Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
7 апрелден бери
Карасуу
базарындагы контейнерлерде
соода 70%га түштү
8-апрелден баштап миңдеген коммерсанттар чек аранын чектелген өткөөлүнөн Өзбекстан тараптан расмий чек араны айланып өтүүгө аргасыз болуп жатышат.

Улуттук статкомдун маалыматтары боюнча, Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон тышкы соодасынын көлөмү 2010-жылы 150 млн. долларды түзүп, 2009-жылга салыштырмалуу 50% төмөндөдү. Мындай төмөндөгөндүн себеби, россиялык авиакеросиндин Кыргызстандан Өзбекстанга жеткирүүсү 2009-жылы 114,6 млн. доллардан 2010-жылы 0,2 млн.долларга чейин азайганы болду.
Кытайлык товарлардын көлөмү Кыргызстандын расмий статистикасынын экспортунда өтө аз болгондугу, бул товарлар Өзбекстанга легалсыз, контрабандалык жол менен өтүшүн далилдейт. Экспортко окшош, импорттун расмий статистика түзүлүшүндө да айыл чарба продукциясынын (жемиштер жана жашылчалар) жоктугу анын контрабандалык жол менен өтүшүн көрсөтөт. Чек аранын бүткүл аймагында, 1099 км, же Кыргызстандын жалпы чек арасынын 28,3%инде ар кандай легалсыз жолдор бар, алар аркылуу товарлар чек аранын эки тарабына өтөт.
Кыргыз-Өзбек чек ара аймагындагы соода, жумуш менен камсыздандыруу жана бизнестин активдүүлүгүн көтөрүлүшү үчүн чоң ролду ойнойт. Мындай соода базарда иштеп жаткандарга жана соода менен байланыштуу ишмердикке киреше алып келет. Алыс аймактарда жумуш аз болуп, айлыктар төмөн болгон жерлерде мындай соода бүт үй-бүлөгө киреше алып келип, башка экономикалык ишмердиктерге караганда пайдалуу болот.
Дүйнөлүк банктын изилдөөсү боюнча, Кыргызстан аркылуу көлөмдүү легалсыз соода агымдары өтөт. Алардын чоң бөлүгү Карасуу базары аркылуу Өзбекстан менен Тажикстан тарабына өтөт. Карасуу базары 12 миллиондук фергандык регионго эсептелинген. Карасуу базарында сатылган бүткүл продукциянын 15% гана жергиликтүү кардарларга сатылат. Базарда 10 000ден ашык контейнер бар; 16 000ден ашык жумушчу, кыйчалыш 70 000ден ашык жумушчулар иштейт; жалпы сатылуудан 80% дүң сатылган соодасы түзөт.
Карасууда иштеген соодагерлердин сөздөрү боюнча, 7-апрелге чейин контейнердин бир айлык товар жүгүртүүсү дүң сатуучуларда 40-50 миң доллар болчу, чекене 5- 25 миң долларды түзгөн. Азыркы учурда, орточо алганда, чекенеде 2000 долларды, дүң сатуучуларда 11 500 долларды түзөт. Бул маалыматтар 7-апрелден кийин контейнерлердин товар жүгүртүүсү 50% ашык төмөндөшүн белгилейт.
Карасуу базарынан Өзбекстан тарапка кеткен товарлардын жалпы наркы 2010-жылда 605 млн.долларды түзөт (расмий статистикага салыштырмалуу, легалсыз сооданын көлөмү беш эседен ашык көптүк кылат).
Азыркы учурда, коммерсанттар легалсыз жерлерде өтүүгө чек арачыларга акча берүүсү зарыл. Ар бир жердин (тикендүү зымда тешиктер жасалган, казылган аң, аркан менен дарыядан, жасалма көпүрөлөр жана башкалар) өзүнүн коюлган баалары бар. Бир адам өтүүсүнө чек арачыларга 100-400 сом ар бир тарапка (кыргыз жана өзбек тарапка), 80 кг товарга 200-400 сом ар бир тарапка берилет.
Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, экспорттун түзүлүшү көбүнчө кийимдерден жана бут-кийимдерден (68%) турат ( графикти көрүңүз). Импорттун түзүлүшү көбүнчө жемиш-жашылчалардан (46%) турат ( графикти көрүңүз).
Бир гана "Абу-Сахи" фирмасы чек арадан жүктөрдү жеткирүү менен иштейт (соодагерлердин сөздөрү боюнча, Гульнара Каримовага таандык). Бул учурда, соодагерлер товарларын "Абу-Сахи" фирмасына алып келип, ташуусуна төлөп, Ташкент шаарына жетүүсүн күтүшөт. 1 кубометр жүктү жеткириш үчүн фирма азыр 630 доллар алат. Чек ара жабылганга чейин, бул баа эки эсе төмөн болчу.
Азыркы учурда, Өзбекстан тарабынан жабылган чек ара капитал, эмгек жана товарлардын жүрүшүнө тоскоолдук кылат жана чек ара айланасындагы базарларды бузат; жеке ишмердиктин өнүгүшүн бүткүл региондо кыйынчылыкка алып келет. Мындай абал социалдык-экономикалык өнүгүшүн токтотуп, жакырчылыкты көбөйтүп, региондогу стабилдүүлүктү жоготот. Тышкы сооданын чоң бөлүгү расмий статистикага кирбей, легалсыз жолдор менен өтөт. Мындай абал коррупциянын өнүгүшүнө түрткү болуп, региондогу коопсуздукту азайтат.

Мындай абалды жакшы жакка өзгөртүш үчүн төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:
o чек арадан өтүү жана өз ара соода боюнча болгон макулдашуулардын ишке ашуусу үчүн чараларды колдонуш керек;
o чек ара айланасындагы сооданы жүргүзүү үчүн атайын биргелешкен зоналарын (эки тараптын макулдашуусу менен) ылайыктуу инфраструктурасы менен жасоо;
o бажы кагаздарын толтуруу жана оңойлотулган салык салуу системаларын кайрадан карап чыгуу;
o чек ара айланасындагы соода менен иш кылган элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын иш-чараларын иштеп чыгуу;
o чек арадан өткөрүү чектөөсүн алып салуу жана чек араны белгилер менен белгилөө процессин тездетүү.


Борбор Азиялык
эркин базар институту



  Мен - кыргызмын

УЛУТТУК
УҢГУДАН АЙРЫЛБАЙЛЫ

"Титулдук улут дегенди унуткула" (04.02.2011.№8.) аттуу макалада козголгон ойлор улутман окурмандарыбызды кайдыгер калтырбаптыр. Кыргыз улутунун келечеги айрыкча Кыргызстанда 6,7-апрелден кийин кыл учунда калып, ал турмак мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүнө чоң коркунуч туулганда жарандарыбыздын рух-духунда, канында уктап келген улутчулдук, мекенчилдик сезимдер ойгоно баштаса керек. Бүгүн ушул темада жазылган пикирлердин алгачкысын жарыялайбыз.

Кечээ эле кыргыз сыяктуу кенедей калкты "совет эли" деген шовинизмдин шылтоосу менен орус идеологу Суслов тукум курут кылып иерде Горбачев байкуш байма-бай эгемендик алперип, анын шарданы менен өз көмөчүнө күл тарткан качанаак ажолорубуздан кутулдук деп жаңы эле кудуңдап турганда, кантсе да те элчи болуп баштагандан бери Батыштын акырынан жем жеп калган Отунбаева элдин акыбалын жакшыртайын деп, өз айлыгын өөнөп-бутаганы менен, өзбек-кыргыз кагылышынан кийин ынтымактын данакери болсун деген кыязда "Этникалык саясат жана диний өнүгүү" деген бөлүм ачып, кыргыздын муруңку жана азыркы тарыхын ийне-жибине чейин иликтеп, алчы-таасын жеген адис, илимдин доктору Аблабек Асанкановду баштык кылып, душман көзүнө Эргашов деген экспертти эптештирип коюптур. Аларың "Титулдук улутту унуткула" деген ураан таштап: "Башка улуттарды этникалык азчылык дебегиле, антип айта берсек, алардын укуктары бузулуп, өзүлөрүн азчылык улуттардын өкүлү катары сезип, укуктары тебеленип калат экен" деп акурунуп атышпайбы ("Айкын саясат".04.02-2011).
Ээ, айланайын, Аблабек! Те 1994-97-жылдары "Манас" эпосун насыяттоо дирекциясында иштеп, улуу дастан аркылуу кыргыздардын ажатын ачып турган кезиңде, менин да улуттук аң-сезимим ойгонсун дегенчелик "Кыргызы: рост национального самосознания" деген белек китебиңде, "Кыргыздардын өзүн-өзү аңдап билишинин жана улуттук кайра жаралышынын жогорулашы - бул заманыбыз таңуулаган коомдук илгерилөө, ал улам күч алып баратат. Кыргыздардын этностук өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн күчөшү жана андан ары өнүгүшү, улуттук маданияттын кайра жаралышы менен тыкыз байланышкан улуттук өз алдынчалыгы улам ажарына чыгууда" - деп, стол дептерге жазып алып, керели-кечке тирмийип тиктей бергидей кылып акылдуу жазыпсың да, бүтүндөй эмгегиңде кызыл сызык болуп келаткан "Ошол эле маалда кыргыздар башка элдердин да улуттук маданиятын сактоону жана өнүктүрүүнү баамынан чыгарбайт" - деп, саясат үчүн кыстарып коюпсуң. Антпесең да болбойт эле, анткени анда сен "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деп, кой маарек элдин жайытын көрүнгөндүн жайлоосуна айландырып ийген Акаевдин акырынан жем жеп жаткансың. Анан Бакиевдин этегине намаз окудуң. Мен сени деле күнөөлөбөйм. Анткени "заманың бөрү болсо, бөрү болдуң", жаңы көз караштагы тарыхчыларга чейинкилердин баары илимин расмий бийликтин көзү менен караган, антпесе даражадан дайын болбойт эле. Жеген нанды акташ үчүн кыргыздар дүйнөлүк цивилизациянын башаты болгон көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн (кыргыз эли түптөгөн шумерлерди, арийлерди, майя элин, дешти кыпчак - половецтерди эсте), дүйнөлүк жети кереметке тете "Манастай" улуу дастанды берген эң байыркы эл болсо да, "жазмасы жок көчмөн эл болчу" деп, оозун куу чөп менен сүрткөн тарыхчы сөрөйлөр тарыхыбызды ташталкан кылышты го. Бул айрыкча мансапкор сүймөнчүктөрдүн бешенесине жазган тагдыр эле. Сен андан буйтап кеталбадың.
Эми кур дегенде жаңы замандын желаргысы желпип өткөндүр дейин десем, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн тагабы" болуп, өзбек-кыргыз коогалаңынан кийин саясаттын сазынан коркуп, оозуң Ошту карап калыптыр. Бирок сен "өзүлөрүн азчылыктын өкүлү катары сезгендердин укуктары тебеленип калат" - деген көзачыктыгыңдан улам те июндан бери унутулуп, жаралар айыгып баратканда, сендей кыраакы саясатчылардын айынан "бирөөнүн жеринде султан болалбай, же өз жеринде ултан болалбай", анжы ойдон арылалбай жаткан курган кыргыздарды ого бетер орго такап атасың.
Ээ, айланайын, Аблабек! Кыргыз деп күйгөн акын Камбаралы Бобуловдун демилгеси менен 1991-жылы 1-кыргыз курултайы ачылганда, Өзбекстанда 2 миллиондон ашык кыргыз болгонун, алар эч качан расмий тил сурабаганын, өзбек жетекчилери алардын пастортуна кыргыз деп зордоп жаздырганын, Ферганада 127 кыргыз мектеп болгонун, аларды биз кыргызча окуу китептери менен камсыз кылып турганыбызды (анда мен басмада иштечүмүн), азыр жыйырмага жетпеген кыргыз мектеби калганын билесиң. Анан да Батыров менен Сабировго окшогон ыркбузарлар Александр Князев деген машаяктын "Фергана, частью которой является нынешная Южная Киргизия, никогдо не была "древней киргизской землёй" деп, "Фергана. ru" маалымат сайтына берген сөзүн бетке кармап алып, Кыргызстандагы 1 миллиондон бир аз ашык өзбектерге расмий тил бергиле, Римден да ашык, 3000 жылдык тарыхы бар Ошту өзүнчө бөлүп кетебиз деп, козголоңду козутканы үчүн "укуктары тебеленген" болобу? Болбосо Фергана качан эле өзбектердики эле? Өзүң "Мурас" илимий-насыят борборунун мүдүрү болуп турганда 1995-жылы чыгарган Сагымбайдын академиялык "Манасын" дагы бир ирет барактап чыкчы. Анда Манас Алтайдан келгенден кийин:
Бабамдан калган Түркстан,
Мен барбай кантип калайын.
Атагы Нааман (Наманган) улук жер,
Анжыян менен Алайдыр.
Аркы жагы Самаркан,
Арманда болуп чыктык деп,
Ата журтум самаган.
Оро-Төбө, Маргалаң,
Орчун Кожент, Жызагы,
Ойлосом Кокон улуу шаар,
Ойдо Ташкен шаары бар,
Абалында түрк уулу,
Өскөн жери ушулар...
Атамдан калган жеримди,
Алдырып коюп кытайга,
Аңкайып кантип турамын?
Атым өчүп калбайбы,
Атамдан калган Нааманды
Алты айга чейин албасам,
Түркстан барган кытайды,
Түгүн койбой кырбасам
деп, кытайларды "кичи казат" менен кыргыз жеринен кууп чыккан. Тескерисинче, кытай-калмактардан корголоп, көчүгүн батырып алгандан кийин "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" болуп жатканын эстерине салып койгондун ордуна, "курама жыйнап журт кылган, кулаалы таптап куш кылган" Манас ата урпактарынын наамындагы титулдук улутту (мен аны "уңгу улут" деп айтар элем) басмырлап басып берип жатканыңа жол болсун! Көшөкөрлүктүн да чени болот. Антип көрүнгөндүн көчүгүнө кирип отурсак, анда улут деген уңгубузду үзүп, жүзүбүздү жээрип, "бирибиз Алтайга, бирибиз Каңгайга" каңгып кетер күн алыс эмес. Ошон үчүн "эсиң барда этегиңи жаап", улутчул, мекенчил, чыныгы кыргыз болсоң, элдин намысын нан таап жеп жаткан Ак үйдүн акырынан эмес, татаал күнгө туш келип турган уңгулуу улуттун руханий көзү менен карай көр, айланайын Аблабек!
Бөкөнбай Боркеев
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер





  Адис кеп!

Алтын кендеринин жалтырак жана калтырак жактары
Кыргызстандагы статегиялык мааниси бар делген "Жерүй" жана "Талдыбулак" алтын кендеринин иштеши чечилет деп жалпы журт кызыгып күтүп турган кезде, тоо-кен тармагында иштеген адам катары бул тармакка кызыккан, кайдыгер эмес көпчүлүккө өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм.
Совет доорунда Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарынан кен байлыктарды изилдөөгө көп финансылык каражаттарды сарптаган. Чалгындоо иштерин абдан дыкаттык менен жүргүзүп абдан көп күчтү жана мээнет жумшалган. Ошол кылынган иштердин негизинде эң ирилери болуп Сары-Жаз коло кени "Кумтөр", "Макмал", "Жерүй", "Талдыбулак", "Андаш", "Жамгыр", "Терексай", "Алтын-Жылга", "Бозымчак", "Иштамберди" ж.б. алтын кендери ачылган. Союз убагында "Макмал" жана "Терексай" алтын кендери иштетүүгө берилгенге жетишкен. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин "Кумтөр" алтын кенинен башка көзгө көрүнө турган (Солтон-Сары өзүнчө сөз) бир да кен ишке берилген эмес. Жогоруда айтылгандай чалгындоо иштеринин сапаты жагынан бийик деңгээлде жүргүзүлгөн кен байлыктарыбыз 90 жылдардын аягына чейин жүйөөлүү себептер менен башталбай келгени анык. Себеби, алтындын дүйнөлүк баасы өтө төмөн болгондуктан казып алынган алтындан пайдасы болмок эмес. 2000-жылдардын башынан баштап чынын айтканда инвесторлор мага бер деп талашып, кезекте турушканы чындык. Ошондон бери өкмөттүн ушул тармакты жетектеген жетекчилери жана мамлекеттин башчылары инвестор тандоодо өз кызыкчылыгын көздөгөнүнүн кесепетинен тоо-кен тармагы өнүгүүнүн ордуна көйгөйлүү маселелерге айланып келүүдө.
Мамлекеттик чиновниктердин, областтык жана райондук жетекчилердин бул маселеге эч түшүнүктөрү жок туруп, келген компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, ошолордун сөзүн сүйлөп, аралашууларынын кесепетинен жергиликтүү тургундардын ишеничтеринен кетишкен. Жогору жактан келген көрсөтмөлөрдү кынтыксыз аткарып, эл талап кылган маселелерди көтөрүүгө көмөк көрсөтө алган эмес. Ошол себептен, көпчүлүк кен чыккан аймактын жергиликтүү тургундары менен ар кандай деңгээлдеги көйгөйлөр көтөрүлүп келе жатат. Түшүндүрүү иштерин ачык айкын, тургундардын кызыкчылыктарын эске алып, иштерди жүргүзбөсө чечилбес маселеге айланышы мүмкүн.
Ушул убакта бул көйгөйлөрдү чечүүгө кандай иш аракеттер болуп жатканы белгисиз. Бирок, азыркы өкмөттүн тоо-кен тармагы жана энергетика экономиканын өнүгүүсүнө салым кошуучу бирден бир негизги тармак дегени туура. Кыска убакта жумуш ордуларын түзүп, көлөмдүү өлчөмдө өкмөттүн бюджетине салыктарды түшүрүп жана кен казуу тармактарынын тегерегиндеги кошумча көп тармактуу иштерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бир жарым жылдын ичинде кен иштетүүчү заводдорду ишке киргизип Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошулат. Башка тармактарды өнүктүрүүдө, кыска мөөнөтө тоо-кен тармагындагыдай жетишкендиктерге жетүүгө мүмкүн эмес.
Тоо-кен тармагына инвестиция тартууда, буга чейинки мамлекеттик чиновниктеринин билип-билбей кетирген каталарынын негизинде болуп келгени белгилүү. Эми кандай болот, негизги көйгөй ушул жерде. Инвестор тандоодо же бөлөк мүмкүнчүлүктөрдү тандап алууда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске албай коюуга болбойт. Убактылуу мамлекеттик экономикалык кыйнчылыктарды чечүү бул негизги маселе эмес. Негизги маселе - Кыргызстандын эли. Кен байлыкты он, он беш жылда казып бүтүрөбүз, элибиз түбөлүктүү. Ошонун негизинде кен-байлык казылып бүткөндө ошол жерде эмне калат, экологиясы кандай, келечеги эмне болот жана башка ушундай көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө чечилиши керек. Мисалга алсак мурдагы кен казылган шаарчалардын тургундарындай абалда калбайбызбы? (Минкуш, Ак-Туз, Кажы-Сай, Кадамжай).
Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө тоо-кен тармагы негизги тармактардын бири. Эми ушул тармакты мамлекетти жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө туура пайдалана албасак, анда башка тармактарыбыздан жыргап кетээрибизге көз жетпейт. Буга чейинки кетирген каталарыбызды кайталабай, инвестор тандоодо же башка жолдор менен иштетүүдө жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү эске алып иш алып барганда гана тоо-кен тармагын бийик денгээлде өнүктүрүүбүз мүмкүн.
Тоо- кен инженери
Бакыт Сейталиев



кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??