Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кыргызстан маданияты

Нурбүбү Мусаева,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Биздин театр жайдары жашоону элестетет…"
"Жоону сайса эр сайды, аты калды башчыга…" демекчи, көшөгө артында көп таланттар анчейин байкала бербейт. Бирок, алар татаал баскычтардан басып өтөт. Анык эмгекти, чоң түйшүктү дал ушул адамдардын ишмердүүлүгүнөн көрүүгө болот…

Жакшы тилек, жаркын үмүт…
- Буйрукпу же маңдайга жазылган тагдырбы, айтор, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына баш багып калдым. К. Саскеев дал ошол театрда директор, режиссёр болуп турган экен. Агай менин "Актриса болсом" деген максатымды билген соң, анча-мынча өнөрүмдөн көрсөтүүмдү суранды. Ырдадым. Анан образга кирип, өзүмө жаккан темалар боюнча ой-пикиримди айтып бердим. "О-о! Жакшы, жакшы. Сен бизге керек экенсиң. Иштейгой" деп агай мени өз кызындай жылуу кабыл алды. Көп өтпөй приказ чыгып, мени театрга алып калышты. Алгач репетицияларын көрүп, менде коркуу, чочулоо сезими пайда болду. "Кантем? Кантип, мына бул артисттердей боло алам?" деген кооптонуу болоор эле. Антсе да, кызыгуум, дараметим күчтүү болчу. Билинбей эле бөбөктайларга кубаныч тартуулаган куурчактар дүйнөсүнө аралашып кеттим. Токтолбой изденип, иш үстүндө болдук. Барган сайын такшалып, кайралып, тажрыйба топтоп келдик. Ойнобогон ролум деле калган жок. Азыр ордубузду баса турган жаштарга жол көрсөтүп, улуулук кеп-кеңешимди, акыл сөзүмдү айтып, аларга тажрыйбамдан бөлүшүп, актёрдук чеберчиликтин көп түрдүүлүкөрүн үйрөтүп калам. Мына ушул ыйык жайга байланган тагдырымда мен адал эмгек, ак ниет, жаркын үмүт, жакшы тилектер менен жашап келем…
Учу-кыйырсыз ой-туюмдар
- Өзүңүз да көргөнсүз. "Томого" спектаклинде Найман Эненин образын алып чыктым. Чыгармада жүрөктөн сызылып өтө тургандай чоң философия жатат. "Бала менен эненин ортосунда ажырым болбосун" деп жөн жеринен айтылбаган. Бир боорунан алыстап, андан ажырап калган Эненин күйүтү, арман-касирети - бул көңүлдү эзе турган кейиштүү абал. Дал ушул аргасыз муңду укмуштай элестүү кылып сүрөттөп берген калемгерлердин күчүнө тен берем. Мен Найман Эненин ролун ойногон сайын ошол образ менен дем алып, аны менен азыктанып, жашагандай болом. Спектакльде Найман Эненин уулу Жоломанга Бешик ырын ырдап берген эпизоду бар эмеспи. Ошол жеринде эмнегедир тамагым буулуп, көз жашымды тыя албай кыйналам. Көрсө, энелердин тилек-үмүттөрү бирдей тура. Найман Энедеги уулуна болгон чексиз сүйүү, учу-кыйырсыз ой-туюмдары, ал ырдаган Бешик ыры да бардык Энелердин көңүлүндө жашайт.
Мына, азыр да "Маңкурт" түшүнүгү өзү күчүндө… Кечээки эле революцияда канчалаган азамат уулдарыбыз курман болду. Кандуу окуянын кесепети канчалаган Энелерди сыздатып, көз жашын төкпөдү. Бийлик мындан сабак алса… Азаматтардын арбагы, Энелердин күйүт баскан муң-зары алдамчылыкты, абийирсиздикти кечирбес…
Адал эмгек
- Тыным билбес театрда ысык-суукту көп көрдүк. Кыштын кыраан чилдесинде Нарынга чейин барып, үч-төрт айлап командировкаларда жүрдүк. Моюбадык. Анда коом түшүнүгү башкача тура. Адамдардын пейили ак экен. "Мен мынча жыл иштедим. Сыйлык-наамды мен алышым керек!" деген өңдүү доомат-кыйкырыктар угулчу да эмес. Чыгармачылыкта эсептешүү деген жок боло турган. Азыркыдай эптеп эле элдин алдына чыга калып, өзүн таанытыш максат эмес эле да…

Көшөгө артында…
- Бизде тынымсыз иш, кайнаган жашоо… Бирок, бизди "Куурчак театры…" дешип эч кимиси деле эсепке албайт. Башкалардай "жарк" этип көрүнүп, эл алдына чыга бербейбиз. Дайым шырманын артында болобуз. (Шырма - куурчактарды көтөрүп, ойноп жаткан артисттерди көрүүчүлөргө көрсөтпөй, калкалап турган кадимки тосмо, көшөгө - АВ.) Эмнегедир жогор жактагылар деле бизге анчейин маани беришпейт.
Чоң кишилер өзүлөрү да бала болгонун, куурчак кармап чоңойгондорун аңдагылары келбейт окшобойбу. Бир спектаклди күнү-түнү даярдап, анын премьерасын көрүүгө чоңдорду эптеп көндүрүп, чакырып келебиз. Ошондо гана: "Аа, сиздердин эмгек түйшүктүү, ага жараша суктанаарлык тура" деп таң калышат. А башкысы, биздин жүздөгөн, миңдеген көрүүчүлөрүбүз бар. Алардын ойлору ак, жүрөктөрү таза. Шырма артында көрүнбөй жүрсөк да, асыл дүйнө менен аралашып, бөбөк тайларга жарык маанай, жаркын үмүттөрдү тартуулап, эмгектенүүдөн ырахат алып, өзүбүздү бакубат сезип келебиз.

Жарык жүз, таза дил
- Эгерде ишиңде атмосфера көңүлдөгүдөй жагымдуу болсо, анда ал да чыгармачылыгыңа стимул болот го. Биздин театрда да жайдары жашоо орун алган. Эшиктен кирээриң менен тамаша сөздөр, күлкү, жылмаюулар, жадыраган көз караштар… Баардыгы жан дүйнөгө төп келген көрүнүш. Интрига менен ишибиз да жок. Жүзүбүз жарык, дилибиз таза. Көздүн жашындай кичинекей айлык алсак да, ал баарына жетет. Эл катары кийинип, эки жакка барабыз. Майрамдарда салтанаттуу кечелерди өткөрүп, эс алабыз.
Бир жакшы жери, байлардай заңгыраган кабат-кабат үйлөрдү куруп алып, ага бийик коргондорду салып: "Качан ушул байлыгымдан кол жууп калам?!" деп коркуп, супсак жашоодо томсоруп олтурбайбыз. Дайым эшигибиз ачык. Анын тегерегин тосуп, бекитүүнү да каалабайбыз. Болгон кийимди кийебиз да, карандай чай болсо да, шарактап олтуруп ичебиз. Бизге чыгармачылык ишмердүүлүгүбүз токтолбой, жүрүп турса гана болду. "Башкысы, үйдө олтургулук кылбасын" деген аруу тилегибиз бар.

Эркин чыгармачылык
- Залкарлар туурасында сөз болгондо, К. Саскеевдин профессионал ишмердүүлүгү, адамгерчилик асыл сапаттары эске түшөт. Кээде режиссёрлор менен иштешкенде көңлсүздүк орун алып, кайчы пикирлер, талаш-тартыштар да жаралат. Ал эми К. Саскеев көрөгөч, тажрыйбасы мол режиссёр боло турган. Ал киши адамды дароо эле өзүнө арбап алчу. "Балдар, кам санабасаңар да болот. Мен турганда спектаклиңер жакшы чыгат" деп тамашалап, күлдүрүп олтуруп эле спектаклди даярдап койчу. Күндө эртеден-кечке репетицияга чакырып, кыйначу да эмес. Театрга анда-санда эле бир келебиз да, эң сонун спектакль коюп, театр сүйүүчүлөрүн кубантып калчубуз. Ал киши ар бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша мамиле жасап, адам психологиясы менен иштеше билчү. "Сеники жаман же окшошпой жатат" деп эч качан үнүн бийик чыгарып, сындаганын көргөн жокмун. Агайдын жумшак мүнөзү адамдын дараметин өстүрүп, өөрчүтүүгө өбөлгө болчу. Кай бирде репетиция маалында байкоосустан эстеп калсам: "Садагаң болоюн, барып эс алагой" деп репетицияны токтотуп коёр эле. "Жо-ок, агай! Чарчаганым жок" деп ыңгайсызданганыма карачу да эмес. "Кызым, анда барып чай ичип келегой" дей турган. Ал кишинин жагымдуу мамилесинен улам: "Ишенимди актап, уят болбойлу" деп болгон күч-аракетибизди жумшап, натыйжада, жакшынакай спектаклди даярдап чыгараар элек. Агай биздин чыгармачылыгыбызга бир да жолу чектөө койгон жок. Ал дайым кесиптештер арасында кадыр-барк үстүндө жүрдү. Мындай жакшы адамдар адамгерчилиги менен өзүлөрүнө өчкүс ат, урагыс бекем көпүрө тургузуп кетээрин билдим.

Сапат
- Жарашпаса да алдыга умтула бергендер бар. Бул менин мүнөзүмө жат көрүнүш. Жөн гана планды толтуруп коюу үчүн эле өз милдетин чала-чарпыт, так эмес аткаргандарды жактыра бербейм. Ишимди санына эмес, сапатына карата так жана туура жасаганды каалайм. Айланамдагылардан да так ошондой мамилени талап кылам.

Бийик ашуу…
- Өз күчүмө көбүрөөк ишеним артам. Баарыбызда эле оорчулуктар, татаалдыктар бар. Турмуш кайыгым кыйшайып бара жатса же туура эмес нукка түшүп, мени кыйнаса, аны жарыя айтып, мүңкүрөп, мөгдөп, башымды ылдыйлатып, ыйлай бербейм. Адам кайраттуу болууга тийиш. Кыйынчылыкта бүжүрөп, өзүңдү төмөн түшүрүүнүн кажети барбы?! Аны менен эле баары бүтүп калбайт. Алдыда дагы нечендеген ашуулар бар. Ызгаарлуу кыштын артынан жаадыраган жаз да келээр... Жамандыктын артында адамды сөзсүз жакшылык "жарк" этип тосуп алат.
Көйгөйлөрдөн мени кайраттуу мүнөзүм жана чыгармачылыгым гана алаксытат. Мезгилдин агымы менен кыйын кезеңдер да унутулат тура…
Нурзада ОСМОНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??