Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Бердикожо Бийназаров
Дордойдогу көңүлдөштөр
Бекболот акыры өзүнүн ишинин аягына чыккан соң чоң жетишкендикке жеткенсип, оор дем алып Иранын катарына жатты да, күтүлбөгөн жерден суроо берди;
- Ира, мен эми сага баштагыдан дагы эки эсе байланып калдым көрүнөт. Эми мен сенин жаныңдан кетпей, ар кимден кызгана берем. Жанагы сага тийишкен тачка түрткөн бала ким? Ира жооп бергенге шашылбай шыпты тиктеп жаткан калыбында;
- Мен кызганчаак эркектерди жаман көрөм. Аны коюп, азыр эмне кылабыз. Курсак дагы ачты.
- Ира, ал жагынан камсанаба. Курсак тоёт. Аны коюп менин берген суроомо жооп берчи. Чынын айтсам жана мен сени жанагы тачки түркөн немеге ыраа көрбөй кеттим. Сенин теңиң ал эмес.
- Ага эмне баш оорутасың. Аны мен арзан жалдаш үчүн жасаган ыкмам. Ар кимден эле обу жок кызгана бербе да. Менде деле баш бар. Адам болгондон кийин адамдын аброюна эле карабай адамкерчилигине да караш керек да. Ал бала элпек жакшы бала-деди эле, Бекболот;
- Билбейм, сени ал ушундай бир башкача көз караш менен карады. Балким ал сени жакшы көрүп калган чыгар.
- Анын эмнеси бар экен. Азыр эркектер жакшы маанай менен карап койсоң эле болду, жакшы көрүп калат. Андай жакшы көрүп калгандар четтен чыгат-деп, Ира Бекболоттун жарасына тийген сөз айтып алды.
- Анда сага ашык болгондор көп экен да...
- Азыр сүйүү жок, эптеп эле этек ачкысы келгендер. Өткөндө алиги мен кыйын деген депутат бар го. Ошонун иниси келип соода кылганынан жакшы мамиле жасап койгом. Эртеси келип "эс алып келбейлиби" -дейт. Ушундай бир жиним келди дейсиң. Бирок, өзүмдү сабырлуу тутуп, эптеп жолуна салдым. Сулуу болгонуң дагы курусун. Сулуу кыздарга кимдер гана тийишпейт. Курсагы салаңдаган кишилер тийишкенде эркекке ар жок экен дейсиң.
- Эми сага ким тийишсе мага айт, сазайын берем.
- Эмне кыласың аны. Андан көрө аялыңа тийишкендердин сазайын бер. Менден көңүлүң калганда, таштап кете бересиң да. Бекболот сөз таба албай калды да, үнсүз жатып Иранын айткан сөзүн эп көрдү. "Чын эле бойдок болсом бир жөн" -деп.
Ира туруп душка түштү да анан киймин кийип, Бекболотту күтүп калды. Ушул кезде жанагы болгон окуяны эстеп, Бекболотту аялынан кызганып кетти. Анткени ушунча болуп, кумардын туу чокусуна чыгып көргөн эмес. Өзүн жеңил сезип, аялзаты болуп жаралып калганына ыраазы болуп кетти.
* * *
Күнгө шейшемби. Бул күн Дордой базарындагылар үчүн өзгөчө күн. Соода дүңүнөн болуп Казакстан, Тажикстан, Россиядан бери соода кылганы келген коноктордун күнү. Ирадан бир казак аял жакшы соода кылып, өтпөй жаткан товарларын дүңүнөн алып кетти. Кабагы ачык олтурганда көптөн бери тийишип жүргөн он экинчи катардагы Султан келип;
- Ира, жүрү сага тамак алып берейин. Бүгүн жакшы күн болду го. Баягы үйүлүп жаткан товардын теңинен көбү кетип, аренданын акчасын чыгарып койдум. Эми мындай кубанычты сендей сулуулар менен тең бөлүшпөсөм болбой калат го.
- Эмне, Айпери менен тең бөлүшпөй калдыңбы?
- Ал күйөөгө тийип кетпедиби?
- Качан?
- Эмне уккан жок белең. Алтынчы күнү Сокулуктук бала тийип кетти. Багы ачылсын.
- Ырас болгон турбайбы. Эмне сүйлөшүп эле кетиптирби?
- Аны деле билген жокмун. Кыскасы, эми анын ордун өзүң толукта. Ира кабагы суз;
- Эмне мени дагы пайдаланып, анан турмушка узаткың келип калдыбы?
- Ира сен жаман ойлобо. Сага деген оюм ак. Андан көрө тиги Бекболот сени кызганбайбы. Өткөндө тиги байкуш тачка айдаган Айбекти жаман кылды "Ирага жолобо" -деп.
- Ошондой, ал эмне эле мага жолобой калды десе. Сен дагы андай болуп мага жолобой калышың мүмкүн. Бекболот мага айткан эле "кызганчаакмын" деп.
- Мен андан коркпойм, аны коюп жүрү тамак ичип келели. Катарында олтурган Бактыгүл шык эткизе күлүп;
- Кайран гана жаштык. Султан, мени деле тамакка чакырып койсоң эмне болот. Же эмне мени "жашы өтүп калды"- деп, ойлоп жатасыңбы? Султан калп күлүп;
- Элмира, "третий лишний" -дегенди билесиңби. Тамаша, менин Ирада өзүнчө сөзүм бар эле... -деген болуп кутулду. Ира жылмайып;
- Билем, эмне сөз айтаарыңды. Андан көрө мага акча таап берип турсаң боло. Баягы Сакен эжеден дайын жок. Товарды алып кеткен бойдон.
- Жүрү, эми калган сөздү ал жактан сүйлөшөлүчү, душман көзүнө чалдыкпай-деп, алдыга басты эле Ира айласы жок аны менен жөнөдү. Экөө ээрчише басып кафеге киргенде, ал жактан Бекболоттун бир жаш, татынакай кыз менен тамак ичип олтурганын көзү чалды да, дароо артын карап жүзүн жашырды, көрүп калбасын деп. Сыртка чыкканда Султан кошо чыкты. Ира;
- Султан сен тамакка заказ бере бер. Мен азыр кирем. Тиги мени, сени менен киргенимди көрбөсүн-деп, сыртта калды. Бекболот жан-алы калбай жаш кызга бир нерсе айтып жатканда Ира жакын келип;
- Тамагыңар таттуу болсун -деп, тиги жаш кызды карап койду.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«