Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаевага
Билим берүү министри
Канат Садыковго
Кайрылуу
Тынара Апасовна деген ким? Элдик революциянын оппозиционериби?

Талас жергесинде райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысынын кызмат орду кийинки он-он беш жылдан бери талаш тартыштардын, соттук тирешүүлөрдүн, иш таштоолордун, ачкачылык жарыялоолордун "шаан шөкөттөрү" менен коштолуп, сегиз жаштагы баласынан баштап, сексен жаштагы карысына чейин таластыктарды эриктирбеген, ушактын чордону болгон кызмат ордуна айланды.
Назаралиева Тынара азыр соттошуу эстафетасын улантып, соттошуулардын ийне-жибине чейин өздөштүрүп, "Атың чыкпаса, жер өрттөп ий"- дегендей Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылык кызматына соттошуп келип кайра конгону турат.
Конуп калабы, коно албай калабы ал күмөн.
А киши Биринчи Май райондук сотуна Билим берүү министрлигин "Кызматтан мени жүйөсүз алды"- деп арызданып, биринчи инстанциядан женип алып, ар кимдерден: "Мен жакында ордума барам, шашпагыла" -деп кабар айттырып, душмандарына муштумун түйүп, тишин кайрап жатат деп угабыз.
Чыр-чатак кандай башталды эле? Апрель айындагы атагы ааламга кеткен окуялардын капшабында, элдик революциянын күндөрүндө биз Талас райондук элдик революциянын жер-жерлердеги коргоо комитеттеринин башчылары, коомчулуктун өкүлдөрү, ата-энелер болуп, Талас районунун окуучуларынын көптөгөн ата-энелеринин, мектептердин мугалимдеринин, директорлорунун атынан чыгып, Т.Назаралиеваны анын мурдагы кызматтагы одоно кемчиликтери: биринчиден мурдагы бийликтин колдоосуна таянып, ишинде авторитардык режим орноткондугу, экинчиден ар дайым бийликтин негизсиз талаптарын күч менен кол алдындагыларга таңуулап келгендиги, үчүнчүдөн мектептердин педжамааттарынын арасында ар кандай интригаларды уюштургандыгы, төртүнчүдөн өзүнүн сын пикирлерин билдирген мектеп директорлорун кодулагандыгы, алардын кызматтарынан негизсиз алгандыгы, райондогу 29 мектептин директорлорунун үшүн алып, үн чыккыс букарага айланткандыгы, айланасына ишин билбеген кадрларды топтогондугу, шайлоолордо окуучулар аркылуу ата-энелердин паспортторун чогултуу идеясын дал ушул Т.Назаралиева ойлоп тапкандыгы, эң акыркысы Талас районунун мектептеринин окуучуларынын билим сапаты кийинки жылдары кескин начарлагандыгы, райондун окуучуларынын ичинен республикалык окуучулардын олимпиадаларына дээрлик окуучулар катышпай калгандыгы жана башка толгон кемчиликтери үчүн аны иштен бошотуу талабын, элдин талабы катары коюп, ишинен алдырганбыз.
Ал бул чечимге алгач бизден коркконунанбы, же ар жерде атышуу болуп жатса андан корккконбу, айтор, баш ийип, кабинеттен ыйлап жатып чыкса да, "кызматынан негизсиз кеттим"- деп жогорку органдарга, сот органдарына кайрылган эмес.
Көрсө, куулук кылып убактысын күтүптүр. Анан убагы келгенден кийин, тынччылык орной баштаганда, мурдагы Жогорку Кеңештин экс депутаты, бай күйөөсү Э.Назаралиевдин тааныштары аркылуубу айтор, бай адамдар жасачу жана жасай келген жолун таап, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун жокко чыгартыптыр. Жеңилип калган Билим берүү министрлиги жеңин түрүнүп, аппеляциялык доо арызын жазышып, кайра Бишкек шаардык сотуна кайрылды деп уктук. Соттук кийинки раунд кайрадан Бишкекте уланат экен. Бирок бул окуядан кабары бар биз, элдик революцияны коргоо комитеттеринин мүчөлөрү:
"Эмне үчүн эл талабын сот органдары эске албайт?
Эмне үчүн соттук отурумдарда биз жиберген Т.Назаралиеванын ишиндеги кемчиликтер туурасындагы билдирүүлөр иш процессине тиркелген эмес? Эмне үчүн билим берүү министрлигинин өкүлү, юристи, биздин ишибиздин тууралыгын мыйзамдуу коргой алган эмес?
Т.Назаралиева деген ким өзү? Бир аял эл биримдигин иритеби?
Азыркы учурда эгер ал жеңсе, мамлекеттин эсебинен ага ири суммадагы акча каражаты мыйзамдуу делип, доо төлөмү катары төлөнгөн жатпайбы. Анда элдик революциянын талабынын натыйжасы кайсы?" -деп жергиликтүү башкаруу органдарына, Жогорку Кеңешке, Президентке чейин кат жөнөттүк.
Себеби, Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун талашуу кайрадан тамаша-шоуга, өз ара ынтымакка келбеген тирешүүгө айланганы турат.
Тынара тымызын ишин бүтүрүп, соттук отурумда жеңсе да, райондук билим берүү кеңсесине киргизбөө үчүн эл жыйылат. Тынара жанына жан күйөр адамдарын топтоп, куралданып келип эле ордуна олтуруп калбаса, ал күнку кармашууну элестетүү кыйын.
Министрликтин өкүлдөрү сотко даярданбай барышкан. Себеби айкын, анткени Т.Назаралиеваны кызматтан алган башка министр, кийинки министр жоопкерчиликтен "мен билбейт экем"- деп кутулат.
Биз министрликтин аппеляциялык доо арызын мыйзамдуу кайра жазып, шаардык сотко активдүү, намыс, жоопкерчилик менен катышаарына да ишенбейбиз. Ушундай чатак иш болуп жаткандан кийин, алар бул чатакка олуттуу мамиле жасашы керек эле да.
Азыркы учурда Талас районунда кайрадан элдик толкундоолор башталганы турат. Ансыз да Андаш, Жер Үй кендери, төө буурчак боюнча күн сайын чогулуулар, пикир келишпестиктер болуп, алар элдин кыжырын келтирүүдө.
Бир райондук кызматтын орду үчүн болгон соттук тирешүүдө элдик революциянын талабы туура эмес экен дешип, керек болсо кайра мамлекеттин эсебинен мурдагы бийликтин "жоокерине", тактап айтканда Т.Назаралиевага акчалай доо өндүрүлүп берилип жатышы элдик революцияга болгон элдик ишенимди жоготуп баратат.
Элдик революция касиеттүү Талас жергесинде башталды эле, анын чечимдерин акча менен суу сээп, жалп өчүрүп салган да таластык авторитар, карьерист бир аял болду.
Т.Назаралиева кайрадан ишке келген күндө да биз анын иштешине жол бербейбиз. Кеңсесине киргизбейбиз. Чатак ырбайт.
Тынара азыркы учурда орун талаш сотунда бүтүндөй элдик революциянын чечимдерине каршы чыгып, кыл чайнап, элдин бүйүрүн кызытып, "жеңилин жерден алган" кол директорлоруна: "Мына барып тартып алам, ана барып тартып алам, силер мына келет, ана келет дей бергиле"- деп салам айтып турган кербези.
Тынара айым бул кызматта он жылга жакын убакыт иштеген. Бир да жолу ротация болгон эмес. Ошол мезгилде айланасына көбүнчө анын гана сөзүн сүйлөгөн мектеп директорлорун топтоп алган. Сын-пикирин билдирген директорлорду куугунтукка алып, кызматтарынан "өз каалоосу" менен кетирген. Айрыкча эркек директорлорго асылган. Алсак Т.Мундузбаев, М.Качкынбаев, Т.Ташматов, Б.Боркеев, А.Саткыналиев, Т.Абдыкадыров, А.Алымбеков, С.Жунушалиев, А.Тургунбаев, А.Нусубалиев, Ж.Мамеков сыяктуу мектеп директорлору Тынара айым учурунда кызматтары менен кош айтышкан.
Экинчи бир авторитардык кысымы -бул райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын чечимин курал катары пайдаланган. Ал иштеген учурда бир дагы коллегия эскертүүсүз, сөгүшсүз өтпөй калган. Мектептердин жетекчилерине сөгүш жарыялоо кийинки мезгилде апогейине жетип, бир эле коллегияда ондон жыйырма бешке чейин же андан ашык сөгүштөр директорлорго, алардын орун басарларына берилген. Ал фактылардын баары биздин Биринчи Май сотуна жиберген кайрылууларыбызда айы, күнүнө чейин такталып жазылган.
Бир эле мисал №4/1 25.09.2009 өтүлгөн коллегияда 25 директорго, 23 алардын орун басарларына сөгүш жарыялап, рекорд койгон. Эмнеге мынча көп сөгүш берүүгө барган? Анткени сөгүш берүү эми сен кызматтан алынасың деген анын сөөмөй кесөөсү болгон.
Биз Тынаранын жеке аброюна шек келтирбейбиз. Бирок билим берүү бөлүмүнүн башчылыгын ага Кудай энчилеген эмес. Ал эми дагы 10 жыл иштесе да эч нерсени оңдой албайт. Бир нерсе анык. Тынараны эл да, мугалимдер да каалабайт. Анын кайра келип иштөөгө моралдык укугу жок.

Элдик Революцияны коргоо комитеттеринин өкүлдөрү:
1. Кенеш Калматов-областтык рев. комитеттин төрагасы;
2. Жаныбек Бейшенов-рай.рев.комитеттин төрагасы;
3. Сагыналиев Жаныбек-рай.рев.комитеттин мүчөсү;
4. Козубак Айталиев- Ү.Өмүралиев атындагы айыл округунун рев.комитетинин төрагасы;
5. Каныбек Шүгүралиев- Бекмолдо а/о рев.ком төрагасы;
6. Эркин Борбиев- Кууганды а/о рев.ком. төрагасы;
7. Тынарбек Иманалиев-А.Нуржанов а/о рев.ком. төрагасы;
8. Буруш Шырдакова- Көк-Ой а/о рев.ком. төрайымы;
9. Талант Нуралиев- Калба а/о рев.ком. төрагасы;
10. Шабдан Сулайманов- Талды-Булак рев.ком. төрагасы;
11. Берик Рысалиев-Р.Айдаралиев а/о рев.ком. төрагасы;
12. Алмаз Сүйүнтбеков-Жергетал а/о рев.ком. төрагасы;
13. Бакыт Чечебаев- Арал а/о рев.ком. төрагасы;
14. Төлөн уулу Султан-Бердике а/о рев.ком. төрагасы;
15. Ж.Чандыбаев-Долоно а/о рев.ком. төрагасы;
16. Султанбек Борбашев - Карасуу а/о башчысы;
17. Кыштакбек Акматов -Ү.Өмүралиев а/о башчысы;
18. Улан Кудайбергенов-Талды-Булак а/о башчысы;
19. Муктарбек Кунасов-Жергетал а/о башчысы;



Кыргыз Республикасынын Президенти
Роза Исаковна Отунбаевага
Курман болгон таластык балдардын
ата-энелеринен, жакындарынан
КАЙРЫЛУУ
Ардактуу Президентибиз Роза Исаковна! Биз сизге кайрылганыбыздын себеби, төмөндөгүдөй: Эл-жер, чындык үчүн деп балдарыбыз курман болгондон бери 10 айдан ашты. Ошондон бери балдарыбыздан айрылып, өмүр өткүчө кайгыга малынганыбыз аз келгенсип, эми сот акыйкат жүрсө экен деп азап тарта турган болдук. Өткөн сот процесстери менен тааныш болушуңуз керек. Эң эле жөнөкөйүн алганда, балдарды атайын мээлеп башка, жүрөккө, жада калса жан жерге атып мерт кылышкан көзгө атарлар алигиче камалбастан, үйлөрүндө, ал гана эмес, жумуштарында дагы эле иштеп жүрүшкөндүктөрү кыжырыбызды келтирип, айран таң калтырды. Элдин нааразычылыгын туудуруп, бийликке ишенбөөчүлүктү пайда кылды. Тоок уурдагандар деле камалат экен. Курман болгон балдар тоокчо болбой калдыбы?
Сиз да энесиз, ал турсун ушу мезгилде Орто Азия чөлкөмүндө эгемендүү парламенттик жолду тандап алган жападан жалгыз аял президентсиз. Ошондуктан энелердин атынан кайрылуу жазып тапшырган элек. Бирок жооп ала алган жокпуз. Ушул катты бүгүн сизге өз колуңузга тапшыргыбыз келет.
7-апрелди эл революция деп атаганы менен, мамлекеттин деңгээли эмне үчүндүр алигиче 7-апрель окуясы деп аталып жүрөт. Артыңардан элди ээрчитип революцияны баштадыңар. Эл менен кошо жүргөн биздин балдарга ок тийип, өмүрлөрү кыйылды. Эми минтип акыйкат издеп кайда барабыз? Балдарыбыз өмүрлөрүн кыйса, энелеринин көз жашы тыйылабы? Элди аткан көзгө атарлар камалмайынча, сот иши акыйкат жүрүп өз жазаларын алмайынча, биздин көксөөбүз суубайт. Элдин бийликке болгон ишеничи акталбайт!
Кыжыры кайнаган эл, жаштар, ата-энелер күнөөлүүлөрдү таш бараңга алыш керекпи деп жатышат. Ушуну күтүп жатасыңарбы? Акыйкаттык үчүн дагы өмүрлөр кыйылып тополоң болушу керекпи!
Биз, балдары курман болгон таластык ата-энелер өзүбүздүн атыбыздан жана жалпы шейит болгон 88 баланын жакындарынын атынан өтүнүч эмес, талап кылабыз:
1) Балдардын өмүрүн кыйган көзгө атар желмогуздар тезинен камалсын!!!
2) Мамлекеттик деңгээлде 7-апрель революциясы парламенттик сессияда каралсын.
3) 7-апрель революциясына саясий баа берилип, статус берилсин!
4) Сот отуруму акыйкат жүргүзүлсүн.
5) Сот отуруму сыналгы, үналгы аркылуу түз берилип, мамлекеттик - кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
6) Сот отурумунун жүрүшүнө баштан-аяк жооп берип көз сала турган, биз менен да өкмөт менен иштешкен адамды бекитип берүүнү өтүнөбүз.
7) Өз элине ок аткандарга эң жогорку жаза берилишин талап кылабыз.
Сизге, урматтуу Роза Исаковна, Кыргыз мамлекетинин Президенти катары ищеним артып, жыйынтык чыгарат деген чоң үмүтүбүз бар.
Соттун өкүмү, жыйынтыгы жабырлануучулардын эле үмүтүн эмес, бүткүл мамлекеттик иш, 7-апрель революциясына баа берүү, мамлекеттин аброю, элдин ишеничи!!!

Сизди урматтап, акыйкат талап сураган - шейит болгон 88 баланын жакындарынын атынан таластык ата энелер:
1) Таштекеева Кишимжан
2) Айылчиев Турдубек
3) Түлөканов Кожон
4) Самбарова Уулжан
5) Сейдасанова Гүльмира
6) Нуралиева Шарапат
7) Иманалиев Мыктыбек
8) Бөкөчөнова Күмүшай
9) Бөкөчөнов Жолчубек
10) Ашыралиев Сүймөнкул
11) Төрөгелди Ташболот
12) Карбосов Жусуп
Талас шаары 0772100912




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«