Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Мен - кыргызмын!

Коогалаңдын тамыры тереңде
Кыргыз-өзбек коогалаңынын чыгыш себептери 90-жылдардан бери эмес, андан аркы мезгилге барып такалат. Ошол туурасында учкай кеп. Бул туурасында көпчүлүк биле бербесе керек.
Орто Азиядан Сибирге чейинки чоң аймакта бир убактарда түрк, уйгур, өзбек, сарт, тажик, лөлү (мусулман цыгандар), мусулман еврейлер (Самаркан,Бухаралык), кара калпак, Шибер калмактары, тувиндер, алтайлыктар, якут, хакастар жашап, алар 552-жылдан 744-жылга чейин Түрк кагандыгына, ал кийин Батыш жана Чыгыш кагандыгына ажыраганда ошол дөөлөттөрдүн тутумунда болгон. Андан кийин Эне-Сайдын Миң-Суу өрөөнүндө 6-кылымда Кыргыз каганаты пайда болуп,13-кылымдын башында Чыңгыз хандын тун уулу Жучунун 1218-жылдагы жортуулунан кийин бул каганат да биротоло жоюлган, бирок кыргыз жок болгон эмес.
Андан берки заман кыргыздардын жылдызын кайра жандырган жок. Эне-Сайдагы кыргыздар менен Теңир-Тоодогу кыргыздар эки бөлүнүп калды. Октябрь революциясы биздин тагдырды өзгөрттү. Борбор Азияда биринчи Түркстан мамлекети 1918-жылы түзүлүп, 1924-жылы ал Өзбек ССРи,Түркмөн ССРи, Тажик АССРи Өзбекстандын курамында, Кара-Кыргыз АО РСФСРдин курамында, Кара-Калпак АО Казак АССРинини курамында түзүлгөн. Биринчи Түркстан мамлекетинин жетекчилеринин арасында казак Турар Рыскулов, кыргыз Мыкан Жанызаков бар болчу.
Өзбек Республикасы түзүлөр алдында анын составына Хива, Бухара хандыктары күч менен кошулуп, кийин Кара-Калпак Казакстандан чыгарылып, Өзбекстанга берилип, республиканын атын эмне деп атайбыз дегенде да, каттоо жүрүп жаткандыктан, өзбек туугандар кекселик кылып, башка этностордун бардыгын өзбек деп жазып жиберип, калктын санынын 51 % дан ашууну өзбек болуп чыга келген. Ошентип кара калпак, түрк, уйгур, тажик, казактар сыяктуу эле кыргыздар да өзбек болуп калышкан. Бул саясатты алар ушул күнгө чейин кылдаттык менен улантып келатышат.
Өзбек туугандар кийин пахта өндүрүүнү 6 млн тоннага жеткиребиз деп Москванын ичи-койнуна кирип жүрүп жер аянты, суу керек деп казактардын Жизак, кыргыздардын Ош аймагынан көп жерлер өзбектерге өтүп кеткен. Өзбектердин улутчулдугу, кошуна элдердин байлыктарына көз артуу ошол мезгилден бери ички, сырткы саясатында ийгиликсиз улантылып жатат десем болот. Маселен, 1989-жылы Ферганада түрк-месхеттер менен болгон кагылышта эки тараптан аябай кыргын болуп, натыйжада түрк-месхеттер жер которуп кетүүгө мажбур болушкан. Андан мурда 1969-жылдарда Анжиянда кыргыз-кыпчактар менен тирешүү күч менен токтотулуп, лидерлери кармалып, араң басылган. Мындан да мурда 1963-жылы Жалал-Абадда кыргыз-өзбек тополоңу чыкканын ал убактагы СССРдин кызыл камчы бийлиги жарыя кылбай, сыртка чыгарбай тынчыткан.
Кыргызстандын түштүгүндө бир эмес үч жолу кыргыз-өзбек чатагынын чыгышында жалаң эле өзбек эмес, уйгур улутундагылардын да анча-мынча тиешеси бар экендиги билинип жатат. Анткени Өзбекстанда болсун, же Кыргызстандагы өзбектердин арасында болсун-башка улуттар эч качан өз улутуна бөлүнүп баш көтөрүп чыкпайт. Бирок канча жүздөгөн жылдар чогуу жашаган эл өзбектердин арасында кимиси өзбек, кимиси уйгур, кимиси кыпчак же башка улут экенин жакшы билип калдык. Ал турмак өзүбүздүн кыргыздын эле ичинен кайсы уруудагы кыргыз экенин айтпай эле миндеген жылдардан бери аталып-бөлүнүп келатканын билебиз да. Ушул өңүттөн алып караганда түштүктөгү июндагы окуяларда өзбек болуп алышкан түпкү теги уйгурлар бул жолу чечүүчү ролду ойноп кеткендей болду. Расмий эмес маалыматтар боюнча түштүктө уйгурлардын саны 250-300 миңге чамалап жетип калды. Мисалы, мен өзүм өмүр бою жашап келаткан Өзгөн районунда болжол менен 17-18 миң уйгур, 20 миң чамалаш өзбек, 13-15 миңдей түрк, тажик, лөлү(мусулман цыгандар), еврей мусулмандары жашашат. Өзбектердин саны да болжол менен 300-350 миң.
Июндагы коогалаңдан кийин ага катышпаган Өзгөн районундагы өзбектер менен канча ирет тамырын тартып сүйлөшпөдүк. Ошондо алар өздөрү ушул сырларын айтып жатышпайбы. "Кыргыз менен өзбек эч качан кагылышмак эмес, бизди өзбек болуп жамынып алган уйгурлар кагылыштырды" дешет. Алардын илимдүү-билимдүү эле адамдары мисалы Жалалитдинов, Салахутдинов, Абдусаламов, Батыров дегендердин тегин тереңирээк сураштырып-иликтесе, алар уйгур болуп чыгат дешет. Алардын өздөрүнүн айтымында, КамАЗды ок өтпөй турган кылып алдын ала даярдап, үйлөргө атайын темир тосмолорду ширетип, адамдарды барымтага алып, ок-дары, наркотиктер табылган Кашкар-Кыштактын элинин 80-90 пайызы уйгурлар имиш. Ошондуктан биздин атайын кызматтар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тартип сакчылары өзбек гана улутунан шек санай бербей, алардын атына жамынып иш жасап жаткан теги башка улуттардын ичине сүңгүп кирүүчү, алардын ичинде иштөөчү контрчалгынчыларды пайдаланса деген сунушумду айтмакмын.
Маразык ДОРЖУЕВ,
Өзгөн району, юрист




Министр өзүн кимге теңейт?..
Бизде шору арылбаган "креслолор" көп. Алардын бири - Маданият министрлиги… Бир кезде бакыйган министрликти агенттик кыла коюп, бир "чуру-чуу" түшүп алганбыз. Байкуш министрликтин баркы кетип деле бүттү. Ага кимдер гана келбеди. Томсоргон кресло дале өзүнүн анык ээсин таппай жүрөт. Азыр министрликтин тизгини айыл чарба адисинин колуна өткөн. Бирок, Шакиев мырза өзүнө абдан "жогору баа" бергени байкалат. "Айрым кесиптештер мени билбей туруп эле жазып жатат" дейт Нурлан мырза кайсы бир интервьюсунда. Баракелде-е! Сөз болбосоң коё кал. Шакиев мырзанын биле тургандай эмнеси бар эле? Ооба, ал элдин салык акырынан жем жеген мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитинде иштегенин, Бакиевдин обонун оболотуп, анын пресс-кызматында оголе чоң кызмат өтөгөнүн жакшы билебиз. Мындай "хамелеон" адамдар маданияттын, руханий табылгалардын баалуулугун тереңден түшүнүп, аны көтөрө алат" деп айтыш кыйын. Ансыз да маданияттын очогу болгон театрларыбыз ат сарайдын кейпин кийип, аянычтуу абалда турса, министрибиз өзүнчө актанып, кербезденип олтурганына жол болсун. "Менин кабыл алуума күндө жыйырма киши келсе, анын он жетиси наам-сыйлык сурап кайрылат" дейт министр мырза. Албетте, 30-40 жылдык эмгектери көз жаздымда калса, эки ыр ырдаган ырчы эле Эмгек сиңирген артистин алып жатса, анан күйгөндөн деле маданият ишмерлери министрдин кабинетин каккылап жаткандыр. Күндө жыйырма киши келип, наам сурабаш үчүн оболу, өң тааныштыкты унутуп, калыс мамилени орнотуу керектигин министр мырза түшүнгөнү оң. "Галстугум болбосо да, калыс сөзүм болсун" деп Нурлан мырза өзүн рекламалап, башкалардын көңүлүн өзүнө бургусу келгенин жаап-жашырса да, кашкайып көрүнүп турат. Бирок, "галстук" түшүнүгү эчак эле эскирип бүткөнүн Шакиевге кулак кагыш кылгыбыз келет… Ал "мода" унутулган. Кербезденген кооз сөз менен эмес, өзүңүздү иш менен гана көрсөтө аласыз, Нурлан мырза! Мурда кайда кызмат кылганыңыз жазылган резюме эмес, маданиятты өстүрүү үчүн башкысы, профессионализм керектигин билип коюңуз.





Путинди чокубузга чыгарып…
Таскагы катуу саясаты менен белгилүү болгон Путиндин кызыл тилин кайраган сөз чеберлиги акыркы убакта эч кимди таңкалдырбайт. Анын саясий өбөлгөсү уламдан-улам Орто-Азия чөйрөсүнө, өзгөчө кыргыз мамлекетине өз кызыкчылыгын кеңейтүүдө. Өзүнүн туруктуулугун күчтөнтүү иш-аракеттери мамлекетибиздин саясатында, экономикасында жана жарандык коомунда орун алууда. Бул саясий өбөлгөнүн кезектеги оюну кыргыздардын аң-сезимин, жашоого болгон көз-караш, ишенимдерди жоюуга жана мамлекеттүүлүктүн башатын жок кылууга багытталгандыгы ачык эле көрүнүп турат. Бул максаттарга ар кыл жолдор колдонулууда. Алсак маалымат каражаттары, интернет, билим берүү, иш-чөйрө, инвестиция, экономикалык баскычтар жана мына эми дипломаттык өкүлчүлүктөр аркылуу ачык-айкын башталды. Тарыхтагы окуялар кайра кайталанчудай болуп, илгерки кербендерди, сууну, башка бир экономикалык булактарды бууп, элди алсыратып, өзүнө баш ийдирип алуу саясаты кайрадан жаралчудай болуп, өлкө кыйын абалга кептелгенсийт. Оозу менен орок оруп отурган биздин өкмөт, Путиндинге кошомат кылып, анын атын Улуу кыргыз тоолорунун бир чокусуна атын берүү менен башталды. Акыр аягы дал ушул өкмөт мамлекетти федерацияга кошуп тынаары мүмкүн экени, алардын эси жок жасаган кадамдарынан байкалууда.




Койсун сулуунун суусар тебетейи
Президент Роза Отунбаева шымалана Талас облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолугушту. Коомдук каналдын атайын чыгарылышынан Президенттин иш сапарын көрүп олтуруп, көзүбүз дароо эле адамды өзүнө буруп, жарк-журк эткен Койсун сулуунун суусар тебетейине түштү. Таластын сулуу губернатору Койсун Курманалиева суусар тебейин баса кийип алса тим эле, эл үчүн иштеп жаткан губернатор эмей эле, Президент болуп көрүнүп калат экен. Эмне эле күндөн-күнгө өлкөбүз кризиске малынып, элибиз шоркелдей абалдан чыкпай жатат" десек, кептин баары жалтылдаган суусарларда жаткан турбайбы…
Койсун айымдын көзүн чындап эле май басканбы, айтор ал ажону да теңине албагансып тыкчыйып, жыйын болуп жаткан залда да жылтылдаган суусар тебетейин чечпей олтурду. Дагы ажобузда ыйман бар окшобойбу. Өзүн жасап-түзөбөй эле баштагы жөнөкөйлүгүнөн жазбады. Ал эми кылактаган губернатор айымдын алдында ач балапандай жалдырап, оозун караган байкуш элге гана бооруң ооруйт экен.




Саякбай үчүн өкмөттө каражат жок
2014-жылы Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы болот. Манасчынын 120 жылдык маарекесин өткөрүүнү Көк-Мойнок айыл өкмөтү колуна алып, Республикалык деңгээлде уюштуруу ишин баштады. Ага "Кумтөр" компаниясынан120 миң сом, ПРООНдон 250 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Аталган айылдык округунун башчысы Майрам Кыдыралиеванын айтымында, залкар манасчынын эстелиги ал адамдын деңгээлине туура келбейт экен. Ошону менен бирге "Биз манасчынын эстелиги боюнча Маданият Министрлигине кат жолдогонбуз. Министрлик Республикалык деңгээлде эстелик тургузууга каражат жок экендигин айтып, ал ишти айыл өкмөттөр, райондук жетекчилерге жүктөп берүү менен чектелди" дейт Көк-Мойнок айылдык округунун башчысы. Улуу эпосту аздектеп, азыркы муунга жеткирип келген залкар манасчынын эстелигине каражат табалбай калган биздин өкмөткө баракелде…







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??