Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эл үнү

"Ысык-Көлгө "ата-журтчу"губернатордун кереги жок!"
Санаса сайдын ташындай санак жеткис саясатчылар бийликтин бутактарын бутап алуу менен чектелбей ири компанияларды да устукандап алышты. Эми кезек 7-апрелден кийин эл өзү шайлап алган аким, айыл башчыларына жетти көрүнөт. Ысык-Көл областына караштуу Тоң районунун эли аталган регионго "ата-журтчу" чиновниктин губернатор болуп келишине караманча каршы экендиктерин, анын өз кишилерин жергиликтүү бийликтерге дайындап жатышына нааразычылыгын баса белгилешти…


Бектурганова Роза:
- Бизге "Ата-Журттун" кереги жок. Аларды ким шайлады? Тоң районунун эли "СДПК", "Ата-Мекен" партияларын жапырт шайлаганбыз. Эми мына, "Ата-Журттун" бир баласы Ысык-Көлгө губернатор болуп келди. Ал биздин жаш акимибизди алып салуу ишин көздөп жүрөт. Биз аны кызматынан кетирбейбиз. Губернатор өзү кетсин!

Эсенгулиев Имангазы:
- Бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Бийликтегилер элдин убалын ойлошсун. Кимдин-ким экенин эл бүгүн жакшы билет. Элдин каргышынан коркушсун!

Эмил Качаганов:
- Биз нааразычылык акцияларды уюштурганга даярбыз. Акимди ордунан алам деп жылаандын куйругун басып алышпасын. Анан жанагыл Ө.Бабанов 7% менен кредит берем деди эле, 9% менен берет экен деп уктук. Анын үстүнө мөөнөтү 11 айга эле берилиптир. Он бир айда биздин түшүм бышып, казылып бүтсө да, сатыла элек болот.

Камчыбек Асанов:
- Элге бийлик тараптан кандай сокку келсе, эл тараптан да ошондой жооп болот!

Мухтарбек Канатов:
- Парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" партиялары шайланып калганына баарыбыз айраң таңбыз. Аларды ким шайлады? Бакиевден араң кутулуп, эми жалаң жаңыларды алып келели десек, кайра эле Бакиевдин куйруктарын шайлап алдык. Мына эми алар өз натыйжасын берип, биздин жапжакшынакай иштеген акимибизди ордунан түшүрүп салганы турат.

Сыртпай Жунушов:
- Биздин Ысык-Көлгө чарбачыл, билими күчтүү жетекчилер керек. Ал эми жаңы шайланган губернаторубуз жапжаш экен. Жетекчилик, саясий тажрыйбасы деле көрүнбөйт. Акимибиз кеткиче, ал өзү сыйы менен кетип калганы жакшы.

Бакыт Кубанычбеков:
- Алдыдагы президенттик шайлоодо административдик киришүүлөр болоору бышык. Андыктан район жеткечилигине, айыл башчыларына өз кишилерин шайлап алуу ар бир партиянын көздөгөн максаты.

Үсөнбаева Гүлүпа:
- Биздин Тоң районубуздун акимин жогору жактагылар түшүрөбүз деп жатышыптыр. Биз аны эч качан түшүрбөйбүз. Иштегенине аз убакыт болуптур, ошентсе да бир топ жакшы иштерди аткарып жатат. Иштеген иши аябай ийгиликтүү, эл тараптан жогору бааланды. Эл үчүн жакшы иштеп жаткан баланы биз кантип карап туруп жумушунан түшүргөнгө жол беребиз. Бүтүндөй Тоң району Бакыт Рыспаевди колдойт!

Бектурганов Алмаз:
- Канкор Бакиевдин убагында биздин районду жеп-ичээр акимдер, айыл өкмөттөр башкарып келген. Алардын баарын эл таразалап жүрчү. Ошол кезде элдин таламын талашып, ал тургай бийлик тараптан куугунтукка алынып, чет өлкөгө аз жерден кетип кала жаздаган Бакыт Рыспаев деген жаш балабыз бар. 7-апрелден кийин аны Тоң районунун эли бир добуштан шайлап алганбыз. Ал келгени бир топ жумуш аткарылып бүттү. Эгерде аны жумушунан түшүрсө, губернатор өзү жумушунан кетип калышы мүмкүн. Анткени, эл деген селден жаман экенин тарых бир эмес эки жолу тастыктап өтпөдүбү.

Назира Алсейитова:
- "Суудан өткүчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин эмнемди берейин" деп салышты. Шайлоодо эл колдогон партиялар аз добуш алып, Бакиевчил куйруктар кайрадан бийлик төрүнө келип калышы - бул трагедия! "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Республика" партиялары Бакиевчил бай адамдардан куралган партиялар. Алар элге эч убакта жакшылык алып келбейт. Биздин жапжакшынакай жетекчибиз Бакыт Рыспаевди ордунан түшүрүү боюнча катуу киришиптир. Угушубузга караганда, жаңы шайлангандан баштап, коркутуп - үркүтүүлөр, администрациядагы иш бөлмөсүнүн эшигин талкалап салуу менен анын ордуна кызыккандар көбөйгөнү тууралуу угуп жүрөбүз. Бул баланы эл шайлаган. Кетиреби-коёбу, эл өзү билет!

Асан Ишенбаев:
- Биздин аким кичине чагынан бери камкор, чыйрак болуп өстү. Кийин Америкадагы Кембридж университетине өз күчү менен өтүп, окуп жүрөт. Андан тышкары Улуттук университетти бүтүргөн. Адамдык сапаты бийик, жүрөгүндө ыйманы бар жигит. Жаш болсо да иштебеген иши калган жок. Коомдук иштерге активдүү катышып, Бакиевдин кезинде райондун жетекчилерине, ал тургай област башчыларына каршы чыгып, аз жерден чет өлкөгө куугунтукталып кете жаздаган. Саясатка көптөн бери аралашып, бул тармакта жетилип калды. Аким болгондон бери райондун бир топ көйгөйлөрү чечилип, элдин алкышына татып жүрөт. Эгерде облус губернатору аны жумушунан кетирсе, биз губернатордун өзүн кетиребиз!

Рысгул Жамангулова:
- Азыркы жаңы келген губернатор мурда мындай кызматтарга барып көрбөгөн, тажрыйбасыз жаш бала экен. Угушубузга караганда Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдо жетекчи болуп иштептир. Ысык-Көлгө чарбачыл адам керек. Буга чейин далай жетекчилер иштеп кетишкен. Жыргаткан эч ким болгон эмес. Эми мына эл өзү шайлап алган акимдин жанын койбой, аны ордунан алып салганы турат. Бирок, биз аны акимчиликтен кетирбейбиз!

Мира Ашыркүлова:
- "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Республика" партияларынын бети деле жок экен. 89 баланын убалына калып, июнь окуясында көптөгөн кыргыз-өзбек туугандардын кырылып кетишине жол берип, элди ушул абалга жеткирип коюшса да, кайра эле бийлик-байлыкка көз артып жүрүшөт. Баарын өздөрү ээлеп калгылары бар, түгөткүрдүкү!..

Атай Дүйшөналиев:
- Аксакал катары, мен чындыкты көзгө сайып айтсам болот. Азыркы жеп -ичкич өкмөт өлкөнү узак жолго алып барбайт. Өлкө башына качан чыныгы жетекчи келет, мына ошондо биз өнүгөбүз!





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??