Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

ЭРКЕКТИК СӨЗҮНӨ ТУРСУН!
Биздин, Бостери айылынын тургундарынын көңүлүн көптөн бери өйүп келе жаткан бир маселе бар. Ал - айыл өкмөт башчыбыз Замир Учкурткаевге байланыштуу.
Сөзүбүз түшүнүктүү болсун үчүн түшүндүрмө берип кетели.
Бардыгы Бакиевдин учурунан башталат. Аныгын айтканда, Бакиевдин "Ак жол" партиясы түзүлгөн учурдан эле Замир бул партиянын арыгын аянбай, чын дили менен чаба баштады.Себеби, анын шайланышы дал ушул мезгилге туш келип отурбайбы. Шайлоо маалында "Ак жолго" чын дили менен иштеп да берди.
Анан, Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине каршы чыккан эл аны тактан алып, жаңы заман курабыз деп чыктык го. Себеби, бир эле ордодо эмес, жер-жерлерде да бакиевчилер элдин маңдай тери менен тапкан эмгегине беш манжасын сала, катуу ирээнжитип жиберишкенин бүтүндөй калайык-калк билебиз. Ошондуктан, өзүбүздүн өкмөт башчыбызга биздин да нааразылыгыбыз күчөп турган мезгилде, алигидей бийлик төңкөрүшү болуп кетпедиби. Биз бул өкмөт башчыны кетирип, башка - өзүбүз тандаган адамды коюп алалы деп аракеттенгенибизде ал:
- Мөөнөтүм деле бүтөйүн деп калды, бүткүчө иштеп турайын, кийинки шайлоого барбайм,- деп убадасын кат-кат берип отуруп эптеп калып калган.
Баарыбыз бир айылдан болгон соң, анын убадасына ишенип, кеңешип отуруп калтырганбыз. А бирок, Замир өзүнүн эркектик сөзүнө тура алган жок. Мына, бүгүн-эртең боло турган шайлоого өзүнүн кандидатурасын кайра коюп отурат. Аны кайра "шайлоого кое бер" деп шыктандыргандар жана колдогондор - бир кезде Бакиевдин "Ак жолуна" аянбай кызмат кылышкан айылдык кеңештин бир ууч депутаттары экенин деле баарыбыз билебиз. Ал эми буга айыл ичи бүтүндөй нааразы экенин дагы бир жолу баса белгилеп кеткибиз келет.
Урматтуу "Айкын саясат" гезитинин журналисттери! Учкурткаевдин мыйзамсыз ичип-жегендерин, жалпы эл үчүн эмес, жалгыз гана Бакиев үчүн иштегендерин иликтегиңиздер келсе, андай фактылар бизде толо. Качан да болсо аны бетине коюп бере алабыз. Биздин ушул катыбызды гезит бетине чыгарып, жалпы элге, жаңы бийликке жарыя кылып коюуңуздарды өтүнөбүз. Мындай адамдардан тазаланмайын, кыргыз элинин багы ачылбасына көзүбүз жетип отурат.
Б. Калназарова,
Ысык-Көл
району.




ЭГИЗСИҢЕРБИ, ТАЛАНТТУУСУҢАРБЫ, АНДА…
"Сурия" кайрымдуулук фондусу беш жылдык мааракени белгилөө алдында турат. Дал ушул мааракени утурлап бул фонд тарабынан дагы бир маданий оюн-зоок уюштурулганы жатканын кабарлап кетели. Тактап айтканда, таланттуу эгиздердин сынагын уюштурууга бел байлап отурушат.
Чүй облусу, Бишкек шаарындагы төрт райондун /Ленин, Биринчи Май, Октябрь, Свердлов/ жашоочуларынын ортосунда уюштурулган бул конкурска 5 жаштан 100 жашка чейинки таланттуу эгиздер катыша алат.
Конкурска ырчы, бийчи, комузчу, аккордеончу, скрипачы, дастанчы, ооз комузда ойногон жана башка өнөрү барлар, ошондой эле кол өнөрчүлөр: саймачы, бычмачы, тикмечи, жыгач уста,темир уста, сүрөтчү, зергерчилик менен алектенген эгиздер ат салышат.
Эгер сиздер эгиз болсоңуздар, эгер сиздер Кудай берген талантка, жараткан тартуулаган өнөргө эгедер болсоңуздар, анда "Сурия" фондусуна кайрылыңыздар. Талантыңыздарды катып эле жүрө бербей элге тартуулап, айланаңыздагыларга жагымдуу маанай тартуулаңыздар!
0705 90-89-89; 0778 55-56-65 номерлүү чөнтөк телефонго жана 93-25-50 номерлүү үй телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Таланттуулар тандалат!




ЭНЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
32 жылдан бери Ош шаарында жашап келген эмгектин ардагери Турсункан Молдоалиева биздин редакциянын эшигин кагып июнь айындагы көргөн күнү тууралуу каңырыгы түтөп айтып берип жатса, чыдап угуп тура албайсың. Эженин көзүндөгү аккан жашты көрүп, менин да жүрөгүм ооруп кетти. Өзүңүздү кармаңыз, эми болгон окуяны ирети менен айтып бериңизчи,- деп өтүндүм.
- Сиңдим Жайнагүл (аты өзгөртүлүп жазылды) Шайит-Дөбөдө жашачу. 10-июнда сиңдимдин квартирасына барып калдым эле. Ошол түнү салют атылып, азан айтылды. Эртеси түшкө чейин өзбектер көчүштү. Ош району тарапты кара түтүн каптады. Кечиндеси өзбек улутундагы жаш жигиттер куралдары менен темир эшикти кагышты. Түнкү саат 11де үндөр угулуп, өздөрү көрүнбөдү. Түнкү саат 2де электрди өчүрүшүп, лампочкаларды сындырышты. Анан биз жаткан бөлмөгө 20 чактысы кирип келишти. Маскачан жаш жигиттин колунда мылтык, экинчисинде арматура, үчүнчүсүндө жыгач… Сиңдимдин башына жыгач менен урганда кулап түштү. Мен болсо "Айланайын балдарым, силердин да биздей апаңар бардыр, койгула", - деп жакшы сөздөрүмдү айттым. Алар бизден алтын жана акча талап кылышты. Биздин жаныбызды аман калтырышса болду, - деп биз алар талап кылган акчаны да, алтынды да бердик. Бирок биз алардан кутулбадык. Колумдагы эки жашар неберемди бер дешти, мен бербеймин дедим. Ошентип, 30 жаштагы сиңдимдин эки айлык небереси болуп туткунда калдык. Бизди туткундашкан балдардын баары эле кошуна жашаган, биз тааныган балдар бизди ушул абалга алып келишти. Түнкү саат 4тө бизди гормолзаводдун складына алып келишти. Ал жерде Расул аттуу татар жигити, Шүкүрилла аттуу өзбек жигити, Сергей аттуу орус жигиттер бизге жардам беришип, балабызга балмуздак, өзүбүзгө нан, суу беришти.
Бизди складда, балмуздак цехинде 4 аял, 2 кичине балабыз менен күндөп-түндөп чыгарышпай алып олтурушту. 13-июндун түнүндө бизди пельмен жасоочу цехке алып келишти. Балам ар нерсе жейм деп ыйлайт. Сергей кант, эки балмуздак алып келип беришти. Күндүн ысыктыгынан балам суусап, чарчап уктап калды, анан Сергей өзү кароолдук кылган вагонго бизди алып келип, эс алгыла,- деп сыртта өзү бизди коруп турду.
Бир убакта "вагонду ачкын, ким бар?"- деп Санжар аттуу өзбек жигит кирип келип: "мал кыргыз, силердин айыңардан ата-энем "сексен беште" отурат" деп каарын чачып кирип келди. Эч бир сөзгө келбей, неберемдин оозун скочтой баштады. Столдун үстүндө турган 5 алюминий бычакты алып, бирин киндигиңе, бирин эмчегиңе, бирин көзүңө тыгам деп ызырына баштады. Баламды бер дешти, бербей койдум. Бир убакта Санжар эшикке чыкты да, чоң скотч алып келип, неберемдин, анан менин оозумду, колумду, белимди скотчтоп, неберем экөөбүздү чынжыр менен ороп таңып салды. Сигаретти чегип, мойнумду күйгүздү. Үчүнчү өзбек жигит келип, кыргыз менен эмне сүйлөшүп жатасың, өлтүр, кыргызды" дебеди беле,- деп башымды колу менен чапкылап жиберди. Көзүм караңгылап өлөт деген ушул экен,- деп жандалбастап калдым. Сиңдимдин да оозун, колун скотчтоп салышты.
Гормолзаводду эки кыргыз жигит коруктап турган, аларды таап, башы-көзүн койгулап, кан жалата токмоктошту. Аңгыча эле телефондо кимдир-бирөө кыргыздарды өзбектерге алмаштырабыз дегенде, бизди неберем экөөбүздү машинанын артына салышты. Бизди, сегиз адамды Хайрулло аттуу өзбек кишинин үйүнө алып келишти. Ошол жерде Хайрулло булардын оозундагы скотчту ачкын, чынжырын чечкин деп, үйүнө киргизип бизге суусун, чай берди.
Ким билет, эгерде телефондон алмаштырабыз дебегенде, биз эмне болмок элек. Санжар аттуу өзбек жигит 2 кол телефонубузду алып койгон болучу. Анан бизди кордоп сүйлөп жатып, "силерди өлтүрүп, өлүгүңөрдү Ак-Буурага ыргытабыз" деп өлүм жөнүндө көп сөздөрдү айтты. Ошондо көргөн азабыбыздан ооруп калдык. Азыр да көз алдыма алардын көрсөткөн кордуктары, айткан сөздөрү эсимде. Жашаган жерибизди өрттөп коюшту.Үйүмдөгү буюмдарым күйүп кетти,үстүмдөгү кийимим менен гана калдым.
Менин, сиңдимдин, эки кичинекей наристенин жана эки кыргыз кароол жигиттердин тагдыры мамлекеттик органда иштеген жетекчилер тарабынан териштирилип, аларга бизге көрсөткөн кордуктары үчүн жаза беришет деген үмүттөбүз.
Арыз-муңду жазып алган
Бурма ЫСАКОВА,
Ош шаары





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«