Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Бердикожо Бийназаров

Дордойдогу
көңүлдөштөр
Бул көз караштын артында кандайдыр бир сыр жатканын Алина билди, дароо өңү өзгөрүлүп көзүн жалтактатып, тартып алды. Бекболот кабагын түйүп, жактырбаганын жүзүнөн билгизип;
- Ыракмат, сен кайдан. Иштериң жакшыбы? -деп суроо берген болду. Ира кыска гана, көзүн тиги кыздан албай;
- Болуп жатат!- деп, нары басып барып Султандын жанынан орун алып олтурду.
Бекболот үчүн Иранын кирип келгени жагымсыздыкты тартуулап, актана сүйлөдү;
- Ал кыз таежемдин кызы болот. Сени сынай карады го, тим эле. Алина сыр бербей, Ира олтурган жакты карап;
- Тиги бала ким болот? -деди. Бекболот ал жакты карап;
- Таанышы болсо керек. Андан көрө биз бул жерден кетип калалычы, тигилердин көзүнө көп чалдыкпай деп, алдындагы тарелканы бошоткончо шашты. Бул да болсо булганычтын бир үзүмү эле.
Сааттын жебеси төрттү көргөзүп калган кезде Бекболот эч нерсе болбогондой Ирага келди эле, Ира жүзүнөн жактырбаганын билгизе карап;
- Эмне алиги сулууңду узатып коюп келдиңби? Жакшынакай кыз-экен!
- Ира, сен ага капа болбочу. Бир кезде анын атасынан акча алып бере албай калгам. Анан тиги кызды көргөндө, кантип аны тамакка чакырып жибергенимди дагы билбей калыптырмын.
- Ооба. Мен болсом эле сенин сөзүңө ишенип калам. Бирок жакшы шылтоо ойлоп табыптырсың. Аны коюп мындан кийин мага келбей эле койчу. И, баса, сен эмне тиги тачка түрткөн Айбекти коркуттуң. Анын мага пайдасы эле тиймек. Эки күндөн бери тачкиге эле канча акчам кетти. Башка кыздарың турганда, мени кызганып эмне кыласың. Сен эмне акчанын күчүнө салып энесинен башка жан өбө элек кыздарды өзүңө имерип аласың да. Бекболот калп күлүп;
- Мен эле кызганчаак экенмин десем, сен дагы кызганчаак турбайсыңбы. Аны коюп алиги Султан менен сен соо эмессиң го, я?
- Ал го чогу иштешкен адам. Жанагы сулууң өзүңө буйрусун. Мени кызганып эмне кылат экенсиң. Сөз ушул жерге келгенде Бекболоттун аялы келип калды да, Ираны ушундай бир жеп жиберчүдөй көз караш менен карап;
- Бекболот, эмне мынча эзилип жатасың? -деп калган сөзүн айта албай, туттугуп кетти. Бекболот аялынын келип калаарын билген эмес. Калп күлүп;
- Карызды өндүрө албай жатам деп, каратып туруп калпты айтты эле, Нурзада;
- Кандай эле сага сулуу, анан жаш кыздар карыз болуп калат? Жана эле тиги кыз менен бир саат сүйлөштүң эле, эми муну менен, деги сенин кайсы сөзүңө ишенсем болот? Бекболот көзүн аялынан тартып алып;
- Ира, анда эртең он бирге акчаны даярдап кой. Мен кеттим деп, алдыга басты.
Нурзада эч сөз айта албай, Бекболоттун артынан басып баратып, Ираны сын көз менен карап алды.
Экөө узап кеткенде Ира ушундай бир чоң жүктөн кутулгансып үшкүрүнүп жиберди. Аңгыча эле кичинекей чөнтөкчү бала Нурзаданын сумкасына колун сала албай жатканын көзү чалып калды да, дароо артынан жетип келип, Нурзаданы колунан тартып;
- Байкасыңыз, сиздин эч нерсеңиз уурдалган жокпу? -деди. Нурзада түшүнө бербей;
- Эмне болду? -деп кайра суроо менен кайрылганда;
- Азыр эле бир бала сиздин сумкаңызга кол салгандай болду. Мен кыйкырсам сиз укпай койбодуңузбу. Нурзада сумкасынын лезвия менен тилинген жерин көрүп эле;
- Эч нерсе албаптыр, шүмшүк үлгүргөн эмес экен! -деди. Бекболот ушул саам Ирага абдан ыраазы болду. Анткени анын минтип атайын келип эскерткени, андан дагы аялынын шектенүүсүн жууп салганына жетине албай, аялына;
- Жакшылап кара! -деген болду;
- Сумкам эле тилиниптир-деп, эки жагын каранды, алиги чөнтөкчү баланы таап калчудай. Дагы жакшы сумкасындагы акчаны алдырбаганына. Ушул саам Ирага ыраазы болуп;
- Ал баланы таанып калдыңбы? -деди эле Ира;
- Жок, бирок көрсөм тааныйм. Тааныганым менен ал баланы мен ачык айта албайм. Анткени эртең эле ал мени сызга олтургузуп кетет. Жаңы эле жаман көрүп жаткан Ираны, Нурзада жакшы маанай менен карап;
- Ыракмат, эскертип койгонуңа - деди. Ира чоң сооп иш жасагансып, артына тартты да, ордуна келип, кеткенге даярдана баштаганда, алтынчы катарда соода кылган Данияр келип;
- Сени Бекболот кетпей турсун-деди. Баамымда сенде маанилүү иши бар го. Ира жактыра бербеген түр менен;
- Жолуксаңыз айтып коюңузчу, шашылыш иштери бар экен -деп. Мен аны күтө албайм. Данияр башын ийкеп коштошкон болду да, кайра изине кайтып, Бекболотко жолугуп;
- Тиги чүрөгүң иштерим бар, күтө албайм -деди. Деги сенин кыздардан жолуң укмуш. Тим эле аның жутуп жиберчүдөй кыз, мен ага жакындай албай жүрдүм эле, аны кантип кармап алдың.
- "Эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" -деген кеп бар. "Колдон келип турганда түштүгүңө жорго мин"- демекчи, кытайдын товарлары турганда, андай кыздардын далайын кармаганга болот. Азыр эмне, акчаң болсо баары сеники эмеспи. Айткандай, ага бүгүн эле тиги Соня эженин студент сиңдиси менен тамак ичип олтуруп кармалып калбадымбы. Соня эженин сиңдисин көрсөң эсиң ооп калат, илгерки жомоктогу сулуу кыздар бул жакта эле калат. Аны менен алтынчы күнү Октябрь кинотеатрындагы киного кирмей болдум. Ошондо анын убайын көрөм го. Бекболоттун мактанганына Данияр ичи күйүп;
- Бекболот, мага баарынан баягы идиш аяк саткан Ажар деген кызың жаккан. Аны бекер таштадың. Ал сени жактап, сенин талабыңды талашып турчу.
- Аны мен эки ай бакпадымбы. Сөз ушул жерге келгенде Алымжан келип калды. Алымжанга Бекболот соң суммадагы акча карыз болуп калып, андан качып жүргөн. Жаңы эле жүзү нурданып, мактанып, өзүн кыйын сезип жаткан Бекболоттун өңү ак чүпүрөктөй купкуу болуп кетти. Анткени Алымжан базардагы чоң күркүлдөрдүн бири жана дагы анын жигиттери эки жолу эскертип кеткен "акчаны таап кой" -деп.









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«