Өпөң-чычаң

КТР талашка түштү
Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият, маалымат жана диний саясаты боюнча комитетинде жыландын башы кылтыйтып чыгарыла баштады. Комитеттин башчысы Ж.Жолдошева коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТК ) мурдагы статус-квосун калыбына келтирүүнүн зарылдыгы бышып жетти деп эсептейт. Анын айтымында, коомчулуктун, журналист жана жазуучу журтчулугунун көп сандаган кайрылуу-өтүнүчтөрү КТКдан баш тартып, мурдагы улуттук телерадиокорпорация статусуна кайрылып келүү маселесин көтөрүп чыгууга түрткүнчүк болуп жаткан имиш. (Эскерте кетели, биринчи канал коомдук деп аталабы, же эскиче улуттук делинеби, мазмуну өзгөрбөгөндөн кийин эл ичинде көнүмүш болуп калган КТР деген кличкасын пайдалануу ылайыктуу. Макалада мындан ары КТР деген термин колдонулат). Бул максатты ишке ашыруу үчүн коомдук телерадиокөрсөтүүнун мурдагы улуттук статусун кайтарып алып келип,15 кишиден турган байкоочу кеңешин түзүү жөнүндөгү Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгаруу талап этилет. Ошону менен бирге, Убактылуу өкмөт түзгөн байкоочу кеңешин кууп таратуу зарыл. Анын ордуна Президент тарабынан беш өкүл, граждандык коомдон беш жана парламент тарабынан көрсөтүлгөн беш кишиден турган байкоочу кеңешин түзүп чыгуунун зарылдыгы бар,- дейт Ж.Жолдошева.
Ошентип, берүүсү өлкөнүн аймагынын 90% жапкан, мамлекеттик масс-медианын ичинен эң таасирдүүсү деп эсептелген "биринчи кнопканы" колго алып, өз көзөмөлүн орнотуу үчүн саясый күчтөрдүн ортосунда салгылаш башталды десе болот. Ал салгылашуу акырындап отуруп тирешүүгө өтөрүн баамдоо кыйын эмес. Мамлекеттин карамыгындагы медиаресуртардын ичинен КТРди ээлеп алганыңдын өзү эле жарым жеңишке тете экенин баары түшүнүп билип турушат дечи. Ошондуктан салгылаш кыйла курч болчудай. КТРдин тегерегиндеги чуунун чыгышы бакиевчил "Ата-Журттун" өлкөнүн информациялык мейкиндигин ээлеп-энчилеп алуу боюнча кампания баштаганын туюндурат. Бир аз илгери мамлекеттик бүткүл информресурстарды - гезиттерди, телеканалдарды, информациялык "Кабар" агенттигин "Ата-Журт" фракциясына таандык Маданият жана маалымат министрлигине баш-оту менен өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлүп чыкканын эске алсак, бакиевчилдердин түпкү максаты эмнеде экени түшүнүктүү болор эле.
Депутат Ж.Жолдошеванын көтөрүп чыккан маселесинин негизи жок, "Ата-Журт" фракциясы омуроого салган өнөкөт ыкмасынын бирине күбө болуп жатабыз деп айтууга эч болбойт. Ж.Жолдошеванын койгон дооматында жүйөө кантсе да бар. Сөз чынынан бузулбайт, КТРдын атын өзгөртүп коомдук телерадиокөрсөтүү деп койсо эле ал коомдук болуп кете албасы анык эмеспи. Коомдук телевидение жалпы элдин мүдөөсүн көздөп, элдин көзөмөлүндө турушу талап этилери аксиома. Ал эми, чындап элдин ырын ырдашы, муңун муңдашы үчүн телекөрсөтүү биринчи кезекте финансылык жагынан көз карандысыздыкка ээ болушу жөн. КТР баарыбызга белгилүү мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Демек, түшүнүктүү дечи, КТР мамлекеттик казнанын башын мыкчып, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүп турган чиновниктердин көзүн кароого аргасыз. Ошолорго толугу менен күнкор. "Колунда токочу бар бала сүйгүнчүктүү" деп бекеринен айтылбайт эмеспи.
ВВС - коомдук масс-медианын үлгүсү катары саналып келери белгилүү.
Коомдук телерадионун чоо-жайын аңдап билүү үчүн ошол Би-Би-Синин мисалына кайрылып көрүү жөндүү. Британиялык телерадиоканал мамлекеттик бюджеттин акырынан жем жебестиги белгилүү. ВВС көрүүчүлөр тарабынан түздөн-түз каржыланат. Англиядагы ар бий үй бүлөдөгү телевизордун башына абоненттик төлөм киргизилген. Абоненттен чогултулган каражат ВВСни асырап багып турууга жумшалат. Бир жылга эсептей келгенде, ар бир телевизор башы үчүн абоненттик төлөм 120 фунтка б.а. 180 долларга туура келет экен. Ошону менен ВВСни мамлекеттин монополиясынан толук түрдө ажыратууга шарт түзүлгөн. Кыргызстандыктарды мындай кой, бардар жашаган англичандардын өздөрү үчүн да 120 фунт дегениң оңой акча эмес. Мындай, ар бир телевизордун башына теңдеп бөлгөн акчаны азыр биротоло итке минген жакыр кыргыз эли көтөрүп кетиши кыйын экени түшүнүктүү. Ошентип ВВСнин моделиндеги коомдук телеканал түзүү үч уктасаң түшкө кирбеген жорук, элдин көзүн жазгырып алдоо болуп чыгат.
КТРдын улуттук статусу жоюлуп, коомдук болуп жарыяланышынын чоо-жайында табышмактуу, ошону менен бирге мандемдүү жагдайлар бар. К.Бакиевдин доорунан баштап эле америкалык "Азаттык" радиосу тарабынан "биринчи кнопканы" оккупациялап басып алуу процесси башталган эле. (Ырас ал учурда америкалыктар КТРды арендалап туруу үчүн акча төлөп турчу. Эсиңиздерде болсо, АКШнын акчасы келбей булагы соолуп калганы үчүн ошо кездеги КТРдын гендиректору М.Эшимканов "Азаттыктын" берүүлөрүн кан буугандай токтотуп, байкоочу кеңешин чилдей кууп тараткан эле). 7-апрелде революция болуп өттү. Бийликке келген Убактылуу өкмөт КТР менен "Азаттык" радиосундагы карым-катнашын кайрадан жаңыртып ишке сала баштады.
Америкалык "Азаттыктын" лоббистери КТРды оккупациялап алуу үчүн ириде анын улуттук статусун жоюп коомдук деп жарыялоосу керек болчу. Ал ишке ашкандан кийин "америкалык" байкоочу кеңешин түзүп чыгуу зарыл эле. Лоббисттердин алдыга койгон максаты акырындап отуруп толугу менен ишке ашты десек болот. Эгер, баамдап карап көрсөңүздөр, телеканалдын жетекчилиги -"Азаттыктан" алып барылган көздөй кадрлар экенин көрөсүз. Телеканалдын программаларынын, калп айтпайлы, бери болгондо 30%-40%и "Азаттык" радиосуна таандык же "Азаттыктын" протекциясы менен даярдалган берүүлөр. Курамы 15 мүчөдөн турган байкоочулар кеңеши делинген ар кошкондон бир кошкон компаниянын тизмесине кунт салсаңыз, НПОнун өкүлдөрүнөн б.а.батыш багып асырап келе жаткан грант ашагычтар (грантоеды), же болбосо кай гана жаңы уюм ачылбасын ошого барып кыпчыла калган бели ийилчээк, "дүжүр" чиновниктердин турарын баамдайсыз. Көбү "медиаэксперттербиз" деп каадаланып калышкан жайлары бар. Арийне, аларыңда "теориялык" кунарсыз ой жүгүртүү менен чектелген куу чирээндер үстөмөндүк кылаарын көрбөй койбойсуң. Байкоочу кеңеш журналистиканын кухнясы менен тааныштыгы аз кишилерден турат. (Тизмени карап көрүп, мүчөлөрүнүн ичинен журналистиканын ысык-суугуна күйүп, азап-тозогун башынан кечирип жүргөнү бирөө эле экенине ишенесиң). Байкоочулар кеңешин эл шайлаган эмес, элдин аларга эч кандай тиешеси жок. Тек гана Убактылуу өкмөттүн декрети менен дайындалган топтор. Мына ушу компанияга КТРдын редациясынын бүтүндөй саясатын аныктоо жүктөлүп жатпайбы. Байкоочу кеңеши кимдин нанын жесе, ошонун сөзүн сүйлөрү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Айткандай, байкоочу кеңеши ашкере принципиалдуулугу менен деле айырмаланбайт. Илим Карыпбековду жашыруун добуш менен КТРдын гендиректору кылып шайлап алышып, жогору жактагы "кожоюндары" өз кылганыңарды биле бересиңерби деген эскертүү берсе, чыгарган чечиминен айнып кеткен "илбериңки, ийилчээк" жоругун көрүп, аларга чоң ишеним артып жиберишиң кыйын деген тыянакка келбей койбойсуң. Ошентип, КТРдын улуттук статусу эмне себептен өзгөртүлүп, көзгө чиркөө коомдук телерадиокорпорация болуп аталып калышынын табышмагы көп жагынан түшүнүктүү болор деп ойлойбуз.
"Ата-Журт" фракциясынын шыкактоосу менен КТРдын айланасында пайда болгон талаш-тартыштарды айрым эксперт сөрөйлөр президенттик шайлоонун жакындап калышы менен байланыштырып жиберишти. Кыргызстанда орчундуу саясый окуя болуп өтсө эле алдыдагы шайлоого алып барып такай койгон өнөкөт пайда болгонун байкоого болот. Башка себептерин издеп убара болуп кереги жок демекчи. Биздин баамыбызда талаштын негизиги себеби - "Ата-Журттун" өлкөнүн информациялык мейкиндигине өз көзөмөлүн орнотуу менен байланыштуу. "Ким информацияга ээлик кылса, ал бүт дүйнөгө ээлик кылат" деп бекеринен айтылбагандыр. Чындап келгенде эл үчүн күйүп-жанбагандан кийин КТРды ким басып алат, ким көзөмөл кылат, карапайым калк үчүн ысык-суугу деле жок. Эл КТРге толук кайдигер. Саясатчылар өз ара тытыша беришсин - анда биздин эмне ишибиз бар.





Чагымчылыктын чаңгылт агымы
"Өйдө тартсаң өгүз өлгөн, ылдый тартсаң араба сынган" заман. Опсуз чоң мамлекеттик бюджеттин чукактыгынан баштап опсуз чоң ыймандын чукактыгына чейин кезигет. Ырыс качты. Бири-бирине ызырынган эле адамдар. Анткен менен айың кептер, жоромол-дөдөмөлдөр, ушактарга маарып эле жатып калдык. Кыргыз тилдүү деген гезиттердин бетин ачып көр - туташ ушак. Кадам сайын учуртма кептерге жолугасың. Журналисттер чөйрөсүндө жалжаңдаган эркин стиль, сезгенген бейтап фантазия, ойдун кунарсыздыгы, сабатсыздык - чоң жетишкендик, чеберчиликтин бийик үлгүсү, көйкашка эрдик катары кабыл алына баштады.
К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруу режими кулатылгандан кийин тосмону суу жырып кеткендей эле болду. Чаңгылт суу менен чөп-чары, ирик чириги, саман-топону, ичи дардайып көөп кеткен иттин өлүгү жана башка таштандылары ала салып агып баратканын көрөсүң. Бир сөз менен, абсолюттук сөз эркиндигине ээ болдук. Чагымчыл журналисттер менен ушакчы гезиттердин күнү тууду. Кыргыз гезиттери башынан эле сыпайгерчилиги менен айырмаланчу эмес эле, эми чери жазылганча оюн салып киришпедиби. Ой-тоону оттогон эле журналисттер. Адамдын керт башына асылып келекелөө, бейчеки каралап, чери жазылганча башын чылага малып таштоо - текейден арзан ишке айланды. Чиновниктер менен бюрократтарды эч бир жан жакшы көрбөйт эмеспи, бирок, насыя ыдык көрүп жатканын көрүп, кээде аларга деле бооруң ооруп кетет экенсиң.
Бая күнү "Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаедин Кылмыш кодексинин "чагым салуу" (клевета) жоопкерчилиги жөнүндөгү статьясын алып таштоо демилгесин фракцияда талкуулап калды. Таң калтырганы, талкууда Ө.Текебаевдин сунушу демократ-депутаттардын өздөрүнүн ичинде айыгышкан каршылык жаратканында. Бул да бекеринен чыкпаганы анык. Ушакчы, жалаакор гезиттердин камчысынын уусу депутаттардын сай-сөөгүнө жеткен сыягы барбы дейсиң.
Катардагы карапайым калктын ичинде "желтая прессага" нааразычылык күчтүү. Илгери кыргыз массалык-маалымат каражаттарынын турум-турпаты жөнүндө сөз болуп кеткенде, "ай койчу аларыңды, ушакчы гезиттериңди" деп кол шилтеш адат болчу. Эми болсо сөздүн чети чыга электе жерге түкүрүп, этегин күүп алып тескери баскандардын катары көбөйгөнүнө күбө болосуң.
Кыскасы, кыргыз гезиттеринин азыркы жосун-жоругу жаман. Жакшы тендеция эмес. Эгер прессанын үстүнөн тоталдык көзөмөл орнотулуп, тоталдык цензура киргизүү иш чарасы башталып калса таң калып кереги жоктур. "Атанын сакалы менен ойногондо" ал жакшылык менен бүтчү эмес эле, дегинкиси.