Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тышы-капитализм, ичи-коммунизм

Өкмөтчүл же президентке кошоматчы гезиттер гана керекпи?

Басма сөз жана өкмөт - бул бири- биринин позицияларын урматтап- сыйлаган, бирок ар башка милдет аткаруучу табигый каршылаштар.

Бул бийлигиң деле элдин курсагын тойгузуп, өндүрүштү жандантып, элди иш менен камсыз кылып, мамлекетти калыс башкарып жыргатаарына ишенич азайып баратат. Минтип айтканга дагы бир жагдай түрткү болду - мамлекет башчы Р.И.О. өкмөттүн акырынан (демек- элдин эсебинен) жем жеп жаткан "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слово Кыргызстана" гезиттери менен "Кабар" агенттигинин баш редакторлорун кабыл алып, "калыс жазгыла, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болгула" кыязында акыл айтты. Алар баш ийкеп отурду. Ошол гезиттерди эл кубалап жүрүп окуп жаткансып, бир канча миллион сом акча бөлүп, "аз камсыз болгон катмардагы адамдарга арзан жазылуу уюштургула" деп тапшырманы Турдакун менен Апсамат атабызча эле берип атпайбы. Акаев, Бакиев заманында ансыз деле пенсия, пособие алчы жарандарыбызга өтпөгөн өкмөттүк ушул гезиттерди өз баасынан өйдөкү баада, каалабаса да алдыртканын Р.И.О. унутса да эл кантип унутсун. "Ушундай тапшырма берилген, болбосо акчаңды бербейбиз" деп райпочтанын начальнигинен баштап почточуга чейин пенсионерлердин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн бир бөлкө нанын тартып алып, ооздоруна өтпөгөн гезиттерден "оокат тыгышчы." Бюджеттик мекемелерге, ал жерде иштеген кызматкерлерге өкмөттүк гезиттерди мажбурлап жаздыруу эми токтойт экен десек, президент минтип ошону кайра улантууга себеп берүүчү шылтоону өзү сунуш кылып жатпайбы. Өкмөттүк гезиттерге Кудай мындай бербеспи. Көктөн тилегендери жерден табылып дегендей. Ырас, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, улутунун, интеллигенциясынын калыптаныш тарыхындагы эки гезиттин ролу теңдешсиз болгон. Бирок теңдешсиз болгон деп эле отура бербей, сырттагы рынок мамилелерине аралашып, атаандашууга аралашып, элден алып жаткан акчаларды акташ керек да. Акчанын да убалы бар .
Жашообуздун бардык чөйрөсү базар мамилелери менен, б.а. атаандашып жашаганга өттү. Президенттик түзүлүштү бузуп, парламенттик түзүлүштү куруп жатабыз. Саясий партиялар парламенттик шайлоого аттанып, президенттик бийликти кулатууга салым кошкон партияларга эл ишеним көрсөтөт экен десек, алардан да кыйын партиялар бар экен, ошолор алдыга чыгып, тигилер оозунан жемин алдырып отуруп калды. Бул да (акчага алданып болсо да) атаандашуу. Ушул өңүттөн алып караганда жаңы бийлик "өкмөттүк" деген гезиттерге орунсуз артыкчылык берип, аларды атаандашуучулуктан сыртка калтырып койгону окурман кыргыз журтун, саясатчыл болуп кеткен кыргыз журтун нааразы кылып койду. Акаев, Бакиевдерди, алардын аялдарын, бала-чакаларын, кайнене, кайнилерин, балдыз-бажаларын, бир тууган, тагаларын мактап макала, очерк, поэма жазгандардын, китеп жазып,кино чыгаргандардын уюткусу болгон "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттерин деле парламент, Консотко кошуп жоюп жиберип, жалпы негизде, башка бардык гезиттер сыяктуу иштегиле деп жаңы жагдайга такап койгондо, аталган 2-3 гезит эмдигиче рыноктун шартына кадыресе батыл киришип калмак. Жок, элдин арты менен бийликке келгендер кресло талашып, доллар талашып жүрүп, көп жагынан иштери алешем болуп кетти.
Чыгарган гезиттери кеткен чыгымды актап жатабы же жокпу-анысына карабай эле өкмөттүк делген ал гезиттерге элдик казынадан маяна берип, белгилүү сандагы окурмандары жазылып окусун деп каражат бөлүштүрүп, бюджеттик мекемелерге да милдеттүү түрдө жазылууга план салып, аларды аябай эле тайраңдатып койду. Рыноктун тилинде мындай шартты жасалма монополия түзүү деп атаарын монополияга каршы күрөшүү мекемесинен сурашпайбы билишпесе. Саясий түзүлүшүбүз атаандашуучулукка негизденип жаткандан кийин бул тартип массалык маалымдоо каражаттарына да таандык. Ал эми өкмөттүк делген гезиттердеги жашоо илгерки эле коммунисттик доордогу май талкан замандагыдай. Эл окубаган гезит чыгарып, аны элге мажбурлап жаздырып, анан ошондон түшкөн акчаларды айлыктарына кошуп, экинчи жактан бюджеттен айлык, калем акы, командировочный, суточный дегендерди жеп, отурган имараттарын оңдоп-түзөөгө, жылытууга, эмерек, оргтехника, транспорт сатып берүүгө кеткен чыгымдары эле эркин деп эсептелген 2-3 гезиттин басмакана чыгымдарынан ашып түшүп, айтор - жыргал эле турмуш. Жардамга муктаж калктын катмары "дал ушул өкмөттүк гезиттер чындыкты көзгө сайып жазып жатышат, ошолорду окуйт элек" деп Отунбаевага айткан бекен? Бул кадамы менен президент ага чындыкты тайманбай жазган, эл ичиндеги көйгөйдү көзгө сайып көрсөтүп турган гезиттер эмес, "Кыргыз Туусундай" кылчактама, "Эркин Тоодой" ээрчиме гезит керек экенин далилдеп койду. Бийликтин акчасы менен жашаган гезиттер анан кантип кайра алардын кемчиликтерин көзүнө чукуп айтсын. "Бул бийлигиң деле элди жыргатаарына ишенич аз" дегенибиз да ошондон улам айтылды.
Бийлик менен басма сөз бири-биринин көз караштарын сыйлаган табигый каршылаштар экенин мамлекет жетекчибиз да, парламент спикери да, өкмөт башчыбыз да алигиче таназарга алыша элек. Аталган басылмалар өкмөттүк болгондон кийин же мамлекеттик, улуттук өзөк идеологиянын уңгусу ушул деп, мамлекеттеги бардык иштерди ошол идеологияга байлап, башка басылмалар үлгү аларлык иш жүргүзүп жатса экен...
Улуттук идеология демекчи, кеп кезеги келип турганда айтып калбасак сөз атасы өлөөр.Бул маселеде бийлик улуттук биримдикти, элдердин ынтымагын камсыз кыла ала турган идеология болбосо да улуттук интеллигенциянын жигер-кайратын бир багытка топтой ала турган, улуттун биримдигин чыңдоого багыттай ала турган жок дегенде концепция да сунуштай алган жок. Басылмаларды "өз", "жат" деп ала койду бөлө кыркып, ушундан улам да идеологияга жарыбай жатабызбы деген ой кетет. Түштүктөгү коогалаңга байланыштуу эркин гезиттердин айрымдарында жарыяланган макалалар түрмөктөрү үчүн ал жерде эмгектенген журналисттерди орус тилдүү өзүбүздүн эле гезиттер "улутчулдар" деп айыптап, айрым Интернет булактары кыргыздар геноцид жүргүзүп жатат деп каралап жатып калганда да же өкмөттүк гезиттер, же өкмөт өзү бир ооз чечкиндүү позициясын айтканга жарабады. Жылуу сөз айтмак түгүл тескерисинче кыргыздарды "титулдук улут" деп атабагыла, жаңжалды өзбектер баштады дебей эле жазгыла, бөрү баласы ит болбойт деп башка улуттардын өкүлдөрүнүн укуктарын мазактабайлы деген кыязда акыл айткандарычы? Көйгөйдүн ток этээр жерин айтпаган, маселени сылап-сыйпап жазган өкмөтчүл гезиттерди анан ким окуйт эле. Мына, президент кандай гезиттерди колдоп жатат! Анан кантип бийлик оңолсун.
(Бийликке ошончолук эле эл менен көпүрө болуп берүүчү, анан да өкмөттүн мойнуна минбеген, экинчи жагынан эл кызыгып окуй турган гезиттер керек болсо, алардын ортосунда кандай принциптердин негизинде атаандашуучулукту уюштуруп, анан кантип тандап алуу керектигин кийинки сандарыбызда айтып берели.)
КПССке мүчө болбой жүрүп Кыргыз ССР Журналисттер Союзунун 1982-жылдагы сыйлыгынын лауреаты болгон -
Машакбай
РАХМАНКУЛОВ




  Кырдаал

Кыргызстандагы инфляция
Бишкекте элди кайра толкутушу мүмкүн
(Башталышы 1-бетте)
2011-жылдын башында негизинен мугалимдер менен дарыгерлер катышкан нааразылык акцияларынын толкуну бүт өлкөнү каптап өттү. Өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу аракетиндеги Кыргызстанды жаңы өкмөтү мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын кыйла жогорулатууга убада берди.
Бирок ЭВФ айлык акыны көтөрүү азыркыдай кырдаалдан чыгуунун бирден бир туура жолу экендигинен шек санап турат. Мындай аракеттер инфляцияны күчөтүп, орточо мөөнөттө ийкемдүү бюджеттик саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшу ыктымал. "Биздин миссия жакыр жашагандарга социалдык жардам көрсөтүш үчүн социалдык программаларды пайдаланууга чакырат", деди өз билдирүүсүндө ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин экономисти Надим Илахи.
Бирок айлык акы көтөрүлбөсө деле ЭВФтин эксперттери Кыргызстандагы инфляциянын деңгээлинен чочулап турат. "2010-жылдын ортосунан тартып кескин күчөп, жыл аягында 19,2% жеткен инфляция биринчи иретте экзогендик соккулар менен шартталган", дейт Илахи. "Инфляциянын жогорку деңгээли эл ичинде кымбатчылык коркунучун жаратат, жана реалдуу кирешенин азайышынан улам калктын жарды катмарынын турмушуна терс таасир тийгизет. Миссия экономиканы калыбына келтирүү жана былтыркы кризистен эң көп жапа чеккендерге жардам бериш үчүн зарыл болгон салыкчылык позициянын кеңейтилишин колдойт. Ошого карабастан, инфляциянын күч алуу коркунучу бюджетти кеңейтүүнү акыл-эстүү өлчөмдө кармап туруу зарылдыгын эске салат".
Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү 2011-жылдын орто ченине пландаштырылган. Эгерде парламент өз убадасын аткарбай койсо, кызматкерлер жаңы нааразылык акцияларына чыгышы ыктымал. Мындан тышкары, инфляция өзү деле массалык нааразылык жаратышы мүмкүн, анткени тамак-аш өндүрүмдөрүнүн баасы дагы кымбаттап атат.
ПРООНдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жалпы саны 5 млн. кишини түзгөн калктын дээрлик үчтөн бири жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашайт. Айыл жеринде калктын 51% жакырчылыкта жашайт, шаар жеринде бул көрсөткүч 30% түзөт.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2010-жылы ун жана нан азыктары 25%, жашылча-жемиш 12,7%, эт 11,9% кымбаттаган. Иш жүзүндө элдин кирешеси анчалык өсүп жетишкен жок.
Экономикалык тескөө министрлигинин божомолу боюнча, 2011-жылы инфляциянын деңгээли 10% чыгат. Министрликтин күткөнү боюнча жумушсуздуктун көрсөткүчү 10,5% чыгат, деди Финансы министрлигинин статс-катчысы Динара Шайдиева. Эркин изилдөө топторунун божомолунда 2011-жылы инфляциянын деңгээли 20% жетчүдөй.
Батыш өлкөсүнөн келген бир дипломат инфляция Кыргызстанда жаңы социалдык нааразылык толкунун оңой эле жаратышы мүмкүн экенин эскертти. "Тамак-аштын кымбатташы - дүйнөдө болуп жаткан тенденциянын бир бөлүгү, бирок кыргыз коому аны түшүнгүсү келбейт. Эл өкмөттү күнөөлөп, ал нааразылык массалык митингдерге алып келиши мүмкүн. Биз кырдаалга көз салып турабыз", деди дипломат.
Деирдре Тайнан
"Eurasianet",
2011-жылдын 15-февралы
Которгон - "Zpress.kg"




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??