Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Көздү май басса эмне болот?

Келдибековдун
Кел-Кели

Басма сөз жана өкмөт - бул бири биринин позицияларын урматтап сыйлаган, бирок ар кандай милдет аткаруучу табигый каршылаштар.

Текебаевдин амири менен түзүлгөн парламенттик башкарууга негизделген Башмыйзамга көчүгүн такап алып, Кыргызстанды жалгыз бийлеп аткансыган Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков "төртүнчү бийликтин" өкүлдөрүн "музоо кезинде сүзүп" коёюн деп, чү дегенде эле "телевизордон мурдун чукуп отурган депутаттарды көргөзбөгүлө, депутаттарды басма сөздө поктобогула" деген кыязда кабагынан кар жаадырып ийди. Ээ, айланайын Акматбек, телевизорду карапайым эл баарыңардын баягы Горбачёвдой жадатып, көпкө жана акылдуу сүйлөгөнүңөр үчүн көрөт дейсиңерби! Азыр элдин баары эле саясатчы, көпчүлүгү акылы менен эмес, акчанын күчү менен келген партиялык "кара тизмедеги" (кесерип кезек күткөн) "пионер вожатый" депутаттардын уктап жаткан же мурдун чукуп аткан кызыгына батып, ансыз да колоктоп бош жүргөн кезде ой-даа ушактап, "көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чабалы" деп, каерге барсаң, силерди бирден "жиликтеп", эртели-кеч эрмектеп отурган бекерпоздор менен кемпир-чалдарды көрөсүң. "Эт жебесе да, шорпо ичкенсип", ошондон ырахат алышат. А сен аларды ошол жыргалынан айрыгың бар. Бо-войт! Мына ошо бир суроосун бузулган патийпондун табагындай миң кайталаган, телевизордон бир көрүнүп коёюн деген "тыңчыкма" депутаттарың Эркебаевди эки күн эрмектеп, көрөрмандарын эки күн мэээкайык кылды го! Эгер, депутаттарыңдын "иттигин" көргөзбөйүн десең, каржы жактан каржалып, "итке минип" турган КТРге миллиондогон акча төлөп, түнкү саат 1.30га чейин элдин эсин оодарбайт элең го! Анан "шылтоого шыноо таппай турган" басма сөз кызматкерлери ошону көргөндө, "кудай берди мындайды, даяр тема турбайбы" деп, бапырата басып калбай жаны жокпу! Үтүктү сайса эле Келдибеков көрүнүп турган заманда антип "Ормон опузага" сала берсең, алчы-таасын жеген журналисттер сенин "Ата-Журтуң" апкелген Нариман Түлеевдин Бишкек шаарындагы 17 үйүн, 19 ишкана-банкын, ижарага алымыш болгон 4 чоң соода борборун, банк, компаниясын "Форум" гезитинин 2010-жылдын 12-октябрында жарыялагансып, сен тээ Бакиевдин тушунда элден алган салыгыңан арткан "артыкбаш" дүнүйөңдү дүңүнөн санап беришпесин. Акчанын арты менен келген мадырабаш депутаттарыңды ошентип мыкыйын чукуп, "мурдундагы куртун" терип турбаса, биринчиден, кашабалар табият теңдемесин жөндөп тургандай, арам тамактардан арылбайбыз. Экинчиден, депутаттарыңды демите мактай берген гезиттерди ит да окубайт. Азыр оозун Ошту каратып жаткан журналисттер ооматың оогондон кийин сага да ор казып, кара тизмеге каттап коёру ажеп эмес. Ошондуктан, кадырлуу Келдибеков мырза, кел-келим келди деп, көп эле күпүлдөй бербе!

Бек Курманалиев





  Жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдымбы?

Акаев алдап келген,
Бакиев коргоп келген

Турмушта эки улут эмес, жатындаштар кандайдыр бир себептер менен кас душманга айланып кетүүсү мүмкүн. Жашоодо бир туугандар, достор, улуттар арасында калыстык болбосо гана жаман жагдайлар түзүлөт, араздашуу башталат.

"Эсептүү дос айрылбас" дейт кыргыздар. Демек эки элдин жашоо турмушунда калыстык байкалбаганы менен ыйман менен өлчөнгөн эсеп болгонбу бийлик тараптан? Болгон эмес. Соодага шыктуулар чоңдор үчүн "Токочтуу бала сүйгүнчүк" болуп келбедиби. Майлуу - сүттүү жайлар кантип жана кимдердин колуна көбүрөөк тийип келди? Табиятынан баёо, ток пейил салтта калыптангандары азыркы рыноктук шартта өзүн көп учурларда кор тута баштады, соодага шыктуулар тиги колунда азыраактарды айрым учурда дүнүйөсүнө карап кыйгач көз менен карап, "пулу аздар да кишиби" дегенсий баштады. Өзгөчө Абдрасулов Ином, Батыров Кадыржан, Салахуддинов дегендерге окшогондор. Эсиңиздерде бардыр, Акаев Абдрасуловдун короосуна чейин кирип барып, бир бечарага торпок бергенин мактаган. Бечарага торпок берген Иномжан Акаевди куру кол койду дейсиңерби. Райком, обкомдун, өзгөчө түндүктөн барган үлкөн чиновниктердин калтасын кампайтып, Ош, Жалал- Абадды жогорку бийликтин мунарасына көтөрүлүүсү үчүн трамплин катары пайдаланып келишкен. Себеби жыйган -тергенинин жарымын берсе эле жогорулап кетишчү. Жок, жалган деп (окурман, сиз деле) көкүрөгүңөргө колуңарды коюп айтып көргүлөчү. Бийликтин көпчүлүк өкүлдөрү ошол соодага шыктуулардын эсебинен жашап жана байып келишкен. Эми ошол пайда көрүп келе жаткан бийликтегилер кантип калыстыкты айта алат, өздөрүн өздөрү кантип күнөөлөйт эле? Ошондуктан "Жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым" болуп, жөнөкөйлөтүп айтсам менин кошунамдын терсаяк ити чарбагыма кирип алып, кайра мага үрүп обдулгандай эле окуя болду. Болбосо Кокондук, Анжияндык, Ферганалык же Жизактык кыргыздардын КамАЗдын бет алдына калың темирди эрикпей ширетип, катар жашаган өзбек элине кыргын салам деген ахыбалын элестете албайм. Бул дөгүрсүгөн, дүйнөгө манчыркаган, кем акыл гана адамдардын колунан келмек. Эң негизгиси- жоокерчилик (дыйканчылык, алып-сатарлык эмес!) жашоонун эрежелери кан-жанына биротоло сиңген, алдап кетүү, сатып кетүү дегенди чыккынчылык деп эсептеген эр көкүрөк элдин тарыхын, менталитетин билмек тургай, ал жөнүндө түшүнүгү жоктордун иши болду. Анткени "Карды тойсо, акылсыздан эс кетет" дейт кыргызда..." Иче турган ашыңа, какырба да түкүрбө" дегени да бар. Бекеринен "орусту мылтык берип чепке кой, казакты бычак берип этке кой, кыргызды кыргын болчу бетке кой" деп жөнөкөй эл лакап кылбаса керек. Азыркылар андайды уккан эместир. Анын себептери аң - сезимдеринин айрымасы, экономикалык турмуштук жагдайларынын айрымачылыктары. Биз билгенден Усубалиевдин учурунан бери бийлик адамдары райком, обком, аким, губернатор, милиция, прокурорлор жана башка майда чиновниктер пара бергендердин, соодага шыктуулардын эсебинен байып келгени жашыруун деле сыр эмес. Ошондуктан ар улуттан турган мамлекеттерде аябай ойлонулган саясат алып баруу абзел экендиги көрүнүп жатпайбы. Акыркы жыйырма -отуз жылда андай жетекчилер түгүл, жеткен шумпай, паракор, ичип-жегичтер, иттин уулу Байбарак деле министр, губернатор болуп жатса, каяктагы калыстык, ойчул башкаруучу жөнүндө сөз кылууга болот.
Ахунбай КОШОЕВ,
юрист




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??