Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Айкын собол

Бюджет маселесин чечүүдө
саясий оюндар жүрүп жатабы?

Антикризисттик ЕврАзэстин Фондунан биздин Өкмөт мындан алты ай мурун эле акчалай жардам сураган эле. Аталган Фонддон миллиондор келбесе деле, ага ишенген Өкмөт быйылкы жылдын бюджетин бекитип койду. Эгерде аталган Фонддон акчалай жардам келбей калса, анда өлкө абалы кандай болмок?

Топчубек Тургуналиев, саясатчы:
- Колдо жок акчаны бюджетке бекитүү - элди алдоо менен барабар. Эгерде нак булактар, ишенимдүү каражаттар болбосо, жок акчаны бюджетке киргизүүнүн кандай мааниси бар? Өзүңөр билгендей, үч жылдан бери дүйнөдө кризис жүрүп жатат. Ал эми ЕврАзэстен келет деген акча курулай сөз. Анын кризистик фондунан жардам сурабасак деле Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин толтурууга беш булак бар. Эң биринчи, жанагы миң баштуу "ажыдаардай" болгон "балакет" коррупцияны тизгиндеш керек. Бир жылдын ичинде болжол менен 50-60 миллиард сом коррупциянын курмандыгы болот. Мындан да көп болушу мүмкүн. Эгерде азыркы жаңы өкмөт коррупцияны колдон эмес, алкымдан алып, жигердүү иштешсе, ошол коррупциянын курмандыгы болгон 50-60 миллиарддын, жок дегенде жарымын сактап калууга болот. Экинчиден, өлкөдө ким көп? Бизде атка минер чиновниктер көп. Кыргызстанды тоноп, канбайрам, кан таламай кылып жаткандар көп. Ошол чиновниктерди жок дегенде 30 пайызга кескин кыскартканда, болжол менен 5-6 миллиард сомго утуш болот. Алардын алган айлыгы, минип жүргөн унаасы, эс алууга бөлүнгөн акчасы бир топ чыгаша кылат. Үчүнчү маселе: Кыргызстанда 74 бөлүк бар. Областтар, райондор, шаарлар болуп бөлүнөт эмеспи. Айрым райондордун калкынын саны 10-15 миңге жетет. Ошол эле убакта 380 миң адам жашаган Кара-Суу району бар. Кара-Суу районунун бир эле айылында 44-45 миң калк жашайт. Мен бул боюнча 1993-жылдан бери айтып келем. Аймактык адмнистративдик 74 бөлүктөрдү кыскартыш керек. Бул боюнча А.Атамбаев да премьер болуп турганда токтом чыгарган. Бирок, Бакиевдер жол бербей, бул токтом иштебей калган. Менин оюмча 19 бөлүккө, же болбосо 25 бөлүккө алып келсек да ашыктык кылбайт. Эң жогору дегенде 30 болсун, бирок 74 деген өтө чоң да. Ошол эле Чаткал, Тогуз-Тородо аким, эки орун басары, штат башчылары, мамлекеттик дагы-дагы эчен министрликтердин бөлүктөрү отурат. Бул өзү ондогон миллиард сомду үнөмдөйт. Мамлекеттик башкаруу системасын кыскартыш керек. Төртүнчүдөн, бажы жана салык кызматында миллиарддаган акчалар чөнтөккө түшүп кетүүдө. Анан акырында, бизде миллиард эмес триллиондогон акчалар жатат. Кадам сайын кен байлыктар бар. "Кен байлыктарды пайдалануу жөнүндө" менин демилгем боюнча, мамлекеттик комиссия түзүп үч ай текшердик. Жөнөкөй эле мисал, "Кум-Төр" боюнча айтайын. 1988-жылы СССРдин биология илиминин изилдөөсү менен эң негизги сапаттуу алтындын жалпы көлөмү 1100 тонна деп эсептешкен. Ал алтын болсо узуну 1чакырым 200 кадам, туурасы 200-300 кадам жерде эле жатыптыр. Ал эми "Кум-Төрдө" алтын 50 чакырымга чейин жетет. Ондогон миң тонна алтын жатат. 1994 -жылы Америка- Монголия - Кыргызстандын кен байлыктарын бириктирген "Центерра" деген компания түзүлгөн. 1997-жылдан бери булар 237тонна алтын алышты. Ошонун болгону 9% ы Кыргызстандын бюджетине түштү. 1994-жылы "Кум-Төр" мамлекеттин колуна өтө турган болуп калды эле, бүгүнкү күнгө чейин өтө элек. Бир сөз менен айтканда, ушул кен-байлыктарды уурдап-тоногондор көп. Алар бүгүнкү күндө 10догон миллиард, 100дөгөн миллион долларды сол чөнтөккө салып коюшууда..
- Бүгүнкү күндө Өкмөт менен парламент ачык эле тиреше баштады. Ал тургай парламенттин ичи деле тынч эмес. Булардын жосунсуз жоруктары бюджеттин тартыштыгына өз кедергесин тийгизбей койбойбу?
- Туура. Ушундай маселелерди кайта-кайта айтып жатып, президент Р.Отунбаевага жакпай калдым. Анан дароо жумуштан кеттим. Айрым партиялардын терс таасири тийбей койгон жок. Президент баш болуп, администрация жетекчиси Э.Каптагаев төш болуп кандайдыр бир "былыктары" ачыктала баштады. Э.Каптагаевдин баласы тууралуу "миллиондогон акчалар сол чөнтөккө салынып кеткен" деген айыптар коюлууда. Эгерде андай айып калп болсо, Э.Каптагаев теригип эмне кылат. "Мына текшергиле, менин уулум таптаза, илинчээк чыкса сотко бергиле" деп койбойбу. Жок, булар бири-бирине чабуул коюп атат. Бүгүнкү күндө президент өзү, анын администрациясы парламент менен тирешип, бирин-бири каралоодон артка тартпай калышты. Бул жакшылыкка алып барбайт. Өсүп-өнүгөйүн деген өлкөлөрдө бийлик тармактары бардыгы бир багытта туура иштеш керек. А бизде ынтымак жок. Парламенттин ичи да тынч эмес. Мындан эки жума мурун Президент, УКМКнын төрагасы Дүйшөбаевдер ушунчалык күпүлдөп "уюшкан кылмыштуу топторду эки айдын ичинде жок кылабыз, эгерде тизгиндей албасак, биздин ишибиз бир тыйын " деди эле, негедир майнабы көрүнбөйт. Он жылдан бери бала-бакчадан баштап, Ак -үйдүн жетинчи кабатына чейин тамыры жайылып кеткен кылмыш дүйнөсүн, коррупцияны эки айдын ичинде кантип жок кылат. Эгерде мамлекет башындагы чиновниктер өзү таза эмес болсо, УКМК, ИИМдин ичи былгып жатса, өзүлөрү "каралар" менен бир табакташ болсо, кылмыш дүйнөсү менен кантип күрөшөт.

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Шайлоолор бүтүп, коалиция түзөрдүн алдында ЕврАзэс бир топ саясий шарттарды коюп, ошол аткарылса кредит беребиз деген сөздөрдү айтышкан. Шайлоо учурунда деле бир топ саясий оюндарды жасашты. Бирок, түзүлгөн коалиция ЕврАзэстин оюндай болбой калды. Ошон үчүн жанагы арсар болуп аткан пикирлериңдин жөнү бар. ЕврАзэстин башында Россия турат эмеспи. Андыктан биз Россия менен тил табышыбыз керек. Андагы топтолгон акчалардын көпчүлүк пайызы Россия менен Казакстандыкы. Ушул эки мамлекет макул болсо эле, маселе чечилгени турат. Бул жерде кооптоно турган маселе да бар. "Макул, беребиз" деп ишендирип коюп, анан дагы "талуу" жерден кармап, бизге дагы башка шарттарды коюп кетиши мүмкүн. Биз ошол жагын эске алып, сагызгандай сак болушубуз керек. Эми биздин айрым жетекчилерибиз аталган эки мамлекетке жакпайт. Бирок, ошентсе да бул маселе оң жагынан чечилип кетүүсүнө шарттар бар. Анткени биз кичинекей мамлекет болгонубуз менен чоң мааниси бар жерде турабыз. Эгерде алар бербей койсо, Батыш менен болгон кызматташтыкты кеңейтип, Грузия өлкөсүндөй болуп кеңири форматты түзүп кетишибиз мүмкүн. Менин оюмча, аталган эки өлкө муну деле эске алып атышса керек. Андыктан бул маселе оң жагынан чечилип калышы мүмкүн.
- Тарыхка кайрылып көрсөк, душмандар дал ушундай кыйын кезден пайдаланып, сууну, экономикалык булактардын жолун бууп, алсыратып ташташкан учурлары болгон. Бүгүнкү күндө да, алты айдан бери чечилбей жаткан ЕврАзэстеги маселе айрым мамлекеттер өлкөнүн кыйын абалынан пайдаланып жаткан жокпу?
- Бул сурооң - абдан маанилүү суроо. Айрым мамлекеттердин, чоң-чоң державалардын кызыкчылыктары болгону жашыруун эмес. "Кыргызстанга парламенттик башкаруу жарашпайт" дешүүдө. Россиянын, Казакстандын стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси Болот Султанов да бул жөнүндө айтып өттү. Ал: "Кыргызстанда парламенттик система иштеп кетип, калган чачымды жулуп саламбы" деп жүрөт. Өзү кашка баш киши. Жула турган чачы деле азыраак. Мына ушундан улам эле көрүнүп турбайбы. Чын-чынына келгенде өлкө экономикалык "блокадада" калды. Бензиндин баасы асманга чыгып кетти эле, мына эми азыр түшө баштады. Кудайга шүгүр деш керек. Акырындык менен биздин бийлик бир топ маселелерди чечүүдө. Мына, элге таянып иштегендин натыйжасы. Эл буларга колдоо көрсөттү. Эми ишеничти акташ керек да. Ал эми жогоруда айтылган өлкөлөр кандай рычаг болбосун, пайдаланаары бештен белгилүү. Биздин кызыкчылыгыбызды эч ким ойлобойт. Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлойт. Биздин бир жаман адатыбыз бар. Башка мамлекеттердин кызыкчылыгын ойлоп, өзүбүздү ойлобой отура беребиз. Ал мамлекет эмне дейт, бул мамлекет эмне дейт?- дейбиз. Биринчи орунда эл эмне дейт?- деп айтпайбызбы. Биринчиден элдин кызыкчылыгы чечип берели деп иш кылбайбызбы? Жеңил жолго салып, "ал антип атпайбы, бул минтип атпайбы, минтсек бербей коёт" деп ыңгайлуу жолдорду таап алуу менен чектелип жүрөбүз. Эгерде сен айткандай экономикалык жактан же бир башка көйгөйлүү маселелер боюнча бизди кыса баштаса, анда эл ичинде нааразычылыктар көбөйөт. Митинг-пикеттер башталып бул бийликти да коңторуп түшүрүшөт. Мындай максатты көздөп, "парламенттик бийликтен президенттик бийликке алып келем, силерди өзүм башкарып, темир калкан болуп берем" деген парламенттеги айрым депутаттардын чырагына май тамат. Ошондой "аңкоо" бир кишиге айрым кызыкдар өлкөлөр бийликти алып берип коёт да, бир киши менен эле сүйлөшүп биздин тагдырыбызды чече бергилери келип жүрөт . Бизде көп кыйынчылыктар бар. Анткени биз КМШга мисал болуп берип атабыз. Грузиядан кийинки эле мындай оор кырдаал бизде болууда. Ал тургай, салыштырмалуу Грузиянын акыбалы жеңилирээк. Батышка, Европага жакын турат, Кара деңиз менен коммуникациялары бар. Биз болсо Борбор Азиянын, авторитардык системалардын чок ортосундабыз. Ошон үчүн бизди будамайлап туруп, "парламенттик система буларга жарабайт"- деп, бул боюнча айрым гезиттерге буйрутма макалаларды жаздырып, ар кандай саясий оюндардын башын кылтыйтууда. Ошолордун баарынан этиятташыбыз керек. Ушундай оор кырдаалда биригип, бири-бирибизди душман күтпөй, ынтымак менен иш кылышыбыз керек. Сырткы күчтөр качан таасирин жасайт? Качан эл ыдырап, ынтымагы жоголо баштаган учурда сырткы күчтөрдүн таасири иштей баштайт. Ал эми бийлик менен элдин ортосунда карама-каршылык болбосо, анда сырткы күчтөрдүн таасири таптакыр иштей албайт. Түштүктөгү окуя калктын башына эмне алып келди? Ар кандай факторлорду чогултуп, Убактылуу Өкмөттүн ошо кездеги алсыздыгын пайдаланып, техникалык конфликт чыгарып ташташты. Эмне деген экономикабыз артта калды. Канча адамдар курман болуп кетти. Булар аябайт…

Базарбай Мамбетов, л аралык эксперт:
- Республикада быйылкы бекитилүүчү акчанын суммасы 89 миллиард сомго жетет. Анан, биз аталган сумманы казынага түшүрүп, аны табышыбыз керек. Бюджетти толтуруунун эң негизги булагы - бул салык. Ошол жыйналган салыктан жана башка булактардан түшкөн сумма 49 миллиард сом болот. Ал эми калган 41 миллиард сомду биз сырткы жана ички кредиттин, эл аралык каражат фондуларынын, эл аралык каражат институттарынын жардамы менен жабышыбыз керек. Ошондой уюм, фонддордун арасынан ЕврАзэстин Кризиске каршы фондунан биз былтыр эле 200 миллион доллар алмакпыз. Анткени биздин өлкө Кризиске каршы Фондго мүчө болуп кирген. "Биздин бюджет бекибей жатат, жардам катары 200 миллион доллар бергиле" деп былтыр сентябрь айында эле өтүнгөнбүз. Эмнегедир ЕврАзэс курамындагы үлкөн мамлекеттер -Россия, Казакстан болуп, бир айдан эки айга кармап, "ана беребиз, мына беребиз" деп алты-жети айга созуп жиберишти. Бирок, эл аралык финансылык институттар бизге дайым эле карызга акча бергенге ынтызар. Биз көп сумма сурасак да, алар берүүгө дайым даяр. Себеби, аталган фонддорго аябай көп акча топтолгон. Ал дайым бизге окшогон өлкөлөргө процентке кредит берет. Өз акчасын эки эселенткенге арекет кылышат. Биз андай суммаларды карызга ала берсек, аябай көбөйүп кетери бештен белгилүү. А.Акаев өлкөнү 14 жылдын ичинде 2 миллиард акчага карызга батырып кетсе, К.Бакиев да анын жолунан кайткан жок. Натыйжада, 2011-жылдын эсеби менен биздин сырткы карыздарыбыз 3 миллиард долларга жетип калды. Сырткы күчтөргө ишенип, алардан карыз акчаны мындан ары да ала берсек, өлкө өтө чоң карызга батат. Мына быйыл да ЕврАзэстен карыз акча алып, бүтөлбөгөн тешигибизди бүтөп жатабыз. Биз ар дайым эле чоң мамлекеттердин акчасына көз каранды болуп, "бизге миллион карыз бергиле" дебей, өзүбүз башты иштетип, өлкөнүн ичинен эле булактардын оозун ачсак болот.

Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«