Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Коалициянын урап түшүшүнө Ө.Текебаев тилектешпи?
Ишти алып бара албаган Коалициялык өкмөт эл тарабынан анчалык суктанаарлык болбой калды. Акыркы убакта пайдасы жок өкмөттү кармап туруунун кереги жок экенидигин, коалициянын азыркы абалы парламент ичинен өзүнөн-өзү "гүр-ррр" деп урап түшүшү мүмкүн экендигин божомолдогондор көп. Мындайда айрым партиялардын чырагына май тамаары айтпаса да белгилүү. Карманган позициялары эки тараптуу болсо да, "Ата-Мекен", "Ата-Журт", "Ар-Намыс" партиялары коалициялык өкмөттүн курамын толуктап калаары бышык. Ө.Текебаев үчүн "Өкмөт ишти алып бара албаса "коалицияны ыдыратпайлы", деп кармап туруу максат эмес. Өкмөт таркатылышы, анын түзүлүшү Конституцияда жазылган" деп айрым маалымат булактарга маек куруп бергени бекеринен болбосо керек…


Коалициянын тагдыры К.Ташиевге көз каранды
Эч кандай административдик тоскоолдорсуз А.Атамбаев жана Ө.Бабанов өз кишилерин кызматтарга дайындап, "Ата-Журттун" кадрларын дайындоодо кыйын абал түзүлгөнүн, аталган партия тараптан өткөн жуманын соңунда катуу суроо коюлуп, эгерде коалициялык келишимдер аткарылбаса, анда "Ата-Журт" коалициядан чыгаарын айтып он бир депутаттын колун топтогон Ташиев жардан секирем деп турганда Атамбаев ажаат ачып атажуртчу беш желдеттин белин бек бууп берип Ташиевди сактап калды. Мыйзам боюнча он беш депутаттын колу топтолсо коалициядан чыгуу укугуна ээ болушмак. Анда эле коалициянын ыдырашынан коркуп турган А.Атамбаев "Ата-Журттун" талаптарын "лам" дебей аткара баштады деп түшүнө берсек болобу? Партиянын тизмесиндеги Ажыбай Калмаматов "Кыргызпатентке", Юруслан Тойчубеков Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине, Ормон Шаршенов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчылыгына дайындалды. Ал тургай "Ар-Намыс" партиясына тийиштүү Башкы прокуратураны дагы өз колдоруна алып тынышты.


Арнамысчылар жакалашып…
Тышынан бир атанын балдарындай болуп көрүнгөн "Ар-Намыс" партиясынын ичи тынч эмес экен. Аталган партиянын депутаттары Нурлан Төрөбеков менен Кубанычбек Тумановдар 11-февраль күнү парламенттин түшкү тыныгуусунда кызыл чеке мушташа кетишиптир. Жаш балдарча мушташкан депутаттарды бир топ кесиптештери ажыратып, араңдан токтотушканын айтылып жүрөт. Элдин "темир калкандары" найза кармап жоого чыкпай, ошол калкандар менен элдин намысын коргоп, найзалары менен жанагы жеп-ичкич жетекчилерди сайгылап бир демилге көтөрүшсө эмне…


Р.Отунбаеванын айласыз амалы
Роза Отунбаева апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан "Альфачы" Ж.Бабараимовдун антитеррордук операцияга катышуусу үчүн прокуратура кызматын айыптады. Соттолуп жаткандар ал операцияларга УКМКнын жетекчилери Кеңешбек Дүйшөбаев жана Марат Иманкуловдун буйругу менен барганы белгилүү. Буларды болсо президент жеке өзү дайындаган.Конституцияга ылайык Башкы прокурорго талапкерди президент көрсөтүп, парламент бекитүүгө тийиш. Бирок, бул иш ушул кезге чейин жасала элек. Р.Отунбаеванын прокуратура кызматына карай айтылган сыны коалициялык макулдашууну аткарууга кыртыш даярдоонун амалындай.


Үчүнчү революцияны Ф.Кулов жасайбы?
Акыркы кездерде эл арасында "үчүнчү революция" болуп кетүүсү мүмкүн деген сөз көп айтылчу болду. Чынын айтканда, башаламандыктан Кыргызстан эли тажап деле бүттү. Ачыгын айтсак, мындай үрөй учурчу ушак-айыңдардын айтылуусу өлкөдөгү оор экономикалык абал менен байланыштуу. Жөн гана оор эмес, өлкө экономикасы кыл учунда турат десек да болчудай. Мындай абалда ички жана сырткы күчтөр саясий оюн куруп жиберээри бештен белгилүү. Ал ортодо коалициянын ыдырап кетишин Кудайдан миң ирет суранып жүргөндөр четтен табылат. Коалициянын кыйрашы "Ар-Намыс" партиясы үчүн эң ыңгайлуу. Анткени өкмөт башчылыкты көздөп келаткан Феликс Куловдун максатын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, сырткы күчтөрдүн ою оңунан чыгат дешкендер да аз эмес. Орус тараптын колуна суу куюп коюн-колтук алышкан Феликс мырзанын дымагы күч экен. Үчүнчү революция болсо анда биз Орус тараптын колониясына айланып калаарыбызды темир генерал билет болду бекен? Баса, Феликстин максаты кыргыздарды орустарга кошуу эмес беле, анда Феликстин максаттарын Кыргызстандын келечеги үчүн жасайт деп эч кимибиз кубанбай эле койгонубуз оң.


Мал уурулук менен шугулданган кылмыштуу топ кармалды
Ысык-Ата районунда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын опер-тобунун (ГУУР) ыкчам аракеттеринин натыйжасында мал уурулук боюнча шугулданган кылмыштуу топ кармалды. Алар 1992-жылы туулган Анвар Өмүрбеков, 1989-жылы туулган Азамат Арстанбекович, 1991-жылы туулган Искендер Шаршенов. Буга чейин бул кылмыштуу топтун үстүнөн аталган райондун ИИБнө малдарын уурдаткан жарандар арыз менен кайрылышкан. Опер-кызматкерлер тарабынан колго түшкөн кылмыштуу топту Кант шаарынын тургуну, мурда соттолбогон, КАСИнин 2-курсунун студенти Өмүрбеков Анвар Жумабекович жетектеген. Жогорудагы уурулар тобу 2010-жылы 16-мартта 13 кой, 10-апрелде беш кой, 18-апрелде 2 кой, 13-сентябрда 6 койду жымырып кетишкен. Ошондой эле бул уюшкан уурулар тобу областтагы көптөгөн мал уурулукка катыштыгы бардыгы иликтенүүдө.


Келдибековдун "иттери" келгендерди кубалап...
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстанды кыдыруудагы биринчи сапарын Чүй облусунан баштады. Төрага иш сапарында өзгөчө билим берүүдөгү мүчүлүштүктөр менен таанышуу максатында бир топ мектептердин абалы менен таанышкан. Келдибековдун келгенин кубануу менен тособуз деп барган эл ит таламайга калыптыр. Кыргызстан Афганистан болуп кеткенсип төрага барат дегенден бир саат мурун милиция кызматкерлери Лебединовкадагы мектептин бирине барып ичи-тышын жардыргыч заттары жокпу дегенсип дыкат текшерүүгө алышып, андан соң иттер менен кайтарып турушуптур. Төрага кеткенче кайтарып турган итчен милиция кызматкерининин шалаакылыгыбы же окуучу балдардын арасынан бирөөнүн колтугунан куралдын башы көрүнүп кеткенби, айтор иттердин бири бошонуп кетип окуучу балдарды чырылдатып мектепти айланта кубалаптыр. Аны Келдибеков кайдан билсин, зыңкыйып кирип, тымпыйып чыгып кетиптир. Ит азабын көргөн окуучулар менен ата-энелер "келсе жөн келип кетпейби" деп Акмат мырзанын артынан акаарат айткан карапайым Лебединовканын тургундары чуулдап эле калышыптыр.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«