Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

 "Беспредел"

"Бийликте дипломдуу ОПГлар отурат"
Учурда бийлик криминал дүйнөсүнө согуш жарыялады. Бирок, кылмышкерлерге согуш жарыяланганы менен жөнөкөй адамдарга чоң коркунуч туулду. Анткени, укук коргоо кызматкерлери кылмышкерлер менен күрөшүп жаткан таризде, көңүл ачуучу жана эс алуучу жайларда эс алып жаткан спортсмендерди жана акчалууларды кармап, пара алып жаткандары боюнча нааразычылыктар күч алды. 2011-жылдын 20-февралында биздин редакцияга Жайыл районунун тургундары кайрылышты. Алар укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразы болушуп, Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн алдында митинг өткөрүштү. Алардын айтуусуна караганда, Жайыл районунун кулуну, Бишкек шаарынын тургуну жеке ишкер Нурлан Жумагуловду Асанбай кичи районундагы Ормон-Хан бильярд клубунда бильярд ойноп жаткан жеринен Чүй облустук кылмыш иликтөө тобунун опер кызматкерлери сыртка сүйрөп чыгарып, чөнтөгүнө героин салып, кармап кетишкен. Окуя болгон жер Октябрь районуна караштуу болгондуктан, Октябрь РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына алып барып камашкан.


Мырзабек ЖУМАГУЛОВ:
"…митингдерде милицияларды эл токмоктоп жатат"
- Айланайын кызым, деги биздин Кыргызстанда качан акыйкаттык болот? Учурда камакта жаткан бала менин бир тууган иним. Бул деген милициянын "беспредели". Инимдин чөнтөгүнө наркотик салып кармап кетишкен. Өзү наркотика эмес тамеки чекпейт. Милициянын бул кылганы эптеп эле акча өндүрүү. Булардын мындай чектен чыккан иштерине карапайым калк тоюп бүттү. Ошол себептүү митингдерде милицияларды эл токмоктоп жатат. Булар өз авторитеттеринен кетти. Мыйзам талкаланды. Улам бир бийлик келип, акча жасоонун аракетин көрүүдө. Иним өз алдынча фермерлик менен алектенип, айыл элине жардам берип, айылдын баарын багып жатат. Ошол үчүн камаш керекпи? Буга окшогон балдарды четинен жогото берсек, анда Кыргызстанда ким калат? Иним чөнтөгүнө наркотик салып алып, бильярд ойномок беле. Буга эч ким ишенбейт. Анткени чөнтөккө наркотик салып, акча өндүрүү милициялардын эң негизги акча табуучу булагы болуп саналат. Орган кызматкерлеринин "беспредели" жана алардын элге кылган кылыктарынын жанга баткандыгы да элдик толкундоолордун пайда болушуна алып келүүдө. Инимди камактан чыгарышпай мыйзам бузууларга барышса, биз да чектен чыккан кадамдарды жасоого мажбур болобуз!

Кенжебек ЖУМАШОВ:
"Милициянын кылган иши жанга баткандыктан, эл 7-апрелде аларга күч колдонду"
- Учурда камакта отурган Нурлан Жумагуловду кичинесинен бери билем. Азыркы бийлик Бакиевдин бийлигинен да ашып түштү. Бакиевдин убагында милиция кызматкерлерине эркиндик берилип, каалаганын жасашчу. Керек болсо көчөдө жүргөн балдардын чөнтөгүн аңтарышып, акча алгандары да күч алган. Ошол себептүү 7-апрелдеги революцияда эл милицияга каршы күч колдонду. Учурда Роза Отунбаева да милицияга абдан чоң эркиндик берди, бирок кызматтык милдеттерин так аткарууну эскерткен жок. "Криминал менен күрөшүп жатабыз" -деп эс алып жүргөн акчалуу жеке ишкерлердин чөнтөгүнө наркотик салып кармай берсе болобу? Бул деген мамлекетибизде акыйкаттыктын өлгөнү. Мындай нерсени милициялардын ачка күнү деп койсо болот. Ачка күндө эптеп бир акча өндүрүп алыш керек да. Дыйкан-чарба менен алектенип, айылга жардам кылып жаткан адамды наркоман кылып коюшканы кыжырыбызды келтирүүдө.

Сакен ТЫНЫБЕКОВА:
"Бийлик биринчи милицияны тартипке чакырып, анан кылмышкерлер менен күрөшүүгө үгүттөсүн"
- Мен Нурландын чоң апасы болом. Милициялар тынч жүргөн балдарга тийишпей, андан көрө өздөрүндөгү кылмыштуулукту жойсо жакшы болмок. Азыркы жаңы өкмөт адегенде өздөрүн тартипке салып, анан кылмышкерлер менен күрөшсө болмок. Азыр милицияларга Кудай берди болуп, көчөдөгү балдарды ур-тепкиге алып акча өндүрүп жатышат. Бийлик биринчи милицияны тартипке чакырып, анан кылмышкерлер менен күрөшүүгө үгүттөсүн. Бильярд ойноп жаткан баланын чөнтөгүнө наркотик салып камап койгону бизге түшүнүксүз болуп жатат. Эмне деп айтаарыбызды да билбей калдык. Бизге коогалаңдын эмне кереги бар эле. Өлкөбүздө тынчтык орнойбу деген сайын, кайрадан эле ызы-чуу башталууда. Азыркы бийлик келгени ызы-чуу менен келип, ызы-чуу менен эле алектенип жатат.

Алмаз ЭГЕМБЕРДИЕВ:
"Менин оюмча, бул милициялардын акча өндүрүү методу болду"
- Мен Нурлан Жумагуловдун досу болом. 1-февраль күнү кадимкидей эле эс алалы деп, Асанбай кичи-районунда Ормон-Хан бильярд клубуна барганбыз. Ойноп жатсак, жаныбыздагы балдарды оперлер кармап кетишти. Биз таңгалып калдык. Бир маалда бир бала келип, Нурланды эшикке чакырып кетти. Таанышы го деп, биз деле эч кандай оюбуз жок ойноп жатканбыз. Анан эле бильярд клубунун күзөттө турган балдары келип, Нурланды милициялар кармап, машинеге салып кеткенин айтышты. Анан эле чөнтөгүнөн наркотик чыкты дешти. Эгер Нурлан чөнтөгүнө наркотик салып алган болсо, жаныбызда бильярд ойноп жаткан балдарды кармап кеткенде качып кетмек да. Бул деген таптакыр чындыкка коошпой жатпайбы. Менин оюмча бул милициялардын акча өндүрүү методу болду. Анткени, Нурлан досум жеке ишкер, акчалуу бала. Анан да азыр милицияларга чоң эркиндик берилбедиби. Шылтоолору дапдаяр. Минтип отурса дагы бир төңкөрүш болуп, Отунбаевага Бакиевдин кейпин кийгизишет го. Анткени эң биринчи нааразычылыкты милициялар жаратат эмеспи. Мен билгенден Нурлан асыл тукум жылкыларды өстүрүү менен алектенип жүрөт.

Гүлниза ЖАМАНГУЛОВА:
"Кыргызстаныбыз оңолуп, жакшы болуп кетээрине ишенбей деле калдым"
- Мен эң биринчи Кыргызстаныбыз оңолуп, жакшы болуп кетээрине ишенбей деле калдым. Азыр өкмөттөн "ОПГлардын баарын кармагыла" деген буйруктар берилип жатат. Менин оюмча ошол эле бийликте дипломдуу ОПГлар отурат. Камакка алынган Нурлан Жумагуловдун айылдашы болом. Анын чөнтөгүндө героин бар экенине мен таптакыр ишенбейм. Нурлан жеке ишкер, бир эмес үч айылдын батасын алган бала. Ушундай балдарды кыса берсе болбойт да. Мына, Кыргызстан башаламандыктардан жаңыдан арылып жатса, кайра эле бияктан башталып жатат. Жаз келатат. Жер айдоо башталат. Эгер башаламандыктар токтобой, нааразычылыктар күчөй берсе, бардык иштин баары калат. Бийлик өздөрүнө өздөрү оор жаздай жаратып алууда. Эмне үчүн өздөрүндөгү кылмыштуулукту жоюудан башташпайт? Миллиондор кайда кетип жатат? Темир Сариев айткан миллиондордун эсебин чыгарып беришпейби.

Баңгизатты чөнтөккө салып кармоо адатка айланган
Ооба. Буга чейин бейкүнөө адамдардын, айрыкча жаш балдардын чөнтөгүнө баңгизаттарын сала коюп, колго түшүрүү милициялардын эң негизги идеясы болуп келген. Бирок, учурда ошол ырайымсыз идея дагы да ишке ашып, өзүнүн миссиясын аткарып жаткан болсо, анда абдан өкүнүчтүү жана Кыргызстанда эч качан акыйкаттык орнобой тургандыгынын бир белгиси. Учурда бийлик кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялады. Бирок, качан гана милиция кызматкерлери өздөрү милдеттерин профессионалдуу түрдө так аткармайын, эч качан кылмыш дүйнөсүнүн тамыры кыркылбасын билип коюу абзел. Чөнтөккө же машинага, сумкага баңгизаттарын салып кармоо менен милициялар өздөрүнө элдин ишенимин жарата албайт! Бул практикадан жабыр тартып, темир тор артында бейкүнөө отурган адамдар жүздөп саналат!

Начальник прессадан качты
Биз Октябрь РИИБнүн начальниги Алымжан Козубаевге жолугуп, жогорудагы башаламандык боюнча пикирин билдирүүнү сураганыбызда "Он мүнөттөн кийин кабыл алам" деген жообун билдирген. Килейген эле жетекчинин сөзүнө ишенип, күткөнүбүз текке кетти. Көрсө РИИБнүн жетекчиси желпилдеп качып кетиптир. Алдындагы кызматкерлеринен сураштырып эле таппай калдык. Анын профессионалдык ишиндеги прессага жасаган мамилеси - Октябрь РИИБдө акыйкаттын жоктугунан кабар берди. Демек, жакында кылмышкерлердин колунан атылып, көз жумган Октябр РИИБнүн үч кызматкери, жетекчинин шалаакылыгынын кесепетинен болгондугун далилдейт. ИИМге келген кайсы гана министр болбосун кызматкерлерин массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иш алып барууга чакырат. Демек бул чакырык сөз жүзүндө гана айтылганы менен практика жүзүндө ишке ашпайт деп жыйынтык чыгарса болот.
Назгүл МАМЫТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«