Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
ПРЕЗИДЕНТ БОЛСОМ ДЕГЕН ОЮМ БАР
Президенттик шайлоо улам жакындап келатпайбы, туугандар. Ал тууралуу ар кандай пикирлерди айтыбатасыңар. "Баланча", же "Түкүнчө" президент болуш керек, же азыркы Президент ордуна калат го деген сыяктуу божомолуңар оозеки айтылууда, гезиттерге жазылууда. Ошол "Баланча" менен "Түкүнчөлөрдүн" арасына мени деле кошуп койсоңор болмок. Эмне үчүн антпейсиңер? Эмне мени эмдигиче байкабайсыңар? Же шайлоонун дагы жакындай түшүшүн күтүп атасыңарбы? Айлам кеткенде мен силерге өзүм кулак кагыш кылып коюуга аргасыз болуп отурам, улуу башым менен.
Давайте, президенттикке менин кандидатурамды сунуш кылгыла.
Эгер мен президент болуп калсам, өлкөнү төмөндөгүдөй жолдор менен өнүктүрмөкчүмүн:
1. Элге кө-өп убада берүү.
2. Башка мамлекеттерден тез-тез карыз суроо.
3. Алгачкы карыздарды кайрып бербей коюунун жолун ойлоп табуу. (Ушул багытта жаңы министрлик ачып, анын жетекчилигине э-эң аферист кишини дайындоо).
4. Мафия, коррупция деген немелерди Ак үйдүн крышасына чейин чыгарып жиберүү.
Баса, бизде жердешчилик күчтүү эмеспи. Менин кайсыл жерлик экенимди билүүгө ынтызарланып жатканыңарды жүрөгүм сезип турат. Шайлоодо да ошого карап "иш" кыласыңар да. Туурабы? Мен баарыңардын тең жердешиңер болом. Тагыраак айтканда, биздин үйгө Оштон да, Таластан да, Ысык-Көлдөн да, Нарындан да, Чүйдөн да аяш атаңмын деп келип жатып кетип жүрүшчү. Уруучулук боюнча да баарыңарга тең кошулам.
Ал тургай, биздин республиканын аймагында жашап жаткан өзбектер, казактар, уйгурлар, кытайлар, дунгандар, татарлар, орустар, еврейлер, немистер менен да тууганчылык жайым бар. Анткени, кошуналарым ошондойлор.
Мени бир колдоп койгула, айланайындар! Бир келген жашоодо бир мертебе президент болуп коеюн. Андан кийинки шайлоодо бул постту өзүм эле тапшырып берем. "Сизден башка татыктуу адам жок, дагы иштеп бериңиз"- деген кошоматчылардын сөзүн укпайм.
Эмесе, мени президент кылыш үчүн, силер эмитен аракеттене беришиңер керек. Агитация баракчалары менен менин сүрөттөрүмдү столбаларга, дарактарга, дааратканаларга…ал тургай, сулуу кыз-келиндердин көкүрөктөрүнө, көчүктөрүнө чаптап койсоңор, во-о! Анда, урматтуу шайлоочуларым, Ак үйдөн көрүшкөнчө!

САЛЫК
Башкы эсепчи менен эсептешип калдым.
- Та-ак… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын налогго кармап калдык.
- Налог?..Кандай налог?
- Налогдун түрлөрү көп. Мисалы, бойдок налогу…
- Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар.
- Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун…серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да налог төлөөгө милдеттүүсүң.
- Бөлөк кандай налог кармадыңыз?
- Алимент…
- Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?!
- Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар.
- Эмне үчүн?
- Өзүң жарыбаган маяна алсаң… ошонун кесепетинен "казан-аяк кагылышат" Анан...
"Кырсык - каш-кабактын ортосунда" тура. "Казан-аяк кагылыша электе" эле мени кырсык басты. Тагыраак айтканда, даараткананын үстүндөгү шиферди оңдоп жатып кулап кетип, мүрт кеткем. Бирок, налог деген нерсе тигил дүйнөдө деле бар экен.
Мына,үңкүрө-маңкүрөвөй инспектор кечээ эле менден бир топ суммада налог өндүрүп кетти эле, бүгүн о дүйнөнүн жарык дүйнөдөгү тыңчысынан мындай мазмунда телеграмма келиптир:
"Былтыр өлгөн Мадырайымдын атынан почточулар дале пенсия алып өздөрү жеп жатышат. Давайте, Мадырайымдан алынуучу налогдун суммасын дагы жогорулаткыла!"

Орозбек БӨРҮГУЛОВ




АЧ ЭЛДИН ЖИНИНЕ ТИЙБЕ, СУУСАР КИЙИП!
Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдиргиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска, нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772682199

74. Үчүнчү төңкөрүштү даярдоого элди үгүттөп, бир чо-оң эле фигура эл аралап жүрүптүр,- деп өткөндө бир гезиттен окуп калдым. Айланайындар, бизге төңкөрүштүн кереги жок! Караламан элге тынчтык гана керек!!! Балдарыбыздын аман-эсенчилигин тилеп араң отурабыз. Андан көрө, мобу алкымдан алган кымбатчылыктан кантип арылып, кантип арзанчылыкты алып келебиз дегендин үстүндө баш катырсаңар боло.
Ырсаалы, 76 жашта, Бишкек.
75. …Жети балалуу энени көрдүм. Мамлекеттен бир тыйын албай уул-кыздарын чоңойтуп жатат. Төртөөсүн окуу жайлардан окутуп, үчөөсүн мектепке берген. Контрагын да төлөйт.
А мындай үй-бүлөлөр Кыргызстанда көп. Алар өкмөттөн үмүтүн үзүп койгон. "Өткөндө айыл өкмөтүнөн биздейлерге бир миң беш жүз сомдон жардам берилет дегенинен барсам, аны да араң беришти. 500үн ошол жердеги балага таштап, миңин алып кеттим" дейт ал эне. Деги эле бардык жерде эч ким эч кимге чын дилинен жардам бергиси жок. Барып-барып, мамлекет менен эл биротоло бөлүнүп бүтөбү, -дейм…
Назира, Чүй облусу.
76.
Тартышчылык замандын
Таламын катуу талашып,
Тарыхта калды кай бирлер,
Трибунаны талашып.
А чынында аларың -
Жөн эле келген адашып…
Ыраман, Бишкек.
77. Бир жылда ар бир адам 115 кг нан жеши керек болсо, азыр Кыргызстанда жашаган адамдар - 188 кг жейт экен! Мунун баары, нан-чай менен отуруп калгандыктан улам болуп жатканын баса белгилегим келет. Эт сатып алууга баарыбыздын эле күчүбүз жетпей жатпайбы! Биз го, жээрибизди жеп, ичээрибизди ичип, коммунизмде жашап алдык. Балдарыбыз эт-май жебесе, бара-бара кыргыздардын генофонду начарлап кетеби деп корком.
Гүлнара, Бишкек.
78. Жаз келатат. Жаздан тапкан сүйүүмдү кайра эле жазда жоготуп алганым үчүн өкүнүп келем… Мен өзүм кетип калгам, ал сүйүүмдү өчүрүп! Өчүрбөскө арга жок эле. Сен үй-бүлөлүү болчусуң. А мен балдарыңдын көз жашына, келинчегиңдин каргышына калгым келген эмес. Азыр мен да үй-бүлөлүүмүн. А бирок, жаз жаңырып келген сайын сени эстей берем…
Айжана, Бишкек.
79. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттер көрүлүп жатат… А бирок, кимдерге каршы иш башталып жатканын эч түшүнбөй койдум. Ошондо, кимдер кимдерге каршы иштеп жатышат ия?!
Сапарбай, Бишкек.
80. Ушул азыр мага убакыт жетпей жүрөт. Же улам улгайган сайын бүтүрчү ишиң көбөйө береби? Эмне, ошон үчүн карыгандарды пенсияга чыгарышабы, бүт иштерин бүтүрүп алсын деп…
Даргүл, Кемин.
81. Орусиядан келдим эле. Сиздердин гезитиңиздерди окуп, Индирага жолуга албай кетип бара жатам. Ошол төлгөчүгө жолугуп кеткенге убактым жок болуп калды.
Талип,
ХХХХ9214
82.
Саманың чөпкө тең болгон,
Жаманың кайра эр болгон.
Асылдын өңү бозоруп,
Алтының жезден кем болгон -
Замандын сыйкы ушундай…
Антсе дагы зор тилек:
Заманым турсун бузулбай!
Ыраман, Бишкек.

83. Фетхуллах Гулен тууралуу өткөн саныңыздарда жазганыңыздарды окуп, бул жөнүндө өз пикиримди айткым келди. Гулен - чоң личность. Анын кыймылы - формалдуу эмес. Гулендин айланасында бир гана дин ишмерлери эмес, эң жогорку интеллектуалдар, иликтөөчүлөр жана окумуштуулар толеранттуулук идеясын үгүттөөгө баш кошушкан. Азыркы замандын шартында жалпы адамзатка эң тунук нраваны тартуулоодо Гулен идеялары чоң роль ойнойт деп эсептейм. Гулен идеялары тууралуу сиздерден дагы көптөгөн макалаларды күтөм.
К.БАКИРОВ, акын.
84. Президентибиз Р.Отунбаева Таласка барганда, аны коштоп жүргөн губернатор Койсун Курманалиева тим эле койкоет го, суусар тебетейди чекеге кийип… Ушул азыр сүлкүлдөй турган учурбу, Койсун айым! Элиң жүдөп турат. Азыр күзгү алдында кулпуруп кийинбей, керек болсо керзи өтүк кийип ээрде уктай турган чак. Суусар кийип, ач элдин жинине көп тие бербе, гүбөрайым!
Жаныбек агаң, Талас.

Даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??