кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"

п»ї

Акылбек Жапаровдун
алыска чуркаар амалы
Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров капылеттен эле алда немедей болгон сунуш киргизип жиберди. А.Жапаров бүт кыбыраган мамлекеттик медиаресурстарды-гезиттерди, радио, телекомпания жана информациялык агенттиктерди Маданият жана информация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү - максатка ылайыктуу деп эсептейт. Мындан сырткары, министрликтин алдында маданиятка тиешелүү өзүнчө телеканал ачуунун зарылдыгы бышып жетилгенин белгиледи. Комитеттин башчысы мындай кадам мамлекеттин карамагындагы массалык-маалымат каражаттарын бюджеттен каржылоону жөнөкөйлөштүрүп, ыраатка келтирүүгө өбөлгө деген жүйөөнү алдыга тартат.
Адегенде А.Жапаров неге эле бакиевчил "Ата-Журт" фракциясына, анын кишиси болгон К.Бакиевдин экс-пресс-катчысы Н.Шакиевке жан тартып, элжиреп кетип жатат деп аңкүдүк атып кетесиң. Жөндөн-жөн туруп эле "Ата-Журттун" камчысын чаап кеткенине айран таң болбой койбойсуң. Эгер А.Жапаров оппозициялык "Ар-Намыс" фракциясынын белдүү депутаты катары өз фракциясынын кызыкчылыгын көздөөрүн эске тутсак, "Ата-Журтка" энтелеп боор тартышы адаттан тыш көрүнүштөрдүн бири эмеспи. Парламенттик оппозициялык азчылыкты түзгөн "Ар-Намыс" фракциясы үчүн мамлекеттик кубаттуу жана таасирдүү информациялык ресурстарды көзөмөлдөө иши көпчүлүктүн коалициясына кирген соцдемократтарга тиеби, "республикачыларга" берилеби, же бакиевчил "Ата-Журттун" энчисинде болобу, бир караганда баары бирдей сезилет. Анын ысык-суугу жоктой. Асыресе, парламенттик фракциялардын карым-катышындагы бир орчундуу жагдайды эске тутуу ылаазым. Парламенттик көпчүлүктүн коалициянын ичинде кийинки кездери бийликти бөлүштүрүү, кадрлар саясаты боюнча ыйкы-тыйкылар көп болуп жатканын, атүгүл "Ата-Журт" фракциясы, соцдемократ А.Атамбаев чордондуу кызматтарга өз кишилерин коюп жатат, минтип отурса, бул иш улана берсе, коалициядан чыгып кетүүгө туура келет,- деген дооматтарын арта баштаганы белгилүү. Ал жашыруун деле болбой калбадыбы. Түпкүлүгүндө, оппозициялык "Ар-Намыс" үчүн башкаруучу коалициянын ынтымакка келе албай ыркырашып турушу пайдалуу. Мына ошо келишпестиктерге оппозициянын май тамызып туруусу талап кылынат. Мындай максат үчүн көпчүлүк коалициясындагы бийликтин пропорциясынын сакталышы, демек өз ара көрө албастык, эрегишүүнүн болуп турушуна жетишүү талап кылынат. Мындай миссияны А.Жапаров өз моюнуна алганын байкоо кыйын эместир.
Ошентип, А.Жапаровдун капылеттен "Ата-Журтка" "боор тартып колдоп калышы" бекеринен болгон жок. А.Жапаров эки-үч жүрүштү алдын ала эсептей билген жетишээрлик түрдө акылдуу жана кексе саясатчылардын бири экени башынан белгилүү.
Ү.К.





Инфляция
Бишкекте элди кайра толкутушу мүмкүн
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанда инфляциянын күчөп жатканын эскертип кооптонуп турган кези. Тынчы жок акыркы жылдын айынан алсырай түшкөн өлкөдө азыркыдай эл керектөөчү товарлардын кымбатташын жөнгө салганга жетиштүү каражат жок.
ЭФВтин эксперттер тобу Кыргызстанга 31-январдан 4-февралга чейинки беш күндүк иш сапары менен келген. Борбор Азиядагы бул мамлекет мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган чуулгандуу 2010-жылдан кийин өзүнө келгенге аракет кылууда. Анысы аз келгенсип, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө улут аралык чатак чыгып, мамлекеттин Конституциясы да өзгөртүлгөн болчу.
(Уландысы 7-бетте)










??.??