Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Бийлик кризиси

А. Атамбаевдин
Өкмөтү
мал болбой калды

Парламентте мамлекеттин башкы финансылык документи болгон 2011-жылдын бюджетин биринчи окуусунда кабыл алып жатканда коалициялык премьер-министр А.Атамбаев депутаттардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. А.Атамбаев анда: "Эгерде биз сунуштаган бюджетти аткара албасак, биз кызматтан кетебиз. Эч ким креслосуна, кызматына жармашпайт"-деген орой көзү чарай билдирүү жасаган эле. Премьердин сөзүнүн үрпүнө караганда өкмөттүн отставкага кетээр-кетпеси бир жылдан кийин, б.а. 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету парламентте угулуп жатканда чечилиши абзел. Асыресе, А.Атамбаев өкмөттүн келечегине ашкере оптимизм артып жатканын байкоого болот.

Ачыгын айтканда, элдин өкмөттүн кетээр кетпесин бир жыл бою зарыгып күтүшү кыйын болуп калган абал түзүлгөнүн моюнга алууга туура келет. Элдин өкмөттү "чач уштуктарыңарды жыйыштырып алып өз жолуңарга түшкүлө" деп айтууга даяр болуп калганы жашыруун болбой деле калбадыбы. Анын себеби деле түшүнүктүү-өлкөдө социалдык-экономикалык өтө оор кырдаал түзүлдү. Мышык ыйлай тургандай абалга кептелдик. Апрелдеги революциядан, түштүктөгү июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда мурда-кийин болуп көрбөгөндөй экономикалык-финансылык, ошону менен катар азык-түлүк кризиси башталды. Негизги тамак-аш продуктуларына баа күн сайын эмес, саат сайын өсүп баратканын көзүбүз менен көрүп, жон терибиз менен сезип жатабыз. Баа жакында турукташып кетээринен үмүт аз. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып Айыл чарба министри Төрөгул Беков "баа келечекте 5%тен 35% ке чейин өсөт" деген суук прогноз жарыялап жиберди. (Прогноз болбосоң кое кал дейсиң. Болжоп туруп балп эттирип таштаган мындай прогноз дүйнөдө чанда жолукпаса, жолугушу кыйын. Министр "же 5%ке бир аз көтөрүлөт, же болбосо 35% ке заң деп өсөт" деп жатпайбы. Т.Бековдун "тактыгына" таң берсе болчудай. Келечектеги баанын өсүшүндөгү прогноздук ажырымды карап көрүп, министрдин билдирүүсүнүн олуттуу экенинен шек пайда болбой койбойт. Мындай жоромолун ачык айтканда, Айыл чарба министри эч бир жанга көргөзбөй чөнтөгүнө катып алса элге уят болбойт эле дейсиң). Бириккен Улуттар Уюмунун болжолуна караганда, дан эгиндерине болгон баа келечекте 50%ке чейин көтөрүлүшү этимал.
Инфляция астрономиялык чекке жетти. Азыр ал Финансы министрлигинин билдирүүсүнө караганда 20%ти чапчып турган кези. Келечекте дагыңкысы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Айрыкча, "май айында мугалимдердин айлык акысы эки-үч эсеге жогорулатабыз" деген Өкмөт убадасынын акыбетине чыкса, анда инфляция атырылып өсүп кетээри кажетсиз. Буга тамак-ашка болгон баанын тынымсыз өсүшү, макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча биринчи окууда кабыл алынган бюджеттин 21 млрд. сомдук тартыштыгы өбөлгө түзүп турат.
Экономикалык оор кырдаалдын түзүлүшү менен эл ичинде жакырлардын катары болуп көрбөгөндөй тездик менен өстү. Белгилүү эксперт Валентин Богатыревдин айтымына караганда, "күн өткөн сайын калктын жашоосу кыйындап барат. Мындан бир жыл эле илгери эл ичинде тапкан-ташыган кирешебиз тамак-ашка жетпейт деп айткандардын саны 39%ти түзүп келсе, азыр ал 50% ке чейин чаап чыкты. Акыркы айлары баанын өсүшү, кирешенин кыскарышына байланыштуу жакырчылык күр этип урап кеткендей болуп массалык мүнөзгө өттү. Социалдык нааразычылыктын өсүшү, өлкөнүн кайсы бурчунда качан болуп кетээрин билип болбойт, бир заматта жарылууну жаратып, бийликти кыйсыпыр кылып шыпырып түшүшүнө алып келерин күтсө болот" дейт.
Мындай социалдык-экономикалык оор кырдаалда, "эл жарылып кете албай араң чыдап турган кезде" А. Атамбаевдин коалициялык министрлер кабинетинин алдында түйүнү оңой менен чечилбеген оор милдеттер туруп калганы анык. Өкмөттүн өнөкөт болуп калган тышкы факторго-азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баанын өсүшүнө шылтап кутулуп кетсе болот дегени азыр суу кечпей калды. "Глобалдык азык-түлүк кризисинин терс таасири азыркы кризиске алып келди" деп элди сооротуп алдап коюу, ошону менен нааразычылыкты басаңдатууга мүмкүн дегениң азыр куру кепке айланды. Эл азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу үчүн ар кандай ички ресурстар - финансылык-экономикалык, адмнистративдик-уюштуруучулук ресурстар ишке салынып, кандай конкреттүү иш- чаралар көрүлүп жатканын жана алар кандай натыйжаларга алып келээрин Өкмөттөн талап кылып сураары турулуу иш. Өкмөт болсо кезегинде элди ынандыра тургандай иш-чараларды көрүп жатканын далилдей алышы кажет. Ошентип, өкмөттүн кетээр-кетпеси бир жылдан кийин гана, бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда эмес, аткаруу бийлиги азык-түлүк рыногун турукташтыра алабы, инфляцияны ооздуктоого алы жетеби, ошого жараша чечилери талашсыз.
Өкмөт азык-түлүк кризисинен чыгууга аракетин жасаган жок, кол куушуруп ымтырап отуруп берди,- деп айтууга болбойт. Биринчи вице-премьер Ө.Бабанов азык-түлүк коопсуздугуна тиешеси бар министрлерди чогултуп, эки ирет Өкмөттүн жыйынын чогултуп баанын көтөрүлүшүн ооздуктоо боюнча иш-чаралар тууралуу кеңешме өткөрдү. Жыйында алдыда аткарыла турган иш-чаралар аныкталды. Атап айтсак, социалдык кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү, анын ичинен мугалимдердин жалыйнасын 2-3 эсеге жогорулатуу, азык- түлүк товарлары менен алпурушкан ишкерлерди кеңири масштабда текшерүүгө алуу, бааны мамлекеттик теске салууну колго алуу, эгин айдоо аянттарын кеңейтүү, чайкоочуларга, далдалчыларга каршы аеосуз күрөш жарыялоо ж.б. Мындан сырткары, премьер А.Атамбаев Мамлекеттик резервдин кампасын бузуп 34 миң кедей-кембагалга бекер ун таратып берүү демилгесин көтөрүп чыкты. (Тилекке каршы, кампаны кайра толтуруу үчүн бюджеттен канча каражат бөлүнгөнү айтылган жок). Өкмөттүн акыркы жыйынында Ө.Бабанов элди рыноктон төмөнкү баада азык-түлүк товарларынын сатып алышын камсыз кылуу үчүн ар жума сайын жарманке уюштуруп турууну сунуштады.
Арийне, Өкмөт көрүп жаткан иш-чаралардан баа турукташып жарытылуу майнап чыгып кетээри арсар. Ага чоң ишеним артып жиберүү кыйын. Себеп дегенде, коалициялык өкмөттө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иш алып баруу жок. Иш-аракеттерин координациялап турган борбор да жетишпейт. Ар бир министр өз фракциясынын камчысын чаап, партиялык-кландык кызыкчылыгын көздөп, бири чүйдү, бири үйдү карап турган кезде жемиштүү натыйжага жетишүү мүмкүн эмес экендиги белгилүү. Коалициялык өкмөттө ынтымактын жоктугу, "Ата-Журт" менен соцдемократтар жана "республикачылар" бири-бирин аңдышып, бири-бирине астыртадан бут тосуп чалып жыгуу, ошону менен өз ара зыян келтирүү жолуна түшкөнү жашыруун болбой деле калбадыбы. Мисал алсак да болор эле. Ө.Бабанов Өкмөт эң зарыл болгон импорттук азык-түлүк продукцияларына болгон бажы салыктарын (пошлинасын) алып салууну пландаштырып жатканын билдирди. Бул болсо бюджеттин негизги булагы - бажы салыгынын агымы азаят дегенди билдирет. Ошол мезгилде Финансы министринин милдетин аткаруучу Динара Шайдиева бажыдан жана салыктан 2,5 млрд сом каражат бюджетке түшүрүү каралып жатканын жарыялады. Мындан көрүп тургандай, эки өкмөт мүчөсүнүн айткандары эки ача чыгып жатканын, биринин айтканын экинчиси төгүндөп турганын байкоо кыйынчылык жаратпайт. Эгер өкмөт алдын ала макулдашылган бирдиктүү иш алып бара албаса, майнаптуу натыйжа чыгарып жиберери өзүнөн-өзү белгилүү эмеспи.
Жаз алды менен, үзүмчүлүк башталганда үчүнчү революция болуп өтөрү жөнүндө байма-байма айтыла баштады. ЖКнын төрагасы А.Келдибеков Чүй облусунун активи менен жолугушуусунда "элге дүрбөлөң салгандардын тизгинин тартып койбосо болбойт" деп бир топ кызаңдап жибергенине күбө болдук. Непадам, үчүнчү революция болбостугу боюнча А.Келдибековдун пикирине кантсе да кошулса болот. Революция адат катары бийлик режимин кулатууга алып келерин эске тутуу абзел. Кантсе да башкаруу системасын түп тамыры менен өзгөртө тургандай, алдыда революция болуп кетээри арсар деп ойлойбуз. Асыресе, коомдук-саясый кырдаал курчуп, бара-бара бийликке нааразы элдин массалык толкундоолору болоору реалдуулукка айланганын жокко чыгаруу кыйын. Элдик толкундоо ич ара ит арка, ошонун залакасынан натыйжалуу иш алып бара албаган өкмөттү шыпырып таштаарын күтсө болот. Өкмөттүн отставкасы менен парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы ыдырашына саналуу күндөр калганын баамдоо кыйын эместир.
Үсөн Касыбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«