Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

КР Президенти Р.И.Отунбаевага
КР Премьер-министри А.Ш.Атамбаевге
КР Жогорку Кеңешинин
төрагасы А.К.Келдибековго
Республикадагы бардык массалык-
маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө
КАЙРЫЛУУ
Биз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев, Кажы-Сай жана Жети-Өгүз районунун Саруу, Даркан, Желе-Дөбө ж.б. айылдарынын жана Каракол, Балыкчы, Бишкек шаарларынын тургундарынын атынан 2010-жылдын 7-апрелиндеги трагедиялуу окуяга тиешеси бар деп камакка алынган Дунганов Данияр Асангазиевичти жана башка аскер кызматчыларын жактоо талабы менен кайрылабыз. Ошону менен бирге, биз ошол күндөрү каза болгондордун туугандарына, үй-бүлөлөрүнө, балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Биз Спорт ордосундагы сот процесси башталгандан тартып нааразылыгыбызды билдирип келгенбиз. Тактап айтсак, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында жана Жети-Өгүз районунун Покровка айылында нааразычылык акциялары болуп өттү. Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн шалаакылыгынын айынан жалган жерден Дунганов Д.А. жана башка аскер кызматчылары жалаңгыч жана киши өлтүргүч атка конушту. Бир чети замандаш, бир чети жердеш катары Дунгановдун жеке адамдык касиетине жана кызматка болгон мамилесине биз толук мүнөздөмө бере алабыз деген пикирдебиз. Бул бала биздин колубузда, жакшы үй-бүлөдө өсүп-чоңойду, ата-энеси ак эмгеги менен 11 баланы тарбиялап, бутуна тургузуп, Ата-Мекенге ак кызмат өтөп жүрүшкөн үй-бүлөлөрдүн бири. Ошо 11 баланын ичинен 5 баласы аскер кызматында өз милдеттерин так аткарып келишкен.
1999-2000-жылдар аралыгында Баткендеги каргашалуу окуяда үчөөсү кызмат өтөшкөн. Эң өкүнүчтүүсү, бул ак ниети менен эл-жерге кызмат өтөгөн адамдарды качкын Бакиевдин кылмыш иштерине жана анын жакындарынын мыйзамсыз кадамдары менен бирге карагандыгы болду. Биз сөз кылып жаткан Д.А. Дунганов мырзанын мурдагы бийлик өкүлдөрүндөй элдин эсебинен жыйнаган байлыгы жок экендигин эскертип кетмекчибиз.
Убактылуу өкмөттүн элди эптеп алдап, кылмышкерлерди кармадык деген шылтоо менен Дунганов Даниярды көтөрүлүшкө чыккандарды аттыруу үчүн буйрук берди деген жалаа жабууларын жокко чыгарабыз. Эгерде, Убактылуу Өкмөттүн калыстыгы болсо, мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн сактап калууга умтулган жарандарды эмес, буйрук берген Бакиев жакындарынын өзүн кармашпайбы.
Дунганов Данияр Акаевдин убагында иштеп, кызмат өтөп жүргөнү бизге маалым. Өзүнүн билими менен профессионалдуу ишин аткарган үчүн кызматтан өз күчү менен көтөрүлдү, Дунгановдор Бакиевдердин үй-бүлөсүнө эч тиешеси жок экенине толук кепилдик бере алабыз.
Баласынын айынан кайгыдан энеси - Баатыр Эне Иманакунова Тукан рак ооруусуна чалдыгып, учурда онкология борборунда дарыланып жатат. Жакында Данияр Дунгановдун өзү да операция болуп, сотко аны тез жардам автоунаасы менен алып келип, кайра алып кетип жатканын эч ким тана албайт.
Мунун баарын эмнеге жазып жатабыз, анткени, күнөө кылгандар качып кеткени аз келгенсип, алардын ордуна кылмышкерлерди кармадык деген тариз менен бейкүнөө балдарды күнөөлөгөнү туура эмес иш. Дагы айтаарыбыз, бейкүнөө жаш кызматкерлерди бекер күнөөлөгөндү коюп, анык күнөөлүүлөр - мурдагы президент Курманбек Бакиевди, премьер-министр Данияр Үсөновду жана бир туугандар Жаныш, Максим Бакиевдерди алып келип элдин алдында соттошууңуздарды талап кылабыз. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, жок дегенде биздин күнөөсүз балдарды актап чыгарбасаңар, биз дагы колдон келген чараны колдонобуз деп эскертмекчибиз. Бул талаптарды аткаруу - азыркы мезгилдин талабы болуп турганын дагы эсиңиздерге алсаңыздар экен. Болбосо, учурда жасалып жаткан кадрдык, саясий туура эмес багыттарга кыжырданган карапайым калкты дагы күчөтүп аласыңар деп биз кесе эле айта алабыз. Кыскасын айтканда, Акаев менен Бакиев бийлиги көз ачып-жумгуча жок болгондой, силер да ушул жасалып жаткан туура эмес иштердин аркасынан кетесиңер деп толук ишендире алабыз. Аны Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 20 жыл аралыгында тарых да, убакыт да далилдеди.
Ошондуктан, сиздерден суранарыбыз, сот жүрүшүн токтотуп, Дунганов Д.А. жана башка аскер кызматчыларынын сот ишин токтотуп, актап чыгууну талап кылабыз.
Биз Кыргызстандын тең укуктуу жарандары катары сиздерге мамлекет башында турган кызматкерлерге арыз-муңубузду айтканга жана алар аткарылбаса мөөнөтсүз митинг, нааразычылык акцияларына чыгууга даярбыз. Муну менен катар Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык укуктарыбызды коргой алабыз.
Кайрылууга 22 (жыйырма эки) барактан турган Ысык-Көл элинин кол мөөрү басылган баракча тиркелди.
Тиркемеге кол
койгон нааразы тараптын
саны 3000 (үч миң) адам.





КР Президенти Р.И.Отунбаевага
КР Премьер-министри А.Ш.Атамбаевге
КР Жогорку Кеңешинин
төрагасы А.К.Келдибековго
"Кыгыз Эл баатырлары" кыймылынын төрагасы Камчыбек Усупбаевден
Кайрылуу
Урматтуу бийлик өкүлдөрү!
Элимдин, жеримдин патриоту катары 2010-жылдын 5-августунда өткөрүлө турган Элдик Курултайга кайдыгер карабастан, уюштуруу идеяны колдоп, демилгечилердин бири катары кошулгам. 7-апрелден кийин жаңылануу, тазалануу жолуна өлкөбүздө багыт алынган жок. Элдин чыккынчылары Бакиевдерди кармап, жоопко тартпастан, көздөн кайым кылдыңыздар. Коомдо аруулануу болбостон, кадр маселеси да туура эмес жүргүзүлдү. Көптөгөн өкүнүчтүү окуялар болду. Ошондуктан, Элдик Курултайда 7-апрелден кийинки окуяларга бирге чогулуп баа берип, пикир алмашып, кептелип калган кыйынчылыктан чыгуу сунуштарын угуу болгон. Көптөрдүн суранычы боюнча Урмат Барыктабасов элге экономикалык программасын тааныштырмак. Анткени башкаларга салыштырмалуу У.Барыктабасов кыргыз эли үчүн түзгөн программасы менен айырмаланган. Ал программаны мен да окуп жактыргам. Андан сырткары, У.Барыктабасовдун "Келечегиң биримдикте кыргызым", "Мен кайра кайтып келчү жолду табам" аттуу китептерин окуп, ал кишинин элин, жерин абдан баалагандыгын түшүнгөм. Менин оюм боюнча Убактылуу Өкмөт У.Барыктабасовго эл үчүн иштеп берүүгө мүмкүнчүлүк берип, бул кишинин билимин, тажрыйбасын жана дагы потенциалдарын колдонсо болмок. Бирок тилекке каршы, УӨнүн мүчөлөрү пендечиликке салып, Урматтын иштерин бурмалап, кызганып, аракеттерин арам ишке айландырып, ага бут тосушту. Азыр болсо Барыктабасовго карата жалаа жабууну - элге карата кара ниеттик, кара санатайлык, акмакчылык, душмандык деп түшүнөм. Анткени кыргыз элин сүйгөн адам, элин саздан алып чыгып кете алам дегендерге бут тоспостон "Кудайга шүгүр!" -деп анын иштешине бардык шарттарды түзүп бериши керек болчу. Курултайды уюштуруп жаткандардан да, башкасынан да "бийликти күч менен тартып алабыз" дегендерин уккан эмесмин. 21-кылымда У.Барыктабасовдой билимге, тажрыйбага, ар түркүн жаңы жаратман идеяга бай киши, элин сүйүп, элиме кызмат кылуудан башка максатым, бактым жок, "билек бирди жыгат, билим миңди жыгат" -деп түшүнгөн, күчкө эмес акылга, ыйманга баа берген киши үчүн бийликти күч менен басып алыш керек деген ой жатпайт деп ишенем.
5-августта күч структуралары чогулган элди кубалап, аткылап, иттерге талатып, таш жаадырып, газ менен ууландырды. Курултайдын уюштуруучулары башкалар эле. Ал эми У.Барыктабасов конок катары келип, эли үчүн арнаган өзүнүн программасы менен тааныштырмак. Ошол күнү болгон окуялар тууралуу телеканалдар бийликтин идеологиясына ылайыктап, бир тараптуу маалыматтарды беришти.
Бүгүнкү күнү Урмат Барыктабасов жана аны менен бирге дагы он төрт киши жети айдан бери УККнын СИЗОсунда камакта отурушат. Жыл башынан бери Биринчи май райондук сотунда аларга карата сот процесси жүрүп жатат. Мамлекет тарабынан булар "бийликти күч менен басып алууга аракет кылышкан" -деп койгон айып боюнча мамлекеттик айыптоочулар эч кандай далилдерди келтире алышкан жок. Ошондой болсо да процесс созулууда. Соттун төрагасы Боронбаев соттолуучуларга коюлуп жаткан айыптар эч далилсиз болуп жатса да, айып жеңилдетилсин деген деген жактоочулардын суранычтары боюнча туура чечим чыгарган жок.
Өтүп жаткан сот процесси саясий заказ экени ачыктан-ачык байкалып турат. Акаев менен Бакиев заманынан азыркы учурдагы бийликтегилердин эч кандай айырмачылыгы жок!
Урматтуу бийлик өкүлдөрү! Урмат Барыктабасовго карата козголгон кылмыш иши сотто калыс каралышын көзөмөлдөп берүүңүздөрдү суранам! "Ак ийилет, бирок сынбайт" эмеспи.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«