Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

 "МК АЗИЯ" ойт бермеси:

"ЖИЙИРКЕНИЧТҮҮ, МАСКАРАЛООЧУ МАНЕРАНЫ"
КИМ ЖАРАТУУДА?...

Мурдагы күнү Президенттин аппаратынын жетекчиси Э. Каптагаев: Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимовдун кызматтан алынышында эч кандай саясий ыргак жок, ар бир чиновниктин өзүнүн милдети бар, ал эми А. Ибраимов аны аткарган жок. Ошондуктан ал постун таштоого аргасыз болду, - десе, "МК АЗИЯ" газетасы жер-суу аттарын алмаштыруудагы "омерзительный, оскорбительный манерасын" а түгүл, президент Отунбаева да түшүнүп, Ибраимовдун кызматтан алганын жазат. Айтор, бул маселени улутчулдук катары баалаган "МК АЗИЯ" кагыштыруучулук, кайраштыруучулук менен алектенип жаткан жокпу?

Чынында, Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси А. Ибраимов элдин талабына ылайык өз милдетин аткарганын айтат. Бул "жер-суулардын аталыштарын өзгөртүүгө мамлекеттин кийлигишүүсү талап кылынбайт. Эгер жашоочулар өздөрүнүн элдүү пунктун атын өзгөртүүнү чечишсе, анда Жогорку Кеңешке тийиштүү каттарын жөнөтүшү керектигин айткан Президенттин аппарат жетекчиси Э. Каптагаевдин билдирүүсүнө да туура келгенсийт.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимовдун иштен алынышы бир тобун кыжырдантса, жер-суу аталыштарынын түпкү атына кайтаруу боюнча маселенин көтөрүлүшү ар бир нукура мекенчил кыргызга майдай жагып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Бирок, мындай демилге орус туугандарыбызга, алардын алдында бөйпөктөгөн айрым кыргыз сөрөйлөргө таштай тийгенин да байкоого болот. Орус тилдүү газеталар мисалы "МК АЗИЯ" (15-21-февраль, 2011) газетасы бул демилгени "улуттук, расалык, этникалык, диний жек көрүүчүлүк, социалдык артыкчылыкка, дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка чакырган пропаганда" катары баалап, ушундай "отвратительный, оскорбительный манерасы " (жийиркеничтүү, маскаралоочу жүрүм-турум) үчүн президент Азимжанды кызматтан айдаганын "ВЫ ОБРАЩАЙТЕСЬ, ЕСЛИ ЧТО…" деп табалап, тепкилеп эле калыптыр. Анысы, илгери кылмышкерди элдин көзүнчө катуу жазалап, эгер кылмыш кылсаңар силер да ушундай болосуңар деп элдин жүрөк үшүн алгандай эле болуп калыптыр.

ШОВИНИСТТИК АНЫКТАМА ЖЕ БӨЙПӨҢДӨӨ САЯСАТЫ
Кыскасы, "МК АЗИЯ" газетасы Азимжандын, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Президентке, Жогорку Кеңешке жана акимиаттарга кайрылуусун "пещерно-агрессивный" деген аныктама да берип, эсиңди оодарат. Газетанын арсыз пикиринен улам кыргызды жоготуу программалары негизи бар экенине да бир жолу ынанасың. Болбосо, кыргыз тили, маданияты үчүн эң маанилүү маселе көтөрүлгөнүнө, эмне мынча орус тилдүү газеталар чачын жулуп, беттерин тытып, бул улутчулдук деп чуу салышат. Маселени көтөргөн Азимжанды "фашист", "шовинист" дегенге чейин жакындатышты. (Фашист деп ачык айтпаган менен фашисттин аныктамасын беришти десек жаңылбайм). Болбосо, жер-суу аталыштарынын түпкү атын атоодо эмне улутчулдук үгүт бар. Ал болгону мезгилдин, элдин талабы. Ооба, ошондой бирок, бул маселени кийинкиге жылдыра турсак болмок, сөздүн ачыгы, Россиядан жардам алып алгандан кийин деле кароого үлгүрмөкпүз таризинде кеп айткандар да четтен чыгууда. Анын үстүнө өлкө кыйналып турат деп жумшак сүйлөмүш эткендер да бар. Эгер биз бөйпөңдөө саясатын кармансак, эзели оңолбойбуз, бөйпөңдөгөн немени ким татыктуу өнөктөш кылат. Өзүн карабаган башка кимди карап жарытмак. Ички саясатын батыл жүргүзгөн - сырткы саясатында батыл болот. Ички дараметиңе, өзүңдүн денгээлиңе жараша кадам жасалат эмеспи. Байкуш болсоң түбөлүк байкуш бойдон каласың. Ошондой шордуу мүнөз тукумга өтөт. Ушуга мисал жыйырма жылдык эгемендик доорунда, өзүнүн кыргыз экенин жакшы билбеген, сырттын маданиятына сиңирилген, ошолордун идеясын тутунган алгачкы жаштар агымы чыгууда. Азаттыктын кечээки "ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө кинорежиссёр Э.Осмоналиева аттуу кыз "орус мектеп билимди жакшы берет, кыргыз мектеп начар берет, биз кимден акча алсак, ошолордун шарты менен болушубуз керек да" өңдүү жеңил-желпи ойлору менен отурат. Билимдүү жаштарыбыз ушинтип отурса, жалпы жаштарыбыздын абалы кандай болот? Минтип отурсак эртең биз АКШдай болушубуз керек, улут болбош керек, тек жарандык болуш керек дегенге жетебиз.

ЖЕР-СУУНУН АТАЛЫШЫНАН ШОВИНИСТТИ ИЗДЕГЕНДЕР - НИЕТИ КАРАЛАР
Тили, дини жана дили жок улут эмес, улут болууга да акысы жок экенин ар ким билет. Ошондуктан бир улутту жоготуунун жолу басып алуу, тукум курут кылуу эмес, анын биринчи тилин, дилин же маданиятын акырындык менен алсыратуу эмеспи. Бизде да ошол сыяктуу саясатты ачык көздөгөндөр Бакиев доорунда эле Маданият министрлигин кичирейтип, агенствого айлантып. ж.б… кыргызды муунтуу аракеттерин жасаганын далилдеп кереги жок.
Эгер жер-суу аталыштарынын эне тилде болгону, өлкөнүн калкы өз улутунун тилинде сүйлөгөнү - улутчулукка, тагыраак айтканда шовинизмге кирсе, анда дүйнөдөгү өлкөнүн дээрлик баары шовинист болуп кетеби? Болбосо, кайсы бир өлкөдөн Кыргызстандагыдай жайнаган "овка", "евка" өңдүү башка улуттун аталышына толгон мисал келтирип көргүлөчү? Антсек, бизде кырдаал башкача, биз көп улуттуубуз дегендер да чыгышы мүмкүн. Андай көп улуттуулук Европа, Россияда миллиондоп саналат. Алар деле түпкү аты турса ага карабай бөтөн ат койгон жок го.
Айтор жер-суу аталыштарынан шовинизмди издегендер тек, ортодогу улуттар ынтымагын бузган, кайраштырууну көздөгөн ниети каралар демекпиз…
Эрнест АБДРАХМАН




Астролог Индира ИСМАНКУЛОВА:
"Бабанов берген убадасын аткара албайт"

Саясий туруксуздук ар бир адамдын көйгөйлүү маселесине айланганда, эртең эмне болот? -деген суроого жооп табуу кыйын болуп туру. Андыктан биз астролог Индира Исманкулованы байланышка чакырдык.

Мамбет Сагынов, Чолпон-Ата шаары:
- Жаңы жазылган Конституцияны кайра иштеп чыгуунун жолу барбы жана аны менен бирге азыркы элдин көйгөйлүү маселеси чечилеби?
- Конституцияны кайра иштеп чыгуунун жолун тапса болот. Бирок биздин мамлекет парламенттик башкарууга өткөндөн кийин жогору жактагыларга дагы убакыт бергени оң. Анткени эл өзү парламенттик башкаруу жолун тандап алышпадыбы. Буга эки президенттин үй-бүлөлүк башкаруусу түрткү болгонуна убакыт күбө. Негизи эле түзүлгөн Конституциянын чийки жагын эл билген үчүн өзгөртүү киргизгенге негиз таап жатышат. Эгер өзгөртүү киргизилсе ийгиликтер жаралып, жемишин берет.
- Беш айда Атамбаевдин бийлиги ийгиликке жетээрине ишенесизби?
- Айтылган беш ай убакытта ийгиликке жетет деп ишенимдүү айтса болот . Анын колунан көп жакшы нерселер келет. Анткени ал кишини чоң ийгиликтер күтүп турат. Ар кандай тоскоолдуктарды колдон келсе жеңе билгени оң. Курулуштар башталат, берген убадасынын бир баштан өтөсүнө чыгат, эгер ириде айтылгандай тоскоолдуктар болбосо. Жаңы өкмөт ишке киргени алар иштеп жатканы көрүнүп эле жатпайбы. Биз ар бир адамдын жаман гана жагын көрбөй жакшы жагын дагы көрө билишибиз керек.
Сагипа Айдарова, Нарын району:
- КамчыбекТашиевдин элге деген ою жаман, анын Бакиев менен байланышы бар-дегенге ишенесизби?
- Ташиев менин жеке билишимде Бакиев менен байланышы деле жок. Айтылган кептер элдин ушагы. Ал элди регионго бөлбөйт жана кайсы жерде проблема болсо ошол жерге барганга аракет кылат. Тиги жогору жактагылар биринин оюна бири каршы чыгып жатышып эле, карама каршы пикирлер жаралып жатат. Анан түндүк-түштүк болуп бөлүнүү келип чыгып жатканын түшүнүү менен караш керек.
Жолдош Карабаев, Көлмө жаңы конушу, Бишкек шаары:
- Бабанов сөз берди эле, убадасын аткарууга күчү жетеби?
- Берген убадасын аткара албайт. Негизи анын максаты жакшы болгон. Буга азыркы кризистин терең кулач жайганы жана өзү күтпөгөндөй бурулуштардын болуп кеткени себеп болду десек аша чаппайбыз. Бирок ага карата элдин ишеними чоң. Эл Өмүрбек мырзадан чоңду үмүт кылып жаткан кези. Ар кандай кыйынчылыктарды эбин келтирип жеңсе, ийгилиги болуп үмүт аткарылышы мүмкүн.
Таалай Абдраимов, Нарын району, Куланак айылы:
- Элдин пейили бузулганына табигат дагы нааразы болот деген кеп бар?
- Табигат сөзсүз түрдө нааразы болот. Ансыз деле акыркы кездерде эмне деген табигый кырсыктар болуп жатат. Жер титирөө, сел каптоо, жер көчүү, самолёттордун кырсыкка учурашы мунун баары табигаттын берген белгиси. Тээ илгертен бери айтылып келе жатпайбы "табигатка бардык нерсенин байланышы бар"- деп, андыктан буга ишенүү керек.
Асыл Кадаңова, Токмок шаары:
- Деги эле элдин жашоосу оңолобу?
- Ачкыч бийликтин колунда. Ойлонуп иш кылышса, жаңы программаларды киргизишсе, билермандар таза иштешсе эле оңолот.
Карыбек Турусов, Бишкек шаары:
- Ош базары эмне болот?
- Бийликке каршы чыгуулар дагы болот. Анткени ар ким нан таап жеп жаткан жерлеринен ажырагысы келбеген үчүн нааразы болуп пикетке чыгышат. Бирок мыйзамды дагы сыйлаш керек. Жогору жактагылар тартипти сактап, ар кандай өзүм билемдиктерге каршы иш кылып жатканына дагы туура баа берүүгө убакыт жетти. Негизи эле акырындык менен баары өз калыбына келет.
Индиранын өнөрүн пайдаланып 0772 68-21-99 жана 0312 90-27-15 телефонуна чалып байланышсаңыздар болот. Көп таланттын ээси Индира айымдын өнөрүн биз баалабаганда ким баалайт. Ылайым эл керегине жарап жүрө бер демекчибиз.
Түз байланышты уюштурган
Бердикожо Бийназаров.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




а ­е¦Є.НҐй«