Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бекназар КАПАРОВ:

"Максим Бакиевдин жүз миңдеген
долларын уурдамак тургай, үйүн да билбейм"
Таксист эмес, бешене тер менен каражат тапкан жөнөкөй ишкер баяны

Мен мага берилген суроолорго кыргыз тилинде төмөнкүдөй көрсөтүү беремин. Мен Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Жаңы турмуш" орто мектебин 1998-жылы аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарына келип, араб тилин үйрөтүүчү курстарга барып араб тилин үйрөнүп жүрдүм. 2000-жылы Бишкек шаарында жайгашкан "Ашар" деген жамааттын жардамы менен Египет мамлекетинин борбору Каир шаарына окууга барып, ал жакта 2004-жылга чейин окуп, окууну толук аяктабастан, ден-соолугума байланыштуу кайра Бишкек шаарына келдим. Бишкекке келгенден кийин ооруканага жатып дарыланып, айыгып чыккандан кийин айылга кеткенмин. 2004-жылдын күз айларында Кутчубаева Жанаргүлго үйлөндүм. Бүгүнкү күндө ортобузда эки уул, бир кызыбыз бар. 2005-жылдан башында келинчегим экөөбүз кайрадан Бишкек шаарына келип, экөөбүз тең азык-түлүк товарларын сатып иштей баштадык. Ишибиз жакшы боло баштаганда, кайнатам Кутчубаев Анарбек өзүнүн Ош базарындагы дүң соода кылуучу, Бейшеналиева-48 дарегиндеги соода ордун бизге берип биз ошол жерде азык-түлүк товарларын дүңү менен (оптом) алып келип сатып, соода жасай баштадык. Ал жерде эки жылга жакын иштедик. Андан кийин 2007-жылдан баштап, иштеп тапкан акчабызды топтоп Кытай жана Казакстан мамлекеттеринен вагондор менен келген азык-түлүк товарларын дүңү менен сатып алып аларды базарда олтуруп саткандарга өткөрүп берип өзүм жасап жаткан бизнести кенейтип, чоң бизнесмендер менен бирге иштеше баштадым. Мен өзүм жасаган бизнестен түшкөн пайдага арзан чыгып калган үйлөрдү жана автомашиналарды сатып алып койчумун, себеби алар акчаны кармап турат деп эсептечүмүн. Ошентип азык-түлүк товарларын дүңү менен алып-сатып 2010-жылдын декабрь айынын башына чейин бизнес жасап жүрдүм. 2010-жылдын декабрь айынын башында Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Кылмышкерлерди издөө Башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мен өзүм жасап жүргөн бизнес токтоп калды. Атап айтканда, 2010-жылдын 4-декабрь күнү мен өзүм жашаган Бишкек шаарындагы Баялинов көчөсүндөгү 130-үйгө саат болжол менен 18.00 чамасында жумуштан кайтып келип "Тойота-Кемри" маркасындагы машинамдан түшсөм, менин артымдан орточо бойлуу келген эки киши келип "Биз МВД ГУУРдан келдик" деп өздөрүн тааныштырып кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүшүп, бирок окутпастан эле кайра салып алышты. Кийин билсем алардын аты-жөнү Иманалиев Жолдош менен Турдалиев Акималы экен. Алар өздөрүн тааныштыргандан кийин "Сенин Хундай-Портер" маркасындагы машинаң розыскада экен, биз ал машинанын айдоочусун кармасак ал машина сеники экендигин айтты" деп айтышканда мен алардан "машина кайда деп сурасам" алар "жүр сенин машинаң менен барайлы деп айткандыктан" мен аларга ишенип аларды машинага олтургуздум. Менин жаныма алдына Акималы олтурду, Жолдош болсо арткы олтургучка олтурду да өздөрү келген ак түстөгү "Ауди-100" маркасындагы автомашинада олтурган бирөөгө "биздин артыбыздан айда" деп айтып койду. Алар мага түз айдай бер биз адрести айтабыз дегендиктен мен айдап жөнөдүм, ал эми алардын машинасы биздин артыбыздан келе жатты. Жолдо келе жатканда Жибек-Жолу/Тоголок-Молдо көчөсүнүн кесилишине келип, машинаны токтотуп туруп "мен үйгө телефон чалып айтып коёюн деп телефонду алсам. Артымда олтурган Жолдош менин мойнумдан катуу муунта баштады, жанымда олтурган Акималы болсо менин колумдагы соткамды алып өзүнүн пистолетин чыгарып, менин бөйрөгүмө такап "Эч жакка чалбайсың" деп колумдагы соткамды колумду кайрып туруп алып койду, ошол кезде мен олтурган тараптагы эшикти ачып туруп, кара тору келген бир киши буту менен мени бир тээп "айткан жакка жон айдагын" деп кайра эшикти жаап койду кийин билсем ал "Мидин" деген киши экен. Жолдош менин мойнумду коюп жибергенден кийин мен машинаны кайра айдап жөнөдүм. Алар өздөрү адрести айтып берип мени бир имаратка алып келишти. Мен ал имаратты карасам "ГУУР МВД" деп жазылып туруптур. Биздин артыбыздан Ауди айдаган Мидин да келип калды. Алар мени машинадан түшүрүп, дароо эле менден машинанын ачкычын жана документтерин алып коюшту да менин ошол имараттын экинчи кабатына алып чыгышты. Ал жерде 218-кабинетке алып киришти. Кабинетке киргенде эле Мидин артымдан келип белиме тээп жиберди эле мен жыгылып түштүм. Ордумдан туруп ага "эмне тээп жатасыз, десем ал "эмне дейсин" деп мага кайра асыла баштады эле Акималы аны токтотуп, менин колумду артыма кайрып наручник салып столго олтургузуп, Мидинди "сен чыгып тур, биз сүйлөшүп алайлы" деп аны чыгарып жиберип, Жолдош экөөсү калышты. Мидин чыгып кеткенден кийин Акималы менин артыма келип артыма тизеси менен бир нече жолу бөйрөктөрүмө тээп " Сен кайсы жерге келгениңди билип жатасыңбы, бул жер Кыргызстан боюнча эч кимдин тили өтпөгөн ГУУР МВД деген жерге келдиң. Сенин ишиң боюнча начальник курста, министр Зарылбек Рысалиев курста, Дүйшөбаев Кенешбек биздин байкебиз болот, сага эч ким жардам бере албайт" деп өзү сүйлөп жатып мени бир нече жолу тээп жиберди. Андан кийин "Сен Максим Бакиевдин үйүнөн чоң суммадагы акчаны алып чыккансың, ошол акчаны кайда иштеткенсиң бизге ошол жөнүндө азыр жазып бересиң" деп айтты эле "мен ал жакка барган эмесмин менин өзүмдүн жумушум көп" десем, Акималы мени кайрадан тепкилеп, уруп Жолдош экөөсү чыгып кетишип кабинетке Мидин менен дагы бир жаш жигитти алып кирип "силер сүйлөшкүлө" деп айтып аларды калтырып өздөрү чыгып кетишти. Мидин менен кирген жигит (кийин билсем ал да милицияда иштеген "Тилек" деген бала экен) менин жаныма келип "Сен эмнеге Акималы браттын айтканын аткарбай ага каяша сүйлөйсүң" деп сөгүнүп мени колдору менен уруп, буттары менен ар жерлериме тепкилеп кирди. Ага Мидин да кошулуп, мени ар түрдүү уят сөздөр менен сөгүп, "биз айтканды жазып бересиң" дешип мени ура башташты. Мен болсо Максим Бакиевдин үйүнө кирген эмесмин деп алардын айтканын жазып берүүдөн баш тартып болбой койдум. Арадан бир саатка жакын убакыт өткөндөн кийин, сырттан Акималы менен Жолдош менин "Хундай-Портер" маркасындагы машинамды арендага алып айдап жүргөн, Рустамов Адыл деген классташымды колдорун артына кайрып алып киришти да экөөбүздү сүйлөштүрбөстөн мени Мидин сыртка алып чыгып. жанындагы кабинетке алып кирип, колдорумду "наручник" менен батарейкага байлап коюп өзү чыгып кетип калды. Жарым сааттай убакыт өткөндөн кийин Мидин кайрадан кабинетке кирип, мени алып чыгып 218-кабинетке алып кирип жатканда мен коридордо Адылдын тургандыгын көрдүм. Мени кабинетке алып киргенден кийин Акималы, Тилек жана Мидин болушуп, "Максим Бакиевдин үйүнөн акча уурдап чыккандыгыңды мойнуңа аласың" деп мени үчөөлөп үч тараптан уруп, тепкилеп киришти. Бир аз уруп бүтүшкөндөн кийин "Сен бизди тоготпосоң азыр спецназды чакырып, ошолорго урдурабыз" деп айтышты. Ошентип алар мени өздөрүнүн кабинетинде таңкы саат 05-00 гө чейин кармашты. Тилек болсо колу менен менин башыма ура берди. Андан кийин Акималы менин жаныма келип "Сен азыр бизге болгон ишти жазып берсең биз сага жардам берип ишти жаап коёбуз, биздин көрсөткөн жардамыбыз үчүн сен бизге биз сураган байлыктарды бересиң" деп уруп коркутуп, менин өзүмдүн, аялым Жанаргүлдүн жана бир тууган агам Маматказынын атына катталган мүлктөрдүн баарысын уруп жатып сурап алды. Акималы, Мидин жана Тилек үчөөсү мени ура беришкендиктен мен аларды урганынан чыдабастан "эмне деп жазып беришим керек" десем Тилек мага ручка кагаз берип алдыма келип туруп айта баштады, ал эми Мидин болсо артымда туруп алып мени "биз айткандай кылып жазып бересиң" деп уруп жатты. Тилек мага жаза турган нерселерди айта баштаганда Акималы "силер жаздырып тургула" деп чыгып кетти. Бир аздан кийин кайрадан Акималы менен Жолдош кайра киришип, кабинеттеги диванга олтурушуп алышып чай ичип олтурушту. Тилек болсо мага "2010-жылдын 7-апрель күнү Максим Бакиевдин үйүнө Мирлан деген бир тууган кайним менен бирге кирип ал үйдөн 410 000 АКШ долларын уурдап чыкканбыз, ал акчага Бишкек шаарындагы Баялинов көчөсүндөгү 130-үйдү, Гоголь көчөсүндөгү 20-үйдөгү 27-квартираны, Баялинов көчөсүндөгү 83 үйдү, Дордой базарындагы 2 даана контейнерлерди, Тойота-Камри маркасындагы 1 машинаны, Лексус-4700 макасындагы 1 машинаны, Хундай -Портер маркасындагы 1 машинаны жана Мерседес-Бенц - Гигант маркасындагы 1 машинаны сатып алганмын" деп уруп, коркутушуп жаздырышып кол койдуруп алышты. Тилек мага жаздырган түшүнүк катты алып барып "Акималы братан Сиз айткандай жаздырдык" деп Акималыга берди эле ал окуп чыгып, "Туура жазыпсың, эми олтуруп алып сүйлөшөлү" силер чыгып тургула деп Мидин менен Тилекти чыгарып жиберишип, Акималы менен Жолдош кабинетте калышты. Акималы менен Жолдош менин жаныма жакын келишип "Сен бул жерде жасаган кылмышыңды мойнуңа алып түшүнүк кат жазып берипсиң , бул түшүнүк катты сотко берсек сен камалып кетесиң. Эгерде сүйлөшөмүн десең, бизге 200 000 (эки жүз миң) доллар алып келсең биз ишиңди жаап ушул жерден бүтүрүп беребиз, бул акчаны биз өзүбүз эле албайбыз, биздин үстүбүздөн начальник жана министр бар ошолорго да беребиз" деп айтты эле мен аларга "менде нак акча жок болгону ушул мүлктөр эле бар" десем Акималы "нак акчаң жок болсо оборотуңдан алып бер" деп айтты эле. Мен "оборотумда да 200 000 доллар жок" десем Акималы "эгерде акчаң жок болсо биз айткан мүлктөрдү бизге өткөрүп бересиң", деп айтты эле мен аларды дагы мени урат же камап коёт деп коркуп алардын айтканына макул болдум. Мен айласыздан макул болгондон кийин алар мени сыртка алып чыгышып. менин "Тойтота-Кемри" маркасындагы машинамдын артына мени, классташым Адылды салышты. Биздин жаныбызга Мидин олтурду. Рулга Тилек олтуруп анын жанына Акималы олтурушуп Воронцовка айылына бардык. Ал жерде Акималы бирөөнүн үйүнө кирип кайра чыкты да биз кайрадан ГУУРга келип, Адыл экөөбүздү 218-кабинетке алып киришти, ошол учурда таң атып калган эле. Менин колума салышкан наручникти чечишкен жок. Адыл экөөбүздү кабинетте бир саатча кармашып, өздөрүнчө шыбырашып "бирөө келиш керек" деп сүйлөшүп жатышты. Ошол учурда сырттан узун бойлуу бир киши кирип келип алар менен сүйлөшүп калды, (кийин билсем анын аты"Акан" экен), Акан келгенден кийин бизди кайра алып чыгышып, менин машинама олтургузушуп. Мен, Адыл жана Акималы, Мидин. Тилек. Акан болушуп эки машинада менин Баялинов көчөсүндөгү 130-үйгө келдик. Үйгө киргенде менин колума наручник салынгандыгын көрүп келинчегим Жанаргүл коркуп кетти. Алар баарысы киришип диванга олтуруп алышып Жанаргүлгө мени коркутуп, уруп жаздырышкан түшүнүк катты көрсөтүшүп "Сенин күйөөң Максим Бакиевдин үйүнөн акча уурдагандыгын мойнуна алып, жазып берди эми ушул ишти бүтүрүшүбүз керек" деди эле Жанаргүл телефонду алып мен бирөөлөргө чалайын деди эле аны сүйлөштүрбөй эле колунан телефонду жулуп алып коюшту. Ошол учурда Акан менен Мидин калган бөлмөлөрдү карап жатышты. Тилек болсо Жанаргүлдү өзүнчө бөлмөгө алып кирип жарым сааттай убакыт кармап олтуруп кайра Тилек колуна бир кагаз кармап чыкты. Кийин Жанаргүлдөн эмне болгондугун сурасам Тилек аны өзүнчө бөлмөгө алып кирип, ага пистолет такап "күйөөңдү мындан кийин көрбөй каласың, мен азыр жаш балдарың бар экендигине карабаймын. Атып саламын мен айткандай кылып жазып бергин.
(Уландысы кийинки санда)
Сиздерди терең урматтап
жабырлануучу
Бекназар Капаров
12.02.2011-жыл




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??