Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
КИМДИКИ?
Акын Жолдошбек Зарлыкбековдун студенттик курагы.
Бир мертебе Жокем лекциядан келээри менен керебетке жатып, дептерин бетине жапкан бойдон уктап калбайбы. Аны менен бирге жашагандар ошол күнү жакшы көргөн кыздарын конокко чакырышмак.
- Жолдошбекти ойготолубу?
- Пускай. Уйкусун кандырып алсын.
Анан даярдыктар көрүлө баштайт. Бөлмөнү жасалгалашып, бирөөнүн телевизорун, бирөөнүн люстрасын, бирөөнүн кадакта өсүп турган гүлүн сурап келишет. Дагы бирөөлөрдүн идиштерин…
Аңгыча, кыздар киришет. Аларды бирден орундукка жайгаштыргандан кийин:
- Биздин бөлмөбүз ушул,- деп жигиттердин бири мактана баштайт. - Жашообуз башка студенттердикинен жогору. Кеч киргенден кийин телевизор көрүш үчүн бардыгы биздикине топтолушат. Идиш-аякты бизден сурап кетишет.
Дал ушул учурда ойгонуп, катарга кошулган Жолдошбек:
- Ой-йи-ий, сонун телевизор го! Кимдики? - дейт таңыркап. - Мобу тарелка кимдики? Гүлү мага жагып калды. Ал эми мобу чыныларды кимден сурап келдиңер? Кечээ мен ы-столобойдон бир кашык уурдап келдим эле. Ошол кана?..

ТЫРЫңДОО
Обончу, гитарист Анарбек Сардарбековдун 4-5 жаш курактагы убагы. Бир жолу ал балдар бакчасына баргысы келбей, кежирлик кыла баштабаспы. Ошондо эжеси атасына даттанды:
- Ата-а, Анарбегиңиз жөн баспай жатат!
- О-ой, Анарбек, "тырыңдабай" жөн бас! Болбосо…
Карагул аксакалдын ачуулуу доошун укканда дароо коркуп кетип, эжесин ээрчий жөнөп, бирок "коркунучсуз" жерге жетип алгандан кийин Анарбек кайра атасына кыйкырат дейт:
- Э-эй, ата?
- Ыя?
- Тырың-тырың!

ЖАМБУЛ ЖАНА "ОШ ТАЙМС"
Жамбул Камчиевдин "Ош таймс" гезитине төмөндөгү мазмунда макаласы жарыяланыптыр:
"Жаандан кийин чыккан козу карындай жайнаган эркин гезиттердин ичинен "Ош таймс" гезити аябай кызыктуу чыгууда. Айрыкча белгилүү куудул Жамбул Камчиев жазган макалаларды мен аябай кызыгуу менен окуйм".
Ким жазды экен? -деп бул макаланын этегине көз жүгүрсөк, Жамбул акенин өзү болуп чыкпаспы.
УНЧУКПАЙ ЖАЗЫП ЖҮРӨ
БЕР ДА!
- Китептерим да чыгып атат. Ар кайсы журналдарга, гезиттерге да чыгармаларым жарыяланып жүрөт, бирок бир сынчы да бирдеме деп пикирин айтпай келатат!- деп калыптыр жазуучу Тойчубай Субанбеков баягы жылдары Бектуруш Салгаманиге.
- Эч ким унчукпаса, демек, эч кимге зыяны жок экен, жазгандарыңдын. Ошон үчүн сен дагы унчукпай жазып жүрө бер да!- дептир Бектуруш.

ТАШ ЧАЙНАГАН РЕДАКТОР
Жазуучу Бекмырза Рахман уулу /ыраматылык/ "Чалкан" журналында редактор болуп иштеп жүргөн кезинде конокко барып калат. Палоо жеп отурса, тишинен "пычыр-пучур" эткен үн чыгып кетиптир. Ошондо үй ээси:
- Таш бар бекен?- дейт ыңгайсызданып.
Аны уяткаргысы келбеген редактор:
- Ничего! Күрүчү да бар экен,- дептир.

УЙКУ
- Эртең менен саат 10 болгондо да турбай , келинчегим экөөбүз кайра күүгүм киргиче уктаппыз.
- Ой-и-ий, эмне үчүн анттиңер?
- Кимибиз мурда ойгонсок, ошонубуз мешке от жагышыбыз керек болчу да!
О.Бөрүгулов





199-маршруттан кыргыз ырларын угасын...
Айкын пикир

Ассалоому алейкум, "Айкын Саясат" гезитинин окурмандары! Биздин гезит сиздердин кызматыңыздарда. Көкүрөгүңүздөрдөн чыккан саламды сиз өзүңүз каалаган адамга жолдоп, смс аркылуу билдиргиңиз келсе, бизге чалгыла. Коомдук түзүлүшкө, саясый абалга жана башка көптөгөн жашоо-турмуш маселелерине болгон өз көз караштарыңыздарды да билдирип турсаңыздар болот. Бир гана нерсе, өтө катуу кетип, сөгүнүп-сагынган, бирөөнүн беделине доо кетирген сөздөрдү абайлаңыздар. Туура, так аныктама берип, кыска, нуска жазууга аракеттениңиздер. Биздин телефондор: 902715 жана 0772682199


64. Урматтуу министрлер, депутаттар!
Силерден сураныч, силер Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген сөзүн айтып атканда уялсаңар боло. Силер "Мен кара болсом, сен кара болсоң, Кыргыз мамлекети банкрот болот" деп айтсаңар жарашат.
Кубанычбек, Токтогул району.

65. Биз 199-маршруттагы автобусту айдаган бир байкеге аябай ыраазы боло беребиз. Мамлекеттик тил боюнча түзүлгөн мамлекеттик уюм, комитеттердин кызматкери болбой туруп эле бул айдоочу агай кыргыз тили үчүн кызмат кылып жатат. Себеби, таңдан кечке чейин кайсы маалда түшпөгүн, жалаң кыргыз обон-күүлөрүн, ырларын угасың. Баарынан да, комуздун коштоосу менен аткарган ырларды, Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Токон Эшпаевдин аккордеондун коштоосу менен ырдаган кубулжуган үндөрүн укканда миң ыраазы болуп кетесиң. Башка айдоочулар ушул агайдан үлгү алса болмок.
Жаңыл, Бишкек.

66. "Сүйүү күнүн" эң бир шаңдуу белгиледик. Группадагы кыздар-балдар чогуу сүрөткө түшүп, кафеге кирдик. Бул - биздин окуй баштагандан берки чогуу өткөргөн биринчи жакшы отурушубуз болду окшойт. Бири-бирибизге ого бетер тартылып, бири-бирибизди ого бетер сыйлап калдык. Группалаштарыма салам!
Айнура, Бишкек.

67. …Түшүмдө аябай ыйладым. Жүрөгүм кыйналды. Жакын адамдарым түшүмө кирип, алар менен чогуу жүрүптүрбүз… А бирок, ал жигит мени таштап кеткенине эки жыл өтүп кеткен. Баарына мен өзүм күнөөлүү экенимди азыр мойнума алып отурам. Сен Оштонсуң, мен Чүйдөнмүн деп болбой койгом. Алиге андай жигитти жолуктура албай жүрөм. Мени кечирип койчу, Темир!
Сенин бир кездеги сүйгөнүң
Арууке, Бишкек.

68. Каку! Мен жакында Бишкекке барам. Таарынбай кое тур. Өткөндө уулуңдун үйлөнүү тоюна бара албай калганымдын да себеби бар. Баягы эле акча жагынан кыйналып турган мезгил.
Саламы менен эжең Алтынай,
Талас.

69.
Депутаттык кресло,
Халвадан да таттуу го.
Өткөн ар бир отурум,
Тамаша-шоудой шаттуу го!
Антсе дагы андагы ,
Отурушкан лөктөрдүн
Чамалары чактуу го!
Ыраман, Бишкек.
70. Урматуу "Ачык саясат" гезити! Мен 76 жаштамын. Небереме жаздырып жатам. Алиги, Египеттин падышасы Мубарак Кыргызстандан окуп кеткени чынбы? Туура эле биздин таз кейпибизди кийгени кызык болуп жатат. Ал дагы Бакиевдей болуп, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болуптур го. Эмнеси болсо да, эми эли жакшы жашоого баш койсо экен.
Кырманбек, Нарын.

71. Айрым бир саясатчылар телевизордон көрсөң, тилинен чаң чыгара укмуш жакшы ойлорду айтат. Тим эле ыраазы болосуң. А бирок, анын чыныгы кылган иштери - айткандары менен дал келбей турганын өз көзүм менен көрүп атам. Теледен көрсөң, тим эле бүтүндөй Кыргызстандын элин багуу үчүн жан үрөп жаткандай, иш жүзүнө келгенде он кишиге да жарыгы тийбей атканын көпчүлүк билет болду бекен? "Мындайга да мастерство керек" деп айтат бир таанышым баш чайкай.
Талант, Бишкек.

72. Дайыма чындык үчүн чыркырап жүргөн бир кишини билем. Ал - Өндүрүш Токтонасыров деген журналист-укук коргоочу. Азыркы мезгилде ал кыргыз тили үчүн күйүп-бышып, орусча аталыштагы гезиттерди сотко берип атыптыр.
Молодец, Өндүрүш! Ой, кыргызча айтыш керек да: Азаматсың, Өндүрүш!
Курсташың,
Бишкек.

73. Аделия! Туулган күнүң менен куттуктайм! Дайыма жаш бойдон, жакшына бойдон супсулуу болуп жүрө бер! Сага кааларым - жалаң жакшылык!
Тимук, Бишкек.


Даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??