Сүрөт көргөзмөсүндө…

Чынара Төрөбекова, художник:
"Өнөрканам аруулукка жол ачат"
Искусство сүйүүчүлөрү үчүн 7-февралдан тарта художник - Чынара Төрөбекованын сүрөт көргөзмөсү уюштурулган эле. (Көргөзмө он беш күнгө созулган) Биз да мындай баалуулуктан четте калбай, автордун эмгектерине күбө болуп кайткан элек.


Айкын жол
- Бала кезден эле сүрөт сабагын жакшы көрчүмүн. Бош убактымдын дээрлик көпчүлүгүн сүрөт тартуу менен өткөрөөр элем. Ошондо эле өзүмдүн келечек максатымды айкын көрө турганмын. Жөндөмүм, каалоом төп келип, билинбей искусствонун баалуу дүйнөсүнө сапар тартып, аралашып калгам.

Эмгектин ырахаты
- Мына бул көргөзмөдө илинип турган сүрөттөр жайкысын тартылган. Жайында эс алууга чыкканда "Бир ок менен эки коён атууга" туура келет. Эс алып, ошол эле учурда табийгаттын бизге берген белектерин жан дүйнөдөн чыккан боёктор менен ар түрдүүчө көркөмдөп, аны кайталангыс аземдүү көрүнүшкө айлантабыз.
Таң заардан ойгонуп алып, жаратылыштын кооздугун, укмуштай сырдуу кубулуштарын кандайдыр бир тамшануу менен тартып, андан өзүбүзгө эмгектенүүнүн ырахатын алгандай болобуз.

Өзгөчө мамиле
- "Искусство - курмандыкты талап кылат" дейбиз. Майда-барат турмуштун алкагынан чыга албасак, анда чыгармачылыкта жемиштүү ийгиликтер да жаралбасы анык. Биздин тармак өзгөчө мамилени талап кылат.
Жеке өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды же жыргалчылыгыбызды ойлобостон, кандайдыр бир курмандыкка баруу менен өзүбүзгө керемет ат калтыра алабыз.

Онөркана жыты
- Сүрөт тартуудан кадимкидей көңүлүм ачылат, дүйнөм кубанычка батат. Бир күн кечке сүрөт тартсам да чарчабайм. Тескерисинче, кандайдыр бир терс энергиядан бошонгондой өзүмдү жеңил жана бакубат сезем. Эгерде өнөрканама бир нече күн кирбей калсам, кыйналам, өзүмчө бук болуп, боёктордун жытын сагынам.

Ашуудан берген отчёт
- 1973-жылдан бери искусство сүйүүчүлөрү үчүн эмгектеримдин отчёту катары сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп келем. Кай бир тааныштарым: "Чыгармачылыгыңда кичине бир тыныгуу болобу? Же Төрөбекованын эле эмгектери дайым көрсөтүлө береби?" деп тамашалап калышат. "Мейли, эмгектеримди эл көрсүн. Мен эки жүз жыл жашамак белем…" деп күлүп калам.

Аида САДЫКОВА



Талас Мамлекеттук Университетинин ардактуу профессору, экономика илимдериринин кандидаты,ТМУнун окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү Омушев Есенкулду КРнын экономикалык тескөө министрлигинин "Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн отличниги" наамы менен сыйланышы жана 23-февраль Мекенди коргоочулар Күнү менен куттуктайбыз. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана ушул багытта жогорку билимдүү кадрларды даярдоогу Сиздин сиңирген эмгегиңиз мындан да жогорку баага татыктуу. Сизге чың ден соолук, узак өмүр каалайбыз, Мындан ары да экономиканы өнүктүрүүгө билим-тажрыйбаңыз

Мекениңиз үчүн зарыл деп билебиз.
ТМУнун окмуштуулар кеңеши