Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

ажонун убадасы
Президентибиз Роза Отунбаева бир жолку жолугушууда, "эгерде араңыздарда билимдүү, таза, эл үчүн күч-кубатын аябаган жаштар болсо айткыла, келишсин, сүйлөшөлү, кызмат берели, иштешели" деди эле. Бирок ажонун айткан сөзү орундалбай эле, бийлик секисине баягы эле көзгө тааныш адамдар келгени, эмнегедир ишеничтин кеткенинен белги берип туру. Эгер ажо сөзүнө туруп, иш билги жигиттерди ишке тартса, бул кыйынчылыктан тез эле чыгып кетет элек. Айтмакчы, мен эл агартуунун ардагери катары баамдап жүргөн бир ишкер жигит бар, өзү куруучу дешет. Ошол жигиттин төшүн койгулап жүргөнүн эч жерден көргөнүм жок.
Жайнаган партиялардан бири менен шайлоого катышабы десем ага да катышкан жок. Демек ал азамат эл үчүн иштеп "элим, жерим" деген патриот жигиттерден экен.
Кулов менен Жапаров дегендер жанталашып, кыргызды келесоо катары көрүшүп хипк программасына киргиле, антпесеңер шоруңар катат, ушуга кирсеңер эле май көл, сүт көлдө жашайсыңар дешип элдин башын айлантып жатышканда, ушул жигит тикеси менен туруп, хипкти элге түшүндүрүп, намыстанып, арданып "кыргыз элимди Африканын артта калган элдердин катарынан көргүм келбейт" деп бир миллион сомун фондуга төгүп, элин жардын кырынан сактап калды эле го. Ошону кантип унуталы, кыргызым.
Ошондо төшүн койгулап, бакырып жүргөн жегич-жуткучтар кайда эле?
Манас атадан кийинки жерин, элин сырт-душмандардан сактап, калдайган жерин бербей салгылашып, кырылышып кыргыз деген эл жердин атын өчүрбөй, кийинки урпактарына калтырып кетишкен.
Ормон хан атабыздын эстелигин жеке өзү көтөрүп тургузган азамат экен. Манап баатыр атабыздын эстелиги чала бүтүп, ачылышына аз калганда да ушу жигит колдоп кеткен деп айтып да, жазып да жүрүштү.
Акаевдин үй бүлөлүк эзүүсүнөн кутулуп "ох, эми жакшы жашоого бет алдык" дешип Бакиевди алып келишти эле, эмне болдук, элим? Үй-бүлөлүк, бир туугандык башкаруу болуп, беш жыл кыргыздын элин, жерин тытышты го чиркин.
Азыркы эл эсине келип ойгонуп, өзгөчө жаштар Ак үйгө бет алып барганда канкорлор эмне кылышты? Айтканга ооз барбайт. Ылайым укум- тукуму менен кырылып калышсын. "Элимдин, ата-энемдин, бир туугандарымдын, бала-бакырабыздын келечеги үчүн" деп жандарын кыйышты го, чиркин балдарыбыз.
Бул саам дагы бул азаматыбыз сыртта калбай "курман болгон, үйү жок балдарыбыздын үй-бүлөсү үчүн" деп, өзүнүн жерин берди го. Ал жерге бир нерсе салып жатышабы, кабарым жок. Ким ушундай боорукерликке барды. мен билбей калдымбы, ай таң, ким билет? Эртеден бери мен айткан жигит "Шатен - курулуш" фирмасынын директору Жумабек Токтогазиев деген азаматыбыз. "Бөлөк жокпу" деген, мүмкүн окурманым бар. бирок, көбү өзү үчүн, жакыны үчүн, тууган жердештери үчүн казино, сауна, кафе ж.б. кургандар, алардан түшкөн каражат жеке чөнтөгүнө түшүп жатпайбы, же калппы.
Ушул, Роза Исаковна, мен билген ишкер жигит, бул жигитти таптырып бир чоң ишти ишенип тапшырсаңыз сизди уятка калтырбайт. Жумабек уулум, ушу таскагыңдан тайба, артыңда карапайым элиң бар.
Жангазиева Кашипа,
билим берүүнүн
ардагери.
Бишкек шаары.




СЕМЕТЕЙДИ СҮРӨСӨК, КЫРГЫЗ ТУУСУ ЖЕЛБИРЕМЕК!
Шахмат - спорттун интеллектуалдуу түрү. Шахмат - акыл таймашы. Бирок, бизде - Кыргызстанда, башка өлкөлөлөргө караганда спорттун бул түрүнө анча маани бербей келишет. Анын натыйжасында, башкаларга караганда спорттун бул түрүнөн артта келе жатканыбызга өкүнгөндөр арбын. Болбосо, кыргызда шахмат тактасынын табышмагын талдап, кандай гана акылдуу, амалдуу оюнчу болбосун, аны менен таймаша турган азаматтарыбыз бар экендигин билебиз.
Мына, Семетей Төлөгөн тегин деген оюнчубузду алалы. Семетей - шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Гуанчжоудагы оюндардын катышуучусу. ФИДЕде шахмат боюнча мастер. Биз билгенден, ал КР курама командасына 14 жашынан мүчө болуп кирген.
Бирок, бул шахматчынын айта берсе - арманы көп. Дээрлик бардык турнирлерге өз эсеби менен бара турганын айтса, балким калың эл ишенбес. Алсак, Азия оюндарына аны бапестеп узаткан өкмөт деле болбоду. Өз каражаты менен барып келди. Ал эми Азиядага барыш үчүн форма алууга Муралиев аркылуу жардам сурады. Ошентсе да, форманы бүт комплекси менен ала албай, калпак менен бут кийимди өздөрү алышканын кийин билинди.
Мейли, океандын ары жагына болбосо да бери жагына жетип бара албаса да интернет аркылуу ойноого болот эле… Эгер, жогорку ылдамдыктагы компьютери бар болсо, өз бактысын ушул жактан эле сынап көрүүгө даяр шахматчыны бир жакшы компьютер менен жабдып коюу эч кимдин оюна келбейт. Мына ошондуктан, республикабыздын премьер-министри Алмаз Атамбаев менен болгон түз байланышта Семетейдин атасы ушундай көйгөйлөрүн айтып кайрылганын окуп, биз да - жалпы окурмандар өзүбүзчө түйшөлүп отурабыз. Семетейге окшогон азамат уулдарыбызга көмөк көрсөтүп, кыргыз спортун алдыга сүрөгөн сүрөөнчүлөрүбүз болгону менен өкмөт тарабынан эч кандай кам көрүлбөй келгени - бүгүнкү күндүн көйгөйү. Кантсе да, "жандооч кийик аттырат" дегендей, кыраан кыз-жигиттерибизге жакындан жардам берип ийгиликке сүрөсөк, эл аралык мелдештерде Кыргыз туусу желбиреп турмак…
Жаңыл САТЫКЕЕВА,
Бишкек.




Сурагыла, жооп беребиз
БАЛАНЫ КАНТИП КАРООСУЗ КАЛТЫРБАШ КЕРЕК?
Биздин көчөдө жашаган бир үй-бүлөдө 12 жашар баланын атасы жок, ал эми энеси болсо арак ичип кеткен ал бала кароосуз калды. Туугандарынын да иши жок. Биз, кошуналары колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз, бирок, бул баланы мындай абалда калтырууга болбойт да. Эмне кылышыбыз керек?
Анара С.
Жооп: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында "Камкордук көрүү жана багуу органы" деген бөлүм болот, сиз ошол бөлүмдүн кызматкерлерине барып, баарын түшүндүрүп беришиңиздер керек. Бул орган өзүнүн аймагындагы атайын мекемелерине орноштурат. Кийин бул бала кандай тарбия, багуу жана билим алып жатканын көзөмөлдөп турат.
Камкордук көрүү жана багуу органына мындай балдар жөнүндө билдирүү түшкөндө, бир ай ичинде алар бүт жагдайларды изилдеп, балдарды башка үй-бүлөгө, андай табылбаса, Балдар үйүнө же ушул сыяктуу мекемелерге орноштуруу керек.
Жогоруда айтылган милдеттерди тиешелүү мекеме жетекчилери аткарбай, маалыматты жашырууга укугу жок. Андай учурда мыйзам чегинде жооп беришет.

ӨТКӨН ЖЫЛДАРГА АЛИМЕНТ КЕСТИРСЕМ БОЛОБУ?
Күйөөм мени менен жана ортобуздагы балабыз менен төрт жылдан бери жашаган жери жок. Баланы бакканга каражат бер деген өтүнүчтөрүмдү да четке кагат. Сот аркылуу өткөн жылдарга да алимент кестирип алсам болобу?
Венера Д.
Жооп: Өтүп кеткен жылдарга алимент өндүрүү сотко кайрылгандан кийинки үч жыл ичинде ишке ашышы керек. Эгерде ага чейин алимент төлөй турган адамга карата алимент алууга аракеттер жумшалса жана ал аны төлөөдөн баш тартса, сот ата-эненин айлык акысынан үлүш катары алимент кестириши мүмкүн.

КВАРТИРАМДЫ АЛЫП КОЮШПАЙБЫ?
Менин кооперативдик квартирам бар, анын пайлык взносунун бардыгын төлөп бүткөм. Азыр мен пропискадан чыгайын деп жатам, бул квартирада жалгыз турам. Эгерде мен пропискадан чыксам, ал жакта эч ким жашабаса, квартирамды алып коюшабы же жокпу?
Жооп: Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 251-беренесинин 4-бөлүгү боюнча, турак-жай, турак-жай курулуш, дачалык, гараждык же башка керектөө кооперативинин мүчөсү пай түрүндөгү каражаттарга укуктуу. Квартира, дача, гараж, кооператив тарабынан берилген башка жайлар үчүн өзүнүн пай взносун толугу менен төккөн башка жактар аталган мүлккө менчик укугуна ээ болушат.
Ошондой эле, ушул эле Кодекстин 252- беренесинин негизинде имаратка, курулуштарга жана мамлекеттик каттоого алына турган жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлктөргө менчик укугу ал катталган учурдан баштап пайда болот. Жогоруда көрсөтүлгөн берененин негизинде, сизге берилген квартираны мамлекеттик каттоодон өткөрүп коюшуңуз керек. Ошондо гана сиздин менчигиңиз болуп кала берет.
Чолпон Кубайбердиева, адвокат.
"Юридическая помощь"
коомдук фонду.
Даярдаган Г.Холкин






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«