Намазкана чыры

АРАДАЙ ЖЕРДЕН ЧАРАДАЙ ТАЛКУУ ЖАРАЛЫП...
Жогорку Кеңеште намазкана ачуу маселеси ушул аптада кайрадан козголду. Дин иштери боюнча комиссияга жаңыдан дайындалган Ормон Шаршенов намазкана ачууга каршы экенин билдирген. Бирок аны кызматтан кетиребиз деген депутаттар да болууда.

Жарандык көзөмөл комитети, Укук коргоочулар кеңеши, "Демократия жана жарандык коом" үчүн коалициясы жана башка өкмөттүк эмес уюмдар Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Ормон Шаршеновдун парламентте намазкана ачууга каршы болгон аракетин колдоого алышууда.

"Аркы дүйнөдө депутат жок"
"Перемена" инновациялык билим берүү борборунун аткаруучу директору Алмаз Тажыбай буларды билдирди:
- Эгер мыйзамга таянса, бул туура эмес. Канча деген адамдар, менин деле досторум мечитке эле барышат. Аркы дүйнөдө депутат деген жок да. Эгер мусулман маселелери менен карасак да бул дүйнөдө эл катары жөнөкөй эле болуш зарыл. Динде "эл менен чогуу болуш керек" деп айтылган. Же болбосо, Жогорку Кеңештин жанына мечит куруп коюш керек. Мамакеевдин клиникасынын жанында мечит бар го, ошол сыяктуу кылып. Бирок мамлекеттин эсебинен эмес.
Ал эми "Тилектештик" жарандык кыймылынын өкүлү Азамат Тынаевдин пикиринде, эгер депутаттар эл камын ойлоп, маанилүү маселелерди чечип жатса, аларга намазкана гана эмес, башкасын да даярдап берүүгө шайлоочулар деле макул болмок:
- Азыр өлкөдө болуп жаткан социалдык, өзгөчө экономикалык абалга караганда депутаттар көтөргөн бул маселе убагында коюлуп жатабы же жокпу деген шек пайда болуп жатат. Менин оюм боюнча, бул баягы совет доордон калган номенклатуранын адаты. Коммунисттер "спец" деген нерселерди аябай жакшы көрчү эмес беле. Атайын учак, ашкана, дүкөн жана мейманкана деп.
Дин иштери боюнча комиссиянын башчылыгына жаңыдан келген Ормон Шаршенов Жогорку Кеңеште намазкана ачууга каршы экенин 16-февралда "Ата-Журт" фракциясында "Дин тутуу эркиндиги" жөнүндөгү мыйзамды кароо учурунда билдирген.
Анын жүйөсү боюнча, эгер Жогорку Кеңешке намазкана ача турган болсо, башка дагы эки жарым миңден ашуун уюмдун өкүлдөрүнө диний жөрөлгөлөрдү жасоого шарт түзүп берүү керек. Бирок анын намазкана ачууга каршы пикири партиялаштарынын катуу сынына кабылды. Ошол эле жыйында "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ормон Шаршенов менен кайым айтышып, аны кызматтан алуу маселесин көтөрө тургандыгын айткан. Ормон Шаршенов кызматка "Ата-Журт" партиясы аркылуу дайындалган болчу.

Талкуу жараткан маселе
Учурда Жогорку Кеңеште болжол менен жума намазга барып жаткан жыйырма чакты депутат бар. Алардын ичинен жети-сегизи беш убак намаз окугандар болушу мүмкүн. "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке намазкана ачуу маселесин жетекчилик гана чечип коё турган майда-барат иштерден деп эсептейт:
- Бул боюнча ар бир жетекчи өзү эле чечип коюш керек. Мен мисалы үч жыл Каржы министрлигин, эки жыл Экономика министрлигин жетектедим. Намаз окуган балдар убактысын үнөмдөш үчүн бир кичинекей бөлмөнү тазалап берип койгонбуз. Ар бир жетекчи мусулмандар көп болсо, аз болсо деп карабай, аларга шарт түзүп берип койсо жаман деле болмок эмес. Кыргызстанда үч миллион алты жүз миң мусулман бар деп айтылып жүрөт. Андыктан бул ар бир жетекчинин милдети.
Бул маселеге байланыштуу Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Ормон Шаршеновдун жообун алуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Жогорку Кеңеште намазкана ачуу маселеси өткөн жылдын декабрь айында биринчи жолу Социал-демократтар партиясы тарабынан көтөрүлүп, ошондон бери жарандык коомдун каршылыгына туш болуп келатат.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




КР Президенти Р.И.Отунбаевага
КР Премьер-министри А.Ш.Атамбаевге
КР Жогорку Кеңешинин
төрагасы А.К.Келдибековго
Республикадагы бардык массалык-
маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө
КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Өмүрбек Чиркешович!
Мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн башкы демилгечиси Сиз экендигиңизди жумурай журтубуз билип жатат.Ошого байланыштуу мен уулум Бекназар Капаровдун тагдырынан улам Сизге кайрылып жатам. Капаров Бекназардын 2010-жылдын 13-декабрында берген арызынын негизинде Генералдык прокуратура тарабынан 2011-жылдын 5-январында кылмыш иши козголуп, тергөө-иликтөө иштери алынып барылып, табылган далилдердин негизинде 2011-жылдын 13-январында январында 1-Май райондук сотунун чечими менен ГУУР ИИМдин эки кызматкери Иманалиев Жолдош жана Турдалиев Акимали УККнын Сизосуна камалган эле. Алардын калган шериктери Канат, Акан (Канболот), Мидин жана Тилек деген (ОПГ) уюшулган кылмышкерлер тобунун мүчөлөрү качып издөөдө жүрүшөт.
Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 24-январындагы чечими менен ГУУР ИИМнин кызматкерлери Ж.Иманалиев жана А.Турдалиев УККнын Сизосунан бошотулуп жиберилген. Бул уюшулган кылмышкерлер тобунун 4 мүчөсү кармалбай качып жүрүшсө, Бишкек шаардык сотунун кармалган кылмышкерлерди бошотуп жиберүү жөнүндөгү чечими иштин аягына чыгуусуна тоскоол болуп гана калбастан, көрсөтмө берүүчү күбөлөргө кысым жасалып, менин баламдын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн өмүрүнө ден-соолугуна коркунуч келтирүүдө.
Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү ГУУР ИИМдин кызматкерлери экендигинен улам жана алар мурдагы наркомандардан, ууру кескилерден "лжесвидетелдерди" даярдап балам Капаров Бекназарды каралоого болгон аракеттеринен жана физикалык уничтожение жасап жиберүү коркунучунан улам ал убактылуу жашынып жүрүүгө мажбур болууда.
Белгисиз адамдар Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы үйүбүзгө чейин барып, номери аныкталбаган уюлдук телефондордон чалып коркутуулар болуп жатат.
Эч бир акылга сыйбас маселе, бул Иманалиев Жолдош тарабынан прессада көтөрүлгөн "түндүк-түштүк" маселеси, кечиресиздер биздин жактоочуларыбыз Ж.Арстанов жана М.Шеркулов экөө тең, Иманалиев Жолдоштой эле биздин Манас атабыздын мекени болгон Таласыбыздын кулундары.
Өкмөттүк ишканадагы (ГУУР МВД) бул талап-тоноочу кылмыштуу топ(ОПГ) толук ашкере кылынып, кылмышкерлер жазаланышса , мамлекетибиздин күч структураларында орун алган кылмыштуулукка бөгөт коюлган болоор эле.
Уулум Бекназар Капаровду кордогон,мажбурлап мүлкүн тартып алышкан Жолдош Иманалиев,Акимали Турдалиев баштаган ГУУРдун "коркутуп алуучулары",менин уулумду коркутуп-үркүтүп пешене тери менен тапкан байлыгын саттырып түшкөн каражаттарын өздөрү алганы, каражаттын 30 миң долларын Ички иштер министрине беребиз дегендерин унутушуп,пресс конференция уюштурушуп, тескерисинче өзүн запкы жеген жабырлануучудай көрсөткөнүн окуп алып,Сизге кайрылууга мажбур болдук.
Максим Бакиевдин миллиондогон долларларын уурдаган деп жалган жала жаап жатышат, кайсыл акылсыз адам үйүнө жүз миң деген АКШ долларын сактайт. Максим Бакиевдин жок эле дегенде 5-6 кредиттик карточкасы болсо керек, дүйнөнүн любой точкасынан акча алганга жарай турган.
Ошондой эле мен балам Бекназар Ош областынын Кара-Cуу шаарынан, Жалал-Абад шаарынан Бишкектин базарларына "Камаз" менен күрүч, Кытай менен Казакстандан келген вагондордон азык -түлүк товарларын ташып сатып жүргөн.
Бул Ички иштер министрлигинин ичиндеги (ОПГ) уюшулган кылмышкерлер тобунун мүчөлөрү гезит беттерине берген материал-маегинде айласы кеткен "коркутуп алуу" бөлүмүнүн жогорудагы кызматкерлери өз иштерине саясатты ыраалаштырып, түндүк-түштүк маселесин уялбай ортого салышкан. Эгерде биз түндүк-түштүк маселесинин жактоочулары болсок,анда биз өзүбүздүн актоочуларды таластык жарандардан тандабас элек.Биз менен иштешип жүргөн эки актоочу тең Талас өрөөнүнүн кулундары. Жаман менен жакшы кереметтүү Кыргыз жергесинин ар тарабында бирдей.Жакшыларыбыздын көптүгү Кыргыз элибиздин биримдигин бекем кармап турса,арабыздагы жамандардын кесепети элибиздин ынтымагына доо кетирип жаткандыгы азыр жашыруун болбой калды.
Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмышына жараша өз жазаларын алуусуна көмөк көрсөтөөрсүз деп Сизге терең ишенип кетемин.
Сизди терең урматтоо менен
Бекназар Капаровдун атасы Анарбай Капаров.
12.02.2011-жыл.