Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ТОЛОР-ТОЛБОС КЕҢЕШТИН
БОЛОР-БОЛБОС МЭРИ
Бишкектин мэрин жоо куугансып 2 күндө нарыдан-бери Бакиевдин "Ак жолчу" депутаттарына шайлата салуу юридикалык жактан "чистый" уюштурулганы менен моралдык-этикалык жактан канчалык туура болгону чоң күмөн. Бакиевчил парламент, өкмөт, Конституциялык сот таратылып жиберилген соң жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары ошончолук эле легитимдүү машаяк органбы? 2012-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөндөн кийин Бакиевдин "Ак жолчулары" шайлаган Бишкектин мэринин бул кызматта отурушу канчалык легитимдүү болот? Же жаңы шайланып келген депутаттардын алдынан мэр кайра шайланабы? Ансыз да 10 ай шаар мэринин м.а. болуп иштеген Иса азыр толор-толбос Кеңештин болор-болбос мэри болуп 4 жылга чейин сүйрөлүп жүрө береби? Ушундай ыкма менен эми президент Оштун мэрин шайлап, президенттик шайлоого карата ал жерге өз кишисин коё алабы? Мына, маселе каякта.


МИЛИЙСАНЫН ИЧИНДЕГИ "КИПИШ"
Бакиев бийлиги 6-апрелде Таласта кулабады беле. Ушуга эң башкы күнөөкөр деп областтык милициянын басма сөз кызматынын жетекчиси Парманов Нурлан себепкер экен. Областтык ИИБнын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Бермет Темирбаева "милийса-журналистти" "сен ошол күнү качып кеткенсиң, мен сени дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизип койгом" деп иштен айдап таштаптыр. Парманов болсо "тополоң башталаарда ИИБга чуркап кирип, комуфляжды чечип, гражданский кийинип алып, видеокамерага тартыш үчүн элдин арасына кирип кеткем, эки күнү тең элдин арасында жүргөм, тааныгандар мени да токмоктошту" деп актанууда. Талашка ким чекит коёру белгисиз. "Таластагы бийлик кулатууну да иликтеш керек" деп Азиса Абдирасулова жоолук булгалап жүрөт эле, балким ошого кайрыласыңарбы? Же убара болбой шыр эле Убактылуу өкмөткө чабуулга өтпөйсүңөрбү.




"ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ!"
Бир тууган Бакиевдерге оозу күйүп калган орус шериктерибиз эми айранды үйлөп ичип калыптыр, байкадыңарбы? Коопсуздук Кеңешинин баш катчысы Бордюжа жигит жөн келген жок! Түрктөр "Дастан" жабык заводун сураганын кулактары чалды, буга келгендир. АКШ Ооганстандан 2015-жылы чыгып кетсе, апийим ташуунун тажик, кыргыз жолуна ээлик кылып алса жаманбы? "Манас" аркылуу ташылуучу авиакеросин да Россия аркылуу келип жатса? ОРТ телеканалынын тоо чокулардагы сигнал таратуучу антенналарын да тартып алдык, эми алар ысмы Путинге коюлган чокуга РЛС (Радио Локациялык Станция) орнотобуз десе да кың эте албайбыз да. Айтор орус туугандар кыргыз "кидальщиктерге" анча ишенбей, жыртык-тешигибизди бүтөөгө бере турган 106 миллион доллар үчүн кактабай каныбызды ала турганы сезилип эле турат. Атамбаев, Бабановдор "чочконун этин жей электе" эле (бийликке отура электе дегенибиз) Москвага бөжөңдөп чуркашчы эле, эми минтип бийликте отуруп калгандан кийин "ещё как жейсиңер". "Сиздин айткандарыңыздын бардыгын аткарууга даярмын" деп Атамбаевдин убада бергенин уктуңар го.

КАМБАРАЛЫ БОБУЛОВГО КАТ
Сизди да тынч жаткырбадык, Камбаралы аке, кечириңиз. Балээнин баарын баштаган баягы эле сиздин адатка түшкөн балдар да. Болбосо Ташбоо Жумагуловго окшоп тарсылдап иштеген түр көрсөтүмүш этип, анан ыңгайын таап элчи-пелчи болуп жылуу жерге жым этип кирип кетпейби десеңиз. Ак-Суудагы чокуга Путиндин атын беребиз десе ошого чуу чыгарып жибердиби, же президенттин аппаратындагыларды кыргыз тилин билүү жагынан сынактан өткөрүп, 80 пайыздайын "эне тилиңерди билбейт экенсиңер, неңдурайындар" деп жибердиби жанагы Азимжан деген каны кызуу чычым? Берсек бир чокуну берип коёт элек да. Илгертен эле берип жүргөн турбайлыбы. Чүйдө 40 байталга Кеминдин бир капталын бериптирбиз.Түштүктө Советабадды, Коргон-Төбө, Сох, Шахимардан, Ворухту, Шурабды берип коюптурбуз.Алайда бир чокуну Ленин атага бериптирбиз. Кара-Буурада Шекердин үстүндөгү Байдамталды берип койдук. Көлдө Үзөңгү-Кууш менен Кумтөрдү бергенбиз. Бере элек Нарын калды эле, эми Жетим-Тоону, Ак-Сай, Арпаны беребиз. Кыргызстанда орусча аталган чоку, жайлоо, төр, кен, пансионат, айыл-кыштак, өзөндөн көп нерсе жок. Бере берели. Бир нече жылдан кийин өзбек тилине беребиз статус. Анан уйгур, анан дунган, анан англис, немис тилине берели. "Манас" эпосун, боз үйүбүздү деле берип коюп, ак калпак кийген болуп койкоюп жүрбөйбүзбү. Керек болсо Чыңгыз Айтматовду деле түрктөргө берип таштайбыз, эстелигин биз тургузалбайбыз деп. Абалыбыз ушундай, Камбаралы аке. Абалды эми чарт-чурт этчи Рыскелди Момбеков кандай чечет - көрөлү.




ЧОЛПОНБАЙДА ЭМНЕ АЙЫП?
Экинчи дүйнөлүк согушта жүрөгү менен дзотту тосуп 1942-жылы 6-августта эрдик көрсөтүп курман болгон Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырдыгын 1943-жылы 23-февралда Александр Матросов кайталаганы тарыхта жазылып калган. Бирок Сталин орус улутун көкөлөтүп, Матросовду биринчи жасаган деп жүрбөдүкпү. Ошол Чолпонбайдын ысмы Кыргызстандын көптөгөн мектептери сыяктуу Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылындагы орто мектепке да берилип, жаштар канча жыл бою анын эрдигине шерденип келишкен. Эми Чолпонбайдын ысмын мектептин директору өзүнүн ардагер атасы Жапар Акматалиевдин атына алмаштырып, Чолпонбайдын эстелиги акыр-чикирге "аттанганына" согуш ардагерлеринин республикалык Кеңеши капа. Же Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Примберди Дыйканов Чолпонбайдын тегин таластык деп тээп таштаганыбы?


БҮРКҮТБАЕВИЧКЕ ИТЕЛГИЕВИЧ КЕРЕК ОКШОЙТ
Уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) тишин кагалы деген Корго кеңешинин чечимин эл колдоп эле жатат. Анын 40тай мүчөсү кармалганын да мактаныч кылып айтып жиберишти. Бирок баягы эле "шестёркалар"менен чабактар кармалып, ана башчылары Анапияевди Дубайга узатып жибериппиз. Спикер Келдибеков менен Караколдун "Каприз" эс алуу үйүндө 4 күн бою "эшек такалаган" Камчы Көлбаевдин К.Дүйшөбаев айткандай, "эч күнөөсү жок имиш" - бул эмне деген күрөшүү? Андан көрө кримчөйрө менен бирге илгертен балык салып, наркота сатышып, "ствол", квартира падеркелешип жүргөн чекисттерден, тергөөчү, прокурор, соттордон, милийсалардан бирөө-жарымынын бетин ачышса го деген чолок кыял келет.
"Токойду кыйган балтанын сабы - жыгач" демекчи, ошол кримчөйрөнү коргоп-калкалап жүргөн ИИМдеги, прокуратура, УККда "полковниктер" бар экенин Президенттин ушул тармакты тейлеген бөлүм башчысы, кыраакы Бусурманкул Бүркүтбаевич эң жакшы билет. Бирок ал киши да жашы өтүп калгандыктанбы, же аялдын жанында жүрүп ого бетер назик болуп калганбы - курчтук кылалбай жатат, кысталактыкы. Жанында "Каттаниге" окшогон курчураак бир Мусулманкул Ителги..евич болгондо го? Давно эле бир-экөөн тээп түшүрмөк.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??