Айкын собол

Журналисттерди соттоп,
аларды камакка алып, айып салууга мыйзам жол береби?
Кечээ жакында парламентте журналисттерди Кылмыш-Жаза Кодексинен четтетүү үчүн токтом кабыл алышты. Ошентсе да журналисттерге болгон кысым айрым учурда өз күчүндө экени жашыруун эмес. Мындайда сөз эркиндиги чоң талашка түшкөнү белгилүү. Кээ бир саясатчылар журналисттерге сөз эркиндигинин берилишине караманча каршы да болуп келишсе, айрымдары журналисттердин укугун коргоп жүрүшөт…


Өмүрбек Текебаев,
"Ата-Мекен" партиясынын төрагасы:
- Учурда журналисттер жазага тартылып, камоого алынбайт. Алтургай аларга материалдык айып дагы салынбайт. Жарандык тартипте эки тарап өздөрү соттошуп, өздөрү бир чечимге барышат. Мамлекет мурункудай артынан сая түшүп, журналисттерге кысым көрсөтө албайт. Ошондой эле журналисттердин айткан сөзү же жазган макалалары кылмыш катары каралбайт. Биз Конституциялык реформа жүргүзүп жатканыбызда, "Адамдын кадыр-баркына, аброюна шек келтирген маалыматтарды тараткан журналисттер жазага тартылбайт" деп ошол жерге жаздык. Биз аны ишке ашырыш үчүн мурунку Жаза Кодекстерин алууга кириштик.

Турсунбек Акун, укук коргоочу:
- "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деп элибиз бекеринен айткан эмес. Журналисттерде да кемчиликтер бар. Бирок, чындыкты чыркыратып жазган журналисттерге буга чейин ар түрдүү кысымдар болуп келген. Азыр деле айрым учурларда кысмакка алуу кездешип жүрөт. Азыр журналисттердин эркиндигин көрө албаган депутаттар бар. Жаза берүү мыйзамынан четтетилиши жакшы, бирок жогоруда айтылган сөз эркиндигин көрө албастар бул мыйзамга бүгүн болбосо, эртең каршы болуп чыгышы мүмкүн. Ал жөнүндө парламент тарабынан жакшы каралды. Журналисттер айткан сөзү, жазган макалалары үчүн эч кандай жазага тартылбаш керек. Мен муну колдойм. Убагында бизге "УКМКдан, бийликтен кысым болууда" деп "Эл сөзү" гезити жардам сурап келген. Биз колубуздан келишинче жардам бергенбиз. Азыр болсо Барктабасовду жактап жазгандарга кысым болгонун угуп жүрөм. Ошон үчүн журналисттердин укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчынын алдында кеңеш түзүп, ишке киргизгени жатабыз.
- Өткөндө аялдар колониясына кирип, алардын ал- ахыбалы менен таанышып чыктыңыз. Ушул жагынан маалымат бере кетсеңиз?
- Ал жердеги аялдардын 70-80%ы күнөөсүз соттолуп кеткендер. Үч миң сомдун айынан 3-4 жыл отургандар да бар. Июнь окуясы боюнча жыйырма жылга кесилген аял отурат. Кээ биринин 5-6 дан баласы бар экен. Алардын балдарын ким тарбиялайт? Күйөөлөрү болсо башка аял алып алган. Убагында соттор акча талап кылып, бербегендерин соттоп жиберишиптир. Бул туура эмес. Адамдын тагдыры менен ойнобош керек да!
- Эркектерге салыштырмалуу аялдарга мыйзам тарабынан жеңилдиктер барбы?
- Аялзатына гумандуу мыйзам жок. Ушул жагын эске алышса жакшы болот эле. Аялдар назик жан болоорун, алар бала төрөп, анын оорчулуктарын көтөрө турган эне деген ыйык атка ээ экендигин эске алышыбыз керек. "Бейиш эненин таманынын астында" деп бекеринен айтылган эмес.
- Темир тордо отурган аялдарга түрмө кайтаруучу же башка органдар тарабынан сексуалдык зордуктоо фактылары жокпу? Себеби, темир тордун артында адамдын оюна келбеген иштер болот эмеспи.
- Андай көрүнүш жок. Ал эми түрмөдөн төрөгөн аялдар жаш балдары менен бар. Алар үч-төрт күнгө күйөөсү менен жолугуп турушат.

Космос Чыдынов, журналист:
- Журналисттер арасында тенденция пайда болду. Арабыздагы айрым журналисттер билип-билбей, тактап-тактабай маалыматтарды таркатып койгон учурлар кездешүүдө. Тактап айтканда, ушактын деңгээлине түшүп алышты. Журналисттик этиканы сактабастан демократия, сөз эркиндиги деп көрүнгөн маалыматты ушак кылып чыгарып жатышат. Албетте, бийлик тараптан да ар кандай кысымдар болуп келген жана боло берээрине деле көзүбүз жетип турат.

Марат Токоев, журналисттер коомунун төрагасы:
- Кыргызда "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген жакшы кеп бар. Журналисттерди камап же башка мыйзам тарабынан жаза колдонулушу - бул туура эмес. Буга чейин бийлик тарабынан камакка алуу, токмоктоо, ал тургай өлтүрүп кеткен фактылар болгон. Азыр эми Кудайга шүгүр. Журналисттер кыйла эле эркин болуп калышты. Учурда эл өкүлдөрү тарабынан каралган мыйзам жакшы чечилди. Журналисттерди эми жазага тарта алышпайт. Бир гана жеке адамдын аброюна шек келтирген маалыматтар үчүн, ошол адам менен гана чечилээри такталды. Демек, журналист менен ал адам соттошуп же сүйлөшүү жолу менен ортолорундагы карама-каршылыкты чечишет. Ортого бийлик дагы, күч органдары дагы кийлигише албайт.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
- Чын-чынында бул маселе эки тараптуу нерсе. Көпчүлүк журналисттер саясий чиновниктердин кол алдында иштегендиги жалган эмес. Алар ошолорду мактап, актап жазып жүрүшөт. Дагы бир тобу жалаң туура эмес жаңылыктарды жазып, жакшы нерселерди жазбайт. Бирок, чындыкты чыркыратып, турмуштагы болгон окуяларды иликтеп жазып жүргөн журналисттер да аз эмес. Мындай журналисттер ичип-жеген чоңдордун жүрөгүнүн суусун алат. Чындыкты жазган учурда журналисттерди соттоп, аларды камоого алып, айып салуу туура эмес. Негизи эле журналисттерге Кылмыш-Жаза Кодексин киргизүү- бул туура эмес көрүнүш. Сөз эркиндигинин натыйжасында, коомго бийлик бутактарындагы чиновниктердин оюн, күнүмдүк окуясын чагылдырып, жеткиришет. Ошондуктан журналисттерди сабоого, өлтүрүүгө, камоого, ал тургай айып салууга жол берилбейт. Бул дүйнөлүк көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдүн практикасында колдонулат. Эмне үчүн ошол эле Ө.Текебаев, СДПК партиясы, өздөрүн укмуш сезген "Ата-Журт" партиясы журналисттердин эркиндиги жөнүндө чындап ооз ачышпайт? Алар соттолуп, камалып, сабалып да көрүштү. Эмне үчүн журналисттердин "ооздугун" коё берүүдөн коркушат. Анткени, алардын мурунку бийликтеги кызмат ордулары таза эмес болгон. Алар ошондон коркушат. "Журналисттерге убал жок, аларды талкалай бериш керек" деген аңкоо ой менен жүргөндөр аз эмес.

Камчы Сарыбаев, актёр:
- Бул жерде эки тарапта тең күнөө бар. Журналисттердин бардыгы чындыкты жазып, журналистикалык этиканы колдонот дегенге мен таптакыр кошулбайм. Албетте, арасында обүективдүү, мыкты журналисттер аз эмес. Ал эми бийликтин табияты башынан бери чындыкты айтып чыккандарга каршы келет. Алар ар дайым жасаган иштерин кыл менен бууп, жашырып коюуга аракеттенишет. Коомдун көзү, ал тургай куралы - бул журналисттер. Ошондуктан, акча үчүн кайсыл бир күркүлдүн кол баласы болуп иштебей, журналисттердин баары чындыкты чыркыратып жазганда гана алардын аброю жогору болмок. Ошентсе да аларды бийлик тараптан камап, жазалоого жол берилбеши керек.

Элдияр ЭЛЧИБЕК