Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  SOS!

Ош коогалаңы - жүрөк жарасы.
Кыргыздар жардамга муктаж!

Өткөн саныбызда Ош жергесинде июнь коогалаңында курман болуп, дайынсыз жоголгондордун жакындарынын пикирлерин билдиргенбиз. Мына ошол коогалаңда жабыркагандар сот иштери кандай жүрүп жаткандыгы жана учурда кандай жардамга муктаж экендиктерин билдиришти.

(Башы өткөн санда)

Айнура АМАНОВА, Ош шаары:
"Агам мага тирүүдөй сезилет"
- Июнь айындагы коогалаңда бир тууган агам Эркин Аманов дайынсыз жоголуп кетти. Үй-бүлөсү Москвада болчу. Өзү бул жакта иштечү. Согуш башталаардын алдында үйдөн чыгып кеткен. Биз үйдөн качып чыгып, шаардан алысыраак жерге бардык. Анан агамды издей баштадык. Бирок, эч кандай дайынын биле албадык. Үй-бүлөсүнө билдирдик. Кыздары ыйлап "Баарыңар аман калып, биздин атабыз жоголуп кеттиби" -дешти. Бирок чынында ошондой болду. Агабызды арабыздан жоготуп алдык. Сегиз айдан бери сай-сөөгүм сыздап ушул жерге күндө келем. Агам мага тирүүдөй сезилет.

Маматсабыр АБДЫКАРЫПОВ,
Ош шаары:
"23 адамга "Эл Баатыры" наамын ыйгарып койсо дейбиз"
- Менин да бир тууган иним Маматжакып Абдыкарыпов дайынсыз жок. Кырк эки жашта, төрт баласы бар. Турмуштун айынан кытайлардын арматура чыгарган цехинде иштеп жаткан. 13нөн 14нө караган түнү цехтен чыгып, ошол бойдон жок. Сегиз айдан бери издебеген жерибиз калган жок. ДНКсын тапшыргыла дешкенинен аны да тапшырып, Россияга жибергенбиз. Негизи Россиядан адамдар келип, "ДНКсын өзүбүз алып кетип, 99%ын чыгарып беребиз"-деп сөз беришкен. Бирок, кечээ алар берген убадаларынан баш тартыптыр. Эми Кытайда жасалат экен. Бирок, бизден каражат талап кылып жатышат.
Мына ушундан улам биз бийликтен Кытайдан ДНК чыгарууга талап кылынган акчаны бөлүп берүүсүн суранабыз. Жок дегенде жоготкон туугандарыбыздын сөөгүн жерге адамча берели. Сөөктөрү тепсендиде калбасын. Ошону менен бирге Роза Отунбаевадан мамлекет башчысы катары суранаарыбыз, ушул коогалаңда жоголгон 23 адамга "Эл Баатыры" наамын ыйгарып койсо дейбиз. Артында калган балдары "согушта атамдын сөөгү табылбай калган" -деп арман кылбай, "Атам Эл Баатыры" -деп сыймыктанып жүрүшсүн. Учурда бийлик дайынсыз жоголгондорго Эл Баатыры наамын ыйгарып койсо, жакындарынын бир аз да болсо деми сууп, ыраазы болуп, демине дем, күчүнө күч кошулаар эле.
Кылычбек РАЗАКОВ,
Кара-Суу району:
"Өлүкканадан сөөктөрдүн бардыгын карап чыктык"
- Бир тууган иним, 35 жаштагы Разаков Майрамбек 12-июнда, "Кыргыздар үчүн, элимди-жеримди коргойм" -деп үйдөн чыгып кеткен боюнча жок. Инимди аркасынан издеп чыгам деп өзүм да колума ок жедим. Эч бир дайыны жок. ДНКдан чыгат го деп үмүт кылсак, андан да эч майнап чыкпады. Өлүкканадан сөөктөрдүн бардыгын карап чыктык. Бирок, инимди табалбадык. Аркасында келинчеги менен эки кыз, бир уулу калды. Ишенесиңби карындашым, биз эч нерсе айта албай калдык. Болгону бизге өлүк болсо сөөгү, тирик болсо тиригин табууга мамлекет тарабынан чоң жардам керек.

Зульфия РЫСПАЕВА,
Ош шаары:
"Жолдошумду союп туруп, аркасына "кыргыз төшөк" -деп жазып коюшкан"
- Өзбек туугандар уруш баштап, башыбызга каран түн түшүрдү. Өзбек малляда жашагандыктан, жолдошум үйдү көчүрүп кетем деп, жыйырма бала менен кеткен. Бирок, өзбектер жолдошумду союп туруп, үйдүн ичине өрттөп жибериптир. Ал эми он баланын өлүүсү же тирүүсү жок. Ал эми калган балдардын кулак-мурдун кескилеп, аркаларына "Кыргыз төшөк" -деп жазып, көчөгө чыгарып коюшкан. Улуу балама да ок тийген. Азыркыга чейин кылмышкерлер табылган жок. Бир мечиттин молдосу Рахымберди Номановду каматканбыз. Сот тарабынан он төрт жылга кесилди. Дагы бир Насыр уулу Рахим деген бар экен. Бирок, ал Россияга качып кетиптир. Соттор өзбектерге жеңил жаза берип жатат. Биз абдан нааразыбыз. Мамлекет башчысы Роза Отунбаевадан суранаарыбыз, сотторго көзөмөл кылып койсо. Учурда биздин эң негизги чечилбей жаткан маселебиз кредит болуп жатат. Жолдошум казактардын "Юни кредит" банкынан кредит алып иштетчү. Азыр казактар кредитти төлөөнү талап кылып жатышат. Өзбектерге чоң суммадагы акчаларды үстөгү жок беришти. Кыргыздар каралбай калдык. Президент ушул жагына көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Себеби, Ошто кыргыздар катуу жабыр тартышты.

Эльвира МУРАТОВА:
"Жолдошум "кыздарымды жакшы кара" -деп айтты"
- Учурда менин жолдошум Канат Абдылдаевдин өлүмү боюнча сот процесси жүрүп жатат. Бирок, судьялардын калыс чечим чыгараарынан үмүт жок. Жолдошум чек ара кызматкери болуп эмгектенчү. Өзү Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан болот. 11-июнь күнү коогалаң башталып, түндө саат: 02:30да тревога көтөрүлүп, үйдөн чыгып кеткен. Күндүз телефон чалсам "Биз УВД жакта жүрөбүз" деди. Жакшы эле жүрөсүңбү десем "Ооба, бизге атпагыла деген буйрук берилди" деген. 12-июнь күнү эртең менен саат: 7:30да телефон чалып "Терезе жакка баспа. Эшикке чыкпа. Кыздарымды жакшы кара" -деп айтты. Улуу кызым менин мамам менен Бишкекте болчу. Жолдошум Канат мамама да чалып "Мама, Элинаны сагындым. Кандай жүрөт? Ошол кызды жакшы караңыз" -дептир.
Ошол 12-июнь күнү Канатты ВАИнин машинеси (военный) менен Нариманга жөнөтүптүр. Бир жол менен барып, негедир башка жол менен кайтып келишкен. Мен ошого түшүнбөй калдым. Ал жолду бул жактан бир генерал чийип бериптир. Атайын кылганбы деп да шек санап жатам.
- Эмнеге генералдан шек санап жатасыз? Же ал өзбекпи?
- Өзү кыргыз. Аялы өзбек, күйөө баласы өзбек. Генералды өз абийирине койдум.
- Жолдошуңуз кайтып келе жатканда каза болгонбу?
- Ооба. Кайтып келе жатканда жолдор тосулуп, бензовоздор коюлуптур. Жолдошум машинеде эки сержант, полковник болуп төртөө экен. Сержанттын бирөөсү чыгып жолду ачып жатканда өзбектер ташбараңга алышып, ок чыгарып туш-тараптан аткылоо башталган. Полковник "жаткыла" дегенде жолдошум Канат жата калыптыр. Ок фарадан кирип, машиненин отургучун тешип Канаттын так жүрөгүнө тийиптир. Жыйырма сегиз жашта, эки кызыбыз бар.
- Шектүүлөр кармалдыбы?
- Жолдошумду аткан Икрам Абдрасулов менен дагы бирөө кармалды. Икрам Абдрасулов Инамжан Абдрасуловдун бир тууган иниси.
- Күнөөнү моюндарына алып жатышабы?
- Башында толугу менен күнөөнү моюндарына алып, көрсөтмө беришкен. Андан кийин эле адвокат жалдап алышып, башкача сүйлөп жатышат. Учурда сот болуп жатат. Бирок, сот адилет чечим чыгарат деп ойлобойм.

Нуржамал ТҮГӨЛОВА:
"Жолдошумдун башы кечээ жакында табылды"
- Менин жолдошум Кара-Суу райондук ИИБсүндө начальниктин айдоочусу эле. 13-июнь күнү мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Денеси башы жок табылды. Кечээ жакында башы табылды. Кулагын түбүнөн шылып кесип алышыптыр. Он өзбек кармалып, соту болду. Бардыгына өлүм жазасын берүү керек эле. Бирок, андай болбоду.
Кайырниса АЙМИРОВА:
"Эмне үчүн Президент бизге көңүл бөлбөй жатат?"
- Жолдошум Кубанычбек Аскаров нотариуста иштечү. Коогалаңда ок тийип каза болду. 11-июнь күнү атылган. Сөөгүн издеп, эки күндөн кийин таптык. Бирок, ушул кезге чейин кылмышка тиешелүү адамдар табылган жок. Керек болсо милициялар кимди кармашты да билишпейт. Кылмыш кылган өзбектердин көбү Россияга качып кетишкен. Аларды Кудайга гана койдук. Жолдошум өзүнүн жумушунан сырткары жеке ишкерлик менен алектенчү. Ээси жок болгондон кийин калып калат экен. Баштаган иштеринин баары калды. Казактардын "Халык Банкынан" кредит алган эле. Эми ошону тез аранын ичинде төлөп берүүмдү талап кылып жатат. Болбосо балдарым менен жашап турган үйүмдү алып коюшаарын билдиришти. Эмне кылаарымды да билбей калдым. Өкмөт тарабынан кичине жардамдар болсо жакшы болот эле. Эми балдарым менен көчөдө каламбы? Эмне үчүн Президент бизге көңүл бөлбөй жатат? Ушуну таптакыр түшүнө албай койдук.
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Бишкек

Ош коогалаңында жабыркагандарга жардамдар берилип жатат деп, бийликтегилер ооз көптүргөнү менен чынында өзбектерге гана жардамдар берилген. Ал эми жабыркаган кыргыздардын үнүн угуп, жараатын айыктыраар адам жок болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Бийликтин сыры бештен белгилүү эмеспи. Жок дегенде Оштогу кыргыздарды коргоп алчу кыргыздын менменсинген жигиттери кайда? Акчаларын казино, ресторандарга жумшап, чет элдик машинелерде чалкалаган кыргыздардын патриоттуулук сезимдери ойгонуп, түштүктөгү боордошторубузга жардам берип коюшса демекчибиз. Ал эми Президент Роза Отунбаева согушта жабыркап, жүрөктөрү канап турган элине сөзсүз көңүл бөлөт деп ишенебиз!




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??