Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Тараза ташында

Асангазы Дунганов:
"Мага тапанча берсеңер, Бакиевди чекеге атат элем!"
Зомбулугу күч алган бийлик коомго оор түйшүк артат да акыр аягы нааразы калктын чыңалышын жаратып, өлкөдөн куулуп чыгышы, мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин дүйнө тарыхында ал тургай өз өлкөбүздүн акыркы беш жылдагы окуялары, анын ичинен 7-апрель эң жакшы тастыктады. Бизде башкы командачылар чет өлкөгө качып, айрымдары өз өлкөбүздө "малина" жашоосун улантышып, алардын ордуна мамлекеттик күзөт кызматынын штаб жетекчиси полковник Данияр Дунгановдун соттолушу менен аяктап барып чекит коюлуп калаары өкүнүчтүү болууда . Ысык-Көлгө болгон атайын иш сапарыбызда, Тоң районуна да кайрылып, Даниярдын атасы Асангазы карыя менен жолугуп, ушул туурасында пикир бөлүштүк…

- Асангазы ата, сиздин уулуңузду Бакиев аркылуу кызматка отуруп, абдан байыган дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?
- 7-апрелге түздөн-түз Бакиевдер күнөөлүү болсо да, алар үчүн менин уулум Даниярдын жоопко тартылып жатышы абдан өкүнүчтүү болууда. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, айрым бийликчил гезиттер балам жөнүндө жазган чындыкка коошпогон маалыматтарын окуп, күйбөгөн жерим күл болду. "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, эгер балам сол чөнтөккө акча сологонду билсе, анда 1999- жылы Акаевдин убагынан бери эчак байып жатып калбайт белек. Ишенбесеңер жашаган үйүбүздү, материалдык мүмкүнчүлүгүбүздү текшерип, тескөөгө алгыла! Уулум мындай кызматка акчанын күчү менен эмес, өзүнүн иш билги кесип көйлүгү менен жеткен. Мына өзүң көрүп тургандай, биздин материалдык мүмкүнчүлүгүбүздүн тартыштыгын айт. Эгерде ал сол чөнтөккө сологонду билгенинде жыртык-тешигибизди бүтөп албайт белек. Же болбосо Данияр көптөгөн чиновниктерче чет өлкөгө качып кетпейт беле. Ал жөн гана өзүнүн кызматын аткарып, уставдын тартибин сактап жүргөн. Эми азыр жаңы бийликтен "акыйкаттуулукту, гумандуулукту" күтөбүз!
- Балаңыздын соттолуп жатышына кимдерди күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Албетте, биринчиден "жырткыч", "айбан" К.Бакиев күнөөлүү. Эгерде мага тапанча берсеңер, мен аны чекеге атат элем. Кыргызды терең кайгыга салып, 86 баланы канга бөлөп, анысы аз келгенсип, менин уулум өңдүү бир өңчөй жаш балдар бейкүнөө соттолуп жатат. Ортодон карапайым эл эле куурап, чиновниктер тайраңдап жүрүшөт. Экинчиден Бакиевдерди колдон чыгарып, алардын ордуна жөнөкөй жоокерлерди соттоп жаткан өкмөт күнөөлүү. Мурдунан алысты көрө албагандар бийлик төрүндө кантип отурат. Бул окуяда кимдер күнөөлүү, кимдер күнөөсүз экенин аныктай албай жаткан бийлик жөнөкөй арифметиканы чыгаралбаганга барабар!..




Айылчы Сарыбаев,
экономика илимдеринин доктору:
"Бизде кредитти
алып, бирок бербей койгон учурлар көп"
- Айылчы мырза, жеңилдетилген кредиттин мөөнөтүнүн кыскалыгына жана аба-ырайы суук региондор менен күнөстүү региондорго бирдей шартта каралганына элдин көбү нааразы экенине күбө болдук. Буга кандай көз караштасыз?
- Туура. Региондук шарттарды да карашы керек эле. Бирок, бул биринчи жолу гана берилип жаткан арзан пайыздык кредит. Орусча айтканда, "проба". Кудай буюрса, мындан ары бул механизмдер өркүндөтүлөт. Чарбалардын ал-ахыбалына, региондук баланска, аба-ырайына карата механизм иштеп чыга бермекчи. Бул туура иш. Айыл-чарба министри, акча бөлүп аткан топ убакытты созгонго мүмкүнчүлүктөрү жетпей жатса керек. "Москва бир күндө курулган эмес" деп накыл кеп кылып жүрүшпөйбү. Бул деле ошол сыяктуу. Дароо эле баштоого мүмкүн эмес да. Азыркы чөнтөгү жыртык бюджетке карабай мындай кредитти бөлүп берүүнүн өзү чоң эрдик! Бул мамлекеттин колунан келген жардам. Анын үстүнө кредиттерди бөлүп берүү үчүн бюджетибиз али бекий элек. Парламенттеги бюджет бекигенден кийин гана ушул акчаны таратып берүүгө болот.
- "Өкмөттөн берилүүчү кредиттерди алуу кыйын, андан көрө башка банктардан бир-эки кагаз менен оңой алабыз" дегендер да жок эмес. Ушул кредитти алууда иш кагаздардын санын азайтып койсо болобу?
- Ал бир-эки кагаз менен ала турган кредит, 38-40 пайыз менен берилүүчү кредит болуп саналат. Ал эми мамлекеттики 9 пайыз болуп жатпайбы. 2011-жылдын бюджетинен, салыктардын эсебинен берилүүчү кредит. Бизде кредитти алып коюп, бербей койгон учурлар көп. Берген акчаны кыргыздардан кайра алыш өтө кыйын. Ошондуктан өкмөт тараптан берилүүчү кредиттин иш кагаздарынын көптүгүнө эл өзү күнөөлүү.
- Убагында Ө.Бабанов 7% менен кредит берем деп күпүлдөп жүргөндө, сизге бул тууралуу кайрылганбыз. Сиз 7% кредит берүүгө мүмкүн экенин, өзүңүздүн эсебиңиз бар экендигин айттыңыз эле. Азыркы берилүүчү кредит 7% эмес, 9% менен берилгени турат. Мунун себебин Ө.Бабанов деле түшүндүргөн жок окшойт…
- 9 пайыз деле көп эмес. 38-40 пайыз менен кредит алып жүргөндөр бар. Ал эми 9 пайыздын эки пайызы банктардын кызматына төлөнөт. Демек өкмөттөн чыккан акча 7 пайыз менен каралган. Жеке менчик деген- ар ким өз кызыкчылыгын көздөйт. Ал эч качан бирөөгө колко кылбаш керек. Алган түшүмүн ал өзүнө жумшайт. Эч качан башка бирөөгө жумшабайт. Ырас, мамлекет мүмкүнчүлүк таап берди. Эми ошону туура пайдаланып, туура иштетип калыш керек. Быйылкы кредиттен дыйкандар байкап көрүп, айыл- чарба министрлигине алымча-кошумча сунуштарын айтса болот.
- Мамлекеттин өнүгүшүнө айыл-чарбанын орду канчалык?
- Айыл- чарба бул - мамлекеттин эң негизги багыты болуш керек деп башынан эле айтып келем. Кредит деген көйгөйдү чечпейт. Айыл -чарбасында уюштуруу иштери жүрүп, реформа болуш керек. Азыркы 340 миң Айыл чарба эч нерсеге жарабайт. Мындай чарбалар мамлекетке пайдасынан зыянын көп алып келет.
- Кредит алып иштете турган дыйкандарга экономикалык эксперт катары берээр кеңешиңиз?
- Алган кредитти ар ким өз багытына, жеринин шартына карап туруп туура жумшоолору зарыл. Убагынан кечиктирбей кайтарып берип, натыйжалуу иштегендери оң. Анткени, өздөрүнө да, мамлекетке да пайда алып келишсе, кийинки жылы мындан да көп суммада, жеңилдетилген шарттары менен кредит каралат. "Эл эмгегин жер жебейт" деген жакшы кеп бар эмеспи...


Бетти даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«