Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Ар жагын Азимбек билет"
Апрелдеги бийлик алмашуудан кийин бажынын башчысы болгон Кубан Кулматов Атамбаев менен Бекназаровдун телефон "эрөөлүндө" баш каарман болуп бир дүңк этти эле. Көрсө дүңк эткенге татыктуу эле жигит экен. "Иштей албайт, ишти тартып кеталбайт" дегендер покту жептир. Мына, эң сонун эле иштеп аткан турбайбы. Айлыгынан эле көрүнүп турат ко. "Отунбаеванын айлыгы 50 миң экен, 100 миң экен, кыскартыш керек" деп чачташып жаттыңар эле, айлык-сыйлык деген каякта экенин көрдүңөрбү? Дагы да болсо Отунбаева байкуш ыймандуу экен. Чет өлкөлөргө барганда тайраңдап өзүнчө самолёт менен барам дебей эле, эл түшкөн самолетко отуруп барганын карабайсыңбы. Атамбаев менен Бекназаров "сен алдың-мен алдым" деп 400 миң долларды бөлүшө албай жатканында кеп бар тура. Анан да жаңы бийлик жашообузду оңойт деп коёбуз. Бир айда 2 миң сомдон айлык алчу 100 мугалимдин маянасын бир эле адам сугунуп жатса, өлкө оңолот дегенге ким ишенет. Мындай крокодилдер ар бир министрликте, агенттикте, прокуратура, сот, милицияда иштеп жатпайбы. ОРТнын программаларын КТР туурагансып, Россияны туурап, бир-эки министр же полковниктерди камап, кылмыш ишин ача алабы Кыргызстан? Кылмыш иш ачылса ачылаттыр, андан ар жагы эмне болоорун билсе бир Кудай, анан ...Азимбек билет да. Арабаев атабыз сабаттуулуктун алиппесин жазса, үй түрмөгө коё бериштин алиппесин Азикең жазып койду деп жүрүшөт ко.




БАШТАЛАТ БААРЫ МАЙРАМДАН,
БАЙКАБАЙТ АНЫ МАЙДА АДАМ
Алдыда эркектердин 23-февраль, аялдардын 8-март майрамдары баш багып турат. Ансыз да азык-түлүктүн баасы жума сайын жогорулап жатканда, базардагы алып сатарларыбыз айла жок баага өздөрүнүн чөнтөгүнө, настроениесине жараша "накруткаларын" коет. Себеби баалардын тизгинин жөндөй ала турган Кыргызстанда бийлик органы жок. Муну бөркүңөрдөй эле көрө бергиле. Баалар асмандап учуп алгандан кийин аларды Атамбаевдин ар кошкондон бир кошкон Ак куу, Жаян жана Балык министрлери кантип жерге кондураары арсар. Нооруздун оро-парасында кокус нааразычылыктар чыгып кетсе деп тигил же бул министрди сары улак кылып садага чаап, иштен алып, элди алдоонун бир варианты өкмөттө даяр экенин Ак үйдөгү адамыбыз шыбырап окуп баштаган. "Стройдун" башында бой жагынан узун Учкун Ташбаев, андан кийинки катарда бою бир аз пасыраак Бабырбек Жээнбеков, анан... деди да телефонду шашылыш коюп койду. Сыягы кабинетине бирөө кирип келе калса керек.




"Кыргызгаз" "Кулмырзагазга" айланып баратат дейби
Атамбаевдин дагы бир ашынасы бар Тургунбек Кулмырзаев деген. Бакиев заманында Чүйдүн губернатору болуп турганда КТРга сагыз чайнап жооп берип туруштун өзү эле не деген "поза",таңгөрү десе! Ал эми "Сары Өзөн" деген Чүйдүн телесин бапыратып баса калып, бир жерге кирип-чыкканы эле тартылбай калчы.
Ошол тележылдыз губернатор апрелден кийин "Кыргызгазга" келип отурган. Өзбектерден газды миң кубун 100 доллардан арзан алабыз деп элге эки-үч жолу мактанып жиберди эле, болгону 10 доллар эле арзандатып коюшту. Өзбектерге да "позасы" жакпай калган го, сыягы.
Ал жагы го, ал болду. Бул жагы да ашмалтайы чыгып жатпайбы. Эми КТРдан "Кыргызгаздын" иштен куулган кызматкерлери чыгып калды. Орто звенодон 17 адам, 100дөн ашык текшерүүчүлөрдөн 37си ар кандай шылтоолор менен иштен кетирилиптир. Алардын ордун бүт өзүнүн тууган, жек-жааттары ээлеп жатышат, "Кыргызгаз" эмес, "Кулмырзагаз" болуп калдык дешет. "Кана документиңер" десек, "эмки саныңарга апкелели" дешти. Күтөлү.




Акаевчил, Бакиевчил эмес, кыргызчыл кадр болгулачы
Парламенттик коалициянын башына келген "Ата-Журт" эми бийликтин бардык тармактары менен каражаттарын толук бойдон колго алуу аракетин көрүп жаткандай. Түштүк коогалаңы боюнча Улуттук комиссияны эки күн эзди. Аягында бардык күнөөнү Убактылуу өкмөткө жүктөй салуу аракети ишке ашпай калды. Ашкандабы, анда 6-апрелдеги Таластагы революциянын башында жүргөн кары-жашты, Конгантиевди ургандарды, 7-апрелде "Бакиевге ким ок атканы", "Форумдун" алдында элге ким курал берген деп - буга бир комиссия түзө салмак.
Кечээ жакында болсо ЖКнын комитети Жылдыз Жолдошеванын оозу менен КТРди коомдук телеге айлантуу боюнча Байкоочулар Кеңешин түзгөн Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарыш керек деп чуу салып, анысынын жаагы да жап болду. Акаев, Бакиев доорунда жалаң оппозицияны шыбап туруп алган КТР эми бийликтин бир да бутагына жүгүнбөй, баарына бирдей эфир берип, бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштейин деп жаткан аракети "Ата-Журттун" ичин ачыштырып баштадыбы? Же президенттик шайлоого чейин КТРКны да колго алып алалы деген аракетиби? Же Жылдыз Жолдошеванын Бакиев убагында БШКда "лидер айым"болуп жүргөндө эле ою түз эмес деп билелиби КТРКга? Бакиевчил, Отунбаевачыл саясатчы болбой, кыргызчыл саясатчы болгулачы,




"Жанкороз"
"Өткөн тарыхты өздөштүрбөй туруп, жаңы тарыхты жарытылуу уланта албайбыз". "Жаңы тамды салып бүтмөйүнчө, эски тамды бузбай туруу керек." "Артка карап кылчайып, башыбыздан калпагыбызды алып, жүгүнүп таазим этип коёлу да, алдыга карап жеңди түрүп белсене иштейли." "Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат."
Басмадан жаңы чыккан "Жанкороз" романын окуган адам жогоркудай мааниде айтылган сөздөрдүн жетегинде калаары бышык. 6 миң жылдык илгерки тарыхын чубалжытпай, ойрот-жунгарлардан, Кокон хандыгы менен Россия империясынан кырылып-жоюлбай аман калган кыргыз эгемен эл болгон ушул заманда бөлүнүп-жарылып жок болуп кетеби? Романдагы ушул өзөк идеяны курал кылган азыркынын адамы Кыргызстандын көз карандысыздыгы сакталып, чыңалышына, бакубат мамлекет болушуна эки эселеп аракет кылат. Мамлекеттин бүтүндүгү кыл учунан үзүлбөй сакталып калганы абийир болгону, бирок абал азыр деле жиптери эскирген асма көпүрөдөй кылтылдап турганы "мен кыргызмын" деген ар бирибизди чыйралтышы керек. Кайнарбек Бийлибаевдин бул жаңы романы да бизди ушинтип ойлонто турган духта жазылган чыгарма.
Тарыхый романды эл-журт да кызыга окуп, буга интеллигенция, окумуштуулар кандай баа берет деп кулак түрүп турган убагы. Роман жакында тарых музейинде кеңири чөйрөдөгү жыйында жиликтенгени жатат. Калган сөз ошол жердеги союш үстүндө улансын.

Маалымат булактарынан кыргызчалаткан
Машакбай Рахманкулов




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??