кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї

Атаандаш өкмөт түзүлдү
Кыргыздын тың чыкма кыйындары бүгүн бир атанын балдарындай бириккени турушат. Бириккендери го жакшы, бирок, бизде коон үзгөнгө чейин дос болуп, "коон бышканда ажырашып кетме" жайлары бар эле. Бул саам окуя кандайча өнүгөөрүн алдын ала айтуу кыйын. Анткени 20 саясий партиядан жана коомдук уюмдардан куралган Кыргызстан саясий партияларынын конгресси, альтернативдик парламент жана өкмөттүн түзүлүшү менен саясий оюндардын эң кызыгы башталгандай. Альтернативдик парламенттин спикери болуп, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Муктарбек Өмүракунов, ал эми өкмөт башчы болуп, Аликбек Жекшенкулов шайланышы, коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Шайлоодо парламентке өтпөй калган бул партиялардын биригиши бекеринен эместигин байкаган спикер Акматбек Келдибеков , булар менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, ортодогу меморандумга кол коюп да жиберди. Мындан ары Альтернативдик парламент менен өкмөт, саясий, социалдык экономикалык маселелер жана ар түрдүү мыйзамдардын альтернативдик варианттарын сунуштап турушаарын билдиришти.










??.??