Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

"Кумтөр" компаниясы Канаданын менчиги эмес!"

16- февраль күнү "Учкун" акционердик коомунун алдында "Асаба" кайра жаралуу партиясы баш болгон көптөгөн коомдук бирикмелердин нааразычылык акциясы болуп өттү. Нааразычылык акцияда, " Кум-Төр" компаниясы мамлекеттин карамагына өтүшүнө мезгил бышып жетилгенин, аталган компаниянын ичине финполиция, салыкчыларды мындай кой, УКМКнын кызматкерлери кире албастыгын айтып чыгышты. Акаевдин үй-бүлөсү менен келишим түзүлүп калганын, ал келишим бүгүнкү күнгө чейин таасирин жогото электигин баса белгилеп, А.Акаев ошол эмгеги үчүн бүгүнкү күнгө чейин "доляда" отургандыгын да айтып өтүштү.


Айдаров Таалайбек укук коргоочу:
- Өзүңөр билгендей, өлкө өтө оор абалда. Ушундай оор абалдан чыгып кетүү үчүн, биз өз байлыктарыбызды өзүбүзгө кайтарып алышыбыз керек. "Кумтөр" компаниясы өлкөдөгү эң кирешелүү өндүрүш болуп эсептелгени менен мамлекетке эч кандай пайда алып келген эмес. Сыналгыдан, үналгыдан, ал тургай гезит беттеринен окуп, көрүп, "Кумтөр" компаниясы мамлекеттин карамагына өтүшүнө мезгил бышып жетилгенин билдим. Биздин мамлекетке "Кумтөр" компаниясынын зыяны пайдасынан көп. Ал бир гана чет элдик ишкерлерди байытып жатат. 1997-жылы "Кумтөр" компаниясынан түшкөн кирешенин 67 пайызы мамлекетке, ал эми 33 пайызы Канадага түшсүн деген токтом чыккан. Бирок, ортодогу шылуун жетекчилердин айынан, аталган 67 пайыз өлкө казынасына толугу менен түшчү эмес. Анысы аз келгенсип, 2003-жылы тескеринен "Кумтөр" компаниясына түшкөн кирешенин 33 пайызы өлкөгө, ал эми 67 пайызы Канадага түшсүн деп токтом бекилип калган. Ошондо айрым шылуун жетекчилер ортодон 20 миллиондон ашык долларларды сол чөнтөккө уруп коюшуптур. Биздин бүгүнкү талабыбыз: "Кумтөр" компаниясынын түшкөн кирешесинин көпчүлүк пайызы мамлекетке түшсүн, жана "Кумтөр" компаниясынын ички-тышкы абалы, күнүмдүк кирешеси элге ачык-айкын жеткирилип турсун!

Салмоорбек Дыйканов:
- Эгерде кыргыздын бир жараны ишкана ачса, аны финполициясы, салык жыйноочулары, Эсеп палатасы, электриктер сыяктуу мамлекеттик органдар текшерип эле басып жатып калышат. А эмне үчүн биз "Кумтөр" компаниясын текшере албайбыз? Аталган компаниянын ичине финполиция, салыкчылар кире албайт. Ал тургай УКМК кире албайт экен. Бул мамлекетти тоготпогондук болуп эсептелинет. Канадалыктар бизге окшогон мамлекеттерге барышып, анча-мынча аңкоо жетекчилерге пара берип, акырын жеңил-желпи кирип алышкан. Биринчи булар Акаевдин үй-бүлөсү менен келишим түзүп, ал келишим бүгүнкү күнгө чейин таасирин жогото элек. Ал эми А.Акаев ошол эмгеги үчүн бүгүнкү күнгө чейин "доляда" отурат дешет. Андан кийин Бакиевдер да "доляга" кошулганын угуп жүрөбүз. Азыркылар деле соо эместиги билине баштады. А текшерип-тескейли десек, эч кандай текшерүүгө жол бербей жатышат. Башты чирите турган жүздөн ашык баракты көрсөтүп коюшуп, оңой кутулуп кетишүүдө. Биздин негизги талабыбыз, кыргызга канча киреше, пайда түшүп атат? Жылына канча алтын казылып алынат? Түшкөн кирешелер түз эле казынага келип түшөбү же сол чөнтөккө салынып калабы? Мына ушуларды текшергенге мамлекеттик органдардын укугу болсун. Бул компания Монголияга дагы "Горо Голд" аттуу компания ачышып, монголдорго, "бир жылда бир тоннадан ашык алтын табабыз. Бул келишим элүү жылга чейин созулат. Биринчи силер беш жыл бизге тийбегиле, салык салбагыла, биз буттан туруп алалы, анан калган акция силерге өтөт" деп келишимге кол коеор замат Монголияга килтейген компания ачышып, беш жылга жеткирбей алтын кендерин казып бүтүрүп туруп басып кетишкен. Булар башынан бери бизди алдап, аферисттик жол менен алтындарыбызды ташып кетишүүдө. Мен ойлом, бул жерде да биздин атка минерлерибиз таза эмес болуш керек. Текшерүүгө бизге укук берсин. Анткени элде бул жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бир күндө 200 кг алтын казып алабыз деп айтып жүрүшөт. Ишеничтүү маалымат булактардын айтымында, 200 эмес 350 кг алтын алышууда. Ал эми алтындын бир тоннасы азыркы баа менен 45 миллион доллар. Болжол менен бир жылда бир миллиард доллар киреше түшөт. Эгерде азыркы бийлик колдоп, булар макул болсо, анда компанияны ачык-айкын изилдеп, текшерип чыгыш керек. Кыргыздын жеринде, кыргыздын кен байлыктарын иштетип алышып, өзүнчө мамлекет болушпасын. Мамлекет менен, эл менен эсептешсин!

Бекназар Айталиев:
- Эгемен жылдардан бери биздин бийлик ар дайым тетири иштерди иштеп келүүдө. Алардын өлкөгө пайдасынан зыяны көп. Кыргызстандагы эң ири компаниялардын бири "Кумтөр" компаниясы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, чет элдиктердин чөнтөгү үчүн иштеп келген.Ушу күнгө чейин материалдык, экологиялык зыян келгенине эч ким көңүл бурбай келет. Бул жерде мурдагы келишимдерди жокко чыгарып, элдин пайдасына жаңы токтом кабыл алышыбыз керек. Жок дегенде Кыргызстан менен аталган компания түшкөн кирешени теңме-тең бөлүшү керек. Болбосо өлкөгө эч кандай пайда алып келбегенден кийин, иштебесин!

Дүйшеев Жаркынбек:
- Эң биринчиден, бул компания экологияга өтө чоң зыян алып келүүдө. Цианид уу заты Ысык-Көлгө эле тарабастан бүтүндөй Кыргызстанга аба аркылуу тарап жатышы мүмкүн. Ал эми чет элдик компаниялар биздин кызыкчылыгыбызды ойломок беле? Аларга биздин экология бир тыйынга да татыбайт, туурабы? Экинчиден "Кумтөр" компаниясынын 70 пайызы мамлекетке өтсүн. Эгерде элге пайдасы келбесе, бизге мындай компаниянын кереги жок. Анда компаниянын ишин токтотуш керек!

Лира Усубалиева:
- Акыркы беш жылдыкта өлкөдө бир эмес эки революция болду. Анын себеби эмнеде? Анын себеби - элдин жакырчылыгы. Эгерде киреше булактардын көбүн мамлекеттин казынасына буруп коюшканда, анда өлкө бүгүнкү көрүнүштөн кыйла жакшы абалда болмок. Убагында биздин атка минерлер ортодогу келишим туура түзгөндө , анда мүмкүн бул эки революция болмок эмес. Себеби, мындай ири компания менен биздин чакан өлкөбүздү бутунан тургузуп коюуга болот. Бүгүн биз темселеп, нааразычылык акцияларды уюштурмак эмеспиз. Келечек муун биздей болуп жакырчылыкта жашабасын деп ушундай акцияларды уюштуруп жатабыз. Аталган компания менен болгон буга чейинки келишимдерди жокко чыгарып, коррупциянын тамырын кыркып, элдин пайдасына жаңы токтом иштеп чыгыш керек. 1997-жылы келишим түзүлүптүр. Биз билбей жүрүптүрбүз. Көрсө, Түркиянын компаниясынан акча алып туруп, анын негизинде "Кумтөр" курулуптур да, 1997-жылдан бир топ жылга чейин мамлекет бир алтын албастан, Түркиянын карызын төлөп бериптир. Көрсө бул компания өзүбүз курган ишкана экен. Эч кандай канадалыктардын тиешеси жок. Тактап айтканда, Түркиянын компаниясы менен биздин өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн компания. Буга чейин бийлик башындагылар акмакчылык менен элге пайдасы жок келишимдерге кол коюп келишти. Эми мындан ары жол бербешибиз керек. "Салыштырмалуу бүгүнкү Өкмөт кыйла жакшыраак, эми булар карайт" десек, булар деле эски бийликтин жолу менен кетип бараткансыйт. А.Келдибековго, К.Ташиевге кирип бул жөнүндө айтып, түшүндүрдүк. Буюрса, бул маселе жакында парламентте каралат. Мындай нааразычылык акцияга 8000 адамдын колу коюлган. Аны Өкмөткө, парламентке жөнөткөнбүз.

Кубан:
- Элге айтып, түшүндүрүп, ачык-айкын иштемейинче биздин кыргыз оңолбойт. Чындыкты жашыргандыгы үчүн А.Акаев тактан кулады. Андан кийин К.Бакиевди кубаладык. Азыркы Өкмөт дагы эки кулагыбызга "лапшаларды" илип атышат. Ошону үчүн биз бүгүн нааразычылык акцияларын уюштуруп жүрөбүз. "Кум-Төрдөн" да башка кен байлыктарыбыз талкаланып жатканын бүгүн ким жашырат. Эмне үчүн кен байлыктарды туура колдонуп, элдин пайдасына чечип бере албайбыз? Ошончолук эле атка минерлерибиз акмак болуп калганбы? Эмне үчүн чет элдиктерче өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлобойбуз? Мына ушундай толгон - токой суроолорго жооп издеп, нааразычылык акцияларды уюштуруп жүрөбүз.

Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«