайлык" деген эреже менен иштеп жатышат. "Кыргызгаздын" жетекчиси Кулмурзаев байкебиз да акмак киши эмес да. Акмак эмес экенин ушундан билгиле- 2000-жылдары Акаевдин тушунда "Кыргызгазга" биринчи жолу жетекчи болуп келгенде өз кишилерин бул тармакка орноштуруп кеткен экен - эми минтип экинчи жолу кайрылып келгенде, ошолор ишкананы "чужактардан" тазалаганга ишке жарап жатпайбы. Ушул мезгилге карата "Кыргызгазга" караштуу ишканалардан 40ка жакын кызматкерлер ар кандай "конкурс", "аттестациядан" өтпөй, иштен бошоп, алардын ордуна өз кишилер кирип жатат. Кыргызсовпрофтун маалыматына караганда, көпчүлүк кызматкерлер иштен мыйзамсыз куулган. Алар сотко арыз беришкен.
"Кыргызгазга" караштуу "Бишкекгаз" ишканасында да бөтөн кадрларды кубалоо күчүндө. Бул жердин эмгек жамааты спикерге, өкмөткө, Кыргызсовпрофко, эмгек боюнча маминспекцияга арызданышкан. Арыздангандан не пайда? Себеби азыр Кыргызстанда коррупцияга, криминалдарга каршы президент күрөш жарыялаганы менен партияларың тескерисинче бул ишке мамлекеттик мүнөз берип, алар байлык, бийликти көбүрөөк чеңгелдеп алалы деп ич ара талашып да, тирешип да баштады. Демек маселени парламент да, өкмөт да туура чечалбайт. Андан көрө иштен куулгандар Т.Кулмурзаевдин "крышасы" мүчө болбогон партияга "оптом" кирип алгыла да, ошол жагынан көөлөп киргиле.
"Кыргызгаздагы" Кулмурзаевдин кылыктары азыркы Кыргызстандын шартындагы ар бир эле мекеме, ишканада жасалып жаткан иштерден эч нерсеси менен айрымаланбайт. Балким ашса ашып түшөр. Болгону бул иш жетекчинин алкымына, анан юридикалык сабаттуулугуна жараша болот окшобойбу.
Ахматбек Келдибековичтин алдында жаткан арызда Т.Кулмурзаев 27.10.2010-ж. "Бишкекгаздын" жетекчиси А.Чодонов, башкы инженери С.Шабунинди негизсиз иштен алып, орун басары Ж.Бакировго сөгүш жарыяланганы айтылат. 5.11.2010-ж. "Бишкекгазга" мурда бул тармакта иштебеген Т.Дюшеев жетекчи болуп дайындалып, ал да мурда газ тармагында иштебеген өз кишилерин тартып жаткан кези экен. Маселен бөлүм башчы К.Рыспаевди кысымга алып өз ыктыяры менен арыз жаздырып иштен айдап таштайт. Натыйжада 115 адамдан турган текшерүүчүлөр бөлүмүнүн газ төлөмдөрүн топтоо, сарпталышы боюнча иштери артка кетиптир. Мисалы, январь айы үчүн газ төлөм топтоо планы 346,5 миллион сом болсо, ал 53,4 % гана аткарылган. Газ жоготуу 2011-ж. 26-январына карата 36% чыгып кеткен. Мындай эң төмөнкү көрсөткүч коогалаңдуу апрель жана Маевкадагы баш-аламандык айларында да болгон эмес. Ал күндөрү кызматкерлер газ түтүктөрүн,газ бөлүштүргүч шкафтарды кайтарып, газ берүүнү үзгүлтүккө учуратышпай, план аткарылган.
Т.Дюшеев өз билгенин кылып, кадрдык алмаштырууларды уланта берген. 12.11.2010-ж. Э.Мимбаевди айдоочу кылып ишке алып, 20.12.2010-ж. тейлөө бөлүмүнүн башчысы кылат. Мурда стандартта иштеген У.Турдукуловду маркетинг бөлүмүнө, Н.Ботоевди метрология бөлүмүнө апкелет. У.Турдукулов шеф Т.Кулмурзаевди уят кылып, план аксаганынан, аны башка бөлүмгө түртүп, ордуна А.Ажибековду апкелет.
2011-ж. 13-15-январда контролёрлорду ишке алуу боюнча конкурс өтүп, жыйынтыгы 1-февралда чыгарылып, натыйжада 37 адам ишсиз калды.
Ошентип "Кыргызгаз" менен "Бишкекгазда" чечим, буйруктар мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен чыгарылып жатат. Мисалы, гендирекциянын 26.11.2010-ж. №64 чечими жана №290 буйругунда "контролёрлор кыскартылсын" же "бул бөлүм жоюлсун", же "контролёрлор штаттан чыгарылсын, алар оператор деп аталсын" деген юридикалык бир да аныктама, түшүнүк жок. "Кыргызгаздын" жогоркудай чала сабат чечимине таянган "Бишкекгаз" 30.11.2010-ж. №347 буйрук менен 135 адамды 2010-ж.1-декабрынан баштап жумуш ордунан кыскартуу боюнча эмгек Кодексин тебелеп-тепсеген чечим кабыл алган. Ушул чечим "Бишкекгаздын" жамаатын нааразылык акцияга чыгууга мажбурлаган.
Эми "Кыргызгазды" тууганчылык байланыштардын тору кандайча чырмап жатат - ошого көз жүгүртөлү. Т.Кулмурзаев раис болуп отурган 2010-жылдын май айынан кийин директорлор Кеңешинин төрагасы кылып мурдагы кесиптеши, үка досу, эгиз балдарынын өкүл атасы Султаналиев Бекмуратты шайлаттырып алды. Кудасы Рыспеков Жумакан биргелешкен "КырКазГаз" ишканасынын директорлор Кеңешинин Кыргызстан тараптан төрагасы.
"Кыргызгаз" ААКын гендиректорунун биринчи орун басары болуп А.Муралиевге бөтөн эмес адам, пенсиялык курактагы К.М.Наскеев дайындалган. Анын газдын жытына аллергиясы бар, мурда агитация, пропаганда жаатында гана иштеп жүргөн дешет.
Башкы инженер М.Имашевди "КырКазГаздын" башкармалыгынын начальниги кылып койду. Ага чейинки начальник, бул тармакта 40 жылдай иштеген Белопашка деген адамды "пенсия куракта экенсиз" деп көчүккө тебишти.
Мурда баш директордун үч орун басары болсо, азыр төртөө. Айрыкча Е.В.Орленко деген орун басары чоң мандемдүү адам. Тыштан келген газды көзөмөлдөө, сатууга жооп берет. Мурдагы бийлик учурунда Кыргызстанга келип жаткан газды мамлекет эсебинен арзан сатып алып, кайра жасалма фирма аркылуу саткандын алчи-таасын жеген адис дешет. 2008-ж. "Газпром" "Кыргызгазды" сатып алабыз деп калганда бул адис "Чүйгазды" ЖЧКга айландыра салып, андан кийин менчикке чыгара салаарда орус туугандар билип калып, алар келишимди бузушкан. Орленко ошондо оңкосунан кеткен, бирок азыр кайра оңолуп калыптыр го.
Чүй областынын бир нече жеринде машиналарды газ менен толтуруучу жайлар бар. Мурда "Чүйгазга" карачы, азыр "Кыргызгазга" карайт. Кызылдай акчалар куюлуп турат. Ошонун начальниги Агаповду да көчүккө тебишти да ордуна баласынын досу Р.Жапаровду отургузду.
Кулмурзаевдин күйөө баласы Т.Орозов газ эсептегич жабдууларды чыгаруучу заводдун директору жана бир эле мезгилде "Кыргызгаздын" сатып алуу бөлүмүнүн жетекчиси. Каерге кандай эсептегичти коюш керек, кимден канча оң-сол чөнтөккө эсептелиш керектигин андан башка ким мыкты билмек эле.
Т.Кулмурзаевге жакын делген адамдардын ишке алынышын санжыра кылып айта бербей, санагын эле келтирип коюу узун тизме. Алардын маанилүүлөрү:
Г.Ш.Жантелиева-Т.Кулмурзаевдин балдызы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы. Апасы, баласы ж.б.у.с. адамдарды ишке алып отуруп, 5-6 штатты ээледи.
Э.Кулмурзаева-шефтин бир тууган карындашы, "Бишкекгаздын" бухгалтери.
Т.Акматов- текшерүүчүлөр бөлүмүнүн башчысынын орун басары. Шефтин иниси Нурдиндин баласы.
А.Ажибков-директорлор Кеңешинин төрагасы Б.Султаналиевдин бир тууган жээни. Т.Кулмурзаевдин "Кыргызгазга" биринчи келишинде ишке келген.
Н.Ботоев-метрология бөлүмүнүн башчысы, Т.Дюшеевдин мурдагы кесиптеши.
Э.Мимбаев-Т.Дюшеевдин жакын досу, кеңешчиси.
Ушул фактылар ылайым эле жалган болуп калса экен дейсиң. Мындай абал бир эле "Кыргызгазда" орун алып, бул кемчиликти эл үмүт менен ишенген парламент, өкмөт теске салса экен дейсиң. Бирок Кыргызстандагы ушундай абал теске салынып, абал оңолоорун бир Кудай билбесе. Ишенген кожолорубуз партиялар дедик эле, алардын кылып жатканы ушулбу?
Жуман АЛИЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??